Пресс-центр Сүрөт галереясы

27.04.2014

Экинчи Билим берүү фестивалы: презентация «Жашыл пакет – Мөңгүлөр»

Бүгүн, 26-апрелде «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан уюштурулган Экинчи Билим берүү Фестивалы ачылды. Фестивалдын алкагында КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги РЦЭ-Кыргызстан менен өнөктөштүктө «Жашыл пакет – Мөңгүлөр» билим берүү ресурсунун бетачары өткөрүлдү. .

 

«Жашыл пакет – Мөңгүлөр» үч республиканын – Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын эксперттеринин катышуусу менен иштелип чыккан.

 

Максаты – Борбордук Азия үчүн кыйла артыкчылыктуу болгон: суу жана суу ресурстары, чөлдөө, биоартүрдүүлүк, тоолор жана мөңгүлөр деген сыяктуу темаларды илгерилетүү үчүн «Борбордук Азия үчүн Жашыл пакет» мультимедиялык билим берүү ресурсунун мүмкүнчүлүктөрүнүн бетачары. – Бетачарга мектеп мугалимдери жана ЖОЖдордун окутуучулары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Билим берүү академиясынын жана РЦЭ-Кыргызстан өкүлдөрү, туруктуу өнүгүү үчүн экологиялык билим берүү маселелери менен алектенген Кыргыз Республикасынын ОУР жана ӨЭМ эксперттери жана машыктыруучулары катышышты. Билим берүү материалдарынын комплекттери орто мектептердин мугалимдерине жана окуучуларына, ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү тутумуна арналган. Ошол эле убакта, ал орто кесиптик жана атайын орто окуу жайларында экологиялык билим берүүнү уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Комплект окуучулар үчүн сабактар боюнча пландарды жана жумушчу баракчалары кошулган колдонмолорду, «Борбордук Азия үчүн Жашыл пакет» CD жана окулуп жаткан көйгөйлөр боюнча кошумча маалымттардын CD-коллекциясын жана «Көйгөйлөр жана дилеммалар» оюнун камтыйт. Ошентип, «Жашыл пакеттин» пайдалануучулары мугалимдер үчүн колдонмодогу көрсөтмөлөрдү ээрчип окуу сабактарын алпаруу менен, көрмөкассеталарда болгон фильмдердин жардамы аркылуу аларды көрсөтмөлүү кылып, ошондой эле окулуп жаткан материалды CD-коллекциядагы же сунушталган интернет-сайттардагы материалдар менен толуктай алышат. «Борбордук Азия үчүн Жашыл пакет» айлана чөйрө жана туруктуу өнүгүү жаатында жаңы билимдерди алууну эле эмес жана бышыктоону көздөйт. Анын биринчи даражадагы милдети окуучуларда жаңы баалуулуктарды жана этикалык мамилелерди, мектепте, үйдө, коомдо жүрүп-туруунун жаңы моделин калыптандырууда турат. Окуучулар ар түрдүү иштерди уюштурууда, дискуссияларды, ролдуу оюндарды өткөрүүдө, чечимдерди кабыл алууда окутуучулардын жигердүү өнөктөштөрү катары каралат. Мугалимдер жана окуучулар аркылуу колдонмонун негизги идеялары ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнүн башка мүчүлүрүнө жана жалпы коомго даректелет. Айлана чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүүгө байланыштуу негизги көйгөйлөр 5 главага топтоштурулган 25 темада берилген.

 

Окуу жүрүмүн билим берүүчүлүктүү жана кызыктуу кылууга «Көйгөйлөр жана дилеммалар» оюну жардам берет. Ал окуучуларга жаратылыш менен коомдун өз ара аракеттенүүлөрүнүн дайындуу көйгөйлөрүн интерактивдүү таризде талкуулоого, аларды чечүүдө өз варианттарын сунуштоого жана коргоого мүмкүнчүлүк берет. Оюн балдар үчүн да, чоңдор үчүн да бирдей кызыктуу.

