Пресс-центр Жаңылыктар
«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү
Бүгүн, 17-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» интерактивдик Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү.
Иш чара түркмөн элинин ырлары жана бийлери менен башталды. Андан соӊ Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева Түркмөнстандын башкы бренди акалтекин тукумундагы жылкылар, экинчиси көз жоосун алган кооз килемдери жана зергер буюмдары экенин атап, балдарды бул мамлекеттин маданияты жана тарыхы менен кенен таанышууга чакырды. Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым Укуктуу Элчиси Шадурды Мередов Көргөзмөнүн идеясынын мыктылыгына токтолуп, аталган иш чараны демилгелеп, уюштуруп жаткан Роза Отунбаевага жана ал негиздеген Фондго терең ыраазычылыгын билдирди.
Көргөзмөдө күн бою мастер-класстар, «Оюн группы» тобу тарабынан ар кандай оюндар көрүүчүлөргө арналып турду. Ошондой эле кинозалда түркмөн адабиятынын классиги, философ, акын Махтумкулиге арналган «Махтумкули» киносу, экология, ак илбирсти коргоо темасындагы видеороликтер көрсөтүлдү. Анын соңунда көрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын гимнин жаңырта ырдап жиберишти.
Акыркы жаңылыктар
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»
«Гений» радиоберүүсү: Мектеп окуучулар альтернативалык онлайн-олимпиадага катыша башташат

«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

- Прямая ссылка:
- «КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости