Пресс-центр Жаңылыктар

02.11.2018

30-31-октябрда Ош шаарында туура тамактануу боюнча эки күндүк семинар-тренинг өттү

РФнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарыны жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Ош шаарында туура тамактануу боюнча эки күндүк (30-31-октябрь) семинар-тренинг өткөрүлдү.

 

Семинар-тренингге Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынан жана Ош шаарынан 70ке жакын адам: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн, Областтык билим берүү борборлорунун, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, акимдердин биринчи орун басарлары жана акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун директорлору жана алардын орун басарлары, областтык аймактык ооруканалардын, СКЗлардын жана КУЗдардын өкүлдөрү, ошондой эле КР ССМдин оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин өкүлдөрү катышты.

 

Семинардын катышуучулары ден соолуктун баалуулуктары жана тамактануу маданияты, тамак-аштын компоненттери жана алардын адамдын организминдеги ролу жөнүндө, тамак-аштан келип чыгуучу оорулар жөнүндө маалымат алды. «Тамактануу пирамидасы» (тамак-аш пирамидасы), «Таза тарелка», «Кооздолгон мөмө алкагы» жана мүмкүнчүлүктөрдүн терезелери (кош бойлуу аялдын тамак-ашы, эмчектеги балага тамак берүү, эки жашка чейинки баланын тамактануусу) деген түшүнүктөр жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана тамак-аш ичүүнүн бузулуулары жөнүндө түшүнүктөр менен таанышты. Жогоруда саналган темалар боюнча активдүү дискуссия өттү.

 

Ошондой эле семинардын катышуучуларына балдардын тамак ичүү адаттары жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү. Семинар аяктагандан кийин катышуучулар таза жана туура тамактануунун эрежелерин, Туура тамактануу саясатын киргизүү жана алга илгерилетүү пландарын иштеп чыкты, бул темага окутуучу иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана пайдалуу маалыматтарга жык толгон семинар үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

 

Семинардын машыктыруучусу техникалык илимдердин кандидаты, доцент, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Ресторан иши жана кулинария өнөрү» бөлүмүнүн башчысы Кыдыралиев Нурудин Абдыназарович болду.

 

 

Акыркы жаңылыктар

24.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Адабият жана Чыгыш поэзиясы күнү болуп өттү

Бүгүн, 24-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Адабият жана Чыгыш поэзиясы күнү болуп өттү. Бул күнү да адаттагыдай эле кызыктуу программалар көрүүчүлөрдү тосуп алды. Музейдин кино залында ата-энелер үчүн “Балдар адабияты аркылуу өз өлкөбүздү кантип таанытабыз” деген темада адабиятчы Рахат Орозова лекция окуп берди. Т.Океев атындагы Кыргызфильмдин анимациялык ...
24.04.2019

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы жолугушуу университеттин табигый илимдер ...
23.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Иран Ыслам Республикасынын күнү болуп өттү

Бүгүн, 23-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Иран өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара Бишкектеги Иран мектебинин окуучуларынын аткаруусундагы Иран Ыслам Республикасынын гимнин ырдоо менен башталды. Расмий ачылышында КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева сөз сүйлөп, ал “Жибек жолу” көргөзмөсү ...
22.04.2019

Активисттер үчүн лагерге катышууга арыздарды кабыл алуу башталды

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮСАИДдин «Адамдын кадыр-баркы жана укуктары» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун Миссиясы (МУМ) менен бирдикте Активисттер үчүн лагерге катышууга арыздарды кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.   Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.   Өткөрүү ...
22.04.2019

Бишкектеги конуштардын арасында Лига «Ынтымактуу конуштар» спартакиада өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын салтанаттуу ачылышы “Жаңы конуштар тынчтык жана биримдик үчүн!” деген ураан менен ачылды. Спартакиаданын ачылышында ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку ...
21.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү

Бүгүн, 21-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара индия бийлерин бийлөө менен башталды. Расмий ачылышында Эл аралык Медицина Жогорку Мектебинин ректору С.М. Ахунбаев, «ISM Edutec”директору, доктор Сонал Поту , “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун долбоор жетекчиси Роза Кайыкова сөз сүйлөштү. Р.Кайыкова ...
20.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Пакистан өлкөсүнүн күнү болуп өттү

Бүгүн, 20-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Пакистан өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара кыргыз, урду, англис, орус тилдериндеги саламдашуулар жана улуттук ырлар, бийлер менен башталды. Пакистан элинин улуттук кийимдери көрсөтүлдү. Расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министринин кеңешчиси Алмаз Асанбаев, Пакистан өлкөсүнүн Кыргыз ...
19.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Афганистан Ыслам Республикасынын күнү болуп өттү

Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүнүн 19-апрелдеги күнү Афганистанга арналды.   Иш чаранын расмий бөлүгү «Афганистан» деген даректүү фильм менен башталды. Андан соң ушул күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Афганистан Ыслам Республикасынын Тышкы Иштер министри Салахуддин Раббани Көргөзмөгө да өзүнүн делегациясы менен келип катышып, куттуктоо сөзүн ...
18.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Өзбекстан күнү болуп өттү

Бүгүн, 18-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде жүрүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Өзбекстан өлкөсүнүн күн болуп өттү.   Иш чара керней, сурнайлардын шаңдуу үнү менен коштолгон концерттик программа менен башталды. Расмий ачылыш салтанатында КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым ...
17.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү

Бүгүн, 17-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» интерактивдик Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү.   Иш чара түркмөн элинин ырлары жана бийлери менен башталды. Андан соӊ Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева Түркмөнстандын башкы бренди акалтекин тукумундагы жылкылар, экинчиси көз жоосун ...
16.04.2019

Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү

Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»