Пресс-центр Анонстор жана жарыялар
«Үч дүйнө» поэзия кечеси
Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акындар Акбар Кубанычбековдун, Акжол Доранбек уулунун жана Адилет Зарылбек уулунун чыгармачылыгына арналат.
Кече 2019-жылдын 12 –апрелинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” Улуттук Борборунда өтөт.
Башталышы саат 17.00, кирүү акысыз.
Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.
Акбар Кубанычбеков 1992-жылы Ат-Башынын Кара-Суу айылында туулган. “ Периштенин канаты”,”Бир күн” ырлар жыйнагынын автору. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, телеалпаруучу, мугалимдик кесиптерди аркалайт. Анын «Мурас», «Кыргызымдын кыраандары», «Адам бойдон калгын өзгөрбөй», «Ак жүрөк» жана башка көптөгөн ырларына обон жаралып, эл ичичнде кенири ырдалып жүрөт. А.Кубанычбеков ырларына эң көп обон жаралган акын катары да таанымал.
Акжол Доранбек уулу 1994-жылы Бишкек шаарында туулган. КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин бүтүргөн. Кесиби экономист-бухгалтер. Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун кызматкери, эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын президентинин орун басары. "Күтүүнүн аягы" ырлар жыйнагынын автору.
Адилет Зарылбек уулу 1993-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында туулган. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин педагогика факультетинин кыргыз тили, адабияты адистигин бүтүргөн. "Кереге өмүр" аттуу ыр жыйнактын автору. К. Орозбеков атындагы жаштар сыйлыгынын ээси. Нур Борбор чыгармачылык академиясынын мүчөсү. Учурда Бишкек шаарынын Ленин районундагы # 72 мектеп-гимназиясында мамлекеттик тил сабагынын мугалими.
Үч акындын үч башка дүйнөсүн чагылдырган бул кече өзүнүн кызыктуулугу, бөтөнчө көркөм мазмууну менен поэзия сүйүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт. Иш чара учурунда акындардын ырлары окулуп, А.Кубанычбековдун сөзүнө жазылган ырлар Кыргыз эстрадасынын жылдыздары Данияр Эрматов жана Мээрим Карыпованын аткаруусунда жаңырат.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
