Пресс-центр Жаңылыктар

30.01.2020

Жаңы котормо: Жон Кеннеди баалаган каарман сенаторлор

Америкада жана дүйнөдө каармандар барбы, деги? АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннеди 1956-ж. сенатор кезинде жарыялаган «Каармандык өрнөктөрү» китеби коомдогу каармандык тууралуу жаңы өңүттө ойлонууга түртөт. Тарыхчы жана котормочунун блогу.


Китептин автору жана анын көмөкчүсү тууралуу


Ошентип, көптөн күткөн учур да келип жетти. АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннеди (John Fitzgerald «Jack» Kennedy; 29.05.1917, Бруклайн - 22.11.1963, Даллас) калтырган бараандуу мурастардын бири кыргыз тилинде да сүйлөп калды.

Жон Кеннеди өз өлкөсүн 1961-1963-жылдары бийлеген. Ал эми анын АКШнын сенатору болуп турган кезинде эски жараатынан дарыланып жатып жазган «Каармандык өрнөктөрү» («Profiiles in Courage») китеби алгач 1956-жылы жарык көргөн.

Бул чыгармада тарыхый даректердин маалыматы менен публицистикалык илеп жуурулуштурулуп, өткөндүн сабактарын жаңы муундарга жеткирүүдөгү жаңычыл сабак сунушталган.

АКШнын тарыхында өзгөчө орун ээлеген 8 сенатордун коомдук жүктү өз керт башынын бакыбаттыгынан жогору койо алган батыл чечимдери автор тарабынан эр жүрөктүктүн мисалы катары чагылдырылган.

1957-жылы өмүр таржымал жазуу жаатындагы Пулитцер сыйлыгына татыган бул китептин өзү андан бери узун тарыхка ээ болду. Автору 1961-жылы өлкөнүн 35-президенти болуп шайланганда жана 1963-жылы Далласта киши колдуу өлгөндө, бул китеп кайрадан мыкты сатылган (бестселлер) китептердин катарынан орун алганы да маалым.

Китепти Жон Кеннеди өзү жазган эмес деп асылгандар бир топ болуп, тээ 1957-жылы эле «китептин чыныгы автору - сенатор Кеннединин жардамчысы Тед Соренсен болчу» деген айың кептер айтылган.

Ысымы эркелетилген кыска түрдө «Тед» деп айтылган Теодор Чайкин Соренсен (англисче: Theodore Chaikin Sorensen; 08.5.1928, Небраска - 31.10.2010, Нью-Йорк) - америкалык укук адиси, жазуучу эле. Ал президент Жон Кеннединин атайын кеңешчиси жана сөздөрүнүн долбоорун жазып берген жардамчысы, бестселлерге айланган «Кеннеди» китебинин (1965) жана башка чыгармалардын автору катары кеңири таанымал.


Тед Соренсен (08.5.1928 –– 31.10.2010). 27.5.2009.

Айтмакчы, Тед Соренсендин атасы Кристиан Соренсендин түпкү теги даниялык болгон. Теддин атасы АКШнын Небраска штатынын башкы прокурору (1929-1933) болуп да иштеген. Теддин энеси Аннис Соренсен (Чайкина) айымдын түпкү теги Орусиядан көчүп келген жөөттөрдөн болгон.

Жон Кеннеди өзүнчө эле «айдыңдык канынын кампасы» («intellectual blood bank») деп терең урматтап баа берген Тед Соренсен бул ажардуу президентти жанындай көргөн.

Президент Кеннеди киши колдуу өлгөндө (анын өлүмүнө себепкер болгон же болгондор тууралуу жоромолдорго биз мында токтолуп отурбайбыз) заманасы куурулуп жазган саптарында Тед Соренсен өзүнүн ал түгүл жашоодон аша кечкидей даражада көңүлү чөгүп турганын билдирет да, англисче бир поэманын төмөнкү ыр саптарын мисал келтирет:

"How could you leave us, 

how could you die? 

We are sheep without a shepherd 

when the snow shuts out the sky." 

«Кантип таштап кеттиң бизди, 

шум өлүмгө түшүп күнүбүз? 

Асман көрбөй, буюккан кар тозоңдон, 

Койчусу жок койлордой го түрүбүз». 

Тед Соренсен чындыгында да «Каармандык өрнөктөрү» китебинин материалдарын топтоп, жыйынтыктап жазууда өзгөчө салым кошкондугун Жон Кеннеди китебиндеги алгы сөзүндө ыраазычылык менен белгилеген.

Ал башка да кишилерди алкап өткөн (айтмакчы, Кыргызстанда илимий жана башка адабиятта негедир устаттарга жана кесиптештерге алкыш айтуу бөлүмү өтө сейрек учурайт, кээде илимий эмгектерден мындай бөлүмдү өчүрүп салууга чейин барышат):

«Миннесота университетинен профессор Жон Байстром, Небрасканын мурдагы Башкы прокурору К.А.Соренсен, ошондой эле Небраска штатынын Мыйзам чыгаруу органынын клерки (кеңсе башчысы), Урматтуу Хюго Срб мырзалар...өз көмөгүн көрсөтүштү.

Жоржтаун университетинин профессору Жюл Дэвидс бир нече баптын материалын даярдоодо кол кабыш кылды. Ушул өңүттө менин таланттуу досум Жеймс М. Ландис да көмөк кылды...

Гарвард университетинин эки илимпозу – профессор Артур Н. Холкомб менен Артур М. Шлейзингер, ...Чикаго университетинин профессору Уолтер Жонсон...»

Андан ары көмөктөш башка инсандарды алкаган соң, Жон Кеннеди дагы эки кишини айрыкча атайт:

«...Менин изилдөөдөгү үзөңгүлөшүм Теодор К. Соренсонго бул китепке негиз болгон материалды чогултуу жана даярдоо жаатындагы баа жеткис көмөгү үчүн алкыш айтууга милдеткермин.