Жылдыз Дуйшенова

 

Акыркы жаңылыктар

24.01.2020

Санарип ыкмаларын 2000ден ашык киши өздөштүрдү

Үстүбүздөгү жылдын 23-январында "Санарип 50+" долбоорунун окуу курсунун катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын экс-президенти, "Роза Отунбаеванын десилгеси" Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева жолукту. Р.Отунбаева курстун угуучуларына долбоордун мааниси, максаты, зарылдыгы жана натыйжалары тууралуу кеңири айтып берди. Биринчи кездешүү “Санарип 50+” долбоорунун алкагында ачылган окуу борборунда болду. Окуу курсунун ...
23.01.2020

Р.И.Отунбаева Кара-Балта шаарындагы «Билимкана» мектебинин иши менен таанышты

Экс-президент, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И. Отунбаева 2020-жылдын 15-январында Кара-Балта шаарында жайгашкан «Билимкана-Кара-Балта»* мектебине барды жана мектептин турмушу, окуучулар жана мугалимдер менен таанышты. Бул мектеп толук күн иштейт, 2018-жылы негизделген, анда 200дөн ашык окуучу окуйт. Кыргыз, орус жана англис тилдеринен тышкары, окуучулар экинчи чет тилди тандайт. Визиттин жүрүшүндө ошондой эле «Роза Отунбаеванын ...
23.01.2020

Мектеп окуучуларын экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

«Экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени» өз сапарын улантууда. 2019-жылдын сентябрынан тартып 2019-жылдын декабрына чейин Бишкек шаарынын 20дан ашык мектебине (№ 1, 4, 10, 11, 12, 16, 21, 23, 32, 33, 38, 43, 45, 46, 51, 52, 53, 65, 66) барды жана 6-7-класстардын 1600дөн ашык окуучусун камтыды. Бул акция презентация түрүндөгү интерактивдүү лекцияны билдирет, ал өзүнө ошондой эле дискуссияларды жана маалыматтык командалык оюндарды, ролик көрүүнү камтыйт. Мектеп окуучулары ...
22.01.2020

КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын өкүлдөрү Түркияга ар жылдагы таанышуу сапарына даярданып жатат

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга ишсапар менен сыйланды. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин Бирлигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын 12 өкүлү Түркиянын шаарларынын муниципалитеттеринин мектепке чейинки билим ...
22.01.2020

Балдарды балет боюнча мастер-класска чакырабыз

Достор, балдары – бийлегенди жакшы көргөн уулдары жана кыздары барлардын бардыгын, бардык кичинекей тынчы жок балдарды жана алардын ата-энелерин ишембиде, 25-январда, балет боюнча мастер-класска чакырабыз. Саат 16.00дө башталат. Өткөрүү орду "Антре" студиясы, Орозбеков көчөсү 2.   Мастер-класстын наркы - 100 сом.   Мастер-класста балдар жаш балериналардын сабактарын көрүп жана өз күчүн сынай алат. Мастер-класс "Балдар филармониясы" музыкалык-билим берүү ...
20.01.2020

КАЛКТЫН КАЛЫҢ КАТМАРЫ САНАРИП ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮГӨ ТИЙИШ

Жеке эле мугалимдер эмес, 30 жаштан жогорку курактагы ата-энелер санарип ыкмаларын үйрөнүүгө тийиш. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КICB банкы менен биргеликте кадырман курактагылар үчүн арналган «Санарип+50» долбоорун ишке ашырып жатат.      “Санарип 50+” долбоорунун максаты – улуу муундагы адамдарды жана бардык каалоочуларды смартфон ...
20.01.2020

«Шамалдагы от» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте  жумурай журтка таанымал  белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү  төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече  эсеп боюнча  отуз тогузунчу жана ал жаш акындар  Турдубек уулу Садырбектин жана ...
15.01.2020

Таланттуу балдар «Гений» радиоберүүсүндө

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн 2019-жылга карата жыйынтыктоочу чыгарылышында эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиретип келген таланттуу балдар катышты. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп интернатынын окуучусу Алтынай Белекова ооз комузда, ал эми Сезим Анарбекова менен Наргиза Умарова виолончель аспабында ...
18.12.2019

«Каректеги жаз» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 17- декабрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликтеуюштурган акын,Маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси Жыпар Акунованын жана Билим берүүнүн мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналган “Каректеги жаз” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде алгач акындар өздөрүнүн ...
17.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балам мыкты болсун десеңиз

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Балам мыкты болсун десеңиз” аттуу китептин автору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Акматов менен балага эрте жаштан баштап көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө маек курдук.
13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»