Пресс-центр Сүрөт галереясы

04.06.2015

Бишкекте «Эко-чыйыр жол» иш-чарасы өттү

Бүгүн, 4-июнда, Эмен сейил багында Бишкек шаарынын мектеп лагерлеринин жетекчилери «Экологиялык-жер таануу чыйыр жолу» экскурсиясына катышты.

 

Коомдоштуктарды туруктуу өнүктүрүүнүн «Ырыстан» коомдук фондунун директору Дмитрий Ветошкин жана «Алейне» Кыргызстан экологиялык кыймылынын өкүлү Айгуль Жусупбаева өткөргөн эко-чыйыр жол шаарыбыздын бактары жана канаттуулары боюнча өзүнчө түрдөгү экскурс болуп калды.

 

Мектеп жанындагы лагерлердин 20дан ашык жетекчилери: «Өсүмдүктөр шаардын микроклиматын кантип калыптандырат?», «Бишкекте кандай өсүмдүктөрдү отургузуу зарыл?», «Эмне үчүн шаарда чымчыктар азайып калды?», «Майна деген эмне?», «Шаарда алгыр куштар жашайбы?» деген ар кандай суроолорго жооп алды, Фрунзе шаарын массалык жашылдандыруунун тарыхы жөнүндө билди жана жайкы лагерлер үчүн колдонулушу мүмкүн болгон башка көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алды. Мектеп лагеринин күндөрүнүн бири экологияга арналат, анда балдар жаратылышка аяр мамиле жана шаарыбыздын тазалыгы боюнча видео-роликтерди көрө алат.

 

Эко-чыйыр жолду «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурду.

 

Акыркы жаңылыктар

06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

Джон Кеннединин «Каарманды көрнөктөрү» (Профили мужества) китебинин бет ачаары болуп өттү

Жакында КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында Джон Кеннединин англис тилинен кыргыз тилине которулган «Профили мужества» - "Каарманды көрнөктөрү" китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепти белгилүү тарыхчы, котормочу жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Аталган китеп Джон Кеннеди сенатор учурунда, 1956-жылы жазылган. Ошондон бери китеп 50 ирет кайрадан басылып чыккан. Иш чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ...
03.02.2020

Жогорку технологиялар паркындагы «Z муундар менен меймандык жолугушуулар»

Бүгүн 3-февралда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын №84 мектебинин жогорку класстын окуучулары жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барышты, ал жерде алардын астында ЖТПнын директору Алтынбек Исмаилов сөз сүйлөдү. Ал ЖТПнын иштердүүлүгү, анын 2019-жылдагы жетишкендиктери жана натыйжалары, IT тармагындагы талап кылынган кесиптер жана кадрлар тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы Кыргызстандагы ...
03.02.2020

Роза Отунбаева: «Жон Кеннединин китеби кыргыз саясатчылары үчүн алиппе болушу мүмкүн»

30-январь күнү КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин “Өмүрү өрнөк инсандар” катар китептерди которуу программасынын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусуну тарабынан чыгарылган АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” аттуу китебинин көрсөтмөсү болуп өттү.  Китептин көрсөтмөсүнө экс-президент Роза Отунбаева катышып, “Каармандык өрнөктөрү” китеби ...
02.02.2020

Кеннединин мурасы - кыргыз саясатчыларына «алиппе»

Бишкекте АКШнын 35-президенти президенти Жон Кеннединин "Каармандык өрнөктөрү" китебинин кыргызча котормосунун бет ачаары болуп өттү. Аны которгон белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмер Тынчтыкбек Чоротегин. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду тарабынан демилгеленип, жарыкка чыкты. Жон Кеннединин атактуу китебинин кыргызча котормосу саясатчыларга, окумуштууларга саясий ишмердиктин маданияты жана жоопкерчилиги жөнүндө ой ...
01.02.2020

КР Экс-президенти Р.И.Отунбаева Швециянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

28-январда КР Экс-президенти Р.И.Отунбаева Швеция Королдугунун Риксдагынын (парламенттин) биринчи вице-спикери АсойЛиндестам баштаган парламенттик делегациясы менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Роза Отунбаева меймандарга “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФнын ишмердүүлүгү, билим берүү, маданият, инновациялык технологиялар, гендердик теңдик жаатындагы жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди. Өз кезегинде делегациянын башчысы, ...
01.02.2020

«Z муундар менен меймандык жолугушуулар» борбор каалабыздын № 9 жана № 37 мектептеринде өттү

30 жана 31-январда №9 жана №37 ОТКда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында жогорку класстын окуучулары менен программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү Абакиров Азис жолугушуп, “Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иштөө” презентациясын сунуштады. “Санариптик сабаттуулук” VIII- Билим берүү фестивалына карата ушул жылдын январынан ...
01.02.2020

Жон Кеннединин ишмердиги тууралуу китеп кыргыз тилине которулду

АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин өмүрү жана ишмердиги тууралуу “Каармандык өрнөктөрү”- деген китеп кыргыз тилинде чыкты. Бул “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Өмүрү өрнөк адамдар” түрмөгүнөн чыгарган 5-китеп. Аны АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин китеп которуу программасы алкагында каржылаган. Жалпы 2000 нускада басылып, учурда 1500 китеп өлкөнүн бир катар китепканасына берилгенин уюштуруучулар билдирди. Зинакан ...
31.01.2020

Отунбаева: Инстаграм 50 жашта экенсиң деп иштебей койбойт - BBC Kyrgyz

Орто жаштагылар интернет, түрдүү тиркемелерди кандай колдонушат? Экс-президент Роза Отунбаева технологиянын жетишкендиктерин жапырт үйрөнүү зарыл дейт. Би-Би-Синин видео баяндарын толугураак сайтыбыздан көрүңүз: http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/
30.01.2020

Жаңы котормо: Жон Кеннеди баалаган каарман сенаторлор

Америкада жана дүйнөдө каармандар барбы, деги? АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннеди 1956-ж. сенатор кезинде жарыялаган «Каармандык өрнөктөрү» китеби коомдогу каармандык тууралуу жаңы өңүттө ойлонууга түртөт. Тарыхчы жана котормочунун блогу. Китептин автору жана анын көмөкчүсү тууралуу Ошентип, көптөн күткөн учур да келип жетти. АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннеди (John Fitzgerald «Jack» Kennedy; ...
29.01.2020

Президент Джон Ф. Кеннединин «Каармандык өрнөктөрү» китебинин кыргыз тилиндеги котормосу

ПРЕСС-РЕЛИЗ Президент Джон Ф. Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” китебинин кыргыз тилиндеги котормосу 30 январь, 2020-жыл, 14.30 КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын лекторийи Джон Фицджеральд Кеннеди – АКШнын 35 - президенти 20 - кылымдын эң көрүнүктүү саясатчыларынын бири болуп келе жатат. Анын өмүр таржымалы, Кеннеди үй бүлөсүнүн тарыхы азыркы күндө да олуттуу роль ойноп, көптөгөн китеп жана көреөм тасмаларга негизги тема ...
27.01.2020

«Гений» радиоуктуруу: Балдар үчүн «Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланды

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп белгиленди. Албетте, балдарды коргоо багытында, аларга эрте жаштан билим берүү, Кыргызстандын региондорун таанытуу, жаратылышты жакшы көрүп аны коргоо жаатында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2019-2020-окуу жылында “Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз” аттуу эки тилдеги усулдук колдонмо менен дидактикалык материалдан турган Билим сандыгы Бишкек ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»