Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү Окуу жүрүштөрү

11.11.2016

Нарын жана Ош областтарынын мугалимдеринин Бишкек шаарынин билим берүүчү мекемелерине алмашуу визити болуп өттү

2016-жылдын 2-ноябрынан 4-ноябрына чейин Нарын жана Ош областтарынын мугалимдеринин Бишкек шаарынын билим берүүчү мекемелерине алмашуу визити болуп өттү.


№68, №69 гимназиялардын, ошондой эле №5 компьютердик гимназиянын иш тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Нарын областынын Кочкор районундагы С.Өмүрбаев атындагы жана К.Мамбеталиев атындагы мектептеринин мугалимдери жана Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин алдындагы лицейдин жана балдар бакчасынын мугалимдери борбор шаарга келди.


№68, №69 жана №5 гимназиялардын жамааттары региондордон келген өз кесиптештерин мээримдүү тосуп алышты жана мекеменин иши менен тааныштырды, окутуу методикасы, гимназиялардын программасына жаңы чет тилдерди киргизүү боюнча маалыматты бөлүштү. Гимназиялардын жетекчиликтери көзөмөлчү жана ата-энелер кеңештери менен иштөө, мектептердин имараттарынын абалын жакшыртуу жана техникалык жабдуу жагынан долбоорлорду түзүү боюнча иш тажрыйбасын бөлүштү.


Белгилеп кетүү керек, шаардык гимназиялардын кабинеттеринин көп бөлүгү интерактивдүү доскалар менен жабылган, интернет өткөрүлгөн, бул мектеп окуучулары жаңы маалыматтарды өздөштүрүүсүн бир нече эсе тездетет, ошондой эле жакшыртат. Англис тилинен тышкары, бул жерде немец, француз жана кытай тилдерин тереңдетип үйрөнүшөт. Окуучулары «Кытай көпүрөсү» эл аралык конкурсунда бир нече жолу байгелүү орундарды ээлеген. Ага Хан Фондунун «Устат-Шакирт» долбоорунун колдоосу менен окуучуларда улуттук музыкалык аспаптарда ойноого үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул гимназиялардын ар бири келип түшкөн акчалар жана аларды пайдалануу жөнүндө ай сайын кең-кесири отчет бере тургандыгын белгилебей коюуга болбойт, отчеттор экинчи кабатта илинип турат жана каалаган ар бир адамга жеткиликтүү.


Гимназиялардын ар бир окутуучусунун предметтик портфолиосу да региондордон келген мугалимдер үчүн жаңылык болуп калды. Жаңылык жактырылды жана эске алынды.


Визиттин жыйынтыктары боюнча окутуучулар Кочкор районунун мектептеринин жана ОшМУнун алдындагы лицейдин окуучуларына шаардык гимназиялардын материалдарын үйрөтүү, ошондой эле шаардык гимназиялардын окуучуларына айыл жериндеги адамдардын жашоосу жана турмуш-тиричилиги менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында окуучулардын өз ара визиттеринин мүмкүнчүлүгүн талкуулады.


Мейман делегациялар мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын арасындагы Кыргыз элдик оюндарынын шаардык фестивалына катыша алды. Ошондой эле алар белгилүү публицист, журналист жана акын Алым Токтомушевдин эстелигине арналган кечеге катышты, ал жерде «Балдарга базарлык» китебинин презентациясы өттү.


Визиттин жүрүшүндө ошондой эле мугалимдердин делегациясынын Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И. Отунбаева менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун учурунда мугалимдер алардын алмашуу визиттерин уюштуруу боюнча демилгеси үчүн ыраазычылык айтышты, бул долбоор улантылат жана Фонд уюштурган маданий иш-чаралар өлкөнүн бардык региондорунда өткөрүлөт деген ниетин билдирди.


Мугалимдердин алмашуу визити пилоттук долбоор болуп саналат жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана Бишкек шаарынын Мэриясынын колдоосу менен өткөрүлдү.


Акыркы жаңылыктар

15.11.2017

Радиомектеп: «Жайлоо өнүктүрүу борборлрунун наристелерди өнүктүрүүдөгү ролу»

Тема «Жайлоо өнүктүрүу борборлрунун наристелерди өнүктүрүүдөгү ролу» Участники: Асылбек Жоодонбеков - Жайлоо өнүктүрүү борборлору долбоорунун координатору Азада Арзыбаева -Кадамжай районундагы «Акылман» бала бакчасынын тарбиячысы Зина Баялиева – Талас районунун акиминин орун басары Чынар Табылдиева – Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөочү адиси Дата выхода: 02.09.17  
15.11.2017

Пресс релиз «Ыр дайра» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Нурлан Калыбеков менен Рысбай Исаковдун чыгармачылыгына арналат. Кече 2017-жылдын 17-ноябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз ...
13.11.2017

«Бешик ырлары» сынагы жыйынтыкталды

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен өнөктөштүктө өткөргөн республикалык Бешик ырлары сынагы жакында жыйынтыкталды. 2017-жылдын 10-ноябрь күнү адистерден турган кадыр-барктуу жюри келип түшкөн ырларды Жобого ылайык үч критерий – ырдын мазмууну, обону жана аткаруучулук чеберчилиги боюнча баалап, жеӊүүчүлөрдү аныктады. Биринчи ...
07.11.2017

«Радиомектеп»: «Күндүн ысык мезгилинде наристелердин ден соолук коопсуздугу»

Тема: «Күндүн ысык мезгилинде наристелердин ден соолук коопсуздугу» Участники: Рыскүл Чыналиева - Бишкек шаарындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Дата выхода: 29.07.17
06.11.2017

«Поэзия кечелери»: Нурлан Калыбеков, Рысбай Исаков

Сизди Кыргыз Элинин белгилүү акындары Нурлан Калыбеков менен Рысбай Исаковдун "Ыр дайра" аттуу поэзия кечесине чакырабыз. Кече 17-ноябрда Улуттук филармониянын кичи залында саат 17.00 башталып 18.30 аяктайт.
02.11.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын ноябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын ноябрынаиш-чараларынын дайджести         2-ноябрь - «Мекендештер» мейман лекциялары Качан: 2-ноябрь, 12:30 Кайда: Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун башкы корпусу, 212-аудитория «Эки тараптуу соода талаштарын чечүүнүн механизмдери.Эл аралык мамилелер жана көп тараптуу соода тутумунун мүмкүнчүлүктөрү». Кыргызстандын АКШдагы Экс-элчиси, КРнын БУУ/ДСУдагытуруктуу өкүлү, Азия өнүктүрүү банкынын ...
02.11.2017

«Радиомектеп»: Балдар арасындагы анемия, кантип анын алдын алабыз?

Тема: Балдар арасындагы анемия, кантип анын алдын алабыз? Катышуучу: Черикчиева Айгүл – Энеликти жана балалыкты коргоо борборунун балдар гемотологиясы бөлүмүнүн дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты
01.11.2017

«Радиомектеп»: Масару Ибуконун «3 жаштан кийин кеч китебинин наристелерди тарбиялоолдогу мааниси»

Тема: Масару Ибуконун «3 жаштан кийин кеч китебинин наристелерди тарбиялоолдогу мааниси» Участник: Асылбек Жоодонбеков – педагог, китепти кыргыз тилине которгон  
30.10.2017

ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ - Борбордук Азияда билим берүүдөгү мыкты долбоор атанды

2017-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында Борбордук азиялык EVENT AWARDS CENTRAL ASIA сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш чарасы болуп өттү. Көп сандаган долбоорлордун ичинен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору «Борбордук Азиядагы билим берүүчү мыкты иш-чара» номинациясынын жеңүүчүсү болду. EVENT AWARDS CENTRAL ASIA – Борбордук Азиялык кесиптик көз карандысыз сыйлык, ал атайын иш-чараларды жана окуялык маркетингди ...
25.10.2017

«Достук симфониясы» - «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунун ачылышын өткөрүп жибербегиле

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониясы менен бирдикте «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын жаңы сезонун баштайт.   22-ноябрда саат 15.00дө Улуттук филармониянын кичи залында жаш музыканттардын жана Япониядан келген дирижер Кензи Хиротака мырзанын катышуусу менен Абдраев атындагы музыкалык мектептин Симфониялык оркестринин концерти өтөт.   Балдар үчүн балдар ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»