Пресс-центр Жаңылыктар
Г.Айтиев атындагы музейде өтүп жаткан «Хуася» көргөзмөдөн сатылган сүрөттөрдөн түшкөн акча-каражаттары Жайлоо өнүгүү борборлоруна берилет
Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде “Хуася салттуу искусствонун каллиграфия жана живописи” аттуу көргөзмө Чжунюань маданий баарлашуу борбору, Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту, Кытай Каллиграфиясы Борборазиялык Ассоциациясы жана “Хенань Аяншоу” ЖЧК тарабынан уюштурулуп, расмий түрдө 11-июнда ачылды.
Ачылыш аземине “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркул Кендирбаева, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Кытай Эл Республикасынан келген сүрөтчүлөр, көргөзмөнүн коноктору катышты.
Көргөзмөдөн сатылган сүрөттөрдүн каражаттары Кыргызстандын жети дубанында ачылып, өз иштерин баштап жаткан 100дөн ашык “Жайлоо өнүгүү борборлоруна” берилет.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ аткаруучу директору Д.Кендирбаева бул музейде бир ай бою балдар үчүн уникалдуу, интерактивдүү «Жибек жолу» көргөзмөсү өткөндүгүн, ага жыйырма миңге жакын көрүүчүлөр келишип аларга Кытай күнүндө, биз азыр көрө турган каллиграфия, сүрөттөрдү тартып, ошол Жибек жолу анын тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн, буга чейин дагы ушул маданий баарлашууда данакер көпүрө катары, бир топ иштер аткарылып келгенин айтты. Алардын бири Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу» китебин жалпы кыргыз элине кыргыз тилинде тартуулангандыгы, Конфуций институту аркылуу көз гимнастикасы жана каллиграфия боюнча бүтүндөй жайлоо балдарына мастер класстар өткөрүлгөндүгүн баса белгиледи.
«Биз Кытай элинин көп маданиятын билишибиз керек, таанып, сиңиришибиз керек жана бул маданиятты биздин балдарыбыз кабыл алышы маанилүү. Элибиздин канчалык маданияты бекем болсо, бул өлкөлөрдө тынчтыктын гана үнү чыгат. Биз азыр көзүбүз менен көрүп, жүрөгүбүз менен кабыл ала турган көргөзмөгө шашылып жатабыз. Ушул сүрөттөрдү көптөгөн адамдар, көптөгөн таланттар көрөт деп ишенебиз. Кыргызстандын балдарынын маданиятынын өнүгүүсүнө кошуп жактан салымыңыздар үчун терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Д.Кендирбаева.
Көргөзмөнүн уюштуруучусунун бири Хао Цу Лей көргөзмөгө келгендерге, өзгөчө “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ, эки өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип буларды айтты: “Искусство жана маданият эки өлкөнүн элин бириктирүүдө өтө маанилүү ролду ойнойт. Биз баардыгыбыз билгендей, кыргыз жана кытай эли зор тарыхка ээ. Биздин өлкөлөрдүн маданияты мындан ары дагы өнүгөт деп ишенем, ал үчүн биздин мамлекеттердин лидерлери жакшы шарт түзүүдө.
Көргөзмө 18-июнга чейин уланат, кирүү акысыз.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
