Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү Аялдардын Улуттук Форуму

17.03.2015

Улуттук форумдун айланасындагы ой жүгүртүүлөр

2-3-мартта Бишкекте аялдар Улуттук форумда айымдардын ички көйгөйлөрүн талкуулады. Өкмөттүк эмес уюмдардын чөйрөсүндө колдонулуучу лексиканы жана элементтерди пайдалануу менен чын дилден маектешүү болду. 90 жылдын ичинде Кыргызстанда аялдар кыймылынын өнүгүшүнүн виртуалдык жыйынтыктарын чыгарууга аракет жасалды. 1925-жылдын 5-мартында Пишпекте Кара-Кыргыз автономиялуу областынын биринчи съездинде 105 дыйкан аял чогулган.

 

Улуттук форумду уюштуруучулардын бири, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өз сөзүн төмөнкүдөй баштады: «90 жыл мурда аялдарды абалы начар болгон. Адамдар көп учурда көчмөн жашоо ыңгайын өткөргөн. Кыздар эрте турмушка чыккан, аларды жөн гана калыңга бере беришкен, алар эрте жана көп бала төрөгөн, наристелер көп учурда оорунун жана кедейликтин айынан чарчап калган. Энелердин өздөрү да жай дебей, кыш дебей мал багуунун бүткүл жүгүн көтөрүп жана үйдүн бардык иштерди аткарабыз деп жүрүп көп жашай алган эмес. Көп аял алуу жана аялды кайнисине алып берүү демейки көрүнүш болгон».

 

Бүгүнкү күндө биз эмнеге келдик. 80 миң мугалим, 40 миң врач жана медайым, 50 миң тигүүчү, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө (мейманканалар, ресторандар, соода) 200 миң кыз-келин жана башкалар бар. Ал гана эмес, эркектерге караганда аялдарда билим деңгээли жогору, анткени алар жогорку окуу жайларында студенттердин жалпы санынын 54%ын түзөт. Мындан тышкары, айымдар мамлекеттик кызматчылардын жалпы санынын 42%ын түзөт. Аялдар парламентте да, өкмөттө да иштейт. Бизде кеңири мүмкүнчүлүктөр бар деген пикир түзүлөт.

 

Бирок Форумда башка цифралар, фактылар да айтылды. Мисалга алсак, баланын жана эненин өлүмгө учурашынын көбөйүшү. Медициналык себептерден тышкары, башка негизги себеп да бар – бул инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү. Өлкөнүн калкынын 60%дан ашыгы айылдарда жашайт, ал жакта ысык суунун болушу жөнүндө айтпаган күндө да, ичүүчү суунун жетишсиздиги жагынан көйгөй бар. Алар үйдү жылытуу үчүн таш көмүр жагат. Жолдор бузулган, төрөт үйлөрү эски, медициналык шаймандары эбак эскирип жана иштен чыгып калган. Айылдарда жана шаарларда акушер-гинекологдор жетишпейт. Үйдө төрөгөндөрдүн саны көбөйүп баратат, ички жана тышкы миграция туруктуу медициналык эсепке турууга мүмкүндүк бербейт. Оор, ылайыксыз иш эненин жана келечектеги баланын ден соолугун начарлатууда.

 

Дагы бир факт – 60 миңге жакын бала балдар бакчасына барбайт. Балдарга жана аялдарга карата ырайымсыз зомбулук жөнүндө үрөй учурган маалыматтар ЖМКда дайыма чыгып жатат. Көпчүлүк учурларда жаш энелер балдарын туугандарына калтырып жана өздөрү акча табуу үчүн алыскы өлкөлөргө кетип жатат. Алар жаңы төрөлгөн наристелерди өлтүрүп жана көмүп салган учурлар да болууда. Мындан тышкары, сойкулук кылган кыздардын саны күн санап өсүүдө. Ушулардын бардыгы – бүгүнкү күндүн акыйкаты. Демек, бул көйгөйлөр жөнүндө айтып гана тим болбостон, ошондой эле тез арада чара көрүүгө убакыт жетти. Мындан 20 жыл мурда, Пекиндеги Дүйнөлүк аялдар форумунан кийин эле аракеттенүү керек болучу.

 

Ошол форумга катышкандардын бири төмөнкүлөрдү айтып берди: «1995-жылы ушундай чоң иш-чарага биздин өкүлчүлүк биринчи жолу катышты. Ал учурда биз жумушсуздардын, коммерциялык секстин жана таштанды балдардын көйгөйлөрү жөнүндө биринчи жолу укканбыз. Азыр бардык ушул проблемалар Кыргызстанда да көбөйдү».

 

Эмне үчүн мындай болуп жатат? Биз, аялдар, көзкарандысыздыктын 20 жылынын ичинде кыргыз айымдары жогоруда эске алынган 105 дыйкан аялдын жетишкендиктерине салыштырганда артка бир кадам таштаганын моюнга алабыз. Эмне үчүн 20 жылдын ичинде биз ушунчалык бузулуп кеттик, үчүнчү дүйнөнүн эң артта калган өлкөлөрүнө теңелип калдык? Бизде миңдеген НПОлор өз лидерлерин чет өлкөлөргө тренингдерге жөнөтөт, зомбулукка каршы күрөшүү үчүн алдыңкы технологиялар киргизилүүдө, кедейликке каршы күрөшүү боюнча долбоорлор бир нече жылдардан бери иштеп келатат, бирок биз кийизден тапочка тикенден башка эч нерсе менен мактана албайбыз.

 

Бүгүнкү күндө биз парламенттик шайлоо жөнүндө кеп кылып жатабыз, ал эми партиялык босстор өз катарына унчукпаган, бардыгына макул болгон айымдарды гана алууга даяр. Өткөн шайлоодо дал ушундай болду. Роза Отунбаева айткандай, унчукпас аялдардын феноменин башкача кантип түшүндүрүүгө болот, парламенттеги беш жылдык иштин ичинде алар бир да татыктуу сунушту айткан жок. Ошого карабастан, 30%дык квота сакталды, урматтуу аялдар парламентте иштеп жатат. Партиялык лидерлер жигердүү турмуштук позициясы бар, кескин сын айтууга жана бир нерселерди талап кылууга даяр аялдарды чакырбайт.

 

Чынын айтканда, биз бай донорлордун алдында отчет берүүгө аракет кылып жаткандай сезим пайда болгон, «эки түрдөгү» көйгөйлөр чечилип жаткан учурда бардык чечилбеген маселелерди эске алсак, биздин аялдар кыймылыбыз жок нерсени эске салат. Көп учурда бизге, айымдарга, эч нерсе байланыштуу эмес. Ооба, биз күн дебей, түн дебей эмгектенебиз, акча табабыз. Оор мезгилдерде эркектер үчүн жөлөк болобуз. Бирок иш чечимдерди кабыл алууга келгенде, бизде бир гана күн – 8-март бар. Ошону менен бүттү.

 

Эң өкүнүчтүүсү – аялдардын ынтымагы жок. Биз чай ичип, ушукташканды, кийимдер жөнүндө кеп кылганды билебиз, бирок биз бир лидердин айланасына чогулуп жана анын артынан ээрчигенди билбейбиз. Анткени эртедир-кечтир интрига, көрө албастык пайда болот. Мындай нерсе мектеп мугалимдеринин арасында да, ири НПОлордун аялдар жамаатында да кездешет. Бул феномен жана факт.

 

Ошондуктан коомдун бузулушу үчүн ар бирибиз жоопкерчилик тартаарыбызды биз азырынча түшүнө элекпиз. Биз ар бир көйгөйдү аңдап-түшүнүп, аларды оңдоо жагынан иш жүргүзүүгө тийишпиз, антпесе эч нерсе өзгөрбөйт, биз мурдагыдай эле салтанаттуу күндөрдө чогулуп жана бири-бирибизге калп жылмайып олтура беребиз.

 

Булак: "Жаңы Жүздөр" газетасы, №7, 12.03.15 / 2-б.

