Пресс-центр Жаңылыктар

28.06.2018

Бешик ырлары.

Канышай Капарова

Уктай койчу бөбөгүм

Ак бешикке бөлөйүн

Уктаганча жөлөгүм

мээримимди төгөйүн

Алдей, алдей ак балам,

Ак бешикке жат балам

Умай энеӊ кайтарсын

Душманыңды майтарсын

Түшкө кирип энекең

Мээрим менен таң атсын

Алдей,алдей ак балам

Ак бешикке жат балам

Апакеңе өбөк бол

Атакеңе жөлөк бол

Эл керекке жараган

Ак жолтойлуу бөбөк бол

Алдей,алдей ак балам

Ак бешикке жат балам

Ак сүтумдү ийгеним

Ак батамды бергеним

Актаса деп үмүтүм

Аруу тилек тиледим

Алдей ,алдей ак балам

Ак бешикке жат балам

 

Ысмайыл Кадыров

Жаш кезектен белегим

Кагылайын тирегим

Калк сыйлаган кадырман

болсо экен деп тилеймин

Ак бешигиң арчадан

уктай койгун берекем

Алпештейин көлөкөм

Алдей, алдей ак бөпөм

Айнектейим тунугум

Элге болсун жугумуң

Асыл адам боло көр

Алдей, алдей кулунум

Ак бешигиң арчадан

Уктай койгун берекем

Алпештейин көлөкөм

Алдей, алдей ак бөпөм

Түптүу кыргыз урпагы

экениңди биле жүр

Айкөл Манас атаңды

көңүлүңө түйө жүр

Ак бешигиң арчадан

уктай койгун берекем

Алпештейин көлөкөм,

Алдей,алдей ак бөпөм

Алдей, алдей ардагым

Бал татыган жандайым

Эл намысы каныңда

Ойноп турсун ар дайым

Элдик ыр

Алдей,алдей ак балам

Арка жөлөөр жан балам

Кунан койдун куйругу

бышты жегин жан балам

Алдей,алдей ак балам

Ак бешикке жат балам.

Аман-эсен чоңоюп,

атакеңе бол жөлөк.

Атаң барса айылга

куржун толо эт келет

Энең барса айылга

Эмчек толо сүт келет

Кунан койду сой балам

Куйругуна той балам

Алдей, алдей ак балам,

Тердик токуур жан балам

Сал,сал сал билек

сары майга мал билек

Коён коштуу кош билек

кошкон майга мал билек

Алдей,алдей ак балам

ак бешикке жат балам

Энекеңди кыйнабай,

уктап калчы жан балам,

уктай койчу ак балам

 

Жүрсүн Кененбаева

Алдей, алдей ак бөпөм

Умай энең колдосун

Кунан койду сой бөпөм

Куйругуна той бөпөм

Умай энең колдосун

Алдей балам, ыйлаба

Энекеңди кыйнаба

Сакадай жаным сен үчун

мен кетейин садага

Алдей,алдей ак бөпөм

Ак бешикке жат бөпөм

Элин багып, сыйлаган

Эмгекчил болгун ак бөпөм

Эне сүтун актаган

Камкор болгун, ак бөпөм

 

Жыпаргүл Пайзуллаева

Адырдын гүлүн терейинби

Алмадан үзүп берейинби

Ажарлуу аппак жүзүңө мен

Айланып сага кетейинби

Кызгалдак гүлүн терейинби

Кызыма арнап берейинби

Кыргыздын намыстуу кызы бол деп

Ата-энең айтат тилегини

Ай кызым менин Перизат

Атыңа затың жарашат

Ар дайым сага каалаймын

Өмур , сүйүү, махабат

Тоолордун гүлүн терейинби

Толкундап сага берейинби

Тагдырың тайкы болбосун деп

Ата-энең айтат тилегини 

Өмүрдүн гүлүн терейинби

Өзүңө арнап берейинби

Өмүрүң узун болсун деп

Энекең айтат тилегини

Ай кызым менин периштем

Ак жүзүң сага келишкен

Оролуп турсаң мойнумда

Аселим, ширин дедирген

Ай кызым менин Перизат

Атыңа затың жарашат

Ар дайым сага каалаймын

Өмүр, сүйүү, махабат

 

Элдик ыр

Асманда ай чар тарап

Тегерете ай жар салат

Алдей,алдей бөпө жан

Сен да укта магдырап

Алдей,алдей жаш бөпөм

Сен да укта магдырап

Бат чоңойгун жетилип

Баса койгун тебишип

Басаар, качан минет деп

Тайың турат секирип

Сен бөлөнгөн бешигиң

Ырыскылуу кешигиң

Алдей, алдей жата кой

Таттуу уйкуга бата кой

Таңкы чолпон бата элек

Таттуу уйкуң кана элек

Алдей,алдей жаш эрмек

Уктатайын мен термеп

 

Айымкан Кенжеева

Алдей, алдей ак балам ай

Ак бешикке жат балам ай

Апаң шырдак ойгондо эй

Уктай турчу, жан балам ай

Умай эне уйку берчи

Бешик эне бек кармачы ай

Алдей,алдей ак баатыр ай

Ак бешикке чак баатыр ай

Бабаң Манас атаңдай ай

Баатыр болгун, шер болгун эй

Умай эне уйку берчи ай

Бешик эне бек кармачы

Алдей, алдей Ай балам ай

Ак бешикте өс балам ай

Китебин оку Чынгыздын ай

Кызматын кылгын кыргыздын ай

Умай эне уйку бергин

Бешик эне бек кармачы ай

 

Гүлжамила Шакирова

Тупкү аталар нурунан

Уюп келген жан балам

Түпкү энелер ырынан

Муюп келген жан балам

Алдей балам алдей , алдей балам алдей, ай балам

Канатынды жайгын, жай балам

Алдей, алдей, алдей, алдей , алдей, алдей ак балам

Ак бешикте уктап жат балам

Элиң үчүн кам көргөн

Байкер болоор бекенсин

Баатыр Манас атаңдай

айкөл болоор бекенсин

Жаман бала болбо

Жакшыларды жолдо, жан балам

Ак бешикте уктап кал балам

Бешенеңе нур жаап

Бешигиңе ыр жаап уктагын

мага керек аман турганың

Эл журтуңду ойлогон

Эр азамат болгунуң

Кызмат кылып элиңе

бак дөөлөткө конгунуң

Алдей балам алдей , алдей балам алдей ,ай балам

Канатыңды жайгын, жай балам

Алдей, алдей, алдей , алдей, алдей, алдей ак балам

Ак бешикте уктап жат балам

Уктап калчы чырдабай

Умай энең көшүтсүн

Апакендин тилегин

Аруу дүйнөң эшитсин

Жаман бала болбо

Жакшыларды жолдо жан балам

Ак бешикте уктап кал балам

Бешенеңе нур жаап,

Бешигиңе ыр жаап уктагын

Мага керек аман турганың

Алдей, алдей, алдей, алдей, алдей, алдей ак балам,

Ак бешикте уктап жат балам,

Алдей, алдей ,алдей алдей , алдей, алдей ай балам,

Уктап калчы, уктап жай балам.

 

Кененбаева Жүрсүн

Алдей, алдей ак балам

Атаң арнап жасаган

Ак бешикке жат балам

Арча бешик ак жолтой

болот деген чон атаң

Алдей, алдей садагам

Алдей балам, ак балам

Апаң арнап жасаган

Ак олпокко жат балам

Бата берди чон апаң

Акыл эстүү өссүн деп

Бата берди чоң атаң

Алдей балам, аппагым

Ай нурундай ак таңым

Ата-энеңдин үмүтүн

аман жүрүп актагын

Апакендин ак сүтүн

Эр жеткенде актагын

Алдей, алдей аппагым

Ананайын ак шамым

Алдей, алдей аппагым

 

Нургуль Иманбердиева

Спи сыночек маленький наступает ночь

Все печали прежние пусть уходят в прочь

В сумраке стихают всё, в небе тишина

А за темным облаком прячется луна

Там, над нашей юртаю в небе звездный свет

Яркая звезда уркер шлет тебе привет

Светит для тебя сынок, чтобы ты крепко спал

Чтобы вырос сильным ты и батыром стал

Пусть приснится мой сынок тебе дивный сон

Край высокогорный наш где ты здесь рожден

Над долиной чуйскою

Ветру есть простор

В окружении Ала-тоо

белоснежных гор

Там среди лугов цветных вдаль бежит река

и орел парящий где-то зоркий в облаках

Над вершиной снежною солнышка встает

Солнечные искорки конь из речки пьет

а на том коне сидит мой родной сынок

Ты всевышний сбереги маленький росток

Дай сыночку силы ты быстро засыпай

Спи сыночек милый мой, баю-баю бай , спи сыночек, бай

 

