Пресс-центр Анонстор жана жарыялар

19.03.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» социалдык видеороликтеринин конкурсун өткөрүү жөнүндө жобо

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуменен бирдикте, «OKOY» чыгармачыл бирикмесинин жана «МедиаЛаб» продакшн-студиясынын техникалык колдоосу менен социалдык видеороликтердин конкурсун жарыялайт.


Конкурс 2018-жылы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына арналган алтынчы Билим фестивалынын алкагында 2018-жылдын 20-апрелинде жана 19-майында өткөрүлөт (Улуттук филармониянын айланасындагы аянтча), аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы жана К.Карасаеватындагы Бишкек Гуманитардык Университети (БГУ) уюштуруп жатат.


Кыргызстан – бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө, анда көптөгөн маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык этностор жашайт. Ушул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Биз ааламдашкан дүйнөдө жашап жатабыз, биздин өлкөдө башка өлкөлөрдөн келген көп сандаган чет өлкөлүк студенттер жана жарандар окуп жана иштеп жатат, ал эми биздин жарандарыбыз башка өлкөлөрдө жашап жана окуп жатат. Андыктан, биз – кыргызстандыктар башка элдердин маданиятын, үрп-адаттарын, салттарын билүүгө, түшүнүүгө жана урматтоого тийишпиз, анткени биздин күчүбүз биримдикте. Муну ачып берүү үчүн биз каалагандардын бардыгын алтынчы Билим фестивалынын (2018-жыл) алкагында өтүүчү «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына арналган социалдык видеороликтердин конкурсуна катышууга чакырабыз.


Биз конкурстун алкагында алынган иштер маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүгө салым кошот деп ишенебиз жана «биз курчап турган дүйнөгө назар салуу менен карап калабыз, өзүбүздүн классташтарыбызга, бир топто окугандарга, досторубузга, коңшуларыбызга алда канча комкордук көрүп жана урматтап калабыз, достукту бекемдейбиз жана биздин Ата-Мекенибиздеги эң баалуу нерсе – тынчтык жана достук – көөнөрбөс байлык, өнүгүү үчүн негиз болуп кала бергидей жашайбыз» (Отунбаева Р.И., КРЭкс-президенти, «Менин досторума мейманга» китебиндеги кириш сөздөн).


Конкурс 2018-жылдын 19-мартынан тартып 10-мая чейин өткөрүлөт, иштер 2018-жылдын 10-мая чейин кабыл алынат. 15 жаштан 35 жашка чейинки курактагы бардык каалагандарКонкурстун катышуучусу боло алат. Конкурсту өткөрүүнүн жана ага катышуунун шарттары менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» социалдык видеороликтеринин конкурсун өткөрүү жөнүндө жободон» алда канча кең-кесири таанышууга болот.


Скачать заявку для заполнения можно здесь >>>

Акыркы жаңылыктар

22.04.2019

Бишкектеги конуштардын арасында Лига «Ынтымактуу конуштар» спартакиада өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын салтанаттуу ачылышы “Жаңы конуштар тынчтык жана биримдик үчүн!” деген ураан менен ачылды. Спартакиаданын ачылышында ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку ...
21.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү

Бүгүн, 21-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара индия бийлерин бийлөө менен башталды. Расмий ачылышында Эл аралык Медицина Жогорку Мектебинин ректору С.М. Ахунбаев, «ISM Edutec”директору, доктор Сонал Поту , “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун долбоор жетекчиси Роза Кайыкова сөз сүйлөштү. Р.Кайыкова ...
20.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Пакистан өлкөсүнүн күнү болуп өттү

Бүгүн, 20-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Пакистан өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара кыргыз, урду, англис, орус тилдериндеги саламдашуулар жана улуттук ырлар, бийлер менен башталды. Пакистан элинин улуттук кийимдери көрсөтүлдү. Расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министринин кеңешчиси Алмаз Асанбаев, Пакистан өлкөсүнүн Кыргыз ...
19.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Афганистан Ыслам Республикасынын күнү болуп өттү

Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүнүн 19-апрелдеги күнү Афганистанга арналды.   Иш чаранын расмий бөлүгү «Афганистан» деген даректүү фильм менен башталды. Андан соң ушул күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Афганистан Ыслам Республикасынын Тышкы Иштер министри Салахуддин Раббани Көргөзмөгө да өзүнүн делегациясы менен келип катышып, куттуктоо сөзүн ...
18.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Өзбекстан күнү болуп өттү

Бүгүн, 18-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде жүрүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Өзбекстан өлкөсүнүн күн болуп өттү.   Иш чара керней, сурнайлардын шаңдуу үнү менен коштолгон концерттик программа менен башталды. Расмий ачылыш салтанатында КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым ...
17.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү

Бүгүн, 17-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» интерактивдик Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү.   Иш чара түркмөн элинин ырлары жана бийлери менен башталды. Андан соӊ Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева Түркмөнстандын башкы бренди акалтекин тукумундагы жылкылар, экинчиси көз жоосун ...
16.04.2019

Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү

Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү
16.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө «Экологиялык билимдер күнү» болуп өттү

Бүгүн, 16-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде өтүп жаткан “Жибек жолу” интерактивдүу Көргөзмөсүнүн алкагында Экологиялык билимдер күнү болуп өттү. Иш чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Айыл чарба жана азык-түлук уюму (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, “Германиянын жаратылышты коргоо союзу” коомдук бирикмесинин (NABU) Кыргызстандагы филиалы, “Үч чака”, “Кыргызстандын агрардык платформасы”, ...
16.04.2019

Көргөзмөдөн калбайын деп Таластан келген Айдиншер Жибек жолу көргөзмөсүндө

14-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөнүн алкагында Ак илбирс күнү болду. Талас облусунун Талас шаарынан бери Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсү тууралуу сыналгыдан көрүп, чоң энеси менен келген Айдиншер, көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө пластилинден ак илбирсти жасоо боюнча мастер класс өткөрдү. Айдиншердин чоң энеси Жылдыз Акманалиеванын айтымында, небереси төрт жашынан ...
14.04.2019

Жибек Жолу көргөзмөсүндө Ак илбирс күнү болуп өттү

14-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Ак илбирс күнү болуп өттү.   Көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө ак илбирс тууралуу видео ролик көрсөтүлүп, балдар арасында ак илбирсти билүү боюнча викторина уюштурулуп, жеңүүчүлөрүнө чакан белектер берилди. Фото капкан тууралуу кенен маалымат берилип, ал залда отургандарды сүрөткө тартып алгандарын кайра балдарга ...
13.04.2019

Билим фестивалы башталды

Жетинчи Билим фестивалы «Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү» деген ураандын алдында өтүүдө. Анын алкагында информатика мугалимдерине сабактар өткөрүлүп, катышуучулар Борбор Азиядагы Америка университети менен таанышып, жаңы заманбап технологияларды билим берүүдө колдонуу, инновация боюнча мастер-класстарга катышат.https://www.azattyk.org

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»