Пресс-центр Жаңылыктар

26.05.2019

Ачык Диалог ачык талкуу менен өттү

2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарында “Адамдык капитал: балдарга инвестициялоо убагы келдиби?” аталышындагы Ачык Диалог болуп өттү.


Иш чара Балдарды коргоо күнүнүн – 1-июндун алдында жана БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгына арналган ЮНИСЕФтин кампаниясынын алкагында өткөрүлүдү, анын максаты баланын укугу реалдуулук болуп калышы үчүн маалымдар болууну арттыруу жана аракеттерге чакыруу болду.


Ачык Диалогко КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.Касымалиева, КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Нурбаев, КР Президентинин Аппаратынын Жарандык өнүгүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн жетекчиси Н.А.Ташпаева, Кыргызстандагы ЮНИСЕФ башчысы ЮкиэМокуо, КР Эмгек, Социалдык өнүгүү министри У.Т. Кочкоров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкүлдөрү, жарандык сектордун активисттери, окумуштуулар, эксперттер жана журналисттер катышты.


Талкуу учурунда бүгүнкү күндө Кыргызстанда 800000 баланын жакырчылыкта чоноюп жатканы, бул ар бир үчүнчү бала экени, мамлекет тарабынан жүргүзүлуп жаткан социалдык коргоого жакыр балдардын 60 пайызы тартылбай калганы расмий статистикада айтылып, кызуу талкууну жаратты. Өлкөбүз тойканаларга толуп, машиналар көчөгө батпай, жакырчылык тууралуу сүйлөбөй койсок эле элибиздин турмушу оңолуп жатканынын көрсөткүчү эмес экен. Жаныбызда, арабызда канчалаган балдар жокчулуктун азабы менен, эптеп күн көрүүдө. Социалдык коргоонун эң натыйжалуу деген түрү - жөлөк пулду ушул балдардын теңинен көбү албайт экен! Жөлөк пулдун көлөмү бир балага болгону - 810 сом. Ачык диалогко катышкан эксперттер жакырчылык тукум кууйт, муундан муунга өтүп, тамырлап кеткени менен опурталдуу экенин айтышты. Балдар кедейлигинин психо-эмоционалдык, физиологиялык жана когнитивдик кесепеттери тууралуу пикир алышуулар балдарга токтоосуз түрдө комплекстүү инвестиция салуу керектиги жөнүндөгү жыйынтыкка алып келди.


Аталган иш чараны демилгелеген жана уюштурган Р.И.Отунбаева: балдарды жакырчылыктан чыгаруу жолундагы үч багытты сунуштады:

• Мамлекет тарабынан 800000 жакыр жашаган баланы фокусуна алган атайын Программа түзүлүп иштеши керек;

• Балдарга ысык тамак берүү Кыргызстандын мектептеринин баарында тегиз ишке ашуусун камсыз кылуу зарыл;

• Жан башына каржылоону ишке ашыруу


ЮкиэМокуо: өлкө азырынча жаш, балдарга инвестициялоого мүмкүнчүлүгү бар.10 жылдан кийин Кыргызстан да карып бараткан өлкөлөр катарына кошулуп калат. Мисалы,менин мекеним Жапонияда инвестиция салганга балдар жок, алар абдан аз- деп айтты өзүнүн сөзүндө.


Ал эми КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.Касымалиева балдарга кеткен чыгымды Жогорку Кеңеште талкуулап жаткан учурда биз алардын ден соолугу, билим алуусундагы көйгөйлөрдү аңдабай жатабыз, анын үстүнө балдар добуш бере албайт, ошон үчүн бул багыттагы кабыл алган чечимдер популярдуу чечимдерге кирбей калат. – деп өз оюн ачык айтты.


Иш чара суроо-жооптор менен да коштолду. Соңунда катышуучулар балдарды жакырчылыктан чыгаруу жолдорун сунуштаган Кайрылуу кат кабыл алышты. 

Акыркы жаңылыктар

14.10.2019

18-октябрда Поэзия кечесинин жаңы сезону ачылат! Сиздерди кайрадан Поэзия кечесине чакырабыз! Калтырбаңыздар! Шашылыңыздар!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар Союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналат жана ал “Жүрөк ырдайт” деп аталат. Бул ...
14.10.2019

Пресс-релиз «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде»

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтөт. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышат. КР Илимдер ...
12.10.2019

Чакан гранттар социалдык жактан маанилүү маселелерди чечет

Талас областынын Талас айылында (Манас району) сентябрдын башында демейдегиден башкача долбоор старт алды.   Бул долбоордун алкагында Манас районунун Талас айылындагы ооруканада эски терезелерди энергияны үнөмдөчү жылчыксыз жаңы терезелерге алмаштыруу боюнча иштер аткарылып жатат. Долбоор ФРГнын КРдагы Элчилигинин Калктын аялуу катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча чакан долбоорлору программасынын алкагында ишке ашырылып ...
10.10.2019

«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" аттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы ...
07.10.2019

Билим берүүчү уюмдарга жана китепканаларга «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» китеби берилди

4-октябрда Бишкек шаарынын билим берүүчү уюмдарына жана китепканаларына “Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары” китептерин берүү аземи болуп өттү. Китепти АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «SТЕМ’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогоурлатуу» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ басып чыгарды.   Кыргызстандагы STEM жагынан көрүнүктүү илимпоз ...
04.10.2019

Бүгүн бүт дүйнө жүзү эң сонун жана абдан маанилүү кесиптеги адамдарды кадырлап жатат

Кымбаттуу мугалимдерибиз, мына силердин кесиптик майрамыңар – Мугалимдер күнү кайрадан босогого келип калды!     Силер – маанайы жарык жана таланттуу адамсыңар – силерге адамдар эң баалуу болгон өз балдарын ишенип берет. Силердин акылмандыгыңар жана билимиңер – татыктуу, прогрессивдүү муунду ийгиликтүү тарбиялоонун уюткусу. Силер күн сайын өз билимиңерди жана турмуштук тажрыйбаңарды жаңы муундун акыл-эсине жана жан-дүйнөсүнө жеткирип, ...
01.10.2019

Роза Отунбаева Пенсильвания университетинде жаңы технологияларды жана алардын глобалдык таасирин талкуулоого катышты

Пенсильвания университетинде (АКШ) «Жаңы технологиялар жана алардын глобалдык таасири» темасына илимий семинар болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын мурдагы Президенти Роза Отунбаева, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Джон Керри, АКШнын мурдагы коргоо министри Эшу Картеру, Human Rights Watch’тун аткаруучу директору Кеннет Рот, Uber’дин башкы илимий кызматкери Ракель Уртасун, ошондой эле Пенсильвания университетинин ректору Эми Гутман ...
30.09.2019

Барскоон жана Сузак айыл аймактары гендердик ыкманы Кыргызстанда миграция жана жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга киргизүү менен 2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитти

2019-жылдын 23-сентябрында Барскоон айыл аймагында коомдук угууга жана Барскоон айыл аймагынын сессиясына карата Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо боюнча практикалык семинар болуп өттү. Практикалык семинардын максаты – өңүттөрдү, артыкчылыктуу максаттарды жана милдеттерди, ошондой эле гендердик курамды кошуу жана миграция боюнча артыкчылыктарды аныктоо менен ар бир тармак боюнча күтүлгөн натыйжаларды жана көрсөткүчтөрдү ...
29.09.2019

Ошто коопсуз миграция маселелерин талкуулоо болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Түштүк резиденциясында USAID’дин «Татыктуулук жана укук» долбоорунун алкагында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн жана кайтып келген мигранттардын ичинен коомдоштуктардын келечектеги лидерлеринин ортосунда диалог болуп өттү.   Диалогго 40тан ашык адам, анын ичинде өз коомдоштуктарында волонтер/ активист болууну каалаган демилгелүү мигранттар, айыл ...
27.09.2019

Бишкекте 50 жаштан өткөн адамдарды санариптик технология жөндөмдөрүнө окутушат

Бишкекте улуу муун үчүн «Санарип 50+» долбоору старт алды, анда санариптик жана финансылык сабаттуулукка үйрөнүүгө болот.   Курс төмөнкүдөй темаларды камтыйт: смартфондун функциялары, смартфон аркылуу маалымат издөө, социалдык тармак аркылуу баарлашуу, расмий кат алышууну жүргүзүү үчүн электрондук почтаны пайдалануу, ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн Элсом электрондук капчыгын жана финансылык санариптик өбөлгөлөрдүн негиздерин ...
25.09.2019

Жаңы конушка жаштардын демилгеси менен универсалдуу спорттук аянтча салынды

Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда универсалдуу спорттук аянтчанын ачылышы болду.   Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, ак-сакалдары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.   Алгач “Ынтымактуу конуштар” долбооруна активдүү катышкандыгы үчүн конуштун бир катар тургундары ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»