Жеӊишкүл Озбекова

Алтындан тумар тагамын

Ак бешикке саламын

Аман-эсен чоңоюп

Эл ишине жарагын

Алдей, алдей ак балам, ак бешикке жат балам

Эл ишине жарагын

Күмуштөн топчу тагамын

Гул бакчада багамын

Күчкө толуп өссө деп

Күтүп жатат заманың

Алдей, алдей ак балам, ак бешикке жат балам

Күтүп жатат заманың

Теңир атаң жолдосун

Умай энең колдосун

Узун өмүр бак берип

Кыдыр болсун жолдошуң

Алдей, алдей ак балам

Ак бешикке жат балам

Умай энең колдосун

 

Элмира Абдыбекова

Алдей, алдей алдей алдей берекем

Орун басчу көлөкөм,

Ата атын данктаган

Инсан болоор бекенсин,

Кыргыз элин сактаган

Кыраан болоор бекенсин

Алдей, алдей, алдей, алдей берекем

Таттуу уйкуда жатканың

эл тынчтыгы билемин

Келечеги баламдын

кең болоорун тилеймин

Алдей, алдей, алдей, алдей берекем, алдей, алдей берекем

Орун басчу көлөкөм

Ата атын даңктаган инсан болоор бекенсин

Кыргыз элин сактаган кыраан болоор бекенсин,

алдей алдей алдей,алдей берекем

 

Элдик ыр

Алла балам алла ёоо, алла

жаным балам алла ёоо

эрмакгинам алла ёоо

Тойчакгинам алла ёоо алла

Алла болам ахти борим жоним болам алла ёоо алла

Ётагига тахти борим жоним болам алла ёоо

Отаси юу, онаси барим, бахти борим, жаним болам алла ёоо алла

Аймома юзиң алла ёоо алла

Юлдизлар кузиң алла ёоо, алла

Ота-онаң гүл болса жоним болам

Гунчаси узиң, жоним болам алла ёоо алла

Алла деп аа опайин оо алла

Киясиңни топайин жоним болам алла ёоо алла

Тишиң чыгып нон йесаң

Күнда күлча япайин жоним болам алла ёоо алла

Эрмакгинам алла ёоо алла

Онаман у , онаман жоним болам алла ёоо алла

Болам учин янаман оо алла

Болам тинчликла усса агар

Арзууларга канаман жоним болам алла ёоо

Тойчагим болам алла ёоо алла

У янимга койаюн аа жоним болам алла ёоо алла

Бу янимга койаюн оо алла

Гулдай ширин исинга ёоо жоним болам

Хидлап, хидлап тойайин оо жоним болам алла ёоо алла

Алла айтсам яйрайсаң оо алла

Кулип,кулип карайсаң жоним болам алла ёоо алла

Палван кылып устурсам жаним болам

Бир күнимга ярайсиң оо жоним болам алла ёоо алла

Аллалор айтсам аллалор богин

Жоним болам алла ёоо алла

Аллолар айтсам ухла ,жоним кузим,

ухлап когин алла ёоо алла

 

Жекшенбай Курманов

Бийик болуп дайының

Билим менен байыгын

Эр жеткенде каралдым

Элге тийсин жарыгың

Алдей,алдей ыйлаба

Апакеңди кыйнаба

Жаңы эле ачкан чанагың

Жайнайт гүлдөй жамалың

Жамалыңдан жыттасам

Жанга кубат аламын

Алыстабай жаныңдан

алдей айтып жалынам

Күлкүң уксам тазарам

Кундө беш маал жашарам

Акыл угуп таалим ал

Апаң менен атаңден

Узун түндө термейин

Укта, укта эрмегим

 

Гүлзада Рыскулова

Ай балкып жайнайт асманда

Асылым уктап жатканда

Аруулап шоола чачырайт

Арбалып таттуу уйкуӊа

Алдей, алдей, алдей, алдей алдей, алдей жан балам

Бешиктеги ай наристем

Бек болсочу деп мен тилейм

Элине эмгек өтөгөн эр болсунчу деп мен тилейм

Алдей, алдей, алдей, алдей, алдей , алдей жан балам

Талпынып калса данегим

Жайнайт го менин карегим

Ак сүтүм берип балкыдым

Аман бир өссүн тирегим

Алдей, алдей, алдей, алдей,алдей, алдей жан балам

Жарыгын чачса чырагым

Жайнабай кантип турамын

Жараткан берген белегим

Данегим менин, данегим

Алдей, алдей, алдей, алдей , алдей жан балам 

Акыркы жаңылыктар

17.11.2018

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева КР Президенти С.Ш.Жээнбековду кутман курак мааракеси менен куттуктады

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы институтунун мүчөсү катары ЮНЕСКОнун эгидасы астында өтө турган жер жүзүндөгү тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды түзүү жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндөгү экинчи эл аралык конференциянын алдында Индияда жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйынын өткөрүп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековду анын ...
10.11.2018

Зомбулук - коомдун вирусу

Борбор Азия мамлекеттеринин адистери кыз-келиндерге каршы зомбулукту биргелешип жок кылууга чакырууда.   "Үй-бүлөдөгү зомбулук - вирус сыяктуу". "Аны менен терроризмге каршы күрөшкөндөй эле күрөшүү керек".   Бул пикирлер Бишкекте 6-ноябрда өткөн "Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” деп аталган эл аралык жыйында айтылды.   Иш-чарага чөлкөмдөгү 60тан ашуун ушул багытта ...
06.11.2018

Конференциянын экинчи күнү «Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу»

«Саясий чечимдерден аракеттерге карай. Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу» деген эки күндүк конференциянын алкагында кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык формаларына каршы күрөшүүдө комплекстүү стратегияларды талкуулоо үчүн Бишкек шаарында 60тан ашык катышуучу чогулду. Бул конференциянын актуалдуулугу ошондой эле убакыттын контексти менен шартталган, анткени азыркы учурда гендердик зомбулук көйгөйүн чечүү ...
03.11.2018

Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча вебинарлар өттү

АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун катышуучулары үчүн эки ай бою (ноябрь-декабрь) Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда вебинарлар өтөт. Долбоордун катышуучуларынан тышкары вебинарларга каалагандардын бардыгы катыша алат. Бул үчүн вебинарлар базасында өткөрүлө турган долбоордун өнөк ЖОЖдорунун: И.Раззаков ...
02.11.2018

Кемин шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өтөт

2018-жылдын 5-ноябрында Кемин шаарында (Чүй областы) саламаттык сактоо жана билим берүү тутумунун өкүлдөрү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуучу адамдар үчүн туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өткөрүлөт.   Тренингдин максаты – ден соолуктун баалуулуктары жана тамактануу маданияты, тамак-аштын компоненттери жана алардын адамдын организминдеги ролу жөнүндө, тамак-аштан келип чыгуучу оорулар жөнүндө, ошондой эле «Тамактануу пирамидасы» ...
02.11.2018

КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына визити

БУУнун Башкы катчысы А.Гутеррештин демилгеси боюнча 2017-жылы уюштурулган Ортомчулук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Консультациялык Кеңештеги иштин алкагында КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына (Нью-Йорк шаары, АКШ) визити болуп өттү.   Алсак, 2018-жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейинки мезгилде КР экс-Президенти Р.Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Саясий маселелер боюнча департаментинин башчысы Розмари ДиКарло, ...
02.11.2018

30-31-октябрда Ош шаарында туура тамактануу боюнча эки күндүк семинар-тренинг өттү

РФнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарыны жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Ош шаарында ...
02.11.2018

«STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталды

2018-жылдын 1-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды. Конкурска Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас областтарынан жана Борбордук Европадан арыздар келип түшкөн.   Курамына ар ...
01.11.2018

Search for Common Ground сыйлыгы КР экс-Президенти Р.И.Отунбаевага тапшырылды

Search for Common Ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) – Тынчтыкты жаратуу боюнча дүйнөлүк ири уюм 2018-жылдын 1-ноябрында Search for Common Ground уюмунун сыйлыгын ар жылдагы тапшырууда тынчтыкты сүйүүчүлөрдүн активисттерин куттуктайт. АКШ өкмөтүнүн, дипломатиялык, ишкер жана бизнес секторлорунун жүздөн ашык лидерлери Inter Continental New York Barclay отелинде , Нью-Йорк, бул иш-чарага катышуу үчүн чогулат.   Быйылкы жылы сыйлыкты тапшыруунун ар жылдагы XIX аземи чечилбеген чыр-чатактарды ...
31.10.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын ноябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   2018-жылдын ноябрына   иш-чараларынын дайджести       1-ноябрь – «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктарын жарыялоо Качан: 1-ноябрь, саат 11.00дө Кайда: И.Раззаков атындагы КМТУ (1-корпус, 1/211-ауд.) «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору жана «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун ...
30.10.2018

Борбордун он турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акциялр өткөрүлөт

2018-жылдын 26-октябрынан 16-ноябрына чейин жаштар командалары Бишкек шаарынын 10 турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акцияларды өткөрөт.   Бишкекте 2018-жылдын 26-октябрында Ак-Бата турак-жай конушунда Свердлов райондук мамлекеттик администрациянын акими Болотбеков Самарбек Болотбековичтин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштардын, дене тарбиясынын жана спорттун иштери боюнча ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»