Пресс-центр Жаңылыктар
Жайлоо өнүгүү борборлору жөнүндө документалдык тасма тартылууда
Үстүбүздөгү жылдын 23-27-июндарында Жалал-Абад жана Ош облусунун жайлоолорунда жайгашкан жайлоо өнүгүү борборлорунда тарбияланып жаткан балдар тууралуу белгилүү кинорежиссёр, сценарист, продюсер, «Кыргыз киносу» кинотеатрынын негиздөөчүсү, “Дарак ыры” тасмасынын режиссеру Айбек Дайырбеков документалдык тасма тартты.
Тасмага алгачкылардан болуп Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы “Кызыл –Кыштак”, “Нур –Айым” жайлоо өнүгүү борборлорунун ачылыш аземи тартылды. Иш-чара айыл өкмөтү жана жайыт комитети тарабынан колдоого алынып, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Эшенкулов, Ноокен райондук администрациянын башчысы- аким Эркин Маматаев катышты. Андан сырткары балдар дүйнөсүнүн бир канча китептеринин автору Максуда Жумалиева балдарга жомок окуп берип, Жалал-Абад облусунун “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” координатору Бариса Турдубаева уюштурган чыгармачыл эжейлер балдарга кызыктуу мастер класстарды өтүштү. Айбек Дайырбеков өспүрүмдөргө, ата-энелерге арналган “Кинону кантип жаратабыз?” деген темада мастер класс өтүп, суроолоруна жооп берип, кызыктуу маек курулду.
Базар-Коргон районунун “Кең-Кол” жайлоо өнүгүү борборунда 30га чукул бала тарбияланып, эки тарбиячы эмгектенип келүүдө.
“Бул ЖӨБ балдар өнүгүү жолунда экени балдардын жүздөрүнөн байкалды. Алардын билим алуусун, эс алуусун, өнүгүүсүн көзөмөлгө жайыт комитети, айыл башчысы өз карамагына алган экен”, - дейт ЖӨБ ыктыярчысы Аксана Молдалиева.
Тоолору жаңгак токою менен белгилүү болгон Арсланбап өзүнүн кооздугу менен адамдарды өзүнө тартат эмеспи, Айбек Дайырбеков дагы тарыхый жерлер, мотурайган бөбөктөр,идеяга бай өспүрүмдөрдүн колдоосун четке какпай, август айында да бул ЖӨБ келе турганын билдирди.
Андан соң сапар Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ажике жайлоосуна болду. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдрасул Абдыкадыров аймактарга келип жаткан чыгармачыл топтордун ишине ийгилик каалап, балдарыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга, КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаевага терең ыраазычылык билдирип, чыгармачыл топко жолдун картасын чийип, Ажике жайлоосуна узатты.
Жайлоо өнүгүү борборлорунун Ош облусу боюнча кординатору Жыпаргүл Шербаева, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун окутуучулары Минавар Маткасымова, психолог Мавлюда Ысакова болуп “Ажике” жайлоо өнүгүү борборундагы балдарга мастер класстарды өтүштү.
"Ажике" ЖӨБ жетекчиси Уулкан Калмурзаева ушундай мастер класстар көп болуп тургандыгы, балдардын кызыгуусун арттыраарын белгиледи.
Бөрү көрбөс жайлоосундагы "Кара -Булак" жана “Мырза Көлбаев” атындагы жайлоо өнүгүү борборлорунда мастер класстар өтүлүп, Мавлюда Ысакова ата-энеси миграцияда жүргөн балдар менен, алардын чоң апа, чоң аталары менен пикир алышты. Жаңы нерсени үйрөнгөн балдардын кубанычында чек жок экенин айтышып, кино кандай жараларын сурап, кызыгып жатышты.
Тасмага ошондой эле жолу татаал болгон Чоң-Алай районунун Кочкорчу жайлоосундагы “Жаш –Тилек” ЖӨБ келип билим алам деген балдар ат, эшек минип келишкен учурлар камтылды.
“Негизинен, алыскы жайлоолордогу өнүгүү борборлору балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө зор өбөлгө түзүү менен, алардын ата-энелери менен да тыгыз байланышта иштеп, жайлоого келип-кеткен меймандар, туристтердин да кызыгуусун туудурууда. Мен ойлойм, балдар үчүн бул өнүгүү борборлору “кыргыздын Артеги” сыяктуу эсинде калат” деп белгиледи ЖӨБ аймактар боюнча координатору Ч.Абдыраимакунова.
Акыркы жаңылыктар
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»
«Гений» радиоберүүсү: Мектеп окуучулар альтернативалык онлайн-олимпиадага катыша башташат

«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

- Прямая ссылка:
- «КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости