Пресс-центр Жаңылыктар
Балдарга жаңы жылга белек - Акылдуу китеп
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте жаңы жылдын алдында «Балдарга жаңы жылга белек- Акылдуу КИТЕП» акциясын баштайт. Иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлун окуу маданиятын алга жылдырууга буруу, балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн калыптандырууда китептин баалуулугун көрсөтүү.
Аталган акцияны 5-декабрь күнү КР Жогорку Кенешинин депутаты Аида Касымалиева Ош шаарындагы №37 «Байчечекей» балдар бакчасында жана ушул эле күнү №17 мектеп гимназиясында балдарга китеп окуп берүү менен баштап жатат. А.Касымалиева эстафетаны өзүнүн коллегасына тапшырат. Депутат «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан даярдалып, жарык көргөн балдарга арналган «Манас в рисунках», «Балдарга базарлык» , «Тоо жаӊырткан чагылган», «Кыргызстанды кыдырабыз», «Изучаем наш Кыргызстан», «Ынтымак сыры», «Балерина», Мектепке саякат», Биз мектепке барабыз» ж.б. китептерден окуп берет. Ошондой эле эл өкүлү китеп каармандары тууралуу балдар менен баарлашып, алар менен ой бөлүшөт.
Бул иш чара учурунда каалоочулар жогоруда аталган китептерди сатып алышса да болот.
Байланыш 0552 85 57 10
Акыркы жаңылыктар
Жоопкерчиликтүү ата-эне болуунун жолдору
- Прямая ссылка:
- Жоопкерчиликтүү ата-эне болуунун жолдору
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрПресс-релизы
Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары
«Поэзия поезди» поэзия кечеси

- Прямая ссылка:
- «Поэзия поезди» поэзия кечеси
- Опубликовано в:
- Пресс-центрПресс-релизы
- Пресс-центрАнонсы и объявления
- ИнициативыРазнообразие и культураВечера поэзии
2019-жылды экология менен улантабыз!
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын февралына иш-чараларынын дайджести

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөр «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» лагеринде окутуудан өттү
STEM - 2019 кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү
«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен өттү
Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

«50+»долбоору «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырат

КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Прямая ссылка:
- КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости