Пресс-центр Сүрөт галереясы

25.08.2017

Бишкек шаарынын МБУларынынметодисттерининавгуст конференциясы

2017-жылдын 22-августунда№ 9 "Алмаз" балдар бакчасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (МБУ) методисттеринин август конференциясынын секциясы өттү, аны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана МБУнун усулдук кеңеши уюштурду.

 

Иш-чарага борбордогу МБУлардын 70ке жакын методисти, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү (башкы адистерМайтикова Ч.Н., Безродняя Г.В.), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү, КР БжИМдин алдындагы ДНШО РИПКиППР кафедрасынын башчысы Л.В.Усенко,ШББнын усулдук кеңешинин эксперти Т.Э.Уметов, ошондой эле № 53МБУнун өкүлү – «Жылдын мыкты тарбиячысы» шаардык конкурсунун жеңүүчүсү А.У. Өмүралиева катышты.

 

Секцияны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Ч.Н.Майтикова ачты.

 

Расмий ачылыштан кийин секциянын катышуучуларын окуу жылынын башталышы менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун координатору Исак к.К. куттуктады. Методисттер «МБУда балдарды экологиялык тарбиялоонун маанилүүлүгү» деген аталыш астында экологиялык тарбиялоо, салттуу экологиялык билимдер, биологиялык ар түрдүүлүк жана курчап турган чөйрө жөнүндө презентацияны укту, курчап турган чөйрөгө карата аяр мамилеге чакырган социалдык роликтерди көрдү жана балдарды экологиялык тарбиялоо боюнча эко-долбоордун алкагында иштелип чыккан жана чыгарылган плакаттар, китептер, дискалар сыяктуу көп сандаган пайдалуу материалдарды алды. Пайдалуу эко-ресурстардан тышкары, балдар бакчаларынын методисттерине 2017-2018-окуу жылына «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын биргелешкен иш-чаралары боюнча «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы план сунуш кылынды. Эко-долбоордунМБУдагы бардык алдыдагы иш-чаралары мектепке чейинки балдарды экологиялык тарбиялоого багытталган, мында эртелеп экологиялык тарбиялоо курчап турган чөйрөнү сактоо үчүн жооптуу болгон маданияттуу муунду калыптандыра тургандыгы эске алынды.

 

Презентацияларды ушул жерден жазып алып жана таанышууга болот>>>

 

Акыркы жаңылыктар

10.10.2017

Тогузунчу «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясы

7-октябрда Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын аймагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) кызматкерлери, № 94 лицейдин өкүлдөрү жана № 39 гимназия-мектебинин окуучулары "ТазаБИШ" (таза Бишкек) эко-акциясына катышты.   Экологиялык ишембиликти өткөрүү орду бекеринен тандап алынган жок. Ботаникалык бакча – шаардыктардын жана борбордун меймандарынын ...
06.10.2017

«Поэзия кечеси» долбоорунун алкагында жолугушуулардын жаңы сериясы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ борбордун тургундарына жана меймандарына ушунчалык жагып калган «Поэзия кечелерин» уюштурууну жана өткөрүүнү быйылкы жылы улантат.      2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын майына чейин бардык каалагандарды төмөнкүдөй сүйүктүү акындар жана жаш авторлор менен жолугушуулар күтөт:   26-октябрь – Токтосун Самудинов ноябрь - ВячеславШаповаловдун мааракелик кечеси 15-декабрь – ЖеңишкүлӨзүбекова жана ...
06.10.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени Качан: 3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда Кайда: Бишкек шаарынын № 2, 8, 68, 13, 40, 42, 44, 47 жана 50 мектептери «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун «Жаш ...
04.10.2017

Күзгү «ТазаБИШ» эко-акциясы

Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкектин экологиясына көңүлкош болбогон бардык жарандарды, волонтерлорду жана ыктыярдууларды шаардын булганган жерлерин таштандыдан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) тазалоо боюнча «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясына катышууга чакырат.   Акция 7-октябрда саат 10:00дө Ахунбаев көчөсү менен Алма-Ата көчөсүнүн ...
04.10.2017

Мугалим күнү менен!

Урматтуу педагогдор! Мына силердин кесиптик майрамыңар – Мугалим күнү кайрадан эшикти каккылап жатат! Мугалим бардык мезгилдерде аны аздектөө үчүн үлгү, интеллигенттүүлүктүн, бийик адептик сапаттардын үлгүсү болгон. Силердин эмгегиңерге эң бийик талаптар коюлат, ал эми азыркы дүйнөдө силердин ролуңарга баа бербей коюуга болбойт. Мугалимдин эмгегинин кайталангыстыгы анын натыйжалары ондогон жылдардан кийин гана көрүнөөрүндө турат, ал эми ...
03.10.2017

Р.Отунбаева «РухЭштин» тушоосун кести

2017-жылдын 1-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында болуп өткөн “РухЭш” сайтынын жана Т.Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китебинин бет ачаарында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева аталган сайттын тушоосун кесип, “РухЭштин “ коомдогу маданий агартуучулук ролуна токтолду, анын ишмердигин карды жарып чыккан эдельвейс гүлүнө салыштырды. ...
28.09.2017

Бишкектин мектеп окуучулары үчүн эко-маданият жөнүндө

Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгыменен бирдикте уюштурган «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы старт алды.   «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы ...
25.09.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду «Жайлоо өнүгүү борборлору - 2017» долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу

Урматтуу “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” күйөрмандары ошентип 2017-жылында аймактардагы «Жайлооөнүгүү борболорлорунун ишмердүүлүгү аяктады. Бул жылы Республика боюнча токсон сегиз “Жайлоо өнүгүү борборлору” иш алып барды. Жайлоо өнүгүү борборуна камтылган балдардын жалпы саны - 3054. Өлкөбүздүн тоолуу аймактарындагы балдардын өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу максатында “Жайлоо бала бакчалары” долбоору 2014-жылы ишке киргенден бери төрт жылдын ичинде 9000 ден ...
21.09.2017

«РухЭш» сайтынын бир жылдык аземи маданий иш-чара менен белгиленет!

Урматтуу биздин туруктуу окурмандар жана күйөрмандар! «РухЭш» сайтынын тушоо кесүү аземине баарыңыздарды чакырабыз! Адабий-музыкалык аземибиз ушул жылдын 1-октябры күнү (жекшемби), саат 11.00дө борбор шаарыбыздын «Манас» кинотеатрынын чоң залында белгиленет. Рухий коом агартуу багытында канат жайып келаткан сайтыбыздын бир жылдык аземин куттуктоого төкмө акындар жана жазма акындар, ошондой эле эл аздегине айланган ырчылар катышат. Сайттын бир ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»