Пресс-центр Жаңылыктар
«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Адабият жана Чыгыш поэзиясы күнү болуп өттү
Бүгүн, 24-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Адабият жана Чыгыш поэзиясы күнү болуп өттү.
Бул күнү да адаттагыдай эле кызыктуу программалар көрүүчүлөрдү тосуп алды. Музейдин кино залында ата-энелер үчүн “Балдар адабияты аркылуу өз өлкөбүздү кантип таанытабыз” деген темада адабиятчы Рахат Орозова лекция окуп берди. Т.Океев атындагы Кыргызфильмдин анимациялык студиясынын аниматорлору Кулчоро Шерматов менен Талгат Усубакуновдун “Мультфильмдер кандай жаралат” деген темадагы лекциясы көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты. Лекциядан кийин “Бала кантип өз шаарын сактап калды” деген мультфильм көрсөтүлүп, Мектеп окуучулары тарабынан даярдалган театралдык көрсөтмө коюлду.
Ошондой эле “Жибек жолу балдардын көзү менен” сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Сынактагы баш байгени Бишкек шаарындагы №69 мектептин 3-классынын окуучусу Курманалиева Бегимай жеңип алды, биринчи орун №49 мектептин окуучусу Азимова Сафинага, экинчи орун ушул эле мектептин окуучусу Ишенбаева Заринага ыйгарылды. Үчүнчү орун болсо “Балажан мектебинин” окуучусу Шестак Соболевге берилди. Мындан тышкары бир канча номинациялар боюнча да сыйлыктар тапшырылды.
Көргөзмөнүн интерактивдүү аймагында улуттук оюндар “Айкүр” , “Беш таш”, “Тогуз коргоол”, ошондой эле “Граттаж” техникасы боюнча сүрөт тартуу, Жибек жолу темасында пазлдарды чогултуу, “Эбру” - сууда сүрөт тартуу, кумда сүрөт тартуу боюнча мастер класстар өткөрүлдү.
Ошондой эле эн кызыктуу болгон шахматтын сеанс турнири өттү . Аны жакында Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болуп келген 8 жаштагы Айжан Таштакеева уюштурду , ар бир сеанста жетиден шахмат сүйүүчүлөр менен оюндун үч сеансын өткөрүп бардык 21 оюнчуну жеңип алууга жетишти.
Элчиликтерден балдар китептеринин жарманкеси, “Таалим форум” коомдук фонду, “Раритет” жана “Китепкана.kg” китеп магазиндеринен китептердин көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.
Кечке маал кинозалда “Чыгыштын бермет саптары” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда кыргыз, казак, тажик, өзбек, азербайжан, кытай, иран ж.б. чыгыш элдеринин тилдеринде поэтикалык саптар окулду. Бишкектеги Иран мектебинин окуучусу Фатима Мохаммед “Шахнаме” дастанынан үзүндү окуп берди. Ошондой эле Чыгыштын поэзия жылдыздары болгон Рудаки, Жами, Саади, Омар Хаямдын ырларын кыргыз тилине которгон КР Эл акыны Кыялбек Урмамбетов, “Шахнамени” кыргызчалаган белгилүү тарыхчы, акын Баяс Турал, тажик тилинен Шоиста Равшандын ырларын которгон Кубанычбек Базылбеков, кыргыз классик акыны Алыкул Осмоновдун ырларын казак тилине которгон Назарбек Байжигитов, кыргыз ырларын кытай тилине которгон Асанаалы ж.б. өздөрү которгон ырларды окуп беришти. Казак, азербайжан, кытай тилдеринде обондуу ырлар да жаңырды.
Кече соңунда КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева сөз сүйлөп, чыгыш поэзиясына болгон өзүнүн суктануусун билдирип, котормочу, акындарга ыраазычылыгын айтты.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
