Пресс-центр Жаңылыктар

15.03.2014

Поэзия кечеси – «Жаз кайрыктары». 8-март 2014-ж. КТРК

8-март Эл аралык аялдардын күнүнө карата Коомдук каналдын концерттик залында "Жаз кайрыктары" жаңырды. "Р.Отунбаеванын демилгеси" фонду менен биргеликте өткөрүлгөн бул иш чарага жыйырмадан ашуун жаш акын кыздар катышып, мекенге жана энелерге арналган ырлар авторлордун аткаруусунда окулду.
28.02.2014

ЖМКлар биз жөнүндө: Бишкекте «Өткөн кылымдын куурчактары» уникалдуу көргөзмөсү ачылды

Экспозицияда бардыгы болуп ар кайсы жылдары жасалган 80ден ашык коллекциялык куурчак коюлган.   27-февралда Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде «Өткөн кылымдын куурчактары» көргөзмөсү ачылды, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурду.   Көргөзмө музейдин экинчи кабатында жакында Япониянын элчилигинин колдоосу менен ачылган япон куурчактарынын көргөзмөсүнүн жанына жайгашты.   Экспозицияда бардыгы болуп 80ден ашык куурчак ...
15.02.2014

Экс-президент Р.Отунбаева ЖАМУнун ардактуу профессору болуп калды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 10-февралда экс-президент Роза Отунбаеванын ушул ЖОЖдун жамааты менен жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушууда ЖАМУнун ректору А.Абдрашев Р.Отунбаеванын билим берүү чөйрөсүндөгү салымын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жетекчиси катары ал жүргүзүп жаткан ишти белгиледи.   Анын айтымы боюнча, ЖОЖдун илимий кеңешинин чечими менен Р.Отунбаевага «ЖАМУнун ардактуу профессору» наамы ...
14.02.2014

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Монтессори-педагогика боюнча лекция өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча жана анын колдоосу менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Монтессори-педагогика боюнча маалыматтык таанышуу лекциясы өттү. Лектор – Надежда Николаевна Смирнова – Москва шаарындагы (Россия) Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун директору. Лекцияга Жалал-Абад шаарынын балдар бакчаларынын 70тен ашык тарбиячысы, усулчусу жана башчылары катышты. Лектор методиканын ...
11.02.2014

Роза Отунбаева Жалал-Абад университетине, ошондой эле Сузак районундагы балдар бакчаларына барды

10-февралдан тартып, Кыргызстандын экс-президенти Жалал-Абад облусунда визит менен жүрөт. Сапардын учурунда ал жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү менен бирге балдар жана студенттер үчүн бир катар окуу жайларына барды, - деп билдирди бул жөнүндө Tushtuk маалымат агенттигинин региондук кабарчысы.   Сапарга Отунбаева «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу катары катышып жатат, аны билим берүү жана илим министринин орун басары ...
10.02.2014

Экс-президент Р.Отунбаева Жалал-Абаддагы жана Сузактагы жамааттык балдар бакчалары менен таанышты

Экс-президент Роза Отунбаева 10-февралда Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы жамааттык балдар бакчаларынын иши менен таанышты.   Р.Отунбаева менен бирге балдар бакчаларына эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү барды. Экс-президентти Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Торомаматов, Сузак районунун акими Н.Мирзахмедов жана Жалал-Абаддын мэри М.Арапбаев коштоп жүрдү.   Р.Отунбаева башында турган ...
10.02.2014

Роза Отунбаева ЖАМУнун студенттеринин алдында сөз сүйлөдү

Бүгүн, 10-февралда, Кыргызстандын экс-президенти Жалал-Абад мамлекеттик университетине барды жана Кыргызстандын өнүгүшүнүн экономикалык өңүттөрү боюнча лекция окуду, бул жөнүндө Tushtuk маалымат агенттигинин региондук кабарчысы билдирет.   Экономикалык кырдаал жана өнүгүү жолдору жөнүндө айтуу менен, Роза Отунбаева Япония жана Германия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдү мисал келтирди. Кыргызстандыктардын турмуш деңгээлинин төмөн экенин түшүндүрүп, калктын киши ...
07.02.2014

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фондунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарына иш сапары

Бул иш сапардын алкагында Мектепте тамактанууну жакшыртуу жана мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдардын санын арттыруу максатында жайлоо бала-бакчалары тууралуу жолугушуулар Жалал-Абад, Баткен жана Ош областарында ишке ашат. Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон районундорундагы бир катар бала бакчалардын ишмердүүлүктөрү менен таанышып, тарбиячылар ата-энелер менен жолугушуп, алардын маселелери талкууга алынат. Ошондой эле жолугушуулар Баткен ...
04.02.2014

Диний уюмдар оорулуу адамдарга ооруну көтөрө билүүгө жардам бере алаар эле, деп эсептейт Р.Отунбаева

Дин жана диний уюмдар оорулуу адамдарга ооруну көтөрө билүүгө жардам бере алаар эле. Бул жөнүндө бүгүнкү Ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган форумда Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева билдирди.   Анын айтымына караганда, Кыргызстанда, башка өлкөлөрдөгүдөй эле, паллиативдик жардамды өнүктүрүү зарыл. «Албетте, саламаттыкты сактоо системасынын зор күч-аракеттери талап кылынат жана өнүккөн өлкөлөр гана паллиативдик дарылоого ...
03.02.2014

Ракка каршы күрөшүүгө бүткүл коом түп көтөрүлүп чыгууга тийишпиз, – Р.Отунбаева

Биз рактан өкмөттүн, врачтардын, тууган-туушкандардын күчү менен арыла албайбыз, бул илдетке каршы бүткүл коом түп көтөрүлүп чыгууга тийишпиз, – деп билдирди Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 4-февралда Ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган форумда.   «Эң башкысы – бул агартуу, билим берүү иши. Биз адам өзүнүн ден соолугун өзү сактоого тийиш, ал превентивдүү чараларды көрүүгө тийиш деп айтуу менен көп нерселерди жасай алабыз. ...
02.02.2014

Экс-президент Р.Отунбаева К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору болуп калды

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин (ЫМУ) Ардактуу профессору болуп калды. «ЫМУнун Ардактуу профессору» наамын Р.Отунбаевага Кыргызстанда билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарышты.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдиргендей, «ЫМУнун Ардактуу ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Форум Мекендештер-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»