Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү Аялдардын Улуттук Форуму

03.03.2015

Президент Аялдардын Улуттук Форумунун катышуучуларын куттуктады

Мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү президент Алмазбек Атамбаевдин Аялдардын Улуттук Форумунун катышуучуларына кайрылуусун таратты.

 

“Урматтуу Кыргызстан Аялдарынын улуттук форумунун делегаттары жана коноктору!


Сиздерди Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгына арналган ушул маанилүү Форум менен чын дилимден куттуктайм.


1924-жылдын октябрында түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун лидер-аялдары 1925-жылдын мартында дыйкан, батрак жана кошчу аялдарынын биринчи съездин чакырган. Съезддин күн тартибине түзүлүп жаткан социалисттик коомдогу аялдардын орду, алардын абалын жакшыртуунун жолдору жөнүндө маселелер киргизилген.


90 жылдан кийин эгемен Кыргызстандын активист аялдары азыркы аялдардын абалын талкуулоо, ошондой эле өлкөбүздү туруктуу демократиялык өнүктүрүүгө катышуу боюнча иш-аракеттерди пландоо максатында Аялдардын Улуттук Форумун чакырышты.


Форумду өткөрүү идеясы “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун жетекчилиги астында бириккен аялдар тарабынан берилгендиги абдан маанилүү.


Кыргызстандын аялдары өлкөбүздүн экономикалык, социалдык-маданий жана саясий турмушуна кеңири катышууда. Азыркы шартта мыйзамдарда жана мамлекеттик программаларда белгиленген аялдар менен эркектердин укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн теңчилигин иш жүзүндө камсыз кылуу абдан зарыл.


1995-жылы Пекинде өткөн Аялдардын абалы боюнча дүйнөлүк IV конференция өлкөбүздөгү аялдар маселесин тереңдеп түшүнүүгө чоң түрткү болду. Бул конференциянын ишине кыргыз делегациясы биринчи жолу катышкан. Бүгүнкү күндө Пекин платформасын Кыргызстанда ишке ашыруунун 20 жылдык жыйынтыгын чыгарсак, өлкөнү өнүктүрүүгө, бейпилдикти жана социалдык прогрессти бекемдөөгө аялдар зор салым кошууда. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер жана демилгеңиздер үчүн зор ыраазычылыгымды билдиргим келет.


Кыргызстан аялдары дайыма жигердүү жарандык позициясы жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти сезе билгендиги менен айырмаланып турат.


XX кылымдын залкар аял-саясатчысы Маргарет Тетчер “Адам Эверестке өзү үчүн чыгат. Бирок чокусуна чыкканда өзүнүн өлкөсүнүн туусун саят” деп айткан.


Сиздердин ар бириңиздер жеке ийгиликтерге жетишип, ошону менен мамлекетибизди бекемдөөгө чоң салым кошуп жатасыздар.


Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында Сиздерди ушул жаркын майрам менен алдын ала куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай жана бейпилдик каалайм.

Акыркы жаңылыктар

15.11.2017

Радиомектеп: «Жайлоо өнүктүрүу борборлрунун наристелерди өнүктүрүүдөгү ролу»

Тема «Жайлоо өнүктүрүу борборлрунун наристелерди өнүктүрүүдөгү ролу» Участники: Асылбек Жоодонбеков - Жайлоо өнүктүрүү борборлору долбоорунун координатору Азада Арзыбаева -Кадамжай районундагы «Акылман» бала бакчасынын тарбиячысы Зина Баялиева – Талас районунун акиминин орун басары Чынар Табылдиева – Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөочү адиси Дата выхода: 02.09.17  
15.11.2017

Пресс релиз «Ыр дайра» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Нурлан Калыбеков менен Рысбай Исаковдун чыгармачылыгына арналат. Кече 2017-жылдын 17-ноябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз ...
13.11.2017

«Бешик ырлары» сынагы жыйынтыкталды

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен өнөктөштүктө өткөргөн республикалык Бешик ырлары сынагы жакында жыйынтыкталды. 2017-жылдын 10-ноябрь күнү адистерден турган кадыр-барктуу жюри келип түшкөн ырларды Жобого ылайык үч критерий – ырдын мазмууну, обону жана аткаруучулук чеберчилиги боюнча баалап, жеӊүүчүлөрдү аныктады. Биринчи ...
07.11.2017

«Радиомектеп»: «Күндүн ысык мезгилинде наристелердин ден соолук коопсуздугу»

Тема: «Күндүн ысык мезгилинде наристелердин ден соолук коопсуздугу» Участники: Рыскүл Чыналиева - Бишкек шаарындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Дата выхода: 29.07.17
06.11.2017

«Поэзия кечелери»: Нурлан Калыбеков, Рысбай Исаков

Сизди Кыргыз Элинин белгилүү акындары Нурлан Калыбеков менен Рысбай Исаковдун "Ыр дайра" аттуу поэзия кечесине чакырабыз. Кече 17-ноябрда Улуттук филармониянын кичи залында саат 17.00 башталып 18.30 аяктайт.
02.11.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын ноябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын ноябрынаиш-чараларынын дайджести         2-ноябрь - «Мекендештер» мейман лекциялары Качан: 2-ноябрь, 12:30 Кайда: Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун башкы корпусу, 212-аудитория «