Пресс-центр Жаңылыктар

01.08.2015

2015-жылдын август айына Фонддун иш-чараларынын дайджести


ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ДАЙДЖЕСТИ

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсы

 

АВГУСТ 2015-ж.




1-август – жайлоодогу балдар бакчаларына жана Соң-Көлдөгү (Нарын облусу) “Манас” маданият жана туризм фестивалына баруу жана түрдүү мастер-класстарды өткөрүү 

Маалыматты  0552 600 738, 0556 54 91 54, 0 558 678899 телефондору аркылуу же e-mail: asanasyl@gmail.com, s.arstanbek@gmail.com, begaiym.mamaeva@gmail.com алса болот.



3-15-август – “Аялдар техникада жана илимде” программасынын алкагында Ош шаарынын (II топ) 8-9-класстарынын окуучу кыздары үчүн жайкы мектеп

Өткөрүү орду: ОшТУ, Ош ш.

Жайкы мектеп “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын колдоосу астында өтүүдө. Жайкы мектептин катышуучулары болуп мектепти аяктагандан кийин техникалык адистиктерге тапшырууну пландаштырып жаткан 8-9-класстардын окуучу кыздары саналат.

Мектептин максаты – кыздардын багыт тандоосуна жардам берүү.

Ар бир топ эки жума бою дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин окуйт. Жайкы мектеп убагында математика, физика, информатика, химия жана англис тили боюнча сабактар жана мастер-класстар өткөрүлүп турат.

Окуучу кыздардын катышуусу “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын колдоосунда акысыз.

Маалыматты 66-03-82 ,0555 757096 телефондору аркылуу алса болот.



5-август – Талас облусунун жайлоодогу балдар бакчаларына баруу

Өткөрүү орду: Талас облусу, Талас району, Айдаралиев, Арал айыл округу

Максаты – жайлоодогу балдар бакчаларынын иши менен таанышып чыгуу жана мастер-класстарды, улуттук оюндарды жана башка иш-чараларды өткөрүү.

Маалыматты 0552 600 738, 0556 54 91 54, 0 558 678899 телефондору аркылуу же e-mail: asanasyl@gmail.com, s.arstanbek@gmail.com, begaiym.mamaeva@gmail.com алса болот.



4-6-август – “Жайлоодогу балдар бакчалары-өнүктүрүү борборлору” долбоорунун алкагында пресс-тур 

Жайлоодогу балдар бакчаларына баруу, алардын иши менен таанышып чыгуу, видеого тартуу жана ийгиликтүү балдар бакчаларын көрсөтүү 

Маалыматты 0552 600 738, 0556 54 91 54, 0 558 678899 телефондору аркылуу же e-mail: asanasyl@gmail.com, s.arstanbek@gmail.com, begaiym.mamaeva@gmail.com алса болот.



7-8-август – Нарын мамлекеттик университети тарабынан демилге кылынган жайлоодогу эксперименталдык балдар бакчасынын тажрыйбасын изилдеп чыгуу максатында региондордогу жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн таанышып чыгуу сапары

Өткөрүү орду: Нарын облусу, Нарын району, Солтон-Сары

Региондук ЖОЖдордун өкүлдөрү жайлоодогу эксперименталдык балдар бакчасынын иши менен таанышып чыгат, ошондой эле жайлоодогу башка балдар бакчаларына барышат.

Маалыматты 0552 600 738, 0556 54 91 54, 0 558 678899 телефондору аркылуу же e-mail: asanasyl@gmail.com, s.arstanbek@gmail.com, begaiym.mamaeva@gmail.com алса болот.



Августтун ар бир ишемби күнү (1.08, 8.08, 15.08, 22.08, 29.08) – “Аялдар техникада жана илимде” программасынын алкагында Ош шаарындагы компьютердик сабаттуулук боюнча аялдар үчүн жайкы мектеп

Өткөрүү орду: ОшТУ, Ош ш.

Жайкы мектеп “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын колдоосу астында өтүүдө. Катышуучулар болуп Ош шаарынын мектептеринин физика, математика, химия сабактарынын мугалимдери саналат. Катышуучулардын курагы 35 жаштан жогору.

Жайкы мектептин максаты  андан ары иштөө үчүн компьютердик технологиялар жаатында өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүүгө муктаж болгон аялдарга жардам берүү. “Компьютердик сабаттуулук” курсу МКТ жаатында такыр түшүнүгү жок колдонуучуларды да, ошондой эле ПК менен иштөөнүн айрым базалык көндүмдөрүнө ээ болгондорду да окутуу үчүн арналган.

Окуучу кыздардын катышуусу “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын колдоосунда акысыз.

Маалыматты 66-03-82 ,0555 757096 телефондору аркылуу алса болот.



20-август – Ысык-Көл облусунун жайлоодогу балдар бакчаларына баруу

Өткөрүү орду: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы, Караколка.

Максаты - жайлоодогу балдар бакчаларынын иши менен таанышып чыгуу жана мастер-класстарды, улуттук оюндарды жана башка иш-чараларды өткөрүү.

Маалыматты 0552 600 738, 0556 54 91 54, 0 558 678899 телефондору аркылуу же e-mail: asanasyl@gmail.com, s.arstanbek@gmail.com, begaiym.mamaeva@gmail.com алса болот.



Жума күндөрү жума сайын – “Гений” радиоберүүсү 

Убактысы: 13-30 – 14-00

Кайсы жерде: “Биринчи Радио” (FM 104. 1 жыштыгынан же онлайн www.ktrk.kg сайтынан укса болот)

Жума сайын  программанын алып баруучулары Гулзада Медералиева жана Асылбек Жоодонбеков меймандар менен бирге билим берүүгө жана тарбиялоого тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Маалыматты 0552 600 738 телефону аркылуу же e-mail: asanasyl@gmail.com алса болот.


 

Бир айдын ичинде – жайлоодогу балдар бакчаларындагы мастер-класстар

Бардык чөйрөдө балдар үчүн өнүктүрүүчү мастер-класстар:

• Оригаме

• Калиграфия

• Сүйлөөнү өнүктүрүү

• Тил үйрөнүү

• Эл жазуучулары менен жолугушуу

• Бакайдын жайыты, Солдатенок ж.б. көркөм тасмаларды көрсөтүү

• Бий

• Улуттук спорт оюндары

• Шахмат

• Сүрөт тартуу

• Мобилдүү китепкана

• Хореография

• Спектаклдер

• Куурчак театрлары

• Ата-энелер үчүн тренингдер 

Маалыматты 0552 600 738, 0556 54 91 54, 0 558 678899 телефондору аркылуу же e-mail: asanasyl@gmail.com, s.arstanbek@gmail.com, begaiym.mamaeva@gmail.com алса болот.



“Эко-сэлфи” конкурсу уланууда

Конкурс “Глобалдуу ойлон – локалдуу аракеттен: балдардын жана жаштардын арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу” эко-долбоорунун алкагында уюштурулду.

Конкурстун жеңүүчүлөрү байгелер менен сыйланышат.

Конкурска бардык каалоочулар катыша алат

Конкурстун шарттары жөнүндө кең-кесири маалыматты www.festival.roza.kg сайтынан алса болот.

Маалыматты 66-03-68, 0550 328899 телефондору аркылуу алса болот.



“Эко-фотоаңчылык” конкурсу уланууда 

"Экологиялык фотоаңчылык" - бул ар бир фотограф (профессионал же ышкыбоз) сунушталган темаларга өзүнүн түшүнүүсүн/көрүүсүн билдире ала турган аянтча.

Максаты – курчап турган чөйрөнү коргоонун жана жаратылышка аяр мамиле кылуунун проблемаларын чагылдыруу, коомдун экологиялык маданиятына көңүлдү буруу. 

Фотоконкурстун милдеттери:

1. Экологиялык маданиятты жаратуу жана өсүп келе жаткан муундун аң-сезимин калыптандыруу

2. Тараптагы байкоочунун позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын активдүү катышуучусунун позициясына өтүү. 

Катышуу акысыз.

Конкурстун шарттары жөнүндө кең-кесири маалыматты festival.roza.kg сайтынан алса болот.

Маалыматты 66-03-68, 0550 328899 телефондору аркылуу алса болот.


 

“Форум Мекендештер” долбоорунун алкагында КР Өкмөтүнүн алдындагы Мекендештердин иштери боюнча кеңештин биринчи жыйналышы

Өткөрүү датасы жана орду кошумча билдирилет

Маалыматты 0555812251 телефону аркылуу же muhovikova17@gmail.com, 0703416049 Jannat.kt@gmail.com алса болот.



Формалдуу эмес “Мекендештер” клубунун жолугушуусу 

Өткөрүү датасы жана орду кошумча билдирилет

Маалыматты 0555812251 телефону аркылуу же muhovikova17@gmail.com, 0703416049 Jannat.kt@gmail.com алса болот.

Акыркы жаңылыктар

20.01.2020

КАЛКТЫН КАЛЫҢ КАТМАРЫ САНАРИП ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮГӨ ТИЙИШ

Жеке эле мугалимдер эмес, 30 жаштан жогорку курактагы ата-энелер санарип ыкмаларын үйрөнүүгө тийиш. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КICB банкы менен биргеликте кадырман курактагылар үчүн арналган «Санарип+50» долбоорун ишке ашырып жатат.      “Санарип 50+” долбоорунун максаты – улуу муундагы адамдарды жана бардык каалоочуларды смартфон ...
20.01.2020

«Шамалдагы от» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте  жумурай журтка таанымал  белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү  төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече  эсеп боюнча  отуз тогузунчу жана ал жаш акындар  Турдубек уулу Садырбектин жана ...
15.01.2020

Таланттуу балдар «Гений» радиоберүүсүндө

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн 2019-жылга карата жыйынтыктоочу чыгарылышында эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиретип келген таланттуу балдар катышты. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп интернатынын окуучусу Алтынай Белекова ооз комузда, ал эми Сезим Анарбекова менен Наргиза Умарова виолончель аспабында ...
18.12.2019

«Каректеги жаз» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 17- декабрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликтеуюштурган акын,Маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси Жыпар Акунованын жана Билим берүүнүн мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналган “Каректеги жаз” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде алгач акындар өздөрүнүн ...
17.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балам мыкты болсун десеңиз

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Балам мыкты болсун десеңиз” аттуу китептин автору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Акматов менен балага эрте жаштан баштап көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө маек курдук.
13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...
04.12.2019

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Бишкектеги жыйында айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курду. Би-Би-Си: Айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду? Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин ...
04.12.2019

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат. Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз ...
03.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Үчтөн кийин кеч” аттуу маалымат баракчалары жана үч жашка чейинки баланы кандай өнүктүрүү керектиги жөнүндө эксперттер менен маек курдук.  
30.11.2019

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, ...
26.11.2019

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»