Жубайым Жаклиндин иштин башталышынан тартып эле шыктандырган, көмөк кылган жана сындаган салымысыз бул китеп жаралбай калышы ыктымал эле...»

Ал эми сөзгө алынган Тед Соренсен мырза болсо бул китепти жазуудагы өзүнүн жеке көмөгүн эч танган эмес, бирок китептин жалпы автору, анын идеялык багытын жана өзөгүн аныктоочусу - Жон Кеннединин өзү болчу деген сөзүнөн өмүр бою кайткан жок.


Президент Жон Кеннеди антирасисттик сөздөрү менен калайыкка кайрылууда. 11-июнь, 1963-жыл.


Сегиз сенатордун айырмалуу каармандыктары

Эми жаңы которулган китептин мазмунуна үңүлсөк, анда АКШнын Сенатынын тарыхында айырмалуу орунга ээ болгон сегиз сенатордун өз тагдырын, өзүнүн партиясынын жана өзү шайланган аймактын тагдырын жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарга баш ийдире алган өрнөктүү учурлары сыпатталып, алардын чечимдери атуулдук каармандык катары даңазаланат.

1. Жон Куинси Адамс (John Quincy Adams; 11.7.1767, Брэйнтри, Массачусетс-Бэй - 28.2.1848, Вашингтон) - АКШнын алтынчы президенти (1825-1829), Массачусетс штатынан сенатор (1803-1808). Ал АКШнын экинчи президенти Жон Адамстын тун уулу болгон.

Жон Куинси Адамс өзү таандык болуп келген Федералисттер партиясын тар аймакчыл, эскичил жана жарытылуу мекенчил сезими жок деп сынга алып, бул партиянын жетекчилигиндеги «географиялык орунга» байлануу (б.а. чакан аймактын гана кызыкчылыгын коргоо) жана «партиячыл бир беткейлик» көрүнүштөрүнөн жалпы АКШнын таламдарын бийик коюу зарылдыгын көрсөткөн.

Жон Куинси Адамстын өз учурунда Федералисттер партиясынан кол үзүүгө барган жеке каармандыгы Жон Кеннеди тарабынан бул китепте айрыкча белгиленет.

Сенатор Жон Куинси Адамс партиялык кызыкчылыктардан абийирди жогорку койгон чакта, анын атасы, мурдагы президент Жон Адамс да тепкиге алынган уулун шыктандырып, мындайча кат жазган:

«Сага эч бир партия колдоо көрсөткөн жок; партиялык принциптердин же партиялык сезимдердин үстөмдүгү астында калган ар кандай эле киши сага ак дилден жана ишенимдүү берилиши үчүн сен өтө эле ак жүрөктүүлүк кыласың, өтө эле көз карандысыз акыл-эстүүлүк жана өтө эле таланттуулук кыласың... Сен муну билишиң керек, ушундай болоорун күтүшүң керек жана эч качан ал үчүн өкүнбөшүң керек. Менин айтаар акылым - өзүң тандаган чыйырды, - байистүүлүк менен этияттыкты да көрсөтүп, - көшөрүү менен уланткын, анткени, менин оюмча, бул адилет чыйыр болуп саналат». 

2. Дэниел Уэбстер (ысымын кирилче Даниел деп да жазып жүрүшөт; англисче Daniel Webster, 18.1.1782, Нью-Гэмпшир - 24.10.1852, Маршфилд, Массачусетс) - америкалык мамлекеттик ишмер, АКШнын Мамлекеттик катчысы (1841-1843; 1850-1852) болгон. Ал Мамлекеттик катчы кезинде 1842-жылы 9-августта АКШ менен Улуу Британиянын Канаданын Атлантика мухитиндеги жээктеги чек арасын тынч жол менен тактаган жана «Уэбстер - Ашбертон келишими» (Webster-Ashburton Treaty) деп аталып калган келишимге кол койгон. Ал АКШнын Конгрессинде Өкүлдөр үйүнүн мүчөсү (1813-1817; 1823-1827) жана сенатор (1827-1841; 1845-1850) кызматтарын аркалаган. Ал Сенатта кезинде Жон Кэлхун жана Генри Клей менен бирге «улуу триумвиратты» түзгөн. Ал 1850-жылкы Мунасага жетишүүгө да Мамлекеттик катчы катары зор салым кошкон.

Жон Кеннеди сөзгө алынып жаткан китебинде Дэниел Уэбстерди 1850-жылы жетишилген «Мунасага» бара алуу менен өзгөчө каармандык кылды деп алкайт.

АКШнын жалпы мамлекеттик биримдигин сактоого үндөгөн сөзүндө Дэниел Уэбстердин мындайча айткандыгы бул мамлекеттен башка өлкөлөрдөгү ар кандай жиктегичтерди айыптаган атуулдарга да майдай жакса керек:

«Жиктелүүнүн ыктымалдуулугу жана пайдалуулугу тууралуу ой жорутуунун ордуна, келгиле, азаттык менен биримдиктин таза желаргысына ыракаттаналык!.. Келгиле, санжыралык алтын чынжырдын, - мен бул чынжырга бардык штаттарыбыздын калайыгын жаркын келечектин жылдарында да ушул Конституцияга ширелтип кала берүүгө жаралган деп ак дилимден ишенемин, - ушул алтын чынжырдын өзгөчө кубаттуу жана жаркын илмектеринин бирине өзүбүздүн муунубузду айланталык!»

3. Томас Харт Бентон (англисче Thomas Hart Benton; 14.3.1782, Хиллсборо, Түндүк Каролина, АКШ - 10.4.1858, Вашингтон, Колумбия чөлкөмү, АКШ) - америкалык мамлекеттик ишмер, АКШнын Сенатынын Миссури штатынан шайланган мүчөсү (1821-1851). Ал АКШнын Түндүк Американын батышын карай кеңейтилишин өзгөчө жактаган саясатчы болгон.

