Пресс-центр Жаңылыктар

25.10.2017

«Достук симфониясы» - «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунун ачылышын өткөрүп жибербегиле

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониясы менен бирдикте «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын жаңы сезонун баштайт.

 

22-ноябрда саат 15.00дө Улуттук филармониянын кичи залында жаш музыканттардын жана Япониядан келген дирижер Кензи Хиротака мырзанын катышуусу менен Абдраев атындагы музыкалык мектептин Симфониялык оркестринин концерти өтөт.

 

Балдар үчүн балдар ойнойт.

 

Келгиле!

 

Концерт 22-ноябрда саат 15.00дө Улуттук филармониянын кичи залында өтөт.  





Билеттердин наркы -100 сом, орундан чектелүү.

 

Билеттерге: 660 374, 0772 800 376 телефондору боюнча заказ кылууга болот

 

 

Кийинки «Норвегия жомоктору» концерти 14-декабрда саат 11.00дө өтөт. Программа норвегиялык композитор Эдвард Григдин "Пер Гюнт" пьесынын музыкасына негизделген. Тээ алыста, Норвегиянын тоолорунда терең үңкүрлөрдө каардуу тоо троллилери өздөрүнүн сан жеткис кенчтерин кайтарат.

 

Билеттердин наркы - партерде 200 сом, балкон - 50 сом.

Билеттерге: 660 374, 0772 800 376 телефондору боюнча заказ кылууга болот.



Акыркы жаңылыктар

19.01.2018

«Көчмө өнүгүү борбору»2018-жылды балдарга эрте курактан баштап китеп окуп берүүнүн мааниси тууралуу иш чара менен баштады

Бүгүн Бишкек шаарынын Дордой конушундагы №94 мектептин базасында КӨБ өзүнүн кезектеги тренингин өткөрдү. Ага 50 ата-эне жана 55 алардын балдары катышты. Тренингдин темасы: «Эрте куракта балдарды өнүктүрүүдө китеп окуунун мааниси» деп аталды. Бүгүн Ак-Бата конушундагы №43 мектепте өткөн ушундай эле иш чарага 45 ата-эне жана 90 бала катышты. Дордой конушунун тургундары, КӨБдүн иш-чараларынын дайыма катышуучулары өз ойлору менен төмөнкүчө ...
16.01.2018

«Буулуккан булуттар» поэзия кечеси 26-январда өтөт

«Буулуккан булуттар» поэзия кечеси    2018-жылдын 26-январында. Саат 17-00дө   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Атахан Кожогулов жана Жыпаргүл ...
15.01.2018

Өткөрүп жибербегиле! 26-январда 2018-жылдагы «Балдар филармониясынын» биринчи концерти

Пресс-релиз Балдар филармониясынын музыкалык-билим берүү программасы    «Музыканын жаралышы» концерти    2018-жылдын 26-январы13.00-14.00Улуттук филармониянын кичи залы   «Балдар филармониясы» жаш угармандарды жана алардын ата-энелерин «Музыканын жаралышы» жаңы программасына чакырат, ал 2018-жылдын26-январнда саат 13.00дө өтөт.   Концерттик программа GOOGLE’дан «эң сонун» обон катары издеген музыкалардан түзүлгөн. Программаны алып баруучу музыка ...
30.12.2017

Сырттан Жаңы жылдын сыйкырдуу деми келип жатат!

Кымбаттуу достор!     Балалыктын узактан күткөн жана кубанычтуу майрамы – Жаңы жылды тосуу жакындап калды. Апельсиндин кабыгынын жана карагайдын бутагынын аңкыган жыты сыйкырды күткөн, толкунданган абалга бөлөөдө. Өткөн жылга кылчайып карап көргүлө, ал кыйла жакшы нерселерди алып келди, өтүп жаткан календардын бардык жетишкендиктери жана жеңиштери жаңы жылда көбөйүп, ачылыштарга жана салтанаттарга жык толсун!     Кийинки жыл силер үчүн ...
25.12.2017

Кыргызстандын Экс-президенти Р.И.Отунбаева Индияда

16-18-декабрда Висакапатнам шаарында, Андра-Прадеш штаты, Индия, Туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү, 4-максат, 7-милдет, жолунда бейпил жана туруктуу коомду түзүү максатында санариптик педагогика боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Тынчтык жана туруктуу өнүктүрүү максатында конференция ЮНЕСКОнун Билим берүү боюнча Махатма Ганди атындагы Эл аралык институту тарабынан чакырылды жана уюштурулду жана аны Индия өкмөтүнүн Адамдык ресурстарды өнүктүрүү ...
25.12.2017

Базалык стандарттарды илгерилетүүдөгү маанилүү кадам

2017-жылдын 25-декабрында Кыргыз Речпубликасынын Жогорку Кеӊешинин имаратында КР Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга комитеттин 11 мүчөсү , КР Билим жана Илим министри Кудайбердиева Г.К, КР Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев Т.А, КР Каржы министри Касымалиев А.А, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана этникалар аралык мамилелердин ...
22.12.2017

Парламенттик угуу болуп өттү

2017-жылдын 22-декабрь күнү КР Жогорку Кеңешинин чоң жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышы тууралуу парламенттик угуу болуп өттү. Иш чарага КР ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөдөн келген диаспора жетекчилери, мекендештер жана эл аралык, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Парламенттик угуу КР Жогорку Кеӊешинин ...
16.12.2017

Экс-президент Роза Отунбаева: Биздин коом көп окуса эле өнүкмөкпүз

Марал радиосунун "Интеллектуалдар ордосу" программасынын бул жолку коногу экс-президент Роза Отунбаева болду. Ал эми берүүнү профессор Алмаз Бейшеналиев алып барууда.  
16.12.2017

«Поэзия кечелери»: «Поэтерапия»

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүккө ээ болгон жаш акындар Калича Жакыпованын жана Жылдызбек Турсунбаевдин чыгармачылыгына арналган кече 2017-жылдын 15-декабрында Филармониянын ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»