Пресс-центр Жаңылыктар

08.12.2014

Р.Отунбаева Европа мектебинин окуучуларына: Ата-энеңерге Роза Отунбаева балдарыңарга күндѳ 20 мүнөттөн китеп окуп бергиле деп айтты дегиле

Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын жакшыртуу максатындагы иштерди аткарып келген Европа мектеби Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен бүгүн, 8-декабрда 4 жылдыгын белгиледи.   Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга кайрылган Роза Отунбаева: «Балдар, үйүңѳргѳ барганда ата-энеңерге Роза Отунбаева балдарыңарга күндѳ 20 мүнөттөн китеп окуп бергиле деп айтты дегиле», - деди.   ESCA эл аралык окуу жайындагы окуучулардын 40% кыргыз ...
25.11.2014

Немистер Кыргызстандын тарыхында

Айткан убакытта так келип, өзүнүн ишине өтө эле тың адамды «Немис экен» деп коймоюбуз бар. Мыкты сапаттагы үй сатып алсак дагы «Мурда немистин үйү болчу экен» дейбиз. Көп сүт берген ала уйларды «Немис пародасындагы уй» деп мактап калабыз. Мунун баары эмнеден? Кыргызстанда жашаган немис улутундагылардын бизге өзүнүн тактыгы, эмгекке берилген, маданиятты сүйгөн сапаттары менен көп тарабынан үлгү болуп ...
03.10.2014

«Устат-2» менторлук долбооруна катышуу үчүн конкурстук тандоону жүргүзүү жөнүндө жарыя

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында окуган 9-10-11-класстардын окуучу кыздары үчүн «Устат-2» менторлук долбооруна катышууга конкурстук тандоону жүргүзүү жөнүндө жарыялайт. «Устат-2» менторлук долбоорунун экинчи этабынын максаты кесипти тандоого, инсанды ар тараптан өнүктүрүүгө, акыл калчап ой жүгүртүү жөндөмүн жакшыртууга, өз алдынчалыкты, лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жардам берүү ...
19.08.2014

Экинчи Билим берүү фестивалы: видео фильм

2 күн бою 2014-жылдын 26-27-апрелинде Бишкекте экинчи Билим берүү фестивалынын алкагында илимге, техникага жана салттуу экологиялык билимдерди жайылтууга көңүл буруу менен интерактивдүү аянтчалары жана класстары бар эки күндүк шаардык иш-чара өттү. Негизги уюштуруучулар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университет болду.   Иш-чара техникалык кесиптерге ...
03.08.2014

Жайлоодо бала бакчалар ачылды

Суусамыр өрөөнүндөгү малчылардын балдары үчүн 3 жайлоо бала бакчасы ачылды. Долбоорду "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы жайыт комитеттери менен биргеликте ишке ашырууда. Уюштуруучулар быйыл Кыргызстанда 35 жайлоо бала бакчаларын ачабыз деп турушат.  Азаттык уналгысы
03.08.2014

Жайлоо бала бакча

Суусамыр жайлоосунда малчылардын балдары үчүн уникалдуу бала бакчалар иштей баштады. Боз үйдөгү бакчада 3 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр каникул маалында билим жана тарбия алат. Жайлоодо бакча ачууну “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду көтөрсө, башка уюмдар каржылык колдоо көрсөткөн.Биринчи маалымат радиосу
01.08.2014

Жайлоо бала бакчалары үчүн куурчак театр

23-июлдан 28-июлга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында уюшулган жайлоо бала бакчаларында Ош областтык Н. Шамурзаев атындагы куурчак театрынын артистери “Алтын жөжө” деген аталыштагы спектакль коюуда. Театрдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Исаков Алымкул Дооронович. Бул саамалык ата-энелер жана балдардын арасында чоң кызыгууну жаратты. Ош областынын Чыйырчык, Кара-Чукур, Жалал-Абад областынын Көгарт жайлоолорунда коюлган ...
28.07.2014

Экс-президент Р.Отунбаева чет өлкөлөрдөгү мекендештерди өргүү учурунда жайлоодогу балдар бакчаларына барууга чакырды

Кыргызстандын Экс-президенти Р.Отунбаева чет өлкөлөрдөгү мекендештерди өргүү учурунда жайлоодогу балдар бакчаларына барууга чакырды. Бул сунушун ал 25-июлда Бишкектеги «Мекендештер – 2014» форумунда жарыя кылды.   «Биз силердин бир жумадан 10 күнгө чейинки мөөнөттөгү өргүүңөрдүн учурунда бизде волонтердук акциялар болушун – айылдардагы, жайыттардагы адамдарга барууну, ден соолук комитеттери менен иштөөнү каалайбыз», - деп айтты ал.   Анын ...
25.07.2014

Мекендештер: сөздөн ишке өтөлү

Бишкекте бүгүн, 25-июлда “Мекендештер” деп аталган эки күндүк форум башталды. “Роза Отунбаеванын демилгелери “ фонду уюштуруп жаткан иш-чарага 25 өлкөдө жашап иштеп жүргөн 300дөй кыргызстандык чакырылды. Форум “Кыргызстандын келечегине салым” деген ураан астында өтүп жатат.  
15.07.2014

ЖМК биз жөнүндө: Чолпон-Атада Issyk-Kul Grand Prix – 2014 парустук регатасы өтөт

27-июлда Чолпон-Ата шаарындаар жылдагы Issyk-Kul Grand Prix - 2014 парустукрегатасы өтөт. Бул жөнүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду билдирет. Регата «Мекендештер 2014» форумунун алкагында өтөт.   Регатанын максаты жаштар арасында парустук спортту алга илгерилетүү жана Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү болуп саналат.   Эл аралык регаталарга катышкан кесипкөй спорттук судья Виктор Брюховпарустукрегатада судья болот. ...
05.07.2014

Роза Отунбаеванын мекендештерге кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Роза Отунбаеванын мекендештерге видео-кайрылуусу. Эске сала кетебиз, «Мекендештер» форумунун сайты www.mekendeshter.org дарегинде жайгашкан.

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»