1848-жылы кулчулук маселеси Демократиялык партиянын курултайында бул уюмду эки бөлүп салганда, Бентон бул жиктелүүнү терең айыптап чыккан.

Томас Харт Бентон улам жаңы аймактарга кулчулукту жайылтууга каршы чыкканына карабастан, жалпы элдик ынтымакты көздөп, Демократиялык партиядан кол үзбөй койгондугу үчүн Жон Кеннеди жазган китепте каарман катары мүнөздөлөт.

Миссуридеги шайлоочуларына арналган катында Томас Харт Бентон мындайча жазат:

«...Мен Биримдикти жактап жатканым анык. Дал ушул жагдай үчүн Кэлхун мырза мени «Түштүктүн чыккынчысы» деп айыптады... бул Миссуридеги анын бардык жактоочулары үчүн мага каршы чыгууга белги болуп калды...»

Китептеги төмөндө мисал кылынчу сөздөр тарыхый чөлкөмдөрдөн куралган башка мамлекеттердин калайыгын деле кайдыгер калтырбайт деп ишенебиз:

«Ал түштүктүк катары добуш берет, - деп Бентон Жоржиянын өкүлүнүн сөзүнө түшүндүрмө берди, - жана ал аймактын кызыкчылыгы үчүн добуш берет. Мен дагы Түштүктүн кишисимин, бирок жалпы улуттук маселелерде жалпы улуттук деңгээлде добуш берем...»

4. Сэм Хюстон (Сэмюел Хюстон; тегаты орусча «Хьюстон» деп жазылат; англисче Samuel Houston; 02.3.1793, Рокбриж граф ээлиги (Виргиния) - 26.7.1863, Хантсвилл, Техас) - америкалык мамлекеттик ишмер, АКШнын Өкүлдөр үйүнүн Теннессиден шайланган мүчөсү (1823-1827); Теннесси штатынын губернатору (1827-1829); Мексикадан өз алдынчалыкты жарыялаган Техас республикасынын 1- жана 3-президенти (1836-1838; 1841-1844), Техас штатынан АКШ Сенатынын мүчөсү (1846-1859); Техас штатынын губернатору (1859-1861). 1836-жылы 30-августта Техастын борбор шаары катары негизделген шаарга анын ысымы берилген (Хьюстон шаары), бирок 1839-жылы Техас республикасынын борбору Остин шаарына көчүрүлгөн.

Сенатор Сэм Хьюстон 1850-жылы кабыл алынган мунасаны сактап калууга үндөп, 1854-жылдагы Канзас-Небраска мыйзам долбооруна айыгыша каршы турган. Жон Кеннеди өз китебинде сенатор Хьюстондун дал ушул эрдигине тен берген.

1859-1861-жылдары Хьюстон Техас штатынын губернатору кызматын аркалады.

1860-жылдагы президенттикке шайлоо өнөктүгү маалында Техастын губернатору Сэм Хьюстон Республикачылар партиясынын өкүлдөрүнөн президенттикке аттанган Авраам Линколнду (Abraham Lincoln; 12.2.1809, Хоженвилл, Кентукки, - 15.4.1865, Вашингтон) колдоду. Кийинки жылы 4-мартта өлкөнүн 16-президенти (04.3.1861 - 15.4.1865) болуп калган жана АКШда кулдарды боштондукка чыгаруучу катары даңазаланган Линколнго Техас штатында кулчулукту жактагандар айыгыша каршы чыгышып, аны колдогон губернатор Хьюстонду өлтүрүү аракеттери да болгон.

Сэм Хьюстон, жеке керт башына түзүлүп жаткан коркунучтарга карабастан, 1860-жылы сентябрда элди улуттук ынтымакка чакырган кайрылуусун жарыялаган: 

«Мен тар аймакчылдыкты жөн гана башка тар аймакчылдык аркылуу эмес, жалпы мамлекетчилдик аркылуу жеңүүнү суранам... Бул сезимдер мен үчүн жаңылык эмес. Мен бул ойлорду 1856-жылы америкалык Сенатка да түшүндүрүп айтканмын. Эми аларды сиздерге баяндап айтып жатам. Мени ошондо чыккынчы деп айыпташкан. Азыр да мени айыпташууда. Ошондой эле болсун! Өлкөм үчүн мен баштан кечиргендей жокчулукка, мүшкүлдүү ишке, тооруган коркунучтарга эч кабылбаган кишилер мени чыккынчы деп аташууда, анткени мен Конституцияга жана конституциялык бийликке баш ийүүгө умтулам.

...Мени чыккынчы санаган кишилер өздөрү кимдер? Алар - улуттук байрактын астында жүрүш кылган жана аны коргоого даяр турган кишилерби? Андай болсо, бул - менин байрагым!.. жана да, бул байрак ушул кишилер катышпаган дүрбөлөңдүү окуялардын маалында желбиреп келгендей эле, канчалык узакка менин төбөмдүн үстүндө сыймыктуу желбиреп тура берсе, ошончолук мен өзүмдүн чыккынчы атка конгонумду унута алам».

1861-жылдын башында Техас штатында атайын курултай уюштурулду да, ал кулчулукка каршы туруп жаткан Түндүктөн обочолонуп, Түштүктө жаңыдан негизделип жаткан жана кулчулукту колдоону мүдөө кылган Конфедерацияга мүчө болууну чечти. Андан соң курултайда «аткаруу бийлигинин жетекчилери бул чечимди колдоп, 14-мартта курултай алдында кайрадан ант бериши керек» деген талап коюлду.

Техастын кебелбеген губернатору Хьюстон оболу өз катчысынын колу менен кыска жооп кайырып, губернатор «курултайдын бар экендигин тааныган жок жана анын иш-аракетин өзү үчүн милдеттүү деп кароого тийиш эмес», - деп билдирди. Хьюстон бул жыйынга келбей койгон соң, Америка Конфедерациялык Штаттарынын (кыскача: Конфедерациянын) «бир бөлүгү болгон Техастын губернаторунун орду расмий түрдө бош» деп жарыя кылынды. Ошентип, кулчулукту жактаган жикчил Конфедерацияны түзүүдөн жалпы элдик биримдикти жогору койгон Сэм Хюстон Техастагы губернаторлук кызматты улантуудан караманча баш тарткан.



 Жон Кеннеди жубайы Жаклин менен Техас штатынын Даллас шаарындагы Лав-Филд аба майданында (президент киши колдуу болуп өлөрдөн 1 сааттай мурдараак тартылган сүрөт). 22-ноябрь, 1963-жыл.


5. Эдмунд Гибсон Росс (англисче Edmund Gibson Ross; 07.12.1826, Ашленд, Огайо - 08.5.1907, Албукерке, Нью-Мексико штаты, АКШ) - америкалык мамлекеттик ишмер, АКШ Сенатынын мүчөсү (1866-1871), Нью-Мексико штатынын 13-губернатору (1885-1889).

Президент Линколн киши колдуу өлгөн соң, АКШнын 17-президенти (15.4.1865 - 04.3.1869) болуп калган демократ Эндрю Жонсондун тушунда, 1867-жылы, АКШ жалпы аймагы 1 518 800 чарчы чакырым болгон Аляска аймагын падышалык Орусиядан 7,2 миллион долларга сатып алганы белгилүү.

Деги эмне үчүн Республикачылар партиясынын мүчөсү, Канзас штатынан шайланган сенатор Эдмунд Гибсон Росс атаандаш Демократиялык партиянын өкүлү, президент Жонсонду кызматтан кетирүү аргасына каршы чыкты болду экен?

Өзүнө маркум президент Авраам Линколндун башкаруусунан бери мурасталган Согуш катчысы (б.а. Коргоо министри) Эдвин М. Стэнтон радикал республикачылардын тымызын куралы экендигин жана каратылып алынган Түштүктүн чексиз кудуреттүү диктатору болууну көздөп жатканын туйган соң, президент Жонсон 1867-жылы 5-августта Стэнтондон дароо эле кызматтан кетишин талап кылган.

Мындан саал мурдараак, 1867-жылдын башында, АКШдагы «Жогорку кызматтарга дайындоо жөнүндө» мыйзам долбооруна президент койгон ветону Сенат жеңип чыккан болчу. Бул мыйзам долбоору жогорку кызматка дайындалышы Сенат тарабынан макулдук алууну талап кылган бардык кызматтардын жаңы ээлерин президенттин бир тараптуу, Сенаттын макулдугусуз, өз кызматтарынан бошотушуна бөгөт кылып калмак. Бул мыйзамдык баш-аламан кырдаалда Стэнтон Конгресстин келээрки отурумуна чейин кызматтан кетүүдөн баш тартаарын билдирди.

Президент Жонсон баары бир Стэнтонду согуш катчысы кызматынан бошотуп, ордуна Атуулдук согуш маалында Түндүктүн армиясын жетектеген генерал Улисс Грантты дайындап салды. Өз алдынча кадамга барган президентке ачууланган АКШ Сенаты 1868-жылы 13-январда президент Жонсон менен генерал Грантка Стэнтонду кызматтан кетирүүгө өз макулдугун бербегендигин маалымдады; Сенатка таянган Стэнтон өз кызматына кайтып келди да, генерал Грант кеңседен тынч эле чыгып кете берди. Кийинчерээк АКШнын 18-президенти (04.3.1869 - 04.3.1877) болуп калган генерал Грант президент Жонсондун дал ушул тирешүү маалында «акырына чейин такаат кылбады» деген сынына кабылды. 

Ал эми Сенат менен президенттин ортосундагы бул кызматтык талаш-тартыш 1868-жылдын 24-февралында АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр үйүндө президент Жонсонго каршы импичмент өнөктүгүн жарыялоо аракетин баштоого шылтоо болуп берген.

Эдмунд Росс жеке өзү президент Эндрю Жонсонду жактыра берчү эмес. Стэнтон президент тарабынан кызматтан алынгандан кийин да ал башка көпчүлүктү колдоп, бул кызматтан алуу мыйзамсыз болду деген резолюция үчүн добуш берген.

Ал эми АКШнын Сенатында импичмент маселеси добушка салынганда, Демократиялык партиянын бардык мүчөлөрү (9 сенатор) президент Жонсонду актап чыгышты, ал эми Республикачылар партиясынан шайланган сенаторлор эки топко бөлүнүп калышты. Оболу алардын ичинен 6 гана сенатор «президенттин кылмышы далилденбестен, ага каршы бир тараптуу гана жоромол жарыяланды» деген жүйө менен президент Жонсондун кызматтан кетирилишине каршы пикир айтып жатышкан; бирок бул алтоосуз эле баары бир Жонсонду ээрден кулатууга макул республикачы сенаторлордун жалпы саны импичмент үчүн зарыл добушту камсыз кылмак. 

Дал ошол чечүүчү маалда сенатор Эдмунд Росс президент Жонсондун кызматтан кетирилишине каршы болгон республикачылардын катарын толуктап, импичментке каршы жетинчи добушту берди. Бул партиялаш 7 сенатордун бекем турумуна шыктанып, дагы 3 республикачы сенатор импичментке каршы чыкты.

Импичментти 35 гана добуш ээси жактагандыктан (жалпы 54 добуштан бери дегенде 36 добуш алынууга тийиш болчу), республикачылардын көпчүлүгүнүн президент Жонсонду кызматтан кетирүү далалаты майнапсыз аяктады. 

Жон Кеннединин сөз болуп жаткан китебинде Эдмунд Росс өз партиясынын жетекчилигинин багытына баш ийбестен, президенттик бийлик Сенаттын партиялык тар кызыкчылыкка жетеленген көпчүлүгүнө көз каранды болбошун камсыз кылыш үчүн өз кызматтык карьерасын тобокелге салып, импичментке каршы добуш берген каарман катары даңазалангандыгынын кыскача чоо-жайы ушундай. 

Сенатор Росс гана эмес, башка 9 республикачы сенаторлор да кийинчерээк бул кызматтарына кайра шайлана алышкан эмес. Мунун өзү ички партиялык тымызын жазалоо менен байланыштырылат. 

АКШ тарыхынын кийинки өнүгүшү көрсөткөндөй, «Жогорку кызматтарга дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоору тарыхый сынактан өтө алган жок. Өлкөдө үч бийлик бутагы бири-биринен көз каранды эмес бойдон калды. 

6. Луций Квинт Цинциннат Ламар Экинчи (англисче Lucius Quintus Cincinnatus Lamar II; 17.9.1825, Итонтон, Жоржия штаты - 23.1.1893, Мейкон, Жоржия штаты) - америкалык мамлекеттик ишмер, саясатчы, укук адиси, дипломат. Демократиялык партиянын өкүлү катары ал Миссисипи штатынан АКШнын Өкүлдөр үйүндө да (1857-1860, 1873-1877), Сенатында да (1877-1885) мүчө болгон. Ал эми Атуулдук согуш жылдары Ламар Конфедерацияда да ири төбөлдүк кызматта иштеген. Ал АКШнын ички иштер катчысы кызматын аркалаган (1885-1888). Андан соң ал АКШнын Жогорку сотуна да мүчө болгон (1888-1893). 

Жон Кеннеди өз китебинде сенатор Луций Квинт Ламарды атуулдук согуштун кесепеттүү натыйжаларынан тез арылуу үчүн согушта жеңилген Түштүк менен кулчулукка каршы системаны сактап калган Түндүктүн ортосунда данакерлик кылганы үчүн мактоого алат. 

Маселен, өлкөдөгү кулчулукка каршы айыгыша күрөшкөн массачусетстик республикачы сенатор Чарлз Самнер (Charles Sumner; 6.1.1811 - 11.3.1874) кайтыш болгондо, мурда кулчулукту колдогон сенатор Ламар АКШ Сенатында бул маркумду эскерип, атайын чыгып сүйлөгөн: 

«...Деги бүгүн биз кошогун кошуп соңку сапарга узатып жаткан бул чыгаан маркумдун арбагы биздин эбегейсиз кеңирсиген өлкө аймагыбыздын булуң-бурчунан бери байырлаган ар бир жүрөктүн толтосуна чейин жетүүгө тийиш болгон сөздөрдү, - дал ушул жиктелүүгө арзыган ынтымаксыздык кырдаалында, - өйүзүнө да, бүйүзүнө да бирдей кылып мындайча айта албас беле: «Мекендештерим! Бири-бириңерди таанып–билгиле! Ошондо силер бири-бириңди урматтап–сүйөсүңөр!» 

Ламардын бул кошок сөзү Кеннединин китебинде каармандык өрнөгү катары мисал кылынат. 

Ламар күмүш тыйынды чексиз чыгарууну талап кылгандардын «эркин күмүш» кыймылына жана алардын талаптары камтылган 1878-жылкы Блэнд-Эллисон мыйзам долбооруна да чечкиндүү түрдө каршы чыгып, өзүнүн далай шайлоочуларынын каарына калган. Ошол жылы 4-февралда Миссисипи штатынын мыйзам чыгаруу бийлиги сенатор Ламарга Блэнд-Элисон мыйзам долбоорун ырааттуу колдоо тууралуу көрсөтмө-талап жиберген. 

Буга каршы чыккан Ламар АКШнын Сенатында мындай деп чыгып сүйлөгөн: 

«...Бүгүн мен акыйкатты же жалганды айтышым, чынчыл же арамза болушум, өз элиме ак дилден берилген же куйтулук кылган киши болушум керек. Ал түгүл штаттын мыйзам чыгаруу бийлиги өзүнүн нааразылыгын жана канааттанбагандыгын билдирип жаткан дал ушул саатта да, мен анын көрсөтмөлөрүнө ылайык добуш бере албаймын». 

Сенатор Ламар Миссисипи штатына келип, өзү мамлекеттик жалпы кызыкчылыкка төп турумда болуп жатканына, күмүш акчаны ыксыз көбөйтүү жалпы мамлекеттеги инфляцияны гана асмандатууга кептеп салышы ыктымал деген пикирине жергиликтүү калайыкты ынандыра алган. Бул каарман сенатор өз штатынан басымдуу көпчүлүк добуш менен Сенатка кайрадан шайланган. 

7. Жорж Уилям Норрис (орусча «Джордж Уильям Норрис»; англисче George William Norris; 11.7.1861, Йорк шаарчасы, Огайо штаты - 02.9.1944, МакКук, Небраска штаты, АКШ) - америкалык мамлекеттик ишмер, Небраска штатынан чыккан саясатчы. Ал АКШнын Өкүлдөр үйүндө Республикачылар партиясынан беш мөөнөттө конгрессмен катары кызмат кылган (1903–1913), ал эми АКШнын Сенатында беш ирет (1913-1943), анын ичинде төрт жолу ушул эле партиядан шайланып, бешинчи мөөнөттү көз карандысыз талапкер катары шайланып иштеген. Ал 1942-жылы Сенатка кайра шайланууга майнапсыз далаалат кылган. Ал АКШ Сенатынын тарыхындагы мыкты сенатор саналган ишмерлердин бири. 

Сенатор Жорж Норрис Жон Кеннединин бул китебинде АКШнын Өкүлдөр үйүнүн спикери Жозеф (Жо) Кэннондун авторитардык башкаруу ыкмасына каршы чыккандыгы ж.б. көз карандысыз турумун билдирген каармандыгы үчүн мактоого алынган. 

Республикачылардын өкүлүнүн бир тараптуу үстөмдүгүн кулаткан, партиялык бир беткей саясатты ээрчүүнү четке каккан сенатор Жорж Норристин ташка тамга баскандай сөздөрүнүн бири да Жон Кеннединин ушул китебинде камтылган: 

«Мен Конгресстин башка көгүчкөндөрдү тузакка чакырып берчү көгүчкөнү, кулу, кызматчысы катары, же болбосо, ар кандай кишинин, - бул киши кожоюн болобу же мыйзам чыгаруучу жайдын башчысы болобу, же болбосо залкар мамлекеттин өкүмдары болобу, - кандай киши болсо да, анын малайы катары жеңиш арабасын салтанаттуу айдап жүрүп өткүчө, аруу абийирим менен эле өзүмдүн саясий көрүмө түшүп кетүүнү артык көрөм...» 

1917-жылдын башында, АКШ Биринчи дүйнөлүк согуш маалында бейтараптыкты тутуп жаткан чакта, «Соода кемелерин куралдандыруу тууралуу» мыйзам долбоору талкууга коюлган. Бул талкуунун жүрүшүндө сенатор Жорж Норрис «филибастерчилик» ыкмасын колдонуп, башкача айтканда, маселени добушка салууга жеткирбестен, улам сөз ала качып, талкууну создуктуруу тактикасын пайдаланып, мыйзам кабыл алууга бөгөт жаратууга, ал аркылуу АКШнын кайсы бир тараптарды колдоп, Биринчи дүйнөлүк согушка киришине тоскоол кылууга далалаттанган. (АКШ 1917-жылы 6-апрелде гана кайзердик Германияга согуш жарыялаган). 

Жорж Норрис 1928-жылы Демократиялык партиянын президенттикке талапкери Ал Смитти ачык колдоп чыккан республикачы сенатор катары өз жердештеринен жана партиялаштарынан тил уккан. 

Ал нью-йорктук демократ Ал Смиттин талапкердигин колдоодогу өз жүйөөсүн мындайча билдирген: 

«Мамлекеттик кызмат тармагындагы ишмердик менен алектенген ар кандай кишиге өзүнүн диний ишенимин өзүнүн саясий иш-аракетинен бөлүп алууга мүмкүндүк бар... Мен - протестантмын жана «кургакмын» (б. а. ичимдиктерге тыюу салган мыйзамды колдогон киши). Ошого карабастан, мен «нымдуу» (б. а. ичимдикке тыюу салуу мыйзамына каршы киши) жана дини жагынан католик болгон кишини, - анын мыйзамдуулукту ырааттуу жүзөгө ашырууну чын жүрөктөн каалап жаткандыгына жана экономикалык маселелерде туура турумда болгондугуна ишенгенимден улам, - колдоп чыгышым керек...»

8. Роберт Алфонсо Тафт (орусча Роберт Альфонсо Тафт; англисче Robert Alphonso Taft; 08.9.1889, Цинциннати, Огайо штаты - 31.7.1953, Нью-Йорк, АКШ) - америкалык мамлекеттик ишмер, АКШнын сенатору. Ал АКШнын 27-президенти Уилям Говард Тафт (1857-1930) мырзанын тун уулу болгон. 

Сенатор Жон Кеннеди өз китебинде Огайо штатынан сенатор болгон Роберт Тафттын Нюрнбергдеги нацисттик согуш кылмышкерлеринин үстүнөн 1945-жылдын 20-ноябрынан 1946-жылдын 1-октябрына чейин өткөрүлгөн соттук жүрүмдү «артка кайтуу күчү бар мыйзамга негизденип калды» деп сынга алып чыкканын да каармандык катары баалады. 

«1946-жылы 6-октябрда сенатор Тафт Огайодогу Кэнйон-коллеж демөөрчүлүк кылган жана биздин англис-америкалык мурасыбыз тууралуу өткөрүлгөн жыйында чыгып сүйлөдү, - деп жазат Жон Кеннеди. - ...Огайонун бул сенатору баса белгилегендей, Нюрнберг соту Американын Конституциясынын тарыхындагы кара так болуп калды; бул - акыйкат жана теңата мамиле кылуу боюнча өзүбүздүн англис-саксон мурасыбыздан, - бул өлкөнү бүткүл дүйнө жүзүндө адилеттүү түрдө кадыр-барктуу кылган мурастан, - олуттуу чегинүү болуп калды. «Биз, ал түгүл өзүбүздүн элибизди да азаттык менен адилеттиктин аруу принциптерине үйрөтө албайбыз, - деп ал өз сөзүн жыйынтыктады. - Биз азаттык менен адилеттикти тебелеп-тепсөө аркылуу алардын Германиядагы өкмөттү башкаруусун да үйрөтө албайбыз. Менин элестетишимче, англис тилдүү калайыктын бир залкар жоопкерчилиги бар. Бул - мыйзамга ылайык теңата адилеттикти камсыздоого берилгендикти кишилердин аң-сезиминде кайрадан калыбына келтирүү болуп саналат». 

Экинчи дүйнөлүк согушта АКШнын Жапонияга каршы согуш аракеттерине катышып, Тынч океандын түштүгүндө торпедолуу күзөт кемесинин командири болгон лейтенант Жон Кеннеди каарман жоокер катары өзүн көрсөтө алган. 1943-жылдын 2-августуна караган түнү анын ПТ-109 номурлуу күзөт кемеси жапондордун «Амагири» аттуу ыкчам кыргын кемесинин качырып сүзүшүнөн улам жарылган. Өрттөн аман калууга жанталашып, деңизчилер сууга секиришкен. Бир жарадар жоокерди сууда сүйрөп, анын өмүрүн сактоо менен алпурушкан Жон Кеннеди бир нече чакырымдай сууда сүзгөн соң, акыры кызматташы менен бирге чакан аралга жеткен. Бир нече күндөн соң Соломон аралдарынын эки тургуну – Эрони Кумана менен Биуку Гаса Кеннедиге учурап, алардан жакыныраак жерде жашырынып жаткан австралиялык деңиз жээгинин бакылоочусу маалымат алган соң, жарадар болгон бул эки америкалык жоокер куткарылган. 

Согуштагы каармандыгы үчүн Кеннеди Аскер аба жана деңиз аскерлеринин «өзгөчө баатырдык аракети» үчүн медалына жана жарадар болгондугуна байланыштуу «Сыя көк жүрөк» медалына татыган. Ал эми анын өзүнүн жаракаты Кеннедини өмүр бою азап чектирип келген. 

Согуштун мүшкүлүн китеп аркылуу эмес, өз жон териси менен үйрөнгөн Жон Кеннеди эч качан нацисттерге жан тартчу эмес. Ал АКШдагы кара түстүүлөрдүн укугун чектеген расачыларга каршы да мамлекет башчы катары жигердүү күрөшкөн инсан. 

Кызы Кэролайн Кеннеди жазгандай, президент Жон Кеннеди бардык коомдук жайлардагы расачыл дискриминацияны мыйзамсыз деп жарыялаган мыйзам долбоорун АКШ Конгрессине жөнөтөрүн айткан жана дал ушул мыйзам долбоору, анын көзү өткөн соң, 1964-жылкы Адам укуктары тууралуу акт түрүндө жүзөгө ашырылды.


Президент Жон Кеннеди жубайы Жаклин жана кызы Кэролайн менен. 25-август, 1963-жыл.

Демек, нацизмге жана расизмге каршы турган Кеннеди германдык нацисттерди мыйзам чегинде жазалоого эч каршы эмес эле. 

Китебинде ал Роберт Тафтты бир маселе жаатында - ар кандай кишини артка кайтуу күчү бар мыйзамга негизденип, соттобош керектиги боюнча, - сенатор катары калайык алдында ачык үн каткандыгы үчүн каармандык кылды деп санайт. 

Ал эми кишини артка кайтуу күчү бар мыйзамга негизденип соттоого болбойт деген талап камтылган «Адам укуктарынын жалпы декларациясы» БУУнун Башкы жыйыны тарабынан 217-А-резолюциясынын негизинде 1948-жылдын 10-декабрында Париж шаарында кабыл алынган эмеспи. 

Албетте, германдык нацисттердин жана жапондук согушчандардын айынан жакындарынан айрылган жана нацизмди жекирген миллиондогон америкалыктар Роберт Тафттын бул билдирүүсүн кескин айыптап чыгышты да, ал 1948-жылы президенттикке талапкер болуп катталуу кыялынан кол жууду.


Каармандык - ар инсандын колунда

Жон Кеннеди бул сегиз сенатордон башка да сан жеткис каармандар болгондугун жана боло тургандыгын белгилейт. 

Элибизде жоокердик замандардан бери каармандык ар дайым кара кылды как жарган чечендикти, билим менен турмуш сабагын айкалыштырган даанышмандыкты, элди жана улуттарды ынтымакка чакырган данакерликти, ата мурасын сактаган көркөм өнөр устаттарын жана дастанчыларды, кадырман карыяны, энени, жарды жана зээндүү, мээнеткеч урпакты даңазалаган айкөлдүк сапаттар менен айкалыштырылып аңдалган эмеспи. 

АКШда деле улам жаңы доорлор каармандыктын улам башка түрүн алып чыкты.

АКШнын президенти болуп турган кезинде Жон Кеннеди «кансыз согуштун» өтө кыйчалыш учурунда, советтик жетекчилик Кубага өзөктүк куралдарды жана баллистикалык ракеталарды жеткирген кезде, «мына-мына өзөктүк алаамат башталып кетет го» деп дүйнө жүзүндө санааркап жатышкан кезде, СССРдин Кубадагы аскер жайларына сокку урууну сунуш кылган «ылаачындардын» сөзүнө моюн бербестен, кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө жетишкен данакер болду. Мунун өзүн да кийинки муундагылар акыл-эстүүлүк жана каармандык өрнөгү катары баалап келишет.


Никита Хрущев (солдо) менен Жон Ф. Кеннеди. Вена ш., Австрия. 3-май, 1961-жыл.

«Келгиле, биздин өз ара айырмачылыктарыбызды көрмөксөнгө салбайлы, ошону менен катар, келгиле, биздин орток кызыкчылыктарыбызга жана жогорудагы айырмачылыктарды чечүүнүн аргаларына назар буралы. Эгерде биз өз ара айырмачылыктарыбызды жоё албай турган болсок, анда жок дегенде дүйнө жүзүн ар түрдүүлүк үчүн сактап калууга көмөкчү боло алабыз. Анткени, бардыгын жалпылап сересеп салсак, биз бардыгыбыз ушул чакан планетанын жашоочулары экендигибиз бардыгыбызды өзгөчө байланыштырып турат. Биз бардыгыбыз бирдей аба менен дем алабыз. Биз бардыгыбыз өз бала-чакабыздын келечеги үчүн кам көрөбүз. Анан калса, бардыгыбыз акыры-түбү дүйнө салчу жандарбыз», - деген Кеннединин сөздөрү азыр да табериктей кулакта жаңырып турууга тийиш.

Албетте, Жон Кеннеди периште болчу деп айтууга да болбойт. Дал ушул президенттин маалында, 1961-жылы АКШ Түштүк Вьетнамдагы эл ишениминен ажырып бараткан авторитардык президентке куралдуу күчтөрүн чыңдаш үчүн кеңешчи, машыктыруучу катары аскер топторун жибере баштаган.

Кеннединин жеке турмушундагы ышкылары жана кемчиликтери тууралуу да нечендеген китептер жана макалалар жарык көрдү.

Бирок жалпысынан Жон Фицжералд Кеннеди АКШнын тарыхындагы калайык өзгөчө жактырган президенттердин бири катары эскерилип келет.

Ал эми анын ар бир киши каарман боло алышы мүмкүн экендигин баса белгилеген оюн биз кош колдоп тосуп алаар элек:

«Өткөн замандагы каармандыктын бул баяндары... сабак бере алат, үмүт бере алат жана шыктандыра алат. Бирок алар өзүнөн өзү каармандыкты чөнтөккө салып бере албайт. Анткени ар бир киши өз жан дүйнөсүнө өзү гана баш багууга милдет

Акыркы жаңылыктар

25.02.2020

Түркия мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. 2-бөлүк

16-февралдан 18-февралга чейинки сапардын программасы жөнүндө материалдын биринчи бөлүгү мурдагы макалада, шилтеме боюнча: https://roza.kg/ 19-февралда делегация Кучукчекмедже Муниципалитетиндеги “Папатия” балдар бакчасына барды, ал, башкаларга салыштырганда, чоң аянтка ээ. Балдар бакчасынын аймагында кемпинг үчүн участоктор, өрдөктөрдү, коендорду жана башкаларды багуу үчүн участоктор, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн участоктор бар жана кала берсе ...
21.02.2020

КР мектепке чейинки билим берүү тутумунун өкүлдөрү Түркияда таанышуу сапары менен жүрөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору», долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга сапар алмашуу сапардын программасы Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитет теринин билим берүүсүнүн мектепке ...
19.02.2020

Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери Женевада каралып жатат (Швейцария)

2020-жылдын 18-19-февралында Женева шаарында (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу архитектурасын обзору боюнча тематикалык консультациялар өтүп жатат, ал изилдөө борборлордун тобу менен уюштурулган, тактап айтканда, тынчтык орнотуу боюнча Женеа платформасы тарабынан Швейцария Өкмөтү менен биргеликте. Консультациянын максаты БУУнун тынчтык орнотуу боюнча соңку 5 жылдык иштерине обзор кылуу.БУУнун башкы катчысы А.Гуттериш 5 көрүнүктүү эл ...
18.02.2020

Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз

БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020-ж. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин.  Жери:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети (КЭУ). Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп ...
11.02.2020

Кечээ борбордо «Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү» белгиленди

10-февралды бүткүл дүйнө “Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү” катары белгилөөдө. Бул күн кыздардын адатынча “эркектердин” деп эсептелинген илим, техника, технологиялар жана IТ менен байланыштуу кесиптерди тандоодогу кыздардын укуктарын коргоого арналган. Бишкекте бул күндү илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү аялдар-илимпоздордун, ошондой эле илимди жана IT ни кесип кылып тандап алган жана өз жаатында ийгиликтерге жетишкен ...
08.02.2020

8- Билим берүү фестивалын тосуп алуу: жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар

4-8-февралда программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү А. Абакировдун № 91, 96 жана 28 мектептеринин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулары улантылды. Презентациянын жүрүшүндө А. Абакиров санариптик дүйнөдө билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, окуучуларды Кыргызстандагы IT рыноктун өсүшү менен тааныштырды, мындан тышкары заманбап дүйнөдөгү жоголуп бара ...
07.02.2020

Бишкекте тынчтыкты жана социалдык биримдикти сактоодо билим берүүнүн ролу талкууланды

Бишкекте 6-февралда “Социалдык биримдик жана тынчтык үчүн билим берүү” конференциясы өттү. Конференциянын иши мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн, билим берүү жана илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү жаатындагы жаш активисттердин, эксперттердин жана практиктердин арасындагы социалдык биримдик жана тынчтык, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча тажрыйба, билим жана идеялар менен алмашууга көмөктөшүүгө ...
06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

«Модерн vs Классика» концерт-презентацияга чакырабыз

"Бий – бул дененин кыймылы аркылуу бошолуп чыккан жан сезимдеринин чагылдыруусу” – деп, бийди, тактап айтканда заманбап/модерн бийди мүнөздөгөн хореограф Марта Грэм. Сиздердин ар бириңиздер бийдеги жандуу кыймылдан кийин ушул эркиндикти, жыргалчылыкты, жеңилдикти сезген болсо керек. Билим берүү системасында балдарды дүйнө таануу, жаратылыштын, же химиялык процесстердин мыйзамдары менен тааныштырууга көп убакыт бөлүнөт, бирок баланын өзүн жана өз ...
04.02.2020

Джон Кеннединин «Каарманды көрнөктөрү» (Профили мужества) китебинин бет ачаары болуп өттү

Жакында КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында Джон Кеннединин англис тилинен кыргыз тилине которулган «Профили мужества» - "Каарманды көрнөктөрү" китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепти белгилүү тарыхчы, котормочу жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Аталган китеп Джон Кеннеди сенатор учурунда, 1956-жылы жазылган. Ошондон бери китеп 50 ирет кайрадан басылып чыккан. Иш чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ...
03.02.2020

Жогорку технологиялар паркындагы «Z муундар менен меймандык жолугушуулар»

Бүгүн 3-февралда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын №84 мектебинин жогорку класстын окуучулары жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барышты, ал жерде алардын астында ЖТПнын директору Алтынбек Исмаилов сөз сүйлөдү. Ал ЖТПнын иштердүүлүгү, анын 2019-жылдагы жетишкендиктери жана натыйжалары, IT тармагындагы талап кылынган кесиптер жана кадрлар тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы Кыргызстандагы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»