 

Акыркы жаңылыктар

24.06.2019

Жайлоо өнүгүү борборлорунун күндөлүгү: Кечээ кол өнөрчүлүк күнү болсо, бүгүн сүрөт сабагы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун алкагында быйыл 2019-жылы 100дөн ашык ЖӨБ ачылууда. Алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу, Казыбек айылындагы Арпа жайлоосуна “Жеткинчек” ЖӨБ 1-июньда кар жаагандыгына карабастан, көчүп барышып, жайланышып, ишин башташты. Жетекчиси Гүлайым Молдакунова буларга токтолду: 25ден ашык бала тарбияланууда, кар жааганда балдар келбей калды, анткени боз ...
17.06.2019

Жайлоолордо «Жайлоо өнүгүү борборлору» ачылууда

Кыргызстандын тоолуу райондорунда “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз иштерин баштады. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Кыргызстандын жети дубанынын тоолуу райондорунда 100дөн ашык, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз ишин баштоодо. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук ...
13.06.2019

Роза Отунбаева: Мурдагы президенттер менен премьер-министрлер статуя болуп калууга тийиш эмес

Алматыда Казакстанда жана Борбордук Азияда жарандык коомду өнүктүрүү боюнча кырдаалды талкуулашты   Шейшембиде, 11-июнда, Алматыда «Өнүгүү тарыхтары: ичтен көз караш» деген онунчу эл аралык конференция старт алды. Конференцияны уюштуруучу – жарандык коомду өнүктүрүүнүн «АРГО» ассоциациясы. Анын аткаруучу директору Джамиля Асанова конференциянын максаты – өткөндөгү жана келечектеги муундардын ортосундагы диалогду түзүү деп белгиледи. ...
13.06.2019

Мектеп-интернатка компьютерлер жана китеп баштыктар белекке берилди

Бишкек шаарындагы Т.Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы “Китеп нуру” кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 10 компьютер жана 800 китеп баштыкча белекке берилди. Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси С.Мейрманова, ККП БКнын Пропаганда бөлүмүнүн министринин туруктуу ...
12.06.2019

Г.Айтиев атындагы музейде өтүп жаткан «Хуася» көргөзмөдөн сатылган сүрөттөрдөн түшкөн акча-каражаттары Жайлоо өнүгүү борборлоруна берилет

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде “Хуася салттуу искусствонун каллиграфия жана живописи” аттуу көргөзмө Чжунюань маданий баарлашуу борбору, Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту, Кытай Каллиграфиясы Борборазиялык Ассоциациясы жана “Хенань Аяншоу” ЖЧК тарабынан уюштурулуп, расмий түрдө 11-июнда ачылды. Ачылыш аземине “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
11.06.2019

Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана методдору боюнча Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) депутаттары үчүн семинар

Бишкекте 30-майда ЮНФПА/ЮНИСЕФ/БУУ УНПнын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) жетекчилеринин катышуусу менен Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана ...
11.06.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт

USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт. Катышуучулар өз коомдорунда маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон, ошондой эле адам укуктарын жана Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн ар түрдүү көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Бул иш-чарага мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон 40 коомдук-активдүү жарандар катышат.   Лагерлер Эл ...
10.06.2019

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө»

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» Бишкек, 8.06.2019 Биздин алдыбызда Кытайдын Төрагасы, ККПнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин демейдегиден башкача, мазмуну боюнча терең, руху боюнча күчтүү китеп турат. Мен, дейт Президент Си, айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен жолукканда, алар түшүнө албай: «Кытай сыяктуу ушунчалык зор өлкөнү кантип башкарууга болот?» деп сурашат. ...
09.06.2019

«Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү

2019-жылдын 8-юнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында кыргыз тилинде жарык көргөн «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү. Кытай лидеринин китебине арналган иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, ККП ...
06.06.2019

«STEMдеги айымдар-Кыргызстандын келечеги» Форуму болурп өттү

2019-жылдын 4-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университетинде “STEMдеги аялдар –Кыргызстандын келечеги” аталышындагы Форум болуп өттү. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылган “STEMде кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигине караштуу Демократиялык комиссия тарабынан ...
05.06.2019

SТЕМ: Илимдеги кыз-келиндерге дем

Кыз-келиндердин илим менен технологиядагы ролу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланды.   STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. АКШ элчилигин колдоосу астында уюштулган STEM боюнча иш-чарага геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Розалия Жээнчороева, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында эмгек ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»