Пресс-центр Сүрөт галереясы

19.06.2018

Окутуучу жана өнүктүрүүчү материалдарды сатып алууда ТИКА «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен жардам берип жатат

Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА, Бишкек офиси) оюнчуктарды жана канцеляриялык товарларды сатып алууда «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен колдоо көрсөтүп жатат. Быйылкы жылы ТИКА 1 163 800 сом суммасына колдоо көрсөттү. Бул каражаттарга бүткүл Республика боюнча 50 Жайлоо өнүгүү борборлору оюнчуктар жана канцеляриялык буюмдар менен камсыз ...
17.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» чыгармачылык кече болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналды. Кече 2018-жылдын 14-июнунда ...
13.06.2018

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда балдарды экологиялык тарбиялоо

Июнда республиканын жети областында 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору өз ишин баштайт. Быйылкы жылы балдарды жана ата-энелерди экологиялык тарбиялоого басым жасалат. Экология менен илим балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстардын, эксперименттердин, тажрыйбалардын башкы темалары болуп калат. Илим менен экологиядан тышкары, балдарды өнүктүрүү программасына кол өнөрчүлүк/көркөм өнөрдүн колдонмо түрлөрү, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экология, ...
04.06.2018

Роза Отунбаева «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнө барды

«Асанбай» борборунун галереясында «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнүн ачылышы болду. КР Экс-Президенти Р.И.Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөп, ушундай иш-чараларды өткөрүү руханий жактан өсүүгө жана маданияттардын өз ара байышына түрткү болот деп белгиледи.   Көргөзмөдө ар кандай медиаларда иштеген үч сүрөтчүнүн иштери сунуш кылынган.   Сүрөтчүлөр Грузиянын маданиятынын байлыгын жана назиктигин чагылдырып турат. Нино Кипшидзе ...
23.05.2018

2018-алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнүнүн жыйынтыктары

Өткөн ишембиде, 19-майда, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын айланасында шаардын эң жаркын жана күтүлгөн окуялардын бири – «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына 2018 – алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнү аяктады.   Фестивалды дароо ар башка улуттардын 5 алып баруучусу Урмат Борченов, Пазылджан Илимов, Вячеслав Мантусов, Максим Ли жана Владимир Садырбаев ачты, алар биздин маданий көп ...
21.05.2018

«Мезгил ыргактары» поэзия кечеси болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон белгилүү акындар Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын, Алыкул атындагы жана “Алтын калем” адабий сыйлыктарынын ээси Мукан Асаналиевдин ...
20.05.2018

VI Билим фестивалынын бардык боектору биздин фоторепортажда

Ишембиде Бишкекте филармониянын жанында 2018 - «Маданий көп түрдүүлүк: менин досторума мейманга» VI Билим фестивалынын экинчи күнү өттү.   Фестивалда борбордун тургундары жана меймандары боло алды. Жаш артисттер өз алдынчалуу музыкалык жана бий номерлерин көрсөттү. Элдик уздар өз буюмдарын алып келди – ар бир каалаган адам сувенирлерди сатып ала алды. Фестивалдын меймандарын көргөзмөлөр жана концерттик номерлер аркылуу ар түрдүү ...
18.05.2018

Кыргызстанда «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» 1-Улуттук Форуму ишин аяктады

«Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 15-16-майында «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» биринчи Улуттук Форуму ишин аяктады.   Иш-чара Кыргызстандын Өкмөтүнүн колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктө өттү.   Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, ...
26.04.2018

Р.И.Отунбаева Тынчтыкты жаратуу жана тынчтыкты сактоо маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты

2018-жылдын 24-25-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясынын Төрагасы М.Лайчактын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Р.Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын алдындагы Медиация маселелери боюнча топтун мүчөсү катары БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриштин катышуусу менен Тынчтыкты жаратуу жана тынчтыкты сактоо маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты.   Эки күндүк дискуссияларга катышуу үчүн Нью-Йоркко ...
23.04.2018

«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында поэзия мейкининде жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызынын, Мирлан Аскаровдун, Юруслан Азимжановдун, Жакшылык Имановдун жана Бүкалча Маматали кызынын “Жаштык ыры” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Улуттук Филармония менен биргеликте уюштурулду. Кече ...
23.04.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» билим фестивалынын биринчи күнүнүн пост-релизи

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» ПОСТ-РЕЛИЗИ  Өткөн жума күнү, 2018-жылдын 20-апрелинде, Бишкекте ушундай тема астында ар жылдагы Билим фестивалынын биринчи күнү алтынчы жолу өттү. Быйылкы жылы Фестивалды өткөрүү орду К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети болуп калды, анын имаратында төмөнкүдөй иш-чаралар өттү: дүйнө элдеринин концерттери жана бийлери, студенттердин катышуусу менен ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»