Пресс-центр Сүрөт галереясы

15.03.2018

«Бешик ыры» республикалык сынагы саланаттуу жыйынтыкталды

2018-жылдын 14-мартында К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын чоң залында «Бешик ыры» республикалык сынагы чоң салтанат менен жыйынтыкталды. Иш-чарага КР экс-Президенти, «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева, өлкөнүн саясий жана маданий ишмерлери, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери, наристелерди эртелеп өнүктүрүү маселеси боюнча адистер, эксперттер, жаңы конуштардын тургундары, массалык маалымаи каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.


Атайын түзүлгөн жюринин чечими менен биринчи орун Талас районунун Кумарык айылынын "Байчечекей" бала бакчасынын тарбиячысы Капарова Канышайга, экинчи 2 -орун – Чүй облусунун тургуну Кенжеева Айымканга жана Жети-өгүз районунун Чоң Кызыл -Суу айылнын тургуну Мусалиева Гулжанга, үчүнчү 3 орун – акын жана драмтург Озүбекова Жеңишкүлгө, акын Шакирова Гулжамилага жана Ат-Башы районунун райондук гезитинин редакциясында бухгалтери Таалайбек кызы Бегайымга - (ырдын сөзүнүн автору Ж.Курманов) ыйгарылды.

 

Кызыктыруучу сыйлыктар менен Баткен районунун Карабак айылынын тургуну Файзуллаева Жыпаргүл, Ак-Талаа районунун, Баетов айылындагы маданият үйүнүн кызматкери Бекболотова Рыскул, Талас шаарындагы "Теремек" бала бакчасынын тарбиячысы Усөнбек кызы Кымбат (Ырдын сөзүнүн жана обонунун автору Гулзада Рыскулова), Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын тургуну Кудаймедиева Мейилкан (ырдын сөзүнүн автору Кененбаева Жүрсүн) , Бишкек шаарынын тургуну Иманбердиева Нургуль, Өзгөн шаарынан, математика мугалими Мамакова Минажат, Тогуз-торо районунун тургуну, мугалим Абдыбекова Эльмира (ырдын обонунун автору Аракеева Мээрим), Таластагы "Асел" бала бакчасынын тарбиячысы Молдобекова Ульмира (Ырдын сөзүнүн автору Ысмайыл Кадыров, обонунун автору Камчыбек Букалаев), Жети-Өгүздөн Абдылдаева Онолкан ( ырдын сөзүнүн автору Кененбаева Жүрсүн) сыйланышты.


Жеӊүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.


Баалуу белектер “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Светофор” интернет-магазиндер тармагы, “Супара” этно-комлекси жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети тарабынан берилди.


Ошондой эле жеӊүүчүлөрдүн аткаруусунда ырдалган ырлардан түзүлүп, даярдалган “Бешик ыры” компакт-диски белек катары таратылды.


Иш-чара учурунда сынактын жеӊүүчүлөрү бешик ырларын ырдап беришти.

Акыркы жаңылыктар

23.04.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» билим фестивалынын биринчи күнүнүн пост-релизи

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» ПОСТ-РЕЛИЗИ  Өткөн жума күнү, 2018-жылдын 20-апрелинде, Бишкекте ушундай тема астында ар жылдагы Билим фестивалынын биринчи күнү алтынчы жолу өттү. Быйылкы жылы Фестивалды өткөрүү орду К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети болуп калды, анын имаратында төмөнкүдөй иш-чаралар өттү: дүйнө элдеринин концерттери жана бийлери, студенттердин катышуусу менен ...
23.04.2018

«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында поэзия мейкининде жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызынын, Мирлан Аскаровдун, Юруслан Азимжановдун, Жакшылык Имановдун жана Бүкалча Маматали кызынын “Жаштык ыры” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Улуттук Филармония менен биргеликте уюштурулду. Кече ...
22.04.2018

Балдар филармониясы: «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы

20-апрелде «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы өттү. Концерт наристелер үчүн. Алып баруучу байыркы Греция биз колдонуп жүргөн көптөгөн сөздөрдүн мекени болгону жөнүндө айтып берди. Байыркы гректер Олимп тоосундаАпполонжана тогуз муза жашаган деп ишенишкен. Апполон кифараны черткен. Тааныш сөз, чынбы? Ал эми музалар көркөм өнөрдүн тогуз түрүнүн колдоочусу болгон. Олимпиада менен Олимпиадалык оюндар да байыркы Грецияда жаралган. Театр ...
19.04.2018

Ак-Өргөөдө «Көчмө өнүгүү борборунун» кошмо жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Ак-Өргөо конушундагы №84 мектепте “Көчмө өнүгүү борборунун” кошмо жыйыны болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана ошондой эле Бишкек шаарынын мээриясынан, райондук акимчиликтеринен жооптуу жетекчилер, өнөктөштөр, эксперттер, Бишкек шаарынын 8 жаңы конуштарынан 300дөн ашуун ата-энелер, кварталдык ...
19.04.2018

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ «КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮГҮ: досторума мейманга»

20-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде мектеп окуучуларынын жана студенттердин, мамлекеттик жана эл аралыкуюмдардын, Кыргызстанда аккредитацияланган элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга» 2018 - Билим фестивалынын биринчи күнүнүн расмий ачылышы болот. 2013-жылдан тартып ар жылдагы Билим фестивалыөткөрүлүп келүүдө, ал 2014-жылдан тартып ...
18.04.2018

Кыргызстандын элдери: Орустар

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»VIБилим фестивалына даярдыктын алкагында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө байкоолордун циклин улантабыз. Бүгүн сөз орустар менен кыргыздардын маданияттарынын өз ара жуурулушужөнүндө болот.   Кыргызстанда орустар 100 жылдан ашык, падышачылык Россиянын учурунан бери жашап келатат. Андыктан, эгерде алгачкы орус көчмөндөрүнө жергиликтүүкалктын мамилеси сак болсо, СССР ...
18.04.2018

Мекендештердин «2018 - Мекендештер» форумуна каттоо башталды

Урматтуу мекендештер! «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитети Сизди урматтаганын билдирет жана Сизди «2018 – Мекендештер» форумунун ишине катышууга чакырат, ала үстүбүздөгү жылдын 8-августунан 9-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мекендештердин «2018 – Мекендештер» дүйнөлүк форуму төртүнчү жолу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү мекендештерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелерин талкуулоо үчүн мамлекеттин, ...
17.04.2018

VI Билим фестивалында күтөбүз!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясыжана К.Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын колдоосу менен алтынчы Билим фестивалын өткөрүп жатат. Быйылкы жылы Фестивалдын темасы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» болуп калды.
16.04.2018

Кыргызстандын элдери: Немецтер

2018-жылы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»деген жалпы тема астында өтө турган VIБилим фестивалынын алдында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө баамдоолордун циклин ишке киргизебиз.   Кыргызстан –бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө, анда көп сандаган ар башка маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык ар түрдүү этностор жашайт. Бул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

ФЕСТИВАЛЬ ОБРАЗОВАНИЯ-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»