Пресс-центр Жаңылыктар

08.04.2015

Отунбаева: Биз тандаган жолубуздан кайтпашыбыз керек

Дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы Апрел ыңкылабы жана анын жыйынтыктарына карата кандай көз карашта? Кыргызстанда 2010-жылкы окуялардын кийин түптөлгөн парламенттик башкаруу канчалык калыптана алды жана анын келечеги кандай? Экс-президент Роза Отунбаева ушул жана башка суроолордун тегерегинде “Азаттыкка” маек курду.Айзада Касмалиева жана Улан АсаналиевАзаттык
08.04.2015

Роза Отунбаева: «Сабырдуу, рационалдуу жашашыбыз керек»

Кыргызстандын мурдакы президенти Роза Отунбаева апрель революциясы аталган окуялардын беш жылдыгынын алдында Би-Би-Сиге маек куруп, кыргыз коомун өткөн окуяларды дүйнө менен салыштырып карап, цивилизацияга жарашкан эл катары рационалдуу болууга чакырды. Би-Би-Си: Кыргыз эли акыйкат коомду курууну макcат кылып, эки революцияны баштан өткөрүп жиберди. Бүгүнкү коомдук-саясий абалды карап туруп, революция көздөгөн максаттар ушундай эле деп айта ...
07.04.2015

Президент Алмазбек Атамбаев: «7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!»

Бүгүн, 2015-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында өткөрүлгөн Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган расмий иш-чарага катышты.   Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана ...
07.04.2015

Демилге улантылууда: «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсү Берлинде

Берлиндин ортосунда Бранденбург дарбазасынан алыс эмес жерде «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду. Көргөзмө 2015-жылдын 1-апрелинде ачылган жана 22-апрелге чейин уланат. Ачылыш аземине көптөгөн саясатчылар, элчилер жана коомдук ишмерлер катышты. Бундестагдын вице-президенти Й.Зингхаммердин сүйлөгөн сөзүн белгилеп кетүү керек.   Көргөзмөнүн меймандарына Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль да ...
06.04.2015

Эми Билим берүү фестивалынын жаңылыктарына көз салуу оңой болуп калды – долбоордун өзүнүн сайты бар

Билим берүү фестивалы – балдар үчүн ар жылдагы Билим берүү фестивалы 2013-жылдан бери Бишкек шаарында өткөрүлүп келет. Бул долбоор өзүнө балдар жана мектепте билим берүү чөйрөсүндө ярмаркалардын, эс алуу борборлорунун, балдардын чоң майрамынын жана кесипкөй форумдун форматын айкалыштырат. Фестивалдын башкы максаты – балдарда билимдерге жана чыгармачылыкка кызыгууну ойготуу, аларга маалымат менен иштөөнү каныктыруу. Ошондой эле эң кенже куракта эле өз ...
06.04.2015

Р.И.Отунбаеванын Кризистерди четтетүү боюнча эл аралык топтун Президенти Жан-Мари Гуенно менен жолугушуусу болду

Бүгүн, 2015-жылдын 6-апрелинде 16-00дө Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Кыргызстанда жумушчу визит менен жүргөн Кризистерди четтетүү боюнча эл аралык топтун Президенти Жан-Мари Гуенно менен жолугушуусу болду. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын басма сөз кызматы т.0772 85 57 10  
06.04.2015

Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусуна иш сапарынын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер

Жалал-Абад шаарынын Т.Тыныбеков атындагы филармониясында 3-апрелде экс-президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен аялдардын региондук форуму өттү.   Жолугушуунун негизги тематикасы – Кыргызстандын өнүгүшүнө айымдардын салымы жана алардын азыркы коомдогу ролу. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар аялдардын билимге жеткиликтүүлүгү, алардын жарандык коомдогу ролу, экономиканы өнүктүрүүгө салымы менен байланышкан маселелерди, ошондой эле балдар менен ...
05.04.2015

Экс-президент Р.Отунбаева: Эмне үчүн кыргыз айымдары ГЭСтерде жана табигый кен чыккан жерлерде иштей албайт?

Эмне үчүн кыргыз айымдары ГЭСтерде, Иштамберды жана Бозымчак кендеринде иштей албайт? Бул жөнүндө 3-апрелде Жалал-Абадда аялдардын региондук форумунда экс-президент Роза Отунбаева форумдун катышуучуларына кайрылуу менен айтты.   Роза Отунбаеванын айтымы боюнча, Жалал-Абад облусу – жаратылыш ресурстарына бай регион. «Бул өнөр жайлуу регион, ал жаратылыш ресурстарына жана энергия булактарына бай. Биздин айымдарды геологиялык чалгындоо, нефть-газ өнөр жайы менен ...
05.04.2015

3-апрелде «Устат-2» долбооруна катышкан кыздар үчүн «Финансылык сабаттуулуктун негиздери» тренинги өттү

2015-жылдын 3-апрелинде «ФИНКА Банк» ЖАК «Устат-2» долбооруна катышкан кыздар үчүн финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча тренинг өткөрдү.   Тренинг учурунда финансылык сабаттуулук деген эмне экендиги, жеке бюджетти кантип жүргүзүү керектиги жөнүндө темалар козголду, бюджетти жүргүзүүнүн жана анын артыкчылыктарынын мисалдары келтирилди.   Андан соң катышуучу кыздарга аманаттын формалары жөнүндө, депозиттик эсепти ачуу жана акчаны кандай ыкма ...
03.04.2015

КР экс-президенти Р.И.Отунбаеванын Жалал-Абад облусуна иш сапары

2015-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева Жалал-Абад шаарында Т.Тыныбеков атындагы Филармонияда өтүүчү «Аялдардын коомдогу орду» аталыштагы областтык аялдардын форумуна катышып сөз сүйлөйт. Ал өз сөзүндө аталган аймактагы айымдардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана алардын ролуна токтолуу менен бүгүнку кундөгу аялзатынын коомдогу орду ...
03.04.2015

Жалал-Абадда Р.Отунбаеванын катышуусундагы форумда кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзүлүүдө

Бүгүн, 3-апрелде Жалал-Абад шаарында экс-президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен «Аялдардын коомдогу ролу» форуму өтүп жатат. Учурда иш-чаранын катышуучуларына кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөгө коюлган буюмдары көргөзүлүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.  Бул форумга жалпысынан 400дөн ашуун кыз-келиндер катышууда. Форумга Ысык-Көл, Баткен, Ош облустарындагы аялдар кеңешинин төрайымдары да келди.Turmush 

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»