Пресс-центр Жаңылыктар

25.12.2017

Базалык стандарттарды илгерилетүүдөгү маанилүү кадам

2017-жылдын 25-декабрында Кыргыз Речпубликасынын Жогорку Кеӊешинин имаратында КР Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйыны болуп өттү.


Жыйынга комитеттин 11 мүчөсү , КР Билим жана Илим министри Кудайбердиева Г.К, КР Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев Т.А, КР Каржы министри Касымалиев А.А, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана этникалар аралык мамилелердин мамлекеттик агенттигинин директору Салиев Б, Кыргыз билим берүү Академиясынын президенти Мамытов А.М., ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы офисинин жетекчиси Юкиэ Мокуо, эксперттер, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйынды комитеттин төр айымы Молдобекова Г.С алып барды.


Аталган иш чарада «Балдардын төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки өнүгүүсүнүн Базалык стандарттарын жана 7 жашка чейинки баланын өнүгүүсүнүн Күндөлүгүн илгерилетүү жөнүндө» биринчи маселе катары каралды. Бул маселени карап, талкууга алуу иш-чарасы «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленип, уюштурулду. КР ЖК депутаты А.Касымалиева балдарды 3 жашка чейин тарбиялоо абдан мааниге ээ экенин, көп ата-энелер бул иште маалымат жетишсиздигинен кыйналып жатканын негиздөө менен, Базалык стандарттарды жана Күндөлүктү депутаттардын талкуусуна сунуштады. Жыйын учурунда ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы офисинин жетекчиси Юкиэ Мокуо балдарга инвестиция салуу кедейликти кыскартуудагы маанилүү багыт экендигине токтолуп, талкууланып жаткан документтер ата-энелер, педагогдор жана медиктер үчүн балдарды эрте өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ деп белгиледи. Аталган комитеттин төрайымынын орун басары А.С.Токторов биз келечек ээлерине канчалык инвестиция жасай алсак, ошончолук түшүмү болоорун жана Базалык стандарттарды колдоп, аларды эл ичине таратуу зарылдыгын баса айтты.


Андан соң сөз сүйлөгөн ЖК депутаттары Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., С.Шер, .Жапаров А. да өз сөздөрүндө аталган документтердин маанисине токтолуу менен аларды жайылтуу маселесине көңүл бурушту. Алсак, Никитенко Н.В. ушул темада социалдык роликтерди тартуу, маалымат кагаздарын басып чыгарып эл ичине жайылтуу сунушун айтса, депутат Жапаров А. аз камсыз болгон 400 миң үй-бүлөлөргө Күндөлүктү бекер таратуу маселесин койду. Ошондой эле КТРК жана ЭЛТР каналдарынан ушул багыттагы роликтерди акысыз жана үзгүлтүксүз чыгаруу тууралуу оюн билдирди.


Ал эми жыйында баяндама менен чыгып сүйлөгөн «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук уюмунун аткаруучу директору Кендирбаева Д.Ш кайсы мамлекет болбосун анын келечеги адам ресурстарына байланыштуу экенин белгиледи. Ошондой эле ал баланын 3 жашка чейинки учуру - сыйкырдуу курак деп атап, балдарды эртелеп тарбиялоо келечекте коопсуз, тынч коомду куруунун кепили болооруна токтолду.


Маселени талкуулонун соңунда эл өкүлдөрү бир добуштан колдоого алуу менен Балдарды төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки өнүгүүсүнүн Базалык стандарттарын жана 7 жашка чейинки баланын өнүгүүсүнүн Күндөлүгүн басып чыгаруу жана кеңири жайылтуу багытында тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго милдеттерди жүктөө тууралуу чечим кабыл алышты.


Акыркы жаңылыктар

19.01.2018

«Көчмө өнүгүү борбору»2018-жылды балдарга эрте курактан баштап китеп окуп берүүнүн мааниси тууралуу иш чара менен баштады

Бүгүн Бишкек шаарынын Дордой конушундагы №94 мектептин базасында КӨБ өзүнүн кезектеги тренингин өткөрдү. Ага 50 ата-эне жана 55 алардын балдары катышты. Тренингдин темасы: «Эрте куракта балдарды өнүктүрүүдө китеп окуунун мааниси» деп аталды. Бүгүн Ак-Бата конушундагы №43 мектепте өткөн ушундай эле иш чарага 45 ата-эне жана 90 бала катышты. Дордой конушунун тургундары, КӨБдүн иш-чараларынын дайыма катышуучулары өз ойлору менен төмөнкүчө ...
16.01.2018

«Буулуккан булуттар» поэзия кечеси 26-январда өтөт

«Буулуккан булуттар» поэзия кечеси    2018-жылдын 26-январында. Саат 17-00дө   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Атахан Кожогулов жана Жыпаргүл ...
15.01.2018

Өткөрүп жибербегиле! 26-январда 2018-жылдагы «Балдар филармониясынын» биринчи концерти

Пресс-релиз Балдар филармониясынын музыкалык-билим берүү программасы    «Музыканын жаралышы» концерти    2018-жылдын 26-январы13.00-14.00Улуттук филармониянын кичи залы   «Балдар филармониясы» жаш угармандарды жана алардын ата-энелерин «Музыканын жаралышы» жаңы программасына чакырат, ал 2018-жылдын26-январнда саат 13.00дө өтөт.   Концерттик программа GOOGLE’дан «эң сонун» обон катары издеген музыкалардан түзүлгөн. Программаны алып баруучу музыка ...
30.12.2017

Сырттан Жаңы жылдын сыйкырдуу деми келип жатат!

Кымбаттуу достор!     Балалыктын узактан күткөн жана кубанычтуу майрамы – Жаңы жылды тосуу жакындап калды. Апельсиндин кабыгынын жана карагайдын бутагынын аңкыган жыты сыйкырды күткөн, толкунданган абалга бөлөөдө. Өткөн жылга кылчайып карап көргүлө, ал кыйла жакшы нерселерди алып келди, өтүп жаткан календардын бардык жетишкендиктери жана жеңиштери жаңы жылда көбөйүп, ачылыштарга жана салтанаттарга жык толсун!     Кийинки жыл силер үчүн ...
25.12.2017

Кыргызстандын Экс-президенти Р.И.Отунбаева Индияда

16-18-декабрда Висакапатнам шаарында, Андра-Прадеш штаты, Индия, Туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү, 4-максат, 7-милдет, жолунда бейпил жана туруктуу коомду түзүү максатында санариптик педагогика боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Тынчтык жана туруктуу өнүктүрүү максатында конференция ЮНЕСКОнун Билим берүү боюнча Махатма Ганди атындагы Эл аралык институту тарабынан чакырылды жана уюштурулду жана аны Индия өкмөтүнүн Адамдык ресурстарды өнүктүрүү ...
25.12.2017

Базалык стандарттарды илгерилетүүдөгү маанилүү кадам

2017-жылдын 25-декабрында Кыргыз Речпубликасынын Жогорку Кеӊешинин имаратында КР Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга комитеттин 11 мүчөсү , КР Билим жана Илим министри Кудайбердиева Г.К, КР Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев Т.А, КР Каржы министри Касымалиев А.А, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана этникалар аралык мамилелердин ...
22.12.2017

Парламенттик угуу болуп өттү

2017-жылдын 22-декабрь күнү КР Жогорку Кеңешинин чоң жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышы тууралуу парламенттик угуу болуп өттү. Иш чарага КР ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөдөн келген диаспора жетекчилери, мекендештер жана эл аралык, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Парламенттик угуу КР Жогорку Кеӊешинин ...
16.12.2017

Экс-президент Роза Отунбаева: Биздин коом көп окуса эле өнүкмөкпүз

Марал радиосунун "Интеллектуалдар ордосу" программасынын бул жолку коногу экс-президент Роза Отунбаева болду. Ал эми берүүнү профессор Алмаз Бейшеналиев алып барууда.  
16.12.2017

«Поэзия кечелери»: «Поэтерапия»

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүккө ээ болгон жаш акындар Калича Жакыпованын жана Жылдызбек Турсунбаевдин чыгармачылыгына арналган кече 2017-жылдын 15-декабрында Филармониянын ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»