Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Кыз-келиндер илимде жана техникада»

09.02.2016

5-февралда Кыргызстандын жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектеби аяктады

5-февралда Бишкектеги STEM кышкы мектебинин жабылышы болуп өттү, ал И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун (КГТИ) базасында өттү, ошону өзү менен 2016-жылдагы табигый-техникалык сабактардын кышкы мектеби аяктады, ал КРнын 6 регионунда өттү.   Бишкектеги STEM кышкы мектебин КГТИ «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы DAAD’дын колдоосу аркасында ...
02.02.2016

Кыргыз аялдары так илимден алыстоодо

Соңку жылдары кыргызстандык кыздар арасында гуманитардык багытка ыктап, киреше булагы жогору, абройлуу деп саналган техникалык кесиптерден оолактагандар арбыды.   Муну эске алган “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду табигый-техникалык сабактардын кышкы мектебин ачып, кыз балдарга физика, инженерия, математика, химия сабактары боюнча ар кайсы тармактарда кошумча билим берүүдө. Долбоор кыз баланы техникага, инженерияга кызыктыруу, ...
28.01.2016

Бишкекте жаңы конуштардын жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү

Кышкы мектеп И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы DAAD’дын колдоосу аркасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен бирдикте өткөрүлүп жатат.   Ачылышка И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мураталы Жаманбаев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева, Кыргызстандагы ДААД маалымат борборунун жетекчиси Браумюллер Анн Катрин, ФРГнын ...
26.01.2016

2016-жылдын 23-январында Кыргызстандын 5 регионунда табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектептери аяктады

23-январда Нарын, Каракол, Талас жана Ош шаарларында жогорку 9-11-класстардын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын кышкы мектептеринин жабылышы болуп өттү. Баткендин жана Оштун кыз-келиндери да ушул мектептерди бүтүрүүчүлөрдөн болуп калды, алар компьютердик сабаттуулук боюнча курстардан өттү.   Эске сала кетсек, 11-январда Кыргызстандын 5 регионунда STEM кышкы мектептери старт алган, алардын ...
25.01.2016

«Азаттык» радиосунун эфиринде «Айымдар техникада жана илимде» (STEM) долбоору

«Азаттык» радиосунун эфириндеги сюжетти силердин назарыңарга сунуш кылабыз, анда кыздарды илимге тартуунун маанилүүлүгү жөнүндө жана Кыргызстандын 5 регионунда өткөрүлүп жаткан табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектептери жөнүндө сөз болот.
24.01.2016

ТалМУнун STEM күндөлүгү. Видео.

Талас Мамлекеттик Университетиндеги табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектеби жөнүндө видеону силердин назарыңарга сунуш кылабыз.
20.01.2016

2016-жылдын 20-январында табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин алкагында ОшТУнун жана ОшМУнун мектептерине катышкан кыздардын жолугушуусу болуп өттү

2016-жылдын жылдын 20-январында Ош технологиялык университетинин базасында ОшТУнун жана ОшМУнун эки мектебине катышкан кыздардын жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушуу дискуссия түрүндө өткөрүлдү. Жолугушууга ОшМУнун компьютердик сабаттуулук боюнча мектебине катышкан кыздар, физика жана математика боюнча мугалим айымдар жана ОшТУнун мектебине катышкан кыздар, Ош областынын 9-11-класстарынын окуучу кыздары ...
18.01.2016

Бишкекте жаңы конуштардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн немец тилин үйрөнүү менен табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин ачылышы болуп өтөт

ПРЕСС РЕЛИЗ   2016-жылдын 26-январында Бишкек шаарында И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында жаңы конуштардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн немец тилин үйрөнүү менен табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин ачылышы болот   Кышкы мектеп И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандагы DAAD’дын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду менен бирдикте «Айымдар илимде жана техникада» долбоорунун алкагында ...
18.01.2016

Нарын мамлекеттик университетинин STEM күндөлүгү: Катышуучу кыздар үчүн «Прогрессивдүү демилгелер Фонду» КФ менен бирдикте потенциалды арттыруу боюнча тренингдер өткөрүлүп жатат

НМУда STEM кышкы мектебинде катышуучу кыздар үчүн так илимдер боюнча сабактардан тышкары «Прогрессивдүү демилгелер Фонду» КФ менен бирдикте потенциалды арттыруу боюнча тренингдер да өткөрүлүп жатат.   Бул мектептин алкагында бардыгы болуп төмөнкүдөй беш тренинг өткөрүлөт: сын көз менен ой жүгүртүү, финансылык сабаттуулук, чечендик чеберчилик, ишкер этикет жана тайм менеджмент.   Бүгүн кыздар үчүн сын көз менен ой жүгүртүү боюнча тренинг ...
17.01.2016

STEM күндөлүгү: Баткен

Баткен областында айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча мектеп өтүп жатат. Мектепке бардыгы болуп 70 кыз-келин, региондордогу айылдык мектептердин, Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун окутуучулары катышып жатат.   Мектептин учурунда катышуучулар компьютердик сабаттуулукту, интерактивдүү доска жана окутуу методикасы менен иштөөнү үйрөнөт. Алынган жөндөмдөр аларга ...
17.01.2016

Табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин биринчи жумасы аяктады

Кыргызстандын 5 регионунда табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин биринчи жумасы аяктады.   Бардык мектептерде сабактар ырааттамага ылайык өткөрүлдү. Жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн мектеп башталаар алдында билим деңгээлин билүү жана мектептин аягында натыйжаларды салыштыруу үчүн ар бир окутуучу тест өткөрдү.   Алсак, ТалМУда, физика мугалими буларды айтты: «Мен биринчи эле күнү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Форум Мекендештер-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»