Пресс-центр Жаңылыктар

30.01.2018

Январь айында Бишкектин сегиз жаңы конуштарында «Көчмө өнүгүү борборлору» иштеди

Үстүбүздөгү жылдын 19-январынан 29-январына чейин “Көчмө өнүгүү борбору”нун алкагында борборубуздун сегиз жаңы конуштарында “Балдардын эрте курактагы өнүгүүсүндө китеп окуунун мааниси” деген темада 12 тренинг өткөрүлдү. Бул иш-чараларга 400гө жакын ата-эне жана 441 балдар катышты.


Тренингдерди өткөрүүгө балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча Кыргызстандагы мыкты адистер, педагогдор, балдар жазуучулары, “Рабаят” куурчак театры жана Бишкек шаарындагы №186 бала бакчанын методисттери жана тарбиячылары чакырылды. Аталган бала бакча иш чарага келгендерге жомокту коюп беришти. Келгендердин баары тренингдерге жана ата-эне менен балдардын биргелешип иштөөсүн чагылдырган ыкмаларга абдан ыраазы болушту.


Иш чара учурунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директору Д.Ш.Кендирбаева балдардын эрте курактагы өнүгүүсүндө китеп окуунун мааниси тууралуу презентация жасады, жомок окуп берди жана балдар менен ойноонун интерактивдык ыкмаларын көрсөтүп, үйрөттү. Ошондой эле ал Фонд тарабынан басылып чыккан китептер тууралуу айтып берди. Китептер катышуучуларды абдан кызыктырды жана сабактын соңунда каалоочулар аларды сатып алышты.

 

Иш чара учурунда балдардын өнүгүүсү боюнча эксперт , Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» китебин кыргызчага которгон А.Жоодонбеков «Сиздин балаңыз- Гений» деген темада лекция окуду жана үй-бүлөдө балдардын эрте курагында акыл-эсин өнүктүрүүнүн ыкмалары тууралуу алардын суроолоруна жооп берди. Төрөлгөндөн жети жашка чейинки учурда мээнин жана психикалык жөндөмдөрдүн өнүгүшү боюнча презентация өткөрүлдү. Презентация абдан жогорку эмоционалдык деңгээлде болду. Ата-энелер суроолорго жооп беришти жана көп учурда балдарын туура эмес тарбиялап жаткандыктарын белгилешти. Ошондой эле үй-бүлөдө балдарды эрте куракта өнүктүрүү жана тарбиялоо боюнча ушундай практикалык көндүмдөр тууралуу көбүрөөк маалымат алууну суранышты.


Эрте куракта балдарды өнүктүрүу жаатындагы эксперт А.У.Агайдарова 3-6 жаш курактагы балдар үчүн интеллектуалдуу оюндар боюнча презентация жасады. Оюндар ошол замат балдар жана ата-энелер менен биргеликте аткарылды.


Балдарга жана ата-энелерге чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрдү (эс тутум, ой жүгүртүү, кеп) өнүктүрүүгө арналганматериалдар таратылды. Үй-бүлөдө балдар адабияты менен иштөө багытында: окуу, айтып берүү, балдардын суроосуна жооп берүү, сюжеттер боюнча оозеки оюндарды уюштуруу, сюжеттер боюнча сүрөт тартуу жана пластилинден кейипкерлерди жасоо, бөбөк-китебин кантип даярдоо, драматизация тууралуу кенен сунуштар берилди.


Иш чара алкагында “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” долбоору боюнча белгилүү балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын ээси, ЮНИСЕФ жана Ага Хан фонд уюштурган конкурстардын жеңүүчүсү, балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон адабий каармандар Акылай жана Актанды жараткан Жылдыз Акаева өзүнүн китебинен балдарга жана ата-энелерге окуп берди. Ошондой эле ал өзү жасаган чий куурчактарын балдарга көрсөттү. Алардын суроолоруна жооп берди.


“Рабаят”театрынын көркөм жетекчиси, драматург, режиссер, актриса, балдар жазуучусу Бурул Асакеева иш-чаранын катышуучуларына өзүнүн “Кубулуш” жана башка жомокторун окуп берди, жомоктордун сюжети боюнча куурчак театрын көрсөттү. Бул балдарда да, ата-энелерде да зор кызыгууну жаратты. Балдар ата-энелери менен чогуу отуруп, өздөрү жомокко аралашып кетишти.

Белгилүү теле алып баруучу , кино жана театр актрисасы Назира Айтбекова “365 кун жомок”китебинен жомокторду окуп берди жана өзүнүн ийгиликтеринин сыры менен бөлүшүп, балдарга жана ата-энелерге шаңдуу маанай тартуулады.


Ак-босого жаңы конушундагы тренингдин соңунда №16 МТУнун начальнигинин орун басары Т.Ч.Мусуркулов, Бишкек мэриясынын билим берүү Башкармалыгынын башкы адиси Ч.Н.Майтикова Фондго өздөрүнүн чоң ыраазычылыктарын билдиришти.

 

№16МТУнун №10 кварталдык комитетинин начальниги Исакова Жийдегүл: тренингке катышып жатып балдар менен «Улагым» деген ырды кошулуп ырдап жибергенимди билбей калыптырмын, бул долбоор биздин конушка абдан убагында келди, мен өзүмдүн неберелеримди эрте курагында кантип тарбиялоо боюнча ойлонуп жаткам, алар бул жерде көп нерсени үйрөнүштү. Бул менин неберелерим үчүн жана жаңы конуштун жаш ата-энелери үчүн абдан маанилүүү, чон рахмат»

 

13 неберелүү чоң апа Миңбаева Максуда буларды айтты: Мен КӨБдүн тренингдерине башынан бери катышып келатам. Бүгүн алтынчы ирет келдим. Менин неберелерим гигиена көндүмдөрү боюнча көп нерсени үйрөнүштү. Тренингдер мага, менин неберелериме абдан жакты. КӨБдүн окутууларынын баарына катышам деген ойдомун жана мындан кийин өзүмдө жакшы жагына өзгөрүү болот деген үмүттөмүн.


Асакеева Зарыйна төрт баланын энеси, ал төмөнкүлөргө токтолду: “Мен КӨБдүн тренингдерине катышып келатам. Бул жерде балдар үчүн абдан кызыктуу темалар тандалган. Тренингдерден улам мага жаңы ойлор пайда болду, өзүм да баладай бактылуу болуп, жашарып калдым. “Р.Отунбаеванын демилгеси” фондуна көп ийгиликтерди каалаймын, балдардын өнүгүүсү боюнча дагы көп нерсени биле алам деген үмүттөмүн”.


Калыс –Ордо жаңы конушунда КӨБдун тренингдеринин туруктуу катышуучусу Тиленбаева Перизат төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: “Мен КӨБдүн тренингдерине 2017-жылдан бери үзбөй катышып келатам. Көп нерсени үйрөндүм, башкысы менин беш балам бар, бирок ушул маалга чейин мен аларга көп көңул буралбай келгем. Ушуну ойлоп азыр абдан кейип отурам, көрсө алар кичине мезгилде көбүрөөк көңүл буруу керек экен. Мага окшогон ата-энелер көп. КӨБ өткөргөн тренингдерден балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча тажырыйбаларды дагы көбүрөөк алабыз деп ойлоймун”.


Шабданова Тумара: “Менин беш балам бар. Үйдө отурсам да балдардын эрте курактагы өнүгүүсүнө буга чейин маани берген эмес элем. Балдарга бул куракта көп көнүл буруу керектигин эми билип отурам. Бүгүн менин 4 жаштагы балам тренинг учурунда абдан жакшы сүрөт тартты. Анын сүрөткө шыгы бар экенин биринчи жолу байкадым.

 

Калмукамбет кызы Феруза: "Менин эки балам бар. КӨБдүн тренингдерине балдарымды дайыма алып келем. Бул иш чаралардан мен ата-эне балдарына кандай мамиле жасоосу керек, алар менен кандай оюндарды ойносо болоорун үйрөндүм. Мурда көп көңүл бурчу эмесмин. Азыр эки жарым жаштагы кызымдын бардык суроолоруна өз убагында туура жооп берем, аны менен ойноймун. Биз балдарга абдан дитибизди коюп, жакшы мамиле жасашыбыз керек экен, менде ушул сезим пайда болду”.


Калыс-Ордо жаңы конушунун тургуну, жаш акын Батыркулова Сайра: “Мен буга чейин Фонд уюштурган «Поэзия кечеси» долбооруна катышкан элем. КӨБдүн тренингдерине катышуу менен мен өзүм күтпөгөндөй көп нерсени ала алдым, ар б ир сабак катуу таасир этип, мага позитивдүү ой жүгүртүүнүн жана чыгармачылыктын үрөнүн септи. Мен балдарды тарбиялоо ишине жасаган мамилени тереңирээк билүүм керек экен деген жыйынтыккак келдим. КӨБдун адистерине ырахмат”.


Ала Тоо жаңы конушунун тургуну Сапаралиева Сыягул: "Мен уулум Усман экөобуз тренингдерге алтынчы ирет катышып жатабыз. Бизге абдан жагып жатат, менин уулум 80%га өзгөрдү. Анын ой чабыты кеңейди, бир нерсеге ачык, кызыкдар болуп мүнөзү өзгөрдү. Балдар бакчасына бара албаган биздейлерге камкордук көргөн Роза Исаковнага чон рахмат. Сабактарды белгилүу инсандар, эксперттер өткөрүп жатышат, бул да бизге татыктуу муунду тарбиялоодо шык жаратып жатат».


Ак-Өргөө жаңы конушунун тургуну Сыдыгалиева Айзада: "Мен абдан кубанычтамын жана биздин конушка келишкендиги үчүн Фондго ыраазылык билдирем. Көп нерсени үйрөндүм, таң калычтуусу менин эки жаштагы балам абдан жөндөмдүу экен, ал кагаздан түрдүү нерселерди жасап жатат, жөнөкөй эле материалдардан сонун арчаны жасап койду. Мен эми өзүм окуп, билим алып биздин конушта бала бакча ачайын деген ойдо болуп жатам».


Көк-Жар конушунун жашоочусу Чодурова Айгерим: “Балдар – биздин келечек, ушул сөздү кээде жөн эле айтып коёбуз. А «Роза Отунбаеванын фонду бизге өзүбүздүн жаркын келечекти билим берүү, өнүктүрүү аркылуу кантип камсыз кылууну көрсөтуп жатат. КӨБдүн тренингдеринен ата-эне менен балдар ортосундагы мамилени кантип куруу керектигин , балдардын эрте өнүгүүсү, ой жүгүртүүсү, көз карашы жана калыптануусу, китептерге кызыгуусу үчүн качан, кандай салымды кошушубуз зарыылдыгын үйрөндүк. Мен балдардын билиминен биздин конуштун, албетте, бүтүндөй Кыргызстандын келечеги көз каранды деп ойлоймун!»


Исраилова Индира Алайбековна: ”Мен 3 жаштагы балам менен төртүнчү ирет катышып жатам. Балам колду кантип туура жана таза жуушту үйрөндү. Азыр болсо мени ал күн сайын колуңду жуудуңбу деп көзөмөлгө алып калды. Буга Эжейи( ыктыярчы-окутуучу) үйрөткөнүн да эсинен чыгарбайт. Мен эрте куракта тарбиялоо боюнча жаңы ыкмаларды үйрөндүм».

Акыркы жаңылыктар

23.05.2018

Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлады жана көрүнүктүү кыргызстандыктардын энелерине ыраазычылык катты тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 18-майда, Энерлер күнүн майрамдоонун алдында Кыргызстандын бардык региондорунан келген көп балалуу энелерди салтанаттуу кырдаалда «Баатыр Эне» ордени менен сыйлады, ошондой эле эл аралык аренада өлкөнү даңазалаган жана өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон кыргызстандыктардын энелерине ыраазычылык катты тапшырды.   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун атынан Дамира ...
21.05.2018

«Мезгил ыргактары» поэзия кечеси болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон белгилүү акындар Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын, Алыкул атындагы жана “Алтын калем” адабий сыйлыктарынын ээси Мукан Асаналиевдин ...
20.05.2018

VI Билим фестивалынын бардык боектору биздин фоторепортажда

Ишембиде Бишкекте филармониянын жанында 2018 - «Маданий көп түрдүүлүк: менин досторума мейманга» VI Билим фестивалынын экинчи күнү өттү.   Фестивалда борбордун тургундары жана меймандары боло алды. Жаш артисттер өз алдынчалуу музыкалык жана бий номерлерин көрсөттү. Элдик уздар өз буюмдарын алып келди – ар бир каалаган адам сувенирлерди сатып ала алды. Фестивалдын меймандарын көргөзмөлөр жана концерттик номерлер аркылуу ар түрдүү ...
18.05.2018

Кыргызстанда «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» 1-Улуттук Форуму ишин аяктады

«Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 15-16-майында «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» биринчи Улуттук Форуму ишин аяктады.   Иш-чара Кыргызстандын Өкмөтүнүн колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктө өттү.   Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, ...
17.05.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Инновациялык долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жана экономика жана мамлекеттик башкаруу тармактарына инновациялык технологияларды алга илгерилетүүдө кыз-келиндердин жигердүү катышуусу үчүн алардын демилгелерин колдоого багытталган Инновациялык долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталгандыгы ...
15.05.2018

Кыргызстанда балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө арналган форум башталды

Бүгүн, 15-майда Кыргызстанда балдардын эрте жашта өнүгүүсүнө байланыштуу биринчи улуттук форум башталды. Анда балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалуусу, адистердин даярдалышы, ата-энелердин баланын өнүгүүсүндө таасирлеринин тегерегинде сөз болот.   Иш-чара Юнисеф балдар уюму, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду жана Ага Хан фондунун өнөктөштүгү менен уюштурулууда.   Уюштуруучулардын айтымында, форумдун жыйынтыгында ...
11.05.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү» VI Билим фестивалынын экинчи күнүнүн программасы

Билим фестивалынын «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү:досторума мейманга» деген темасы бекеринен тандап алынган жок. Кыргызстанда өзүнүн маданиятын, тилин жана салттарын алып жүргөн 80ден ашык ар түрдүү этностордун өкүлдөрү жашайт. Бул көп түрдүүлүк жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчүжана байлыгы болуп саналат. Биз ааламдашкан дүйнөдө жашап жатабыз, биздин өлкөдө көптөгөн чет өлкөлүк студенттер жана башка өлкөлөрдүн ...
10.05.2018

Бишкекте Балдарды эрте өнүктүрүү маселелери боюнча 1-Улуттук Форум

Пресс-релиз  Бишкекте Балдарды эрте өнүктүрүү маселелери боюнча 1-Улуттук Форум өтөт   БИШКЕК, 2018-жылдын 15-16-майы – Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хана Фонду менен өнөктөштүктө Кыргызстан Өкмөтүнүн колдоосу астында «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» 1-Улуттук форуму өтөт.   «Ар кандай өлкөдө кедейликтен арылуу ...
08.05.2018

«Мезгил ыргактары» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон белгилүү акындар Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын, Алыкул атындагы жана “Алтын калем” адабий сыйлыктарынын ээси Мукан Асаналиевдин жана СССР ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Фестиваль образования 2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»