Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү Окуу жүрүштөрү

20.04.2017

«Маданий иш-чараларды уюштуруу: интернет-технологияларды пайдалануу» семинары көркөм өнөрдүн жана маданияттын ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн чогултту

Семинар боюнча пост-релиз

Маданий иш-чараларды уюштуруу: интернет-технологияларды пайдалануу

2017-жылдын 15-17-апрели

 

Семинар Бишкекти жана Кыргызстандын региондорун билдирген көркөм өнөрдүн жана маданияттын ар кыл чөйрөлөрүнөн 50дөн ашык адамды чогултту. Социалдык жана экономикалык илимдер университетинен (Теодор Шанин университети) келген эксперттер даярдаган семинардын программасы угуучуларга акысыз платформаларда сайттарды түзүү үчүн интернет технологиялардын спектрин, социалдык тармактардан беттерди түзүү боюнча ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү жана бюджети чакан же бюджети жок маданий иш-чараларды алга илгерилетүү ыкмаларын сунуш кылды.

 

Сайтка кирүүгө эмне таасир этет, маданий ивенттин ийгиликтүүлүгү үчүн кандай факторлор маанилүү, көбүрөөк камтуу үчүн эмнени эске алуу керек – ушулардын бардыгы семинарда каралды.

 

Теория топтордогу практикалык иш менен бекемделди. Семинар «Азыркы көркөм өнөрдөгү айымдар – балдарга» долбоорунун алкагында Швейцариянын Элчилигинин колдоосу менен өткөрүлдү.

 

Уюмдун өзү, алдыдагы иш-чаралар жөнүндө маалымат жайгаша турган сайт, окуялардын календары жок болгон учурда аудитория менен иштөөгө заманбап ыкмалардын жоктугу көптөгөн маданият уюмдарынын көйгөйү болуп калууда. Компьютердин жана интернеттин жоктугуна шылтоону көйгөй деп айтууга болбойт. Маалыматты жайгаштыруу жөнүндө маселени ар кандай андроидде жеткиликтүү болгон социалдык тармактардагы беттер аркылуу чечүүгө болот.

 

Катышуучулар белгилегендей, бул семинар аудитория жагындагы коммуникациянын мүмкүнчүлүктөрүнө жаңыча кароого мүмкүндүк берди, маданий окуяларды уюштурууда чыгармачыл ыкмага түрткү берди.

 

Семинардын программасы ЖМК менен иштөөдө жана демөөрчүлөр, донорлор менен иштөөдө долбоорлордун жана маданий иш-чаралардын ишинин жана презентацияларынын маселелерин камтыды. Пресс-релиздерди жазуунун, видео жана фото материалдарды даярдоонун нюанстарын камтыды.

 

Семинардын программасы маданий уюмдардын – музейлердин, театрлардын, айрым артисттердин, чыгармачыл уюмдардын ишин уюштуруу үчүн интернет-технологияларды пайдалануунун эбегейсиз зор, иш жүзүндө чексиз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

 

Акысыз сайттарды, коллекцияларды, фото жана видео материалдарды сактоо үчүн жерлерди түзүүгө өбөлгөлөр, домен, хостинг түшүнүктөрү, дүйнөнүн маданий мекемелеринин сайттарынын мыкты мисалдары.

 

Семинардын катышуучуларына өзүнүн кайрылуусунда КР экс-Президенти Р.И. Отунбаева мындай деп белгиледи: «Азыркы учурда маданият жана көркөм өнөр чөйрөсү ишке ашыруу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү берет, көп сандаган жумуш орундарын жана акча табуу мүмкүнчүлүгүн берет. Дал туризм менен маданият – булар өлкөнүн өнүгүшүнүн эки башкы пункту. Андыктан ушул тармакта эмгектенгендердин бардыгы биригүүгө, көбүрөөк жаңы жана кызыктуу, талап кылынуучу формаларды жана продуктуларды түзүүгө, маданий иш-чаралар жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тийиш. Ушул жаңы маданий жана туристтик продуктуларга интернет, социалдык тармактар, сайттар аркылуу жеткиликтүүлүктү уюштуруу керек.»

 

 

Семинардын эскперттик тобу жөнүндө маалымат

 

Лукинова Ольга Владимировна, Москвадагы социалдык жана экономикалык илимдердин жогорку мектебинин маркетинг жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси, РАНХиГС Коомдук илимдер институтунун коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, "МАССОЛИТ" Нижегород региондук коомдук маданий-агартуу уюмунун башкармалыгынын төрагасы, Маданияттын менеджерлер ассоциациясынын мүчөсү. Филолог, Лобачевский атындагы Нижегород мамлекеттик университетин жана Москвадагы социалдык жана экономикалык илимдердин жогорку мектебин бүтүргөн. Манчестер университетинин магистринин даражасы бар Master of Arts in Cultural Management. Жекече бети http://www.msses.ru/alumni/graduates/455/ e-mail msses.communication@gmail.com

 

Артамонов Александр Алексеевич, «Музейные решения» чыгармачыл тобунун эксперти. «Эсептөө машиналары, комплекстер, системалар жана тармактар» адистиги боюнча инженер-системотехник (1991), Master of Atrs in Cultural Management (Манчестер университети, Улуу Британия, Москвадагы социалдык жана экономикалык илимдердин жогорку мектеби, Москва, 2002), «Музейлердин ишин автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар» коммерциялык эмес өнөктөштүктүн президиумунун мүчөсү, Россиянын (анын ичинде «Новые музеи для Сибири» программасы) жана Борбордук Азиянын музейлери үчүн көп сандаган тренингдердин жана семинарлардын автору жана алып баруучусу («MuseumStan» долбоору). Жекече бети: http://museumsolutions.ru/ru/about/aartamonov 

Акыркы жаңылыктар

17.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» чыгармачылык кече болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналды. Кече 2018-жылдын 14-июнунда ...
13.06.2018

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда балдарды экологиялык тарбиялоо

Июнда республиканын жети областында 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору өз ишин баштайт. Быйылкы жылы балдарды жана ата-энелерди экологиялык тарбиялоого басым жасалат. Экология менен илим балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстардын, эксперименттердин, тажрыйбалардын башкы темалары болуп калат. Илим менен экологиядан тышкары, балдарды өнүктүрүү программасына кол өнөрчүлүк/көркөм өнөрдүн колдонмо түрлөрү, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экология, ...
12.06.2018

АКШнын КРдагы Элчилиги «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» кыргыз тилиндеги 1200 китепти тартуулады

АКШнын КРдагы Элчилиги жайлоодогу балдар бакчаларындагы балдарды катары менен эки жылдан бери өзүнүн китептери менен кубандырууда. АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин көмөгү менен чыгарылган төрт аталыштагы жалпы саны 1200 нуска болгон китептерди АКШнын КРдагы Элчилиги «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбооруна белекке берди. Китептердин аталыштары: Доктор Сьюз «Эртель ташбакасы», Жаклин Келли «Келпурнии ...
12.06.2018

Көңүл айтабыз

Ушул күндөрү балдар адабияты оор жоготууга учурады. 67 жаш курагында таланттуу акын Асек Казиев дүйнө салды. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чырак айылында төрөлгөн. Чыгармачылыкка жетилген курагында аралашса да балдарга , жаштарга арналган ырлардан турган 30 китепти жазып, жарыкка чыгарууга жетишкен. Анын “Жети-Өгүз кайрыктары» (2000),«Балбай баатырдын керээзи» (2003),«Сарногоевка салам кат» (2003),«Айтылбай калган ...
05.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» - чыгармачылык кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналмакчы. Кече ...
04.06.2018

Роза Отунбаева «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнө барды

«Асанбай» борборунун галереясында «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнүн ачылышы болду. КР Экс-Президенти Р.И.Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөп, ушундай иш-чараларды өткөрүү руханий жактан өсүүгө жана маданияттардын өз ара байышына түрткү болот деп белгиледи.   Көргөзмөдө ар кандай медиаларда иштеген үч сүрөтчүнүн иштери сунуш кылынган.   Сүрөтчүлөр Грузиянын маданиятынын байлыгын жана назиктигин чагылдырып турат. Нино Кипшидзе ...
01.06.2018

Ысык-Көлдүн жээгинде «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция болуп өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде “Резиденция №2” мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 29-30-майында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында өтүлгөн Республикалык конференция ишин аяктады. Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөздү. Иш-чарагаКыргыз Республикасынын ...
29.05.2018

Роза Отунбаева дүйнөдөгү 100 таасирлүү инсандын катарына кирди

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева "Apolitical" сайтынын тизмеси боюнча гендердик саясат жүргүзүүдө дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 инсандын катарына кирди. "Apolitical.co" деген сайт дүйнөдөгү коомдук ишмерлердин, лидерлердин жана көрүнүктүү инсандардын идеяларын кубаттаган жана аларды бириктирген түйүн катары кызмат кылат. Сөз болуп жаткан тизмеге Роза Отунбаева менен кошо Канаданын премьер-минстри Жастин Трудо, Пакистандын активисти Малала Юсуфзай, БУУнун ...
23.05.2018

2018-алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнүнүн жыйынтыктары

Өткөн ишембиде, 19-майда, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын айланасында шаардын эң жаркын жана күтүлгөн окуялардын бири – «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына 2018 – алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнү аяктады.   Фестивалды дароо ар башка улуттардын 5 алып баруучусу Урмат Борченов, Пазылджан Илимов, Вячеслав Мантусов, Максим Ли жана Владимир Садырбаев ачты, алар биздин маданий көп ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»