Пресс-центр Жаңылыктар

27.04.2018

«Борбордук Азиядагы миграция жана жаштар: өнүктүрүү максатында мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу» тегерек столунун ишине «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева

2018-жылдын 24-25-апрелинде Астана шаарында «Борбордук Азиядагы миграция жана жаштар: өнүктүрүү максатында мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу» темасына жогорку деңгээлдеги региондук тегерек стол болуп өттү.

 

Жолугушуунун максаты – Борбордук Азияда жаштардын, миграциянын жана өнүгүүнүн ортосундагы өз ара байланышты талдоо, ошондой эле укуктук жана гендердик келечектин өңүтүнөн эл аралык миграциянын улан-кыздарга терс, ошондой эле оң таасирине баа берүү.

 

Иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева катышты.

 

Тегерек столдун жүрүшүндө Д.Кендирбаева презентация менен сөз сүйлөдү, анда «Мекендештер» форуму долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ишине кең-кесири талдоону келтирди. Атап айтканда, ал анын багыттары жана натыйжалары жөнүндө айтып берди жана ал форум 3 жолу өткөрүлгөнүн белгиледи.

 

Мындан тышкары, ал «Кыргызстандыктардын диаспораларын картирлөө жана чет өлкөлөрдөгү мекендештердин эксперттук ростерин түзүү» темасына изилдөөнүн натыйжаларын келтирди. Д.Кендирбаева ошондой эле «Мекендештер - Кыргызстандын келечегине салым» аталыштагы ийгиликтин таржымалы жөнүндө эки жыйнакты чыгаруу тууралуу жана «Мекендештер» дискуссиялык клубунун иши жана «Мекендештер мейман волонтердук лекциялары» билим берүү программасы жөнүндө маалымдады.

 

Өз кезегинде анын сөзү жогорку рангдагы жетекчилердин арасында, ошондой эле мекендеш катышуучулардын арасында зор кызыгууну пайда кылды. Алар, өз кезегинде, «Мекендештер» форумуна катышууга ниетин билдирди. Аны 2018-жылдын 8-9-августунда Чолпон-Ата шаарында өткөрүү пландаштырылган.

 

Д.Кендирбаеванын сөзүнүн жыйынтыктары боюнча катышуучулар Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды бириктирүүдө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ишин жогору баалады

 

Мындан тышкары, иш-чаранын алдында, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын делегациясынын «Кыргызстан-Астана» КБ диаспорасынын өкүлдөрү жана Астана шаарындагы Эмгек мигранттарын колдоо жана окутуу борбору менен жолугушуусу болуп өттү. Д.Кендирбаева «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Мекендештер» долбоорунун алкагындагы иши жөнүндө айтып берди жана 2018-жылдын 8-9-августунда Чолпон-Ата шаарында өтө турган кезектеги форум жөнүндө кең-кесири маалымдады. Ал ошондой эле аларды «2018 – Мекендештер» форумунун аянтчасында миграция маселесин талкуулоого чакырды.


 

Акыркы жаңылыктар

13.08.2018

Келечек муундун өсүүсүнө салым кошкон өнөктөштөр

Элде демилге болсо дагы, ар тараптуу колдоо болбосо, бир нерсени ойдогудай ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ошол себептен Жайлоо Өнүгүү борборлорун ачууда өнөктөштөрдүн колдоосуз уюштуруу кыйын. Жайлоо өнүгүү борборлорун окуу процессин жүргүзүүдө, ар кандай мастер-класстарды өткөрүүдө керектелүүчү материалдарды өнөктөштөр камсыздайт. Кумтөр компаниясы 214 930 сом акча каражатына Жети-Өгүз жана Тоӊ райондорунун жайлоо бала бакчаларын канцелярдык буюмдардан ...
13.08.2018

Улуттук Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары жайлоо бала бакчаларында

Жакында Улуттук Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары жайлоо бала бакчаларына барышты. Алар балдарга кесиптин түрлөрүн боюнча маалымат берип, ар кесиптин өзгөчөлүгүнө токтолушту. “Мен ар дайым балдарга кубаныч тартуулагым келет. Себеби азыркы кээ бир жаштардын өзүлөрүн пассивдүү алып жүрүшкөнү капа кылаар эле. Ошондуктан, балалык позитивдүү эмоцияларга толсо, коомдо жакшы таасир берген муун тарбияланат эмеспи. Ошол себептүү жайлоо бала бакчаларына ...
11.08.2018

Балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө таасир берген Жайлоо өнүгүү борборлору

Жыл сайын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору » өнөктөштөрдүн салымы менен жүргүзүлөт. 2018-жылда бул долбоорду «Аскар Салымбековдун Фонду» колдоого алып, алыскы тоолуу райондордогу балдарга мектепке чейинки зарыл билимди алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө салымын кошту. Баардыгы болуп 15 Жайлоо өнүгүү борборлору 150 000 сомго канцеляриялык жана окуу куралдар менен камсыз ...
06.08.2018

Пост релиз «Түштүккө сапар. Конок мугалим-2018»

3 жылдан бери «Жайлоо онугуу борбору» долбоорунун алкагында долбоордун эң мыкты өнөктөштөрүн аймактардагы Жайлоо ѳнүгүү борборлорун кѳргѳзүп, тажрыйба алмашуу жана ал жерлердеги тарыхый- маданий жайлар менен тааныштыруу ишке ашырылууда. “Конок мугалим-2018” күндөлүгүнөн: 28.07-2.08 чейин Тундук аймагынан Туштук аймагына 6 адам, Туштуктөн Тундуккө 7 адам –бала бакчалардын, балдардын чыгармачылык борборлорунун жетекчилери, тарбиячылары ...
05.08.2018

«Бакай Банк» өлкөбүздүн калк арасында сабаттуулукту жогорулатууга салым кошууда

Билим деңгээлин жогорулатуу боюнча өлкөбүздүн ар аймагында өткөрүлгөн иш чараларды « Бака Банкы» туруктуулук менен колдоп келет. Бир нече жылдан бери биздин компания “Жайлоо Өнүгүү борборлору” билим берүү долбооруна каржылык жардам көрсөтүп келет. Үстүбүздөгү жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө чыгармачыл топторду жана мугалимдерди тартууга ошондой эле, тарбиячыларды кыска мөөнөттө жайлоо бала ...
01.08.2018

КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Ысык-Көл облусуна болгон сапары

2018-жылдын 28-июлунда КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондусунун негиздөөчүсү Отунбаева Роза Исаковна, «Мекендешер» мекендештер форумунун катышуучуларынын чакыруусу боюнча ар жылдык Өрүк фест - 2018» фестивалына катышты. Бул жылы Фестиваль үчүнчү ирет Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында өттү. Р.И. Отунбаева өз сөзүндө фестивалдын уюштуруучуларын жана меймандарын ангын ачылышы менен куттуктап, ...
31.07.2018

Ыраазылык

ОО "Айкол Борборунун" негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбековго жаамы мекендештер атынан алкыш айтабыз! Ал өзүнүн Москва шаарынан чыгуучу "Деловая аудитория" журналынын бир номерин "Мекендештер-2018" Форумуна толук арнап, аны акысыз чыгарып алып келип берди. Журнал чет жактарда ийгиликтүү иштеп жаткан биздин мекендештерибиздин тажырыйбалары, тагдыры, Кыргызстанды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымдары тууралуу абдан мазмундуу жана кызыктуу макалаларды жана ...
25.07.2018

КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Чүй жана Талас областтары боюнча иш сапары

2018-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Отунбаева Роза Исаковна Кыргызстандын малчыларынын V Республикалык слетуна катышты, слет Чүй областынын Суусамыр өрөөнүндө өттү.   Слетто Р.И. Отунбаева «Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлорунун» иши жөнүндө айтып берди, малчылардын слетун тажрыйба алмашуу жана алдыңкы малчыларды жана айыл чарба кооперативдерин ...
25.07.2018

Компаньон Банкы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында беш борборду ачууну колдоду

Компаньон Банкы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында беш борборду ачууну колдоду, анын максаты калкка мектепке чейинки билимди алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат. Жайлоодогу балдар бакчаларында жай мезгилин алыскы тоолуу райондордо өткөрүп жаткан малчылардын балдары окутуунун атайын иштелип чыккан программасы боюнча базалык билимдерди алат. Долбоорду уюштуруучу болуп «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ...
24.07.2018

«Мекендештер-2018» форуму дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мигранттарды Чолпон-Атада чогултат

Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 8-августтан 9-августка чейин ар жылдагы «Мекендештер-2018» форуму өтөт. Алдыдагы иш-чарадан күткөн үмүт-тилектери жөнүндө анын уюштуруучулары Бишкектеги пресс-конференцияда айтып берди.   Программа жөнүндө маалымдоо алдында брифингдин уюштуруучулары жана катышуучулары «Азаттык» радиосунун курман болгон журналисти Улан Эгизбаевди бир мүнөт унчукпай туруу менен ...
24.07.2018

Борбордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) кызматкерлери үчүн гендердик жана чыр-чатак сезимталдыгын пландаштыруу боюнча тренинг өтөт

2018-жылдын 25-27-июлунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Калк жагынан фонду (ЮНФПА) ЖӨБОнун кызматкерлери үчүн гендердик жана чыр-чатак сезимталдыгын пландаштыруу боюнча тренингди өткөрүп жатат, ал БУУнун агенттиктеринин (ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУ УНП) «Бишкек шаарынын турак жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорун ишке ...
24.07.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Кыргызстандын жайлоолорундагы өнүктүрүү борборлору» темасына арналган видео-роликтердин байгелүү конкурсун жарыялайт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Кыргызстандын жайлоолорундагы өнүктүрүү борборлору» темасына арналган видео-роликтердин байгелүү конкурсун жарыялайт Конкурстун башталышы: 2018-жылдын 15-июлу Конкурстун аякташы: 2018-жылдын 25-августу Статистика боюнча Кыргызстанда балдардын 20%ынын гана балдар бакчаларына баруу мүмкүнчүлүгү бар, айрым областтарда бул цифра андан да аз – 14%. Айылдык балдардын, малчылардын балдарынын мектепке чейинки ...
23.07.2018

«Бай-Түшүм» Банкы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун 5 жыл бою колдоп келатат

«Бай Түшүм» Банкы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору - 2018» долбоорун кезектеги жолу колдоого алды, ал алыскы райондордогу балдарга мектепке чейинки зарыл билимди алууга мүмкүнчүлүк берет.   Быйылкы жылы «Бай Түшүм» Банкы жайлоодогу 7 өнүктүрүү борборуна: Баткен областынын «Ак-Шумкар», Талас областынын «Бөбөктай», Нарын областынын «Айзирек» жана «Бирлик - Таазим», Жалал-Абад ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Форум Мекендештер-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»