Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Discover Asia» «Discover Asia - Кытай»

21.09.2015

Сабийра Челпакова: Кытай мамлекети мектептен тышкаркы билим берүүгө өзгөчө көӊүл бурат экен

«Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонду Кытай Республикасынын билим берүү системасы менен тааныштыруу, тажрыйба алмашуу максатында Гуанчжоудагы Түштүк-Кытай университетине Кыргыз Республикасынын мектептеринин, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин директорлорун, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын алып барып келди. Бул сапар тууралуу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакова айтып берди.

 

- Сабийра Муслимовна, кытай билим берүү системасынын өзгөчөлүгү эмнеде экен? Сизди эмнелер кызыктырды?

 

- Кытайдагы университеттердин алдында өзүнүн бала бакчасы, башталгыч, орто билим берүү мектептери, ошондой эле кошумча билим берүүсү да бар экен. Ар бир мектепте, бала бакчада, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде башталгыч класстын окуучулары үчүн өзүнчө, студенттер үчүн өзүнчө бөлүнгөн абдан чоӊ китепканалары бар экенин көрүп таӊ калдым. Менин баамымда, Кытайда китеп окуганга өзгөчө көӊүл бурулуп, кичинекей балдардан бакыйган профессорлорго чейин китеп окуп отургандарын көрөсүӊ. Керек болсо, бала бакчага келген ата-энелер дагы балдарын бекер күтүп отурбастан китеп окуп отурушат. Бардык билим берүү тармактары акыркы муундагы техникалар менен камсыздалган, бирок кытайлыктар электрондук китепканаларга чек коюшуптур. Бизде болсо, тескерисинче, китепке маани бербей, мейли чоӊдор болсун, мейли окуучулар болсун, мейли студенттер болсун жалаӊ гана компьютерди теше тиктеп отуруп алып китептерди окуп, рефераттарды көчүрүп, оюндарды ойноп отурат эмеспи. Биз дагы Кытайдан үлгү алышыбыз керек экен.

 

Кытайда мектептен тышкаркы билим берүүдө советтик мезгилдеги талаптар ошол бойдон калыптыр. Маселен, ар бир окуучу өзү тандаган ийримден билим алат. Эгер жакса 2-3 ийримдерге бир учурда эле катышканга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

 

Кытайда өзгөчө каллиграфияга маани бурулат. Ошондуктан атайын курстарда баары каллиграфияны окушат. Мындан сырткары, 2-3 жаштагы балдар эки дөӊгөлөктүү велосипедде төрт бурчтукту, тегеректи айланып тебишет. 4-5 жашка келгенде эч нерседен коркуп-үркпөй эле велосипедди эркин тээп калышат. Ошондой эле техникалык ийримдерге да чоӊ маани бурулат экен. Өзгөчө балдар авиамодель ийримине көп жазылышат. Баса, бизде, мисалы, ыр, аскерге даярдоо сабактарынын сааттары кыскартылып жатса, Кытайда, тескерисинче, так ушул предметтерге көп саат каралган.

 

- Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине мамлекет тарабынан кандай көӊүл бурулат экен?

 

- Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине мамлекет өзгөчө маани бурат. Бул тармактын башын бириктирген ассоциация да бар экен. Ар бир райондо балдардын борборлору иштешет. Мисалы, Пекин шаарында республикалык деӊгээлде тажрыйба алмашуу боюнча чоӊ иш-чаралар өткөрүлүп тураарын кытай педагогдору айтып беришти. Кошумча билим берүү мекемелери мектептер, институттар менен тыгыз иштешет. Мага жакканы республикалык иш-чараларга мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери волонтерлорун жиберип, алар айылдан келгендерге бийлегенди, ушунун, таэквондонун ыкмаларын үйрөтүшөт. Бул деген шаар менен айылдын деӊгээлин теӊөөгө көрүлгөн камкордук деп түшүнсөк болот.

 

Кытайда мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин педагогдору мектеп мугалимдеринин айлыгындай эле алышат экен. Анткени айлык акыга педагогдун категориясы, окуучусу берген баасы да таасир этет. Ошондуктан педагогдор окуучу көбүрөөк билим алышына кызыкдар жана анын ийримде калышына бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт.

 

- Ийримдерге кирүүүчүн акы төлөшөт бекен?

 

- Жок. Баары бекер, мамлекет камсыздайт.

 

- Сиздер барган учурда кандайдыр бир иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк болдубу?

 

- Мектептеринин айлана-чөйрөсү темир менен тосулган, коопсуздук кызматы көзөмөлдөп турат. Чоочун адамдар кире албайт. Мага жакканы иш-чарага келген ата-энелер баары мектептин талабы боюнча окшош жашыл түстөгү футболка кийишсе, окуучулар сары, мугалимдер кызгылт футболка кийишет экен. Ал эми мектепке келген конокторго бейжиктер таратылат. Ар бир мектептин алдында бала бакчалар бар. Биз ошол бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнүн кечесине катыштык. Балдар сахнада ырдап, бийлеп жатышты. Ошол эле кезде экранда бир баланы көрсөтүп, отурган ата-энелерден, балдардан бул ким деп сурашканда, алар баары баланын аты-жөнүн айтышат. Бул деген бири-бирин жакшы билээрин, бир команда экенин билдирет. Иш-чаранын аягында ар бир бала ата-энесине ыраазычылыгын билдирүү максатында стаканда куюлган чайды берет.

 

Ал эми залдарынын баары теӊ айнектен жасалган, ошондуктан сырттан эле балдар, педагогдор эмне кылып жатышканы даана көрүнүп турат.

 

- Башка мамлекетке барып кайткандан кийин ар бир инсан топтогон тажрыйбасын ишке ашыргысы келет эмеспи…

 

- Кытайдагы бардык жакшы нерселерди көргөндөн кийин сөзсүз ошолорго теӊеле албасак да, имаратыбызды капиталдык ремонттон өткөрөлү дедик. Негизинен буга жети жылдан бери эле даярданып келатканбыз. Анткени бул имарат биздин колубузга 1992-жылы өткөрүлүп берилген. Имарат тарыхый жана архитектуралык эстеликке кирет жана мамлекеттин коргоосунда турат. Ошондуктан эскилиги жеткен архитектуралык эстеликти сактап калуу үчүн Кытайдан келгенден кийин Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, 7,5 млн. сомго смета жазганбыз, алар бизге 490 миӊ сом ремонтко бөлүп берди. Ал каражат эмнеге жетет? Караӊызчы, концерт койгон залды оӊдоо үчүн эле 3 млн. сом керек, кире беришке 1 млн. сом ж.б.у.с. ремонтко муктаж көп нерселер бар. Абалдан чыгуу үчүн ата-энелерге кайрылып, 600 миӊ сомдой каражат чогултулуп, жаӊы окуу жылына жаркыраган имаратта балдарыбызды тосуп алдык. Айтмакчы, «Юрфа» кампаниясынын жетекчиси А.А.Кимсанов өзүнүн эсебинен 100 миӊ сом которуп, имараттын ремонтуна демөөрчү болуп берди.

 

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Акыркы жаңылыктар

21.02.2020

КР мектепке чейинки билим берүү тутумунун өкүлдөрү Түркияда таанышуу сапары менен жүрөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору», долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга сапар алмашуу сапардын программасы Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитет теринин билим берүүсүнүн мектепке ...
19.02.2020

Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери Женевада каралып жатат (Швейцария)

2020-жылдын 18-19-февралында Женева шаарында (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу архитектурасын обзору боюнча тематикалык консультациялар өтүп жатат, ал изилдөө борборлордун тобу менен уюштурулган, тактап айтканда, тынчтык орнотуу боюнча Женеа платформасы тарабынан Швейцария Өкмөтү менен биргеликте. Консультациянын максаты БУУнун тынчтык орнотуу боюнча соңку 5 жылдык иштерине обзор кылуу.БУУнун башкы катчысы А.Гуттериш 5 көрүнүктүү эл ...
18.02.2020

Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз

БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020-ж. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин.  Жери:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети (КЭУ). Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп ...
11.02.2020

Кечээ борбордо «Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү» белгиленди

10-февралды бүткүл дүйнө “Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү” катары белгилөөдө. Бул күн кыздардын адатынча “эркектердин” деп эсептелинген илим, техника, технологиялар жана IТ менен байланыштуу кесиптерди тандоодогу кыздардын укуктарын коргоого арналган. Бишкекте бул күндү илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү аялдар-илимпоздордун, ошондой эле илимди жана IT ни кесип кылып тандап алган жана өз жаатында ийгиликтерге жетишкен ...
08.02.2020

8- Билим берүү фестивалын тосуп алуу: жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар

4-8-февралда программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү А. Абакировдун № 91, 96 жана 28 мектептеринин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулары улантылды. Презентациянын жүрүшүндө А. Абакиров санариптик дүйнөдө билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, окуучуларды Кыргызстандагы IT рыноктун өсүшү менен тааныштырды, мындан тышкары заманбап дүйнөдөгү жоголуп бара ...
07.02.2020

Бишкекте тынчтыкты жана социалдык биримдикти сактоодо билим берүүнүн ролу талкууланды

Бишкекте 6-февралда “Социалдык биримдик жана тынчтык үчүн билим берүү” конференциясы өттү. Конференциянын иши мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн, билим берүү жана илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү жаатындагы жаш активисттердин, эксперттердин жана практиктердин арасындагы социалдык биримдик жана тынчтык, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча тажрыйба, билим жана идеялар менен алмашууга көмөктөшүүгө ...
06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

«Модерн vs Классика» концерт-презентацияга чакырабыз

"Бий – бул дененин кыймылы аркылуу бошолуп чыккан жан сезимдеринин чагылдыруусу” – деп, бийди, тактап айтканда заманбап/модерн бийди мүнөздөгөн хореограф Марта Грэм. Сиздердин ар бириңиздер бийдеги жандуу кыймылдан кийин ушул эркиндикти, жыргалчылыкты, жеңилдикти сезген болсо керек. Билим берүү системасында балдарды дүйнө таануу, жаратылыштын, же химиялык процесстердин мыйзамдары менен тааныштырууга көп убакыт бөлүнөт, бирок баланын өзүн жана өз ...
04.02.2020

Джон Кеннединин «Каарманды көрнөктөрү» (Профили мужества) китебинин бет ачаары болуп өттү

Жакында КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында Джон Кеннединин англис тилинен кыргыз тилине которулган «Профили мужества» - "Каарманды көрнөктөрү" китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепти белгилүү тарыхчы, котормочу жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Аталган китеп Джон Кеннеди сенатор учурунда, 1956-жылы жазылган. Ошондон бери китеп 50 ирет кайрадан басылып чыккан. Иш чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ...
03.02.2020

Жогорку технологиялар паркындагы «Z муундар менен меймандык жолугушуулар»

Бүгүн 3-февралда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын №84 мектебинин жогорку класстын окуучулары жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барышты, ал жерде алардын астында ЖТПнын директору Алтынбек Исмаилов сөз сүйлөдү. Ал ЖТПнын иштердүүлүгү, анын 2019-жылдагы жетишкендиктери жана натыйжалары, IT тармагындагы талап кылынган кесиптер жана кадрлар тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы Кыргызстандагы ...
03.02.2020

Роза Отунбаева: «Жон Кеннединин китеби кыргыз саясатчылары үчүн алиппе болушу мүмкүн»

30-январь күнү КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин “Өмүрү өрнөк инсандар” катар китептерди которуу программасынын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусуну тарабынан чыгарылган АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” аттуу китебинин көрсөтмөсү болуп өттү.  Китептин көрсөтмөсүнө экс-президент Роза Отунбаева катышып, “Каармандык өрнөктөрү” китеби ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»