Пресс-центр Жаңылыктар

28.02.2019

КР экс-Президенти Р.Отунбаева студенттер менен жолукту

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин студенттери менен жолугушту.


  • Аталган иш чара окуу жайдагы “Билге” студенттик уюму тарабынан уюштурулган. Жолугушууга окуу жайдын студенттери жана профессордук-окутуучулук жамааты катышты. Р.Отунбаева Армения мамлекетиндеги билим берүүдөгү инновациялык ыкмалар жана тажырыйбалар жөнүндө токтолду. Тактап айтсак, Армениянын ар бир мектебинде баланы Өз өлкөңдү өнүктүрүү үчүн билим алгыла деген идеология менен окутаарын, бул өлкө азыркы учурда өнүккөн 10 мамлекеттин катарына кирүүгө аракет кылып жатканын айтып өттү. Ошону менен бирге “инновация деген өтө маанилүү сөз. Бул сөз биздин турмушубузга кириши керек, жаштарды эски имаратта окута албайсың, жаңы дизайн, жаңы архитектура зарыл, жаштар билим алып жаткан жерде өзун эркин сезиши керек” деди Р.Отунбаева.


  • Өзүнун сөзүндө Р.Отунбаева өлкөбүздөгү санариптештирүүгө байланышкан маселелерди да ортого салды. “Санарип деген турмушту жеңилдетет. Санариптештирүү бул биз каалайбызбы каалабайбызбыал биздин турмушубузга кириши керек” деди өз сөзүндө КР экс-Президенти. Кыргызстанда элдин 5% эле онлайн төлөмдү колдонушаарын жана онлайн төлөмдү өлкөбузгө жайылтуу керектигин жана накталай төлөө менен жашоону улантуу бул экономиканы артка тартаарын баса белгиледи.


Иш чара учурунда Р.Отунбаева ошондой эле өлкөбүздөгү музейлердин акыбалына да кенен токтолду. М.В. Фрунзе атындагы музейди этнографиялык музей кылып көзгөртүү керектигин, маданиятты көтөрүүнүн эң негизги жолу бул – музей экендигин баса белгиледи. Анткени “чет мамлекеттен келген турист эң алгач музей издейт. Музей бул маданияттын, илимдин жана билимдин иши. Кыргызстан айыл-чарбанын мекени, бирок жүн, пахта сыяктуу тармактар тууралуу маалымат берген музей жок. Музейлерди ачуу тарыхчылардын парзы” деп тарыхчыларга өз сунушун билдирди. Өзүнүн сөзуңүн соңунда Роза Исаковна жаштарды глобалдуу ойлонууга чакрып, төмөндөгү пикирлерин айтып өттү:


Тил бул эң маанилүү инструмент. англис тилин бүгүнтөн баштап үйрөнгүлө, ал тилде дүйнө жүзү сүйлөйт, күнүнө 50 сөздөн жаттагыла, китеп окугула, ырларды уккула деп айтты.


Андан соң “Роза Отунбаеванын Демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева Арменияга болгон сапары тууралуу, ал жактагы “Идея” уюмунун ишмердүүлүгү жана Армения мамлекетинин билим берүү системасынын өзгөчөлүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле аталган Фонддун кызматкери Кабылбаева Назгул “Санариптүү тейлөө программасынын алкагында ЭЛСОМду колдонуу” жөнүндө студенттерге түшүндүрмө берип өттү.


Жоолугушуунун соңунда студенттер Роза Исаковнага келип акыл-насаат, кеп-кеңештери менен бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ага чакан белегин тапшырышты. 

Акыркы жаңылыктар

21.03.2019

Чыгыш мейманы - жаркын Нооруз майрамы!

Күн менен түн теңелген жаз күнүндө, узакка созулган кыштан кийин күн узактыгы боюнча түндү кубалап жеткенде, дүйнөдөгү бардык мусулмандар эң сүйүктүү майрамдардын бирин – жазгы Нооруз майрамын тосуп алат.   Күн менен түн теңелген жаз күнү, жаз майрамы жашоонун жаңыланышын билдирет! Нооруз Сиздин турмушуңузга кандайдыр-бир жаңы жана жакшы нерселерди алып келип, жаңы жетишкендиктер жана максаттар пайда болушунун башталышы жана символу болуп ...
20.03.2019

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы университеттин табигый илимдер факультетинин ...
18.03.2019

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын 5-28-апрелинде Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө көрүүчүлөрдүн баарына арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар ...
15.03.2019

Жетинчи Билим фестивалы 2019 жакын арада кайрадан меймандарды чогултат!

Силерге салам!     Биз эң сонун жаңылыктар менен келдик – алдыдагы  Жетинчи Билим фестивалы 2019  жөнүндө айтып берүүнү баштайбыз!       Фестиваль 13-апрелде шаарыбыздын алдыңкы жана кызыктуу ЖОЖдорунун биринин – Асанбай кичи районунда жайгашкан АУЦАнын (Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин) аймагында өтөт.   Экинчи күн – 4-май биз жакшы көргөн жерде – "Курманжан Датка" эстелигинин жанындагы башкы сахна, ал эми ...
12.03.2019

Жергиликтүү кеңештерде аялдар азайды

Бийлик башчылары аялдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушка аралашуусуна кайдыгерби же кыз-келиндердин пассивдүүлүгү кедергисин тийгизип жатабы, дегеле аялдардын коомдогу ролун көтөрүү үчүн дагы эмне кылуу керек?Азаттык
11.03.2019

КР ЖК депутаты Эмил Токтошев балдарга китеп окуп берди

Үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмил Токтошев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштуруп келе жаткан, китеп окуп берүү акциясынын алкагында Бигкек шаарындагы №91 мектепте балдарга залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү окуп берди. Аталган чыгарманы китеп окууга ынтызар болгон 200 дөн ...
06.03.2019

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи:   - Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат ...
04.03.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести        1-март - "Гений" радиоберүүсү Качан: 1-мартта саат 13:30 - 14:00дө Кайда: Биринчи Радио Темасы "Баланы музыкалык жактан өнүктүрүү". Спикер - Виктория Юртаева, музыкант, "Prima" коомдук фондунун президенти, "Tengri Music" фестивалын негиздөөчү Тили: орус Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, координатор)     6-март - «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын ...
04.03.2019

КР экс-Президенти Роза Отунбаева балдарга китеп окуп берди

2019-жылдын 1-март күнү Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы китепканада Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева балдарга китеп окуп берди. Р.Отунбаева окуп берген Ч.Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасы, С Жусуевдин ырлары, “Балерина” жана “Кыргызстанды кыдырабыз” китептери балдарда чоң кызыгууну жаратты. Ар бир китеп тегерегинде алар менен баарлашуу болду. С.Жусуевдин “Шаар тартиби” ырынын бүгүнкү күндөгү маанисине чогуу ...
01.03.2019

Бишкекте журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү

2019-жылдын 28-февралында борбордогу отелдердин биринде журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү. Окутууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (БУУ ФАО) колдоосу менен уюштурду. Тренингдин негизги милдети азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу темасын чагылдырууда ЖМКнын ...
01.03.2019

Педагогдого жана кызыкдар ата-энелерге эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторий өткөрүлдү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана И. Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасы «Академия Роста» инновациялык өнүктүрүү борбору менен бирдикте 2019-жылдын 27-февралында брифинг-аянтчанын ишинин алкагында эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторийди өткөрдү.   Ага мектепке чейинки, башталгыч, мектептеги билим берүү системасынын кызматкерлери, ЖОЖдордун ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»