Пресс-центр Жаңылыктар

23.01.2019

КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди

2019-жылдын 18-январь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Садык Шер «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштурган «Китеп билим булагы, билим өнөр чырагы» акциясынын алкагында Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиясында балдарга китеп окуп берди.


Эл өкүлү окуган «Ынтымак сыры» китебин аталган мектептин 200 дөн ашуун окуучулары өтө кунт коюп, зор кызыгуу менен угушту. Жолугушуу учурунда балдар менен эл өкүлүнүн китеп жана китеп окуу тууралуу ой бөлүшкөн баарлашуусу да болду.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда жашаган ар түркүн улуттун турмуш тиричилигин, маданиятын чагылдырган, айрыкча сууга байланыштуу жаңы көйгөлүү жомок болгон «Ынтымак сыры» китебинин автору белгилүү педагог Догдуркүл Кендирбаева. Китеп «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду тарабынан жарык көргөн. Китептин негизги идеясы балдардагы экологиялык, улуттук баалуулуктарды сактоо, сыйлоо жана жаратылышты коргоо, ынтымакты бекемдөө көндүмдөрүнүн зарылдыгы жана аларды калыптандыруу болуп саналат.


Аталган демилгенин максаты:

• коомчулуктун көңүлүн окуу маданиятын алга жылдырууга буруу үчүн моделдик китеп окууларды жүргүзүү;

• балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө китептин баалуулугун көрсөтүү жана китеп окуу муктаждыгын жаратуу менен аларды компьютердик көз карандылыктан алаксытуу;

• балдардын маалыматты талдоодогу сынчыл, аналитикалык көз караштарын калыптандыруу.

 

Эл өкүлү кезектеги китеп окуу эстафетасын КР Жогорку Кенешинин депутаты Эмиль Токтошевге берди.


Маалымат үчүн: “Ынтымак сыры” жомогунда суунун жана токойдун жаратылыш энеге болгон арызы, балдарга жомок аркылуу конфликттердин алдын алууга ар бирин катышууга чакырган жана бул кырдаалды чечүү боюнча маалыматтар берилген.



 

Акыркы жаңылыктар

21.02.2019

Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг

19-20-февралда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарындагы 10 жаңы конуштун МАБ башчыларына, адистерине, мектеп мугалимдерине, мектеп парламенттеринин мүчөлөрүнө, активисттерине, жаш лидерлерине долбоор иштеп чыгуу боюнча тренинг өткөрдү.   Окутуунун максаты – жаш лидерлерди, активисттерди жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн долбоорлорду иштеп чыгууга ...
21.02.2019

Кыргызстандыктар Түркиянын мектепке чейинки билим берүү системасы менен тажрыйба алмашуу максатында сапар тартышты

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Түрк дүйнөсү шаарлар бирлигинин колдоосу менен “Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору” долбоорунун өрнөктүү өнөктөштөрүн, педагогдорун Туркиянын билим берүү системасы менен таанышуу, айрыкча айыл жериндеги кенже курактагы балдарды өнүктүрүү тажрыйбалары, инновациялык жетишкендиктери менен таанышуу максатында 17-февралда Түркүя мамлекетине сапар тартышты.   Делегациянын курамында бала ...
17.02.2019

«Поэзия поезди» поэзия кечеси.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси 2019-жылдын 15- февраль күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар ...
16.02.2019

Роза Отунбаева: Капчыгы калыңдардын көзүн кызарткан тарыхый жайлар

Биз Кыргызстанда жашагандар, өз өлкөбүзгө, шаарыбызга, айылыбызга болгон сүйүүбүздү, алардын көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымыбызды көрсөткөнгө сараңбыз. Өзүнүн жашап турган жерин, көчөсүн, шаарын бьютификациялоо, сөзмө сөз айтканда, «кооздондуруу» ишин көптөгөн өлкөлөрдө жигердүүлүк жана кылдат табит менен жасашат жана анын баары бизге көздү кубандыргыдай кооз, камкордук менен каралганын байкоого болот. Талаш жок, бизде деле анча-мынча иштер жасалып ...
16.02.2019

Түркияга сапардын алдында «Манас» КТУнин «Туризм жана мейманкана иштетүү» бөлүмүнүн педагогдору менен жолугушуу болуп өттү

2019-жылдын 15-февралында КР мектепке чейинки билим берүүтутумунун 12 өкүлүнүн Түркияга сапарынын алдында «Манас» Кыргыз-Түрк Университетинин “Туризм жана мейманкана иштетүү” бөлүмүнүн педагогдору менен жолугушуусу болду.    Жолугушууда «Манас» Кыргыз-Түрк Университетинин “Туризм жана мейманкана иштетүү” бөлүмүнүн окутуучусу Доц.М.А.Др. Жемаль ИНЖЕ Түркиянын туризми жана гастрономиясы тууралалуу презентация өтүп топтун суроолоруна дагы ...
15.02.2019

Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуучу тренинг

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду “Балдарга, кыздарга, аялдарга жасалган зомбулуктун алдын алууда, үй-бүлөнү пландоодогу жоопкерчиликтүү ата-энелик” аталышында Бишкек шаарынын он жаңы конушундагы Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрүнө тренинг өткөрүүдө. Тренингдин максаты – дени сак, ар тараптан өнүккөн балдарды тарбиялап өстүрүүдөгү ата-энелердин ролун чечмелөө, жоопкерчиликтүү ата-эненин милдеттери менен ...
13.02.2019

Бишкекте жаштар лидерлери жана жергиликтүү коомчулуктун активисттери менен бир катар жүйөлөштүрүү жолугушуулары өттү

Бишкек шаарынын «Жеңиш» жана «Ак Ордо» турак-жай конуштарында жаштар лидерлери жана жергиликтүү коомдоштуктун активисттери менен бир катар жүйөлөштүрүү жолугушуулары өттү.   Жолугушуунун темасы: Мезгил менен үзөңгүлөш жүрүү, турмушту өз колуң менен куруу!   Иш-чаралар «Турак-жай конуштарында тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоор өзүнө ...
13.02.2019

Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары

Үстүбүздөгү жылдын 6-7 февралында «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Д.Ш., долбоордун координатору Маражаббай к. А., "Аскар Салымбековдун Фонду" коомдук фондунун башкы директору Жумадилов А.Ж. жана аткаруучу директору Жумадилов Э.Ж. Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары (МКТ), инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышып келишти. Сапардын максаты - МКТ боюнча алдынкы ...
12.02.2019

Шаарыбыздын эң масштабдуу иш-чараларынын бирин өткөрүп жибербегиле!

Космосто кызыл Tesla учуп жүргөндө, Бишкекте VII Билим Фестивалы 2019 – «Кыргызстандын санариптик мууну» иш-чарасына даярдык башталды.   АУЦА боюнча экскурсиялар, Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы, иштер, виртуалдык реалдуулук, компьютердик технологиялар, 3D-басмасы, толгон-токой гаджеттер, жолугушуулар жана мастер класстар – булар борбордун тургундары жана меймандары биздин салтка айланган Бишкек билим фестивалынын аянтчаларында ...
07.02.2019

«Поэзия поезди» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Максат Жангазиевдин, акындар Мырзайым Айтимбетованын жана Умар Нусубалиевдин ...
04.02.2019

2019-жылды экология менен улантабыз!

Билим кербени 2019-жылдан тартып Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча лекцияны улантат. Эко команданын лектору Данияр Суйундук уулу быйылкы жылы № 62, 11, 26 жана 71 мектептерге барды, ал жерлерде 8- 9-класстардын окуучулары үчүн экология темасына лекция – презентацияны өткөрдү, ошондой эле эко долбоордун алкагында Фонд тарабынан түзүлгөн эко роликтер көрсөтүлдү. Жогорку класстардын окуучулары активдүүлүгүн жана ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»