Пресс-центр Сүрөт галереясы

19.01.2018

«Көчмө өнүгүү борбору»2018-жылды балдарга эрте курактан баштап китеп окуп берүүнүн мааниси тууралуу иш чара менен баштады

Бүгүн Бишкек шаарынын Дордой конушундагы №94 мектептин базасында КӨБ өзүнүн кезектеги тренингин өткөрдү. Ага 50 ата-эне жана 55 алардын балдары катышты. Тренингдин темасы: «Эрте куракта балдарды өнүктүрүүдө китеп окуунун мааниси» деп аталды.


Бүгүн Ак-Бата конушундагы №43 мектепте өткөн ушундай эле иш чарага 45 ата-эне жана 90 бала катышты.


Дордой конушунун тургундары, КӨБдүн иш-чараларынын дайыма катышуучулары өз ойлору менен төмөнкүчө бөлүшүштү: 


Пазылова Жылдыз: "Мен КӨБдүн тренингдерине 2017-жылдан бери үзбөй катышып келатам. Көп нерсени үйрөндүм, башкысы менин беш балам бар, бирок ушул маалга чейин мен аларга көп көңул буралбай келгем. Ушуну ойлоп азыр абдан кейип отурам, көрсө алар кичине мезгилде көбүрөөк көңүл буруу керек экен. Мага окшогон ата-энелер көп. КӨБ өткөргөн тренингдер көзүбузду ачты десем жаңылбаймын”.


Шабданова Тумара: “Менин беш балам бар. Үйдө отурсам да балдардын эрте курактагы өнүгүүсүнө буга чейин маани берген эмес элем. Балдарга бул куракта көп көнүлбуруу керектигин эми билип отурам. Бүгүн менин 4 жаштагы балам тренинг учурунда абдан жакшы сүрөт тартты. Анын сүрөткө шыгы бар экенин биринчи жолу байкадым“.


Калмукамбет кызы Феруза: Менин эки балам бар. КӨБдүн тренингдерине балдарымды дайыма алып келем. Бул иш чаралардан мен ата-эне балдарына кандай мамиле жасоосу керек, алар менен кандай оюндарды ойносо болоорун үйрөндүм. Мурда көп көңүлбурчу эмесмин. Азыр эки жарым жаштагы кызымдын бардык суроолоруна өз убагында туура жооп берем, аны менен ойноймун. Биз балдарга абдан дитибизди коюп, жакшы мамиле жасашыбыз керек экен, менде ушул сезим пайда болду”.


Иш чара алкагында “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” долбоору боюнча белгилүү балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын ээси, ЮНИСЕФ жана Ага Хан фонд уюштурган конкурстардын жеңүүчүсү, балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон адабий каармандар Акылай жана Актанды жараткан Жылдыз Акаева өзүнүн китебинен балдарга жана ата-энелерге окуп берди. Ошондой эле ал өзү жасаган чий куурчактарын балдарга көрсөттү. Алардын суроолоруна жооп берди.


Иш чара учурунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директору Д.Ш.Кендирбаева балдардын эрте курактагы өнүгүүсүндө китеп окуунун мааниси тууралуу презентация жасады, жомок окуп берди жана балдар менен ойноонун интерактивдык ыкмаларын көрсөтүп, үйрөттү. Эрте куракта балдарды өнүктүрүу жаатындагы эксперт А.У.Агайдарова 3-6 жаш курактагы балдар үчүн интеллектуалдуу оюндар боюнча презентация жасады. Оюндар ошол замат балдар жана ата-энелер менен биргеликте аткарылды.


Тренингке келип катышкандар көрүп, угуп алган маалыматтарына абдан ыраазы болушту. 

Акыркы жаңылыктар

24.02.2018

«Ырперия» поэзия кечеси чоң аншланг менен өттү

2018-жылдын 23-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Кеченин жүрушүндө Э.Иманалиевдин поэтикалык саптары “Айтыш” фондунун акындар мектебинде билим алып жаткан жаштардын айтуусунда көрүүчүлөргө тартууланды. Ошондой эле ...
23.02.2018

У.Черчиллдин кыргыз тилинде чыккан китебинин бет ачаары болуп өттү

2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарында У.Черчиллдин кыргызча которулган китебинин бет ачаары болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн экс-премьер министрлери, экс-спикерлери, элчилер жана башка коомдук , мамлекеттик ишмерлер, чыгармычыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышышты. Белгилей кетсек, даңазалуу саясатчы, мамлекеттик ишмер , Нобель ...
22.02.2018

ЖМК биз жөнүндө: Түркия: Балдарды өнүктүрүү - мамлекеттин башкы максаты

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун уюштуруусу менен алыскы Ат-Башы, Алай, Кочкор, Талас райондорунун, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы бала бакча, мектеп, билим берүү башкармалыктын, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери Стамбул шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып кайтышты. Бул иш-сапарды Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдиги колдоду (TDBB).    Түркия ...
22.02.2018

Китептин бет ачары: Уинстон Черчилл «Асти сынбагыла»

Эртең, 22-февралда, Бишкек шаарынын “Орион” отелинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачарын өткөрөт. Аталган китеп 2017-жылдын аягында жарыкка чыккан. Кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” ...
21.02.2018

«Көчмө өнүгүү борборунун» күндөлүгүнөн. Көңул борборунда - коопсуздук

2018-жылдын 21-февраль күнү “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Көчмө өнүгүү борбору” өзүнүн кезектеги ишмердигин коопсуздук маселесине буруу менен улантты. Бишкек шаарындагы №94 орто мектепте “Дордой” жана “Ак бата” жаңы конуштарынын наристелери жана ата-энелери үчүн атайын адистерден турган топ Жол коопсуздугу, Өрт коопсуздугу жана Жалпы коопсуздук темалары боюнча тренингдерди өткөрүштү. Тренингдерде кызыктуу ...
19.02.2018

Уинстон Черчиллдин «Асти сынбагыла« китебинин бет ачаары болот

2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарындагы “Орион” отелинде Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери У.Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачаары болот. Аталган китеп 2017-жылдын акыркы айында жарыкка чыккан. Китептин кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилегеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында ...
13.02.2018

«Ырперия» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал төкмө акын, манасчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына ...
08.02.2018

2018-жылдын февралына «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун иш-чараларынын дайджести

2018-жылдын февралына   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   иш-чараларынын дайджести 8-9-февраль– «Баткен областында туризмди өнүктүрүү» семинар-тренинги Кайда: Баткен шаары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагыЫйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосундагы семинар–тренинг. Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм ...
06.02.2018

Февралда Баткенде туризмди өнүктүрүүгө арналган семинар-тренинг өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2018-жылдын 8-9-февралында Баткен областында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосунда 2 күндүк семинар-тренингди өткөрүүнү пландаштырып жатат. Иш-чарагаошондой эле КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору А. Жаманкулов, Юнисон Топтун Ош шаарындагы региондук офисинин ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Фестиваль образования - 2017. День 1.

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»