Пресс-центр Сүрөт галереясы
КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Ысык-Көл облусуна болгон сапары
2018-жылдын 28-июлунда КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондусунун негиздөөчүсү Отунбаева Роза Исаковна, «Мекендешер» мекендештер форумунун катышуучуларынын чакыруусу боюнча ар жылдык Өрүк фест - 2018» фестивалына катышты. Бул жылы Фестиваль үчүнчү ирет Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында өттү.
Р.И. Отунбаева өз сөзүндө фестивалдын уюштуруучуларын жана меймандарын ангын ачылышы менен куттуктап, фестивалдын өткөрүлүшү Ысык-Көл облусунун өнүгүшүнө баа жетпес салымын кошкондугун белгилеп жана ушундай иш чараларды өлкөбүздүн ар бир районунда, ар бир облусунда өткөрүү сунушун берди. Фестивалга эң олуттуу, өзүнө тарткан этнотуристтик окуя болууну, фестивалдын аймагын жана аудиториясын кеңейтүүнү каалады. Ошондой эле Роза Исаковна Чолпон-Ата шаарында 8-9 августта “Туулган жердин топурагы алтын” лозунг менен өтө турган алдыдагы “Мекендештер” IV мекендештер форуму тууралуу айтып берди.
Ошол эле күнү Р.И. Отунбаева Ысык-Көлдүн түштүк жагында жайгашкан “Планетардык көз” боз үй шаарчасын жана “Бел-Там” боз үй лагерге барды.
2018-жылдын 29-июлунда Р.И. Отунбаева “Баластан” Жайлоодогу өнүктүрүү борборуна (жайлоо Боз салкын, Тоң району) барып, айрыкча бийик тоолуу шарттарда балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө ата энелер менен маектешип, балдарга өнүктүрүүчү китептерди жана оюнчутарды белек кылды. Бул иш чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын башчылары, Ысык-Көл облусундагы КРӨ ЫӨнүн орун басары катышты.
Балдар меймандарды өзүнүн ырлары менен кубантып, тарбиячылар сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды көрсөтүп, жомок айтып берип, “бешикке салуу” ырым-жырымын жана кукла театрын көрсөтүштү.
Өзүнүн иш сапарынын аягында Роза Исаковна Алматыдагы кыргыз диаспоранын башчысы У. Чойтонбаев уюштурган “Шатылы” этно-лагерине барды.
Акыркы жаңылыктар
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг

- Прямая ссылка:
- Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрПресс-релизы
- Пресс-центрФотогалерея
Кыргызстандыктар Түркиянын мектепке чейинки билим берүү системасы менен тажрыйба алмашуу максатында сапар тартышты

«Поэзия поезди» поэзия кечеси.
- Прямая ссылка:
- «Поэзия поезди» поэзия кечеси.
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрФотогалерея
- ИнициативыРазнообразие и культураВечера поэзии
Роза Отунбаева: Капчыгы калыңдардын көзүн кызарткан тарыхый жайлар

Түркияга сапардын алдында «Манас» КТУнин «Туризм жана мейманкана иштетүү» бөлүмүнүн педагогдору менен жолугушуу болуп өттү

Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуучу тренинг
- Прямая ссылка:
- Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуучу тренинг
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрПресс-релизы
Бишкекте жаштар лидерлери жана жергиликтүү коомчулуктун активисттери менен бир катар жүйөлөштүрүү жолугушуулары өттү
Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары
Шаарыбыздын эң масштабдуу иш-чараларынын бирин өткөрүп жибербегиле!
.jpg)
«Поэзия поезди» поэзия кечеси

- Прямая ссылка:
- «Поэзия поезди» поэзия кечеси
- Опубликовано в:
- Пресс-центрПресс-релизы
- Пресс-центрАнонсы и объявления
- ИнициативыРазнообразие и культураВечера поэзии
2019-жылды экология менен улантабыз!
- Прямая ссылка:
- 2019-жылды экология менен улантабыз!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрФотогалерея