Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү Окуу жүрүштөрү

02.09.2016

Ынтымакты чыңдаган Билим кербени

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган «Агартуучулар аймактарда» долбоорунун төртүнчү жолку иш сапарында жетиөгүздүк мектеп жетекчилери касиеттүү Талас облусуна аттанышты. Бул жолку жолугушууда билим майданынын жетекчилери бир эле мектеп жана бала бакчалардагы жаңычыл иш-аракеттер менен гана таанышпастан, Кыргызстандын түндүк-батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан Талас облусунун калкынын жашоо-тиричилиги, тарыхый жана маданий баалуулуктары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле иш-чаранын алкагында волейбол, теннис жана аркан тартышмай боюнча достук мелдеш өттү.


Биринчи күн. Бакай-Ата району


Таң эрте Манас бабабыз жердеген, дүйнөнү дүңгүрөткөн алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ата конушу, киндик тамган Талас жергесине аттандык. Бир эле мен эмес, бараткан сапарлаштарымдын 90% касиеттүү Талас жергесин көрө элек экен. Узак жолду кыскартуу үчүн баарыбыз баарлашып бараттык, билгендер облустун борбору Талас шаары эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделгенин, Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка борбор шаары деп өзгөргөнүн айтышты.


- Бирок Талас облусу аймак катары 1944-жылга чейин Чүй облусунун бир бөлүгү катары эсептелинип келген. 1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин чечимине ылайык Кыргыз ССРинин курамында облус катары уюштурулуп, борбору кайрадан Талас шаары болуп аталган. 1956-жылы ал Фрунзе облусуна кошулуп, 1962-жылы бул облус жоюлган соң анын аймагындагы Талас району, Киров (азыркы Кара-Буура) району жана Ленинполь (Бакай-Ата) району республикага түз баш ийдирилген. Аймактык жактан 1980-жылдын 3-сентябрынан тартып 1988-жылдын 5-октябрына чейин азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району Талас облусунун курамында болгон. Кыргыз Республикасы эгемендүү республика катары жарыяланганы Талас облусунун территориясы башка аймактардын эсебинен өзгөрүлө элек. Менимче, облустун курамына 4 район, 36 айылдык округ, 90 айыл, 1 шаар тибиндеги кыштак бар. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду ааламга тааныткан Шекер айылы - Кара-Буура районунун түштүк-батыш жагында жайгашкан, — деди Жети-Өгүз районундагы Ж.Жунушев атындагы инновациялык орто мектептин директору Канат Тогузаков. Ошентип баарлашып отуруп, бат эле Суусамыр өрөөнүнө кирип келдик. Ал жерде бизди Жайлоо өнүгүү борборунун жетекчиси Кымбат Байматова эжей тосуп алып, бала бакчада 25 бала таалим-тарбия алып жатканынан кабар берди.


- Малчылардын, жол жээгинде жайгашкан чакан ишкерлердин балдары жайында бош жүрбөй, бала бакчага тамак-ашын ала келип тамга таанып, сүрөт тартып, керек болсо англис тилин волонтерлордон үйрөнүп жатышат. Бул ишти токтотпой өркүндөтүү керек. Канцелярдык товарларды, методикалык пособиелерди, китептерди «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду камсыз кылууда. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик, банктар менен дагы ымала түзүп, иштеп жатам, — дейт К.Байматова.


Жайлоо өнүгүү борбору менен таанышкан соң, көлдүк жетекчилер өз аймагында деле ушундай ишти баштаса болоор экенин белгилешти. Алгачкы эле жолугушууда билим кербенинин катышуучулары тажрыйба топтоо куржунун ачып, керектүү материалдар менен толтура башташты.


Эжей менен коштошуп түз эле Таласты карай зымырап жөнөдүк. Эмнегедир бизди бир эле билим берүү тармагынын кызматкерлери күтпөстөн, Манас атабыз кырк чоросу менен, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы Султанмураттардын ууруларды кууп бараткан дүбүртү, Жамийланын шаңкылдаган күлкүсү, Даниярдын созгон обону, Толгонайдын Жер эне менен сырдашуусу, Танабайдын Гүлсараты, Эдигей ж.б. элестелип, кадимки Чыңгыз ата менен жолукканы бараткандай толкундануу сезими мени курчап турду. Менин ички дүйнөмдөгү дүрбөлөңдү Бакай-Атанын кире беришинде тосуп турган райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбековдун үнү бузду. Ал чу дегенде эле бизди Ак-Дөбөдөгү Теодор Герцен атындагы көркөм-сүрөт музейине алып жөнөдү.


- Музейди түптөгөн адам ушул — Герцен. Ушул жерден үй-бүлө күтүп, бала-чакыралуу болгон. Баары сүрөтчү болушкан. Ал биздин башкармабызга келип, «мага чоң музей салып бер, ал кыргыз элине керектүү болот» деп ушул музейдин имаратын салдырган. Теодор Герцен анын баласы. Ал пластинкага жазылып калган манасчылардын айтуусун угуп, Манас атанын келбетин графикалык сүрөткө биринчи жолу түшүргөн сүрөтчү. Бир дагы кыргыз сүрөтчүсү Манас атанын образын түшүрө алган эмес. Атактуу киноактриса, ырчы Анна Герман 1937-жылы Кыргызстанга үй-бүлөсү менен көчүп келип, Ак-Дөбө айылындагы мектептен үч класс окуган. Аны менен дагы биз сыймыктанабыз. Былтыр Атамекендик согуштун катышуучусу Өмүралиев Мендешбек атанын сөөгү орус калаасында табылып, Талас жергесине алынып келинген. Бул атага да музейде орун берилди. 4000 жоокердин сөөгү табылып, ошонун ичинен бир гана кыргыз жоокердин туугандары табылганын издөөчүлөр айтышты, — деди айыл өкмөт башчысы Өмүрзак Батырбеков.


Бул музейдин ичиндеги шедеврларды көрүп, таң бердик. Эмне деген баалуулуктар? Музейдин ичиндеги көздүн жоосун алган сүрөттөрдү борбор калаага алып кетүүгө аракет да болгон экен. Бирок таластыктар бербей коюшуптур. Ошентип музей менен таанышкан соң, «жол азабы, көр азабы» дегендей, иш менен катар эс алуу керек экенин айтышып, мектеп директорлору: Нурбек Козубаев, Калима Кокчолокова, Нурай Доңбаева, Айна Ниязалиева, Гүлнара Сатымкулова, Нурбек Солпиев, Дамир Сооронкулов, Рыскулбек Сулайманкулов, Гүлкайыр Темирбекова, Жамал Иманбекова, Тамара Бугубаева, Мадина Кеникеева жана Курманбек Мамбеталиев агай-эжейлер дасторкондорун кенен жайып, меймандостугун, сый-урматын көрсөтүштү. Талас элинин марттыгын, эмгекчилдигин, «улууну урматтап, кичүүнү ызаттай» билгендерин, эң башкысы баары кылка чыгармачыл, өнөрлүү болушаарына күбө болдук. Пикир алышуудан кийин ыр кесе сунулду. Жетиөгүздүктөр таластыктардан кем калбай ырларына ыр менен, бийлерине бий менен жооп берип жатышты. Эң башкысы, жеңил желпи ырлардан эмес, классика, сөздөрү маанилүү, таасирлүү ырлардан созолонтушту. Ошентип биринчи күнүбүздө эле таластыктар руханий дүйнөбүздү ого бетер байытып, кеңейтип, позитивдүү ойлорго чөмүлтүштү.


Талас эли бай жашайт экен, ар биринде эле жок дегенде 50 сотых сугат, 50 сотых кайрак жер үлүшкө бөлүнүптүр. Бакчалары алма, кара өрүк бактарга жык толгон, огороддорунда помидор, бадыраң, болгар переци ж.б.у.с. бышып, көздүн жоосун алат. «Эл эмгегин жер жебейт» дегендей, жазында эккен түшүмдөрүнүн үзүрүн күзүндө көрүшөөрү, капчыктары толгон таластыктар машине алганы машине минип, үй салганы үй салып, бизнес ачканы ишкерлик менен алектенишерин жергиликтүү калктын оозунан уктук. Мына Талас жергесинин азыркы жашоосу ушундай экен.


Фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаевага жана аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаевага билим данакери болгон үчүн эки тарап тең кош колдоп ыраазычылыктарын билдиришти. Анткени, тажрыйба топтоо, пикир алышуу, аймакты жакындан таануу, баарлашуу сыяктуу иш-чара биринчи эле күнү өз максатына жеткендей болду. Эки аймактын жетекчилери достошту, туугандарын, куда-сөөктөрүн табышты. Бири бирин конокко чакырышты.


- Бири бирибизден үйрөнө турган көп нерсе бар. Алыс жерди дегдебей, жакын жерди таанып билүү — биздин максат. Бул төртүнчү жолку иш сапарыбыз. Буга чейин Чоң-Алай районунун мектеп жетекчилери Караколдогу Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинен электрондук сабак, кагазсыз сабак тууралуу тажрыйба топтоп, Жети-Өгүздөгү мыкты мектептердин иштери менен дагы жакындан таанышып кетишти. Алар сайт ачканды, электрондук почтаны ачканды, аны менен иштегенди үйрөнүштү. Эми чоңалайлыктар фейсбуктан чыкпай калышты. Алар ысыккөлдүктөрдүн турмуш-тиричилиги тың экенин белгилешти. Мына эртеңден баштап Бакай-Ата районундагы мыкты мектептердин, бала бакчалардын иш-аракеттери менен таанышасыздар, ошону менен катар элдин жашоо-тиричилиги, үй-бүлөдөгү жашоо шартын да көрөсүздөр, — деди Д.Кендирбаева. 


2-күн. Эффективдүү башкаруу — мезгил деми


Иш сапарыбыздын экинчи күнү Өзгөрүш айылынын Ү.Акынбеков атындагы алдыңкы мектеп менен таанышуудан башталды. Делегацияны лидер директор Рыскулбек Сулайманкулов тосуп алып, мектеби менен жакындан тааныштырды. Алгач Ү. Акынбековдун мурасканасын көрсөттү.

- Үсөнбай Акынбеков Өзгөрүш айылында жашаган элдин 60% окуткан. Ал 40 жылдан ашык мугалим болуп иштесе, анын ичинен 15 жыл мектеп директору болгон. Беш жыл райондук билим берүү бөлүмүн жетектеген. Элдин демилгеси, мектептин педагогикалык кеңешинин чечими менен 2001-жылы октябрь айында мектепке анын аты ыйгарылган. Музейди уюштурууда анын балдары демилге көтөрүп, окуучулук кездеги дептерлери, колдонгон китептери, окуган журналдары ж.б.у.с. баарын алып келип беришти. 12 баласы тең жогорку билимдүүлөр. Көбүнчөсү дарыгерлер жана мугалимдер, — деди Р.Сулайманкулов.


Эмне үчүн ушул мектепти көрсөткөнү тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбеков учкай кеп кылып өттү.

- Ар бир мектептин тарыхы бар. Бул мектеп жөнөкөй мектептердин эле катарында болуп келген. Бирок Рыскулбек агай келгени менен акыркы 2-3 жыл ичинде мектеп алдыңкы орунга чыкты. Айтайын дегеним эмгек менен ийгиликке жетсе болот экен. Бүгүнкү темабыз «Натыйжалуу башкаруу». Бул жерден сиздер мектепти кантип алдыга сүрөп чыгарганы тууралуу баяндама угасыздар, — деди башчы.


Ошентип сөз лидер директорго берилип, ал мектепте кийинки учурларда жакшы нерселер болуп жатканына токтолду. Мектеп 624 орундуу болсо, учурда 845 окуучу билим алып жатыптыр. 62 мугалим эмгектенет.


- Мектеп директору — мектептеги бардык нерселердин жооптуусу дагы, уюштуруучусу дагы. Советтер Союзу ыдыраганы мектептердин материалдык базаларын борбордоштурулуп камсыздоо (жабдылоо) жоюлду, мамлекеттик бюджет мектептин бүгүнкү күндөгү муктаждыктарын толук камсыздоого жетишсиз. Ошондуктан мезгил талабы болуп директор, заманбап тил менен айтканда менеджер да болуусу абзел. Негизинен мектеп мурдагы деңгээлде калып, ага болгон талап-мүдөөлөр көбөйдү. Бүгүнкү күндө ата-энелердин арасында дагы билимдүүлөрү, маалыматы кенендери болуп, талаптарды дагы ар түрдүү жана курч болгондуктан мектеп директорунун деңгээли аларды түшүнүү жана түшүндүрүү жолу менен багыттай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу абзел. Ата-энелердин чогулуштарында мектеп директорунун сөзү таасирлүү жана ынанымдуу болуп, педагогикалык маданиятынын жогорку экендигин тастыктап туруусу керек. Ата-энелер үчүн директор башкаруучу гана эмес, педагогикалык лидер, чыгармачыл жетекчи дагы болуусу максатка ылайыктуу. Жыйынтыктаганда мектеп директору бир эле мезгилде мугалим-агартуучу, менеджер, чарбакер, юрист, психолог, финансист, чыгармачыл адам дагы болуусу билим берүү тармагынын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүдө негизги ролду ойноору белгилүү. Мамлекеттин дагы, жалпы коомчулуктун дагы бул багытта колдоосу дагы, жасай турган иштери арбын, — деди лидер директор. 


Башкаруу деген эмне?


Уюмдун жашоо ишмердигинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоодо негизги ролду ырааттуу иш-аракеттер аркылуу башкаруу ойнойт. Башкаруу — бул алдыга коюлган максаттарга башка адамдардын эмгегин, акыл-эсин, жүрүм-турумдагы мүдөөсүн пайдалануу менен жетише билүү. Башкаруу же англисче «менеджмент» — бул функция, ишмердиктин түрү, бул ошондой эле ошол функцияны аткарууга жардам берүүчү билим тармагы. Башкаруу дегенде негизинен белгиленген максатка ылайык чечимдерди иштеп чыгып, жетектөө объектисин уюштурууну, көзөмөлдөөнү жөнгө салып турууну, анык маалыматтарды талдоону жана аларга таянып жыйынтык чыгарууну түшүнөбүз. Башкаруу негизги бири-бири менен тыгыз байланыштагы төрт компоненттен турат: пландоо — уюштуруу — жетектөө — көзөмөлдөө (контроль).


1. Пландоо — бул иш-аракеттердин ырааттуулугун тандоо чечимин кабыл алуу.

Пландоого төмөнкү иштер кирет: Соңку натыйжаны белгилөө үчүн милдеттерди коюу; милдеттерди орундоонун ыкмаларын, мөөнөтүн жана аларды аткаруучуларды үчүн тактика иштеп чыгуу; пайдалануучу каражаттардын наркын аныктоо үчүн бюджет иштеп чыгуу; кайталануучу кырдаалдарда чечим кабыл алуу үчүн эрежелерди иштеп чыгуу.


2. Уюштуруу процесси — бул уюмдагы өз ара мамилелерди калыптандыруу жана милдеттерди бөлүштүрүү. Уюштуруу иш төмөнкүдөн турат:

Уюмдагы отчеттуулукту отчет берүүнүн жана башкаруунун так тутуму аркылуу камсыздоо үчүн уюштуруу түзүмүн иштеп чыгуу; жалпы милдеттерди орундоо үчүн биргелешип иштей турган команда түзүү; кызматкерлер ишин так аткарышы үчүн кызмат иштерин сыпаттоо; жумуш планын аткаруу үчүн кызматкерлердин иштерин бөлүштүрүү; кадр тандоо — уюм түзүмүн кызматкерлер менен толуктоо.


3. Жетектөө (кызыктыруу (мотивациялоо)). Багыт берүү — булар уюмдун программалык (пландык) милдеттерин аткаруу үчүн адамдардын максаттуу иштөөсүн колдоону билдирет.

Жетектөөгө төмөнкүдөй иштер кирет: кызматкерлердин иште ишенимдүү болушу үчүн кызыктыруу; уюмдун ичиндеги жана тышкы өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу үчүн кызматкерлердин милдеттерин бөлүштүрүү; айырмачылыктарды (ар кимдин эмгегине, жөндөмүнө ж.б. профессилоналдык сапаттарына карата) эске алууну кепилдөө жана натыйжалуу өнөктөш милдеттерди өнүктүрүү үчүн конфликттерди жөнгө салып туруу; пландагы милдеттерди аткаруудагы чыгармачылыкты жана ийкемдүүлүктү колдоп туруу; ишти натыйжалуу аткаруу үчүн кызматкерлерге зарыл маалыматтарды берип туруу.


4. Көзөмөлдөө — натыйжаларга жетишүү үчүн ишмердикти башкаруу. Көзөмөлдөөгө төмөнкүдөй иштер кирет: тийиштүү маалыматтарды чогултууга кепилдик бергидей маалымат башкаруу тутумун түзүү; учурдагы кырдаалды белгиленген максаттар жана милдеттер менен салыштыруу аркылуу долбоордун (ишмердиктин) канчалык жакшы жүзөгө ашырып жаткандыгын өлчөө (мониторинг); ишмердик жөнүндө отчет даярдоо; кызматкерлердин өз милдеттерин ааткаруу ишмердигине мониторинг жүргүзүү; бейформал кайтарым байланышты (мунун ичинен оң маанидеги байланышты жана алгылыктуу сынды) туруктуу түрдө камсыздоо; кызматкерлер аткарган ишти жана жетишилген натыйжаларды белгилөө үчүн баалоо; уюмдун ичиндеги жана тышкарындагы өзгөрүүлөргө шайкеш келтирүү үчүн пландарды белгилөө.

Ар бир жетекчи кызматкерлерин кандай баалагандыгына, көзөмөлдөө милдетин кандай түшүнөрүн, мыкты мектепти кандай элестеткендигине жараша көзөмөлдү өзүнчө жүргүзөрү да анык. Бул иштеги айырмачылыктарды көзөмөл терминине берилип жүргөн ар башка аныктамадан эле көрсөк болот.


1. Көзөмөлдөө — жетекчи кол алдындагыларга көрсөтүшү мүмкүн болгон кесипкөй көмөк; 

Көзөмөлдөө — кырдаалды туура баалап, уюмдун ишмердигине түзөтүү киргизүүнү камсыздоо;

Көзөмөлдөө — адамдарды ийгиликке баштап баруу ыкмасы;

Көзөмөлдөө — бул уюмдун максаттарына жетишүүсүн камсыздоо процесси.


Тыянак: 

Башкаруунун бардык процесстеринде төмөнкүдөй бир өңчөй иштер аткарылат: 

Максат коюу — уюмдун келечектеги абалын аныктоо. 

Стратегияны калыптандыруу — максатка жетишүү ыкмаларын аныктоо. 

Ишти пландоо — конкреттүү аткаруучуларга милдеттердин ырааттуулугун аныктап берүү. 

Ишти долборлоо — аткаруучулардын жумуш функцияларын аныктоо. 

Кызматкерлердин ишмердикке болгон мүдөөсүн ойготуу, иштөөгө түрткү берүү. 

Ишти координациялоо — аткаруучулардын иш-аракеттерин макулдаштыруу, бир нукка берүү жана жалпы иштин ырааттуулугун камсыздоо. 

Жумушту баалоо — эмгек натыйжаларын өлчөө жана талдоо. 

Иштин жүрүшүн көзөмөлдөө — эмгек натыйжаларын коюлган максаттар менен салыштыруу. 

Кайтарым байланыш — максаттарга түзөтүү киргизүү.


Ошентип, Рыскулбек Сулайманкулов кантип мектепти алдыңкы сапка кошконун слайд аркылуу айтып берди. Анын ишин толугу менен берүүнү туура чечтик, мүмкүн айрым мектеп жетекчилерине бул иш үлгү болоордур.


Ү.Акынбеков мектебинин бүтүрүүчүлөрү дагы сыртта калбай жакындан жардам беришери айтылды. Маселен, Бактыбек Козубаев деген жигит өзү жалгыз эле билим уясына 702 миң сомдук эмеректер менен камсыздаса, Ү.Акынбековдун бир баласы 68 миң сомдук ишти жасап берген. Кызы Чолпон Акынбекова мектептин 3-кабатынын фойесин жасалгалап берген экен. Дегеле Талас жергесинде ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн салымы менен мектептер көп иштерин бүтүрүп алышат экен. Ата-энелер мектепке 1000 сомдук демөөрчүлүк бул жардам эмес дешет экен, эң аз дегенде 50 миң сомдук иштерди аткарышканын өз көзүбүз менен көрүп, угуп, бул тажрыйбаны жалпы республикага жайылтуу зарыл экенин белгиледик.


Семинардын катышуучулары Таласта мекенчил инсандардын көп экенин, өзгөчө көзү өтүп кеткен билим берүү тармагына зор салым кошкондордун балдары билим уясынан эч нерсе аяшпаарына таң беришти. Дагы бир мисал, Дооронбек Дүйшөбаев аттуу инсан Боотерек айылына элин демилгелеп ашар жолу менен мектеп курушуптур. Ал мектепке жергиликтүү тургундар демилгечи, көп жыл мугалим болуп эмгектенген Дооронбек агайдын ысымын ыйгарышыптыр. Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жылытуу системасын өз каражатына киргизип берген анын баласы Марат Дооронбеков экенин да мектеп жетекчиси Гүлнара Сатымкулова белгилеп өттү. Албетте, ар бир аймакта мындай жакшы демилгелер бар, бирок Талас облусунда бул турулуу, «мыйзам» катары кабыл алынып калыптыр. Таластык ата-энелер эбак эле ойгонуп, билим берүү системасын жапа тырмак туруп оңдоп кетүү жолуна эбак эле түшүшүптүр.


- Биздегидей арыз жазып, билим берүү бекер деп отурушпайт экен. Көргөн-уккандарыбызды ата-энелерге айтып, көрсөтүп да беребиз, — дешти көлдүк жетекчилер.

Бул мектептен кийин «Гүлзар» бала бакчасы, В.И.Ленин атындагы жана Д.Дүйшөбаев атындагы мектептердин иш-аракеттери менен таанышып, семинардын катышуучулары тажрыйба куржунун толтурушту.

Баса, Боотерек айылындагы Д.Дүйшөбаев атындагы мектепте эки аймактын мектеп жетекчилери волейбол, теннис жана аркан тартышмай боюнча мелдешке чыгышты. Жыйынтыгында жетиөгүздүктөр спорт жагынан да күчтүү экенин тастыктай алышты. Эң башкысы, мен кыйын сен кыйын эмес, достук жеңди.


Сөз жетекчилерде

 

Догдуркүл Кендирбаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору: 


- Мектеп директорлору жерине келгенде айтылган жакшы элементтерди ишке ашырганда иш-чарабыз толук максатына жетти деп айтсак болот. Мага эмне жакты? Биринчиси — Бакай-Ата районундагы В.И.Ленин атындагы мектептин мугалимдери тестирлөө программасын өздөрү иштеп чыгып, баланын жетишкендигин мугалимдер менен катар ата-энелер кошо баалаганы. Экинчиден, коомчулуктун мүмкүнчүлүгүн мектепти жакшыртуу үчүн тартуу иштери. Үчүнчүсү — бардык мектептерде көмөкчү чарбаны уюштуруудагы өзгөчөлүк. Төртүнчү артыкчылыктары — бала бакчаларын уюштуруудагы жигердүү иштери. Мисалы, Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунда шайкеш келген (оптимизацияланган) имараттарды алып, бала бакчаларды ачышкан. Эң негизгиси, ата-энелер, коомчулук менен биргелешип иш алып барганы жакшы жолго коюлуптур. 


Саадат Чекирова, Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы: 

- Иш сапарыбыз максатына жетти. Мектеп ысык тамагын ойлосок, көмөкчү чарбаларды жакшылап уюштуруу керек экенин көрдүк. Айрым мектептерде 5-6-класстын балдары ысык тамак ичишет экен. Бул абдан жакшы. Мамлекет бөлгөн жети сомго ата-энелер кошумча каражат берип, айрым учурда компотко как, тамакка кошконго картошка, сабиз, пиязын берген учурлары дагы жок эмес экен. Бир сөз менен айтканда, таластык кесиптештер ысык тамакты жогорку деңгээлде уюштуруп коюшуптур. Кайсы мектепке кирбейли чоң таасир калтырды. Биз быйылкы окуу жылында үч мектепти ысык тамак берүүгө киргизип жатабыз. Таласта айрым мектептер айыл өкмөттүн дотациясында экен. Бизде ал жок. Бирок айыл өкмөтүнөн деле акча сурабай туруп ысык тамакты киргизсе болот экен. Көмөкчү чарбалары жакшы жолго коюлуптур. Таластын эли аябай эмгекчил, өтө чыгармачылык менен иштешет экен. Ата-энелер мектепке жүрөгү менен жардам беришкенин көрүп, таң бердик. Өзүбүздүн директорлор менен сүйлөштүк, жаңы окуу жылынан тарта ата-энелерди колдон-буттан алып, маселени кабыргасынан коюп, биз дагы бардык мектептерге ысык тамакты киргизели деп. Ал үчүн элге сөзү өтө турган, таасирдүү ата-энелер менен бирге практикалык иштерди өткөрүүбүз зарыл. Таластан көргөн-билгендерибизди слайд аркылуу коомчулукка жеткирүүнү чечтик. Ысык тамак боюнча коомчулукка жеткирип, элди ойготуу керек. Терең ишенип турам ата-эненин жүрөгүнө жетсе, бизде дагы бул иш алдыга жылат.


Акылай Асаналиева, К.Чылабаев атындагы орто мектептин директору, Барскон айылы: 

- Ү.Акынбеков атындагы мектептин директорунун менеджерлик аракеттери, глобалдашуу доорунда билим берүүнүн ыкмаларын, аны кантип уюштуруш керек, балдарды эмнеге кызыктыруу зарыл экени, жамааттын жагдайы тууралуу кененирээк маалымат алдык. Талас жергесинин тарыхый жерлерин көрдүк. Мисалы, «Манас» эпосу менен байланышкан Т.Герцен сүрөтчүнүн илхомунун келиши мени абдан таасирлентти. Манасчыларга эле түш аркылуу аян бербестен, Теодор Герценге дагы түшүндө аян берилип, биринчи жолу кандайдыр бир элестер түшүнө келип, ошонун негизинде Манастын образын тартып чыккан экен. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн эч ким тарта алган эмес. Бул тууралуу маалыматты мен биринчи жолу уктум. Көрсө, бул жөнөкөй нерсе эмес экен. Манас бабабыз ого бетер башкача залкар экенин, залкар тарых, залкар эл экенибизге ынандым. Манас бабабыз өсүп-өнгөн жердеги элдин жашоо-шарты дагы абдан толкундатты. Билим берүү жаатындагы жаңылыктар, өзгөчөлүктөр, иш-аракеттер, көптөгөн жаңычылдыктарды көрдүк. Ар бир иште өзүңө үлгү кылчу, кайталанбаган нерселер табылат. Биз жөнөкөйлүктөн (примитивдүүлүктөн) өйдө чыгышыбыз керек экен. Жөнөкөй, тапталган нерсени таштап, жаңы нерсени алып чыгыш керек. Интерактивдүү доскалар, жабдыктар менен жаңыча сабак өтүлүп турса, жаңычылдык балдардын аң-сезимин ого бетер өстүрмөк. Убакыт үнөмдөлүп, көп маалымат бергенге шарт түзүлөт. 


Жыпар Курманалиева, Ж.Жунушев атындагы мектептин биология мугалими, Жети-Өгүз району: 

- Рыскулбек Сулайманкулов агай чарбачыл директор экени көрүнүп турат. Босогосунан баштап бардыгы өз ордунда турганын байкадым. Демөөрчүлөрдүн колдоосу, элдин пейили жакты. Ү.Акынбековдун көзү өтүп кетсе дагы, анын атын өчүрбөө максатында балдары мектепке демөөрчүлүк кылып турушат экен. Мектеп таза, тыкан, эмеректер менен жаңыланыптыр. Документтери талапка ылайык жүрүп жатканы көрүнүп турат. 


Гүлкайыр Темирбекова, «Гүлзар» бала бакчасынын директору, Бакай-Ата району: 

- Ата-энелердин жана айыл өкмөттүн жардамы менен ачылган. 6 тайпадан турган 180 тарбиялануучу бар. Анын ичинен эки тайпа орус тилдүү. 480 сааттык «Наристе» программасынын алкагында 56 бала тарбияланып, алар үчүн керектүү шарттар түзүлүп, педагогдор үчүн усулдук колдонмолор менен жабдылган. 2015-2016-окуу жылында бакчага наркы 150 миң сомдук кир жуучу жай жана 134 миң сомдук ички ажааткана тургузулуп ишке берилди. Бакчанын ички тазалыгы жана жылуулугу санитардык нормага жооп берет. Балдарга бир күндө үч маал ысык тамак берилет. Тамак-ашты ата-энелер каржыласа, коммуналдык чыгымдарды, отун, көмүр жана электр энергиясы жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Атайын балдардын жол коопсуздугун үйрөтүү үчүн жасалган аянтча бар. Балдар муз тебе турган жабдыктар айылга тарап кеткен эле, кайра ата-энелер чогултуп алып келишти.


Курманбек Мамбеталиев, В.И.Ленин атындагы инновациялык мектептин директору, Бакай-Ата району: 

- Мектепте 75 мугалим эмгектенет, алардын ичинен 28 мугалим эл агартуунун мыктысы. Бирөө эмгек сиңирген мугалим. Мектепте сегиз усулдук бирикме, насаатчылар клубу иштейт. Инновациялык мектептин жобосуна ылайык эки проблемага токтолсок болот. Биринчиси — педагогикалык жамааттын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып туруу, экинчиси — окуучулардын билим сапатын жана шыгын жогорулатуу. Бул иш-чаралар боюнча эмнелерди аткарып жатабыз? Бизде кластердик мектептерибиз бар. Жобонун негизинде биздин мектептин кластери болуп бизден 5-6 км. аралыкта жайгашкан беш-алты мектеп бар. Ошол кластер мектептер менен иш алып барабыз. Мектептеги ар бир иш-чара биринчи кезекте кластерлик мектептерге жайылтылат, андан соң жалпы райондук мектептерге өтөбүз. Ийгиликтерден айта кетсем, жаштар менен насаатчылардын иш-чаралары, тесттик материалдар менен иш жүргүзүү. Окуучулардын билим сапатын көтөрүү боюнча ар бир айылда тестирлөө борборубуз бар. Аттестациянын моделин иштеп чыкканбыз. Аттестациядан райондук масштабда окуу-тарбия завучтарын өткөрдүк.


20 кабинетти ремонттоодо ата-энелер 340 миң сом сарпташты. Биз аралашкан жокпуз. Ата-энелер өздөрү материалын алып, өздөрү уста жалдап, бүткөрүп беришти. Бир класс бир класска окшобойт, ата-энелердин көз карашы, чыгармачылыгы менен даярдалды. Мен 25 жыл директор болуп иштедим. Авторитардык башкаруу болбойт экен, жамаат менен тил табышып иштей баштаганда гана ийгиликтер жаралат. Атаандаштык болгон жерде гана ийгилик болот. Бизде «Манас ата урпактары» биримдиги иштейт. Анын кошун башчысы келип, мыкты окугандарга белек, стипендия берет. Классты футбол ойнотот, экскурсияга алып чыгат ж.б.у.с. иштер менен алектенет. Кошун башчылары спорт инвентарларга 15 миң сом чогултуп, Бишкекке барып топ ж.б. алып келип беришти. 47 класс комплекти бар.


Тажрыйба алмашуу демилгеси мурда деле болуп келген. Бирок бул уюштурулган билим кербендин таасири жагып жатат. Конок келет дегенде адам тазаланат, келгендерден идеялар чыгат дегендей.


Биздин мектептерде деле жер жок болчу, бул жерлер аракеттер менен келди. Айыл өкмөттөрүнө кайрылып, өзүбүздү багалы деп чуркап жүрүп алган жерлер. Ар бир мектепке эки гектардан жер бергиле деп чыкканбыз. Боотерек айылындагы Д.Дүйшөбаев атындагы мектеп үч гектар жерди алып, үч түрлүү айдап, өзүн өзү каржылап калды. Бизде төрт гектар бар, алма бак, 164 түп кара өрүк бар. Алмалардан как жасап алдык. Санап көрсөк бир күндө 20 миң сом болуптур. Ушунун баарын өкмөттөн сураш керек эле. Мектеп директорлору мени менеджер директор деп ат берип коюшкан. Бир мектеп экинчини көрүп өнүгүп өсө берет экен. «Балаңыз рахат алып окусун» деп ата-энелерди дагы мектепке тартып алдык, ошентип балдар 15-26 сомдун тегерегинде тамак ичишет. Бизге эч ким жолтоо болгон жок. Мурда бизге бөлүнгөн территориябызды пайдаланган эмеспиз, эми ал жерден тонналап сабиз алдык. Күнөскананы бүтүп калдык, суукта 2 тонна бадыраңды балдардын тамагына, 2 тоннаны сатыкка коелу деп пландап жатабыз.

(уландысы кийинки санда)

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим», 

Бишкек — Бакай-Ата — Кара-Буура — Бишкек

Акыркы жаңылыктар

15.11.2017

Радиомектеп: «Жайлоо өнүктүрүу борборлрунун наристелерди өнүктүрүүдөгү ролу»

Тема «Жайлоо өнүктүрүу борборлрунун наристелерди өнүктүрүүдөгү ролу» Участники: Асылбек Жоодонбеков - Жайлоо өнүктүрүү борборлору долбоорунун координатору Азада Арзыбаева -Кадамжай районундагы «Акылман» бала бакчасынын тарбиячысы Зина Баялиева – Талас районунун акиминин орун басары Чынар Табылдиева – Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөочү адиси Дата выхода: 02.09.17  
15.11.2017

Пресс релиз «Ыр дайра» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Нурлан Калыбеков менен Рысбай Исаковдун чыгармачылыгына арналат. Кече 2017-жылдын 17-ноябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз ...
13.11.2017

«Бешик ырлары» сынагы жыйынтыкталды

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен өнөктөштүктө өткөргөн республикалык Бешик ырлары сынагы жакында жыйынтыкталды. 2017-жылдын 10-ноябрь күнү адистерден турган кадыр-барктуу жюри келип түшкөн ырларды Жобого ылайык үч критерий – ырдын мазмууну, обону жана аткаруучулук чеберчилиги боюнча баалап, жеӊүүчүлөрдү аныктады. Биринчи ...
07.11.2017

«Радиомектеп»: «Күндүн ысык мезгилинде наристелердин ден соолук коопсуздугу»

Тема: «Күндүн ысык мезгилинде наристелердин ден соолук коопсуздугу» Участники: Рыскүл Чыналиева - Бишкек шаарындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Дата выхода: 29.07.17
06.11.2017

«Поэзия кечелери»: Нурлан Калыбеков, Рысбай Исаков

Сизди Кыргыз Элинин белгилүү акындары Нурлан Калыбеков менен Рысбай Исаковдун "Ыр дайра" аттуу поэзия кечесине чакырабыз. Кече 17-ноябрда Улуттук филармониянын кичи залында саат 17.00 башталып 18.30 аяктайт.
02.11.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын ноябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын ноябрынаиш-чараларынын дайджести         2-ноябрь - «Мекендештер» мейман лекциялары Качан: 2-ноябрь, 12:30 Кайда: Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун башкы корпусу, 212-аудитория «Эки тараптуу соода талаштарын чечүүнүн механизмдери.Эл аралык мамилелер жана көп тараптуу соода тутумунун мүмкүнчүлүктөрү». Кыргызстандын АКШдагы Экс-элчиси, КРнын БУУ/ДСУдагытуруктуу өкүлү, Азия өнүктүрүү банкынын ...
02.11.2017

«Радиомектеп»: Балдар арасындагы анемия, кантип анын алдын алабыз?

Тема: Балдар арасындагы анемия, кантип анын алдын алабыз? Катышуучу: Черикчиева Айгүл – Энеликти жана балалыкты коргоо борборунун балдар гемотологиясы бөлүмүнүн дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты
01.11.2017

«Радиомектеп»: Масару Ибуконун «3 жаштан кийин кеч китебинин наристелерди тарбиялоолдогу мааниси»

Тема: Масару Ибуконун «3 жаштан кийин кеч китебинин наристелерди тарбиялоолдогу мааниси» Участник: Асылбек Жоодонбеков – педагог, китепти кыргыз тилине которгон  
30.10.2017

ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ - Борбордук Азияда билим берүүдөгү мыкты долбоор атанды

2017-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында Борбордук азиялык EVENT AWARDS CENTRAL ASIA сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш чарасы болуп өттү. Көп сандаган долбоорлордун ичинен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору «Борбордук Азиядагы билим берүүчү мыкты иш-чара» номинациясынын жеңүүчүсү болду. EVENT AWARDS CENTRAL ASIA – Борбордук Азиялык кесиптик көз карандысыз сыйлык, ал атайын иш-чараларды жана окуялык маркетингди ...
25.10.2017

«Достук симфониясы» - «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунун ачылышын өткөрүп жибербегиле

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониясы менен бирдикте «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын жаңы сезонун баштайт.   22-ноябрда саат 15.00дө Улуттук филармониянын кичи залында жаш музыканттардын жана Япониядан келген дирижер Кензи Хиротака мырзанын катышуусу менен Абдраев атындагы музыкалык мектептин Симфониялык оркестринин концерти өтөт.   Балдар үчүн балдар ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»