Пресс-центр Жаңылыктар

05.06.2019

Илимде да аял орду бийик

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдар калктын 52%ы түзөт, жана өтө чоң интеллектуалдык потенциалга ээ. Бирок, алардын эмгеги тиешелүү деңгээлде бааланбайт. Аталган маселе боюнча, бүгүн республикалык деңгээлдеги аялдардын форуму өткөрүлдү.Бешинчи канал - Пятый канал
05.06.2019

SТЕМ: Илимдеги кыз-келиндерге дем

Кыз-келиндердин илим менен технологиядагы ролу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланды.   STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. АКШ элчилигин колдоосу астында уюштулган STEM боюнча иш-чарага геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Розалия Жээнчороева, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында эмгек ...
04.06.2019

Балдарды коргоо күнүндө борбордо «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» деген балдар фестивалы болуп өттү

2019-жылдын 1-июнунда КР Президентинин Аппараты, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ интернат үйлөрдөгү жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөгү 170 бала үчүн «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» деген балдар фестивалын өткөрдү.   Фестивалдын өзгөчөлүгү жаш меймандар үчүн алардай эле жаш мугалимдер мастер-класстарды өткөргөнүндө болду. Химия боюнча кызыктуу тажрыйбалар, бир нече ...
02.06.2019

Экс-президент Роза Отунбаева балдардын келечегине кам көрүүгө чакырды

Экс-президент Роза Отунбаева 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата атайын макала жазып, балдардын билим алуусу жана саламаттыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.   Макалада өлкөдөгү үч жашка чейинки балдардын 44 пайызга жакыны жетишпеген турмушта, керектүү тамак-аш, витамин менен камсыз болбой жашап жатканы айтылат.   “Бүгүн 20 миңге жакын бала жакырчылыкта жашап жатат. Алар айына 1420 сомго бааланган тамактануу үчүн керектүү рационду алууга ...
01.06.2019

Борбордо «Айымдар STEMде - келечектеги Кыргызстандын образы» форуму өтөт

2019-жылдын 4-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Айымдар STEM’де – келечектеги Кыргызстандын образы» форуму өтөт.   Ага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу, Кыргызстандын STEM чөйрөсүндөгү көрүнүктүү илимпоз айымдары, республиканын ЖОЖдорунун жетекчилери, ...
01.06.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын июнуна иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын июнуна иш-чараларынын дайджести       1-июнь - «Кыргызстанды өнүктүрүүгө балдардын салымы» балдар фестивалы Качан: 1-июнь Кайда: К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана 1-июнда – Балдарды эл аралык коргоо күнүндө чемпион балдар жана «жылдыз» балдар интернат үйлөрдөгү 170 бала үчүн мастер-класс өтөт жана көрсөтмөлүү оюндарды көрсөтөт. Жетим балдар, аз камсыз болгон ...
31.05.2019

«Кыргызстандын өнүгүүсүнө балардын салымы» фестивалы өтөт

2019-жылдын 1-июнь күнү Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындгы балдардын жана өспүрүмдөрдүн китепканасында «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын салымы” аталышындагы Балдардын фестивалы өтөт. Ага Бишкектен жана региондордон келген эл аралык жана ата мекендик мелдештерде чоң ийгиликтерди жараткан таланттуу балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар болуп баары 170 бала катышышат. Иш чаранын максаты: Кыргызстандын балдарынын зор ...
30.05.2019

Кыргызстанда быйыл 100дөн ашык «Жайлоо өнүгүү борборлору» иштейт

Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи“ санаториясында 2019-жылдын 28-29-майында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борболору” долбоорунун алкагында “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана альтернативдүү моделдери” аттуу республикалык конференция өттү.Иш-чарага КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, Кыргызстандын жети дубанынын ...
29.05.2019

Көл жээгинде поэзия кечеси өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде 28-майда акындар Олжобай Шакир, Алтынбек Исмаилов жана Акбар Кубанычбековтун поэзия кечеси өттү.   Кечеге "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фондунун "Жайлоо өнүгүү борболору" долбоорунун алкагында өтүп жаткан республикалык конференциянын катышуучулары жана “Кыргыз деңиз” санаториясынын эс алуучулары катышышты.   Акындар өз чыгармаларын окушуп, Акбар Кубанычбеков "Мурас" ырын комуз менен жандуу ырдап берип, ...
27.05.2019

«Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция өтөт

Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи“ санаториясында 2019-жылдын 28-29-майында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борболору” долбоорунун алкагында “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана альтернативдүү моделдери” аттуу республикалык конференция өтөт. Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ...
26.05.2019

Ачык Диалог ачык талкуу менен өттү

2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарында “Адамдык капитал: балдарга инвестициялоо убагы келдиби?” аталышындагы Ачык Диалог болуп өттү. Иш чара Балдарды коргоо күнүнүн – 1-июндун алдында жана БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгына арналган ЮНИСЕФтин кампаниясынын алкагында өткөрүлүдү, анын максаты баланын укугу реалдуулук болуп калышы үчүн маалымдар болууну арттыруу жана аракеттерге чакыруу болду. Ачык Диалогко КР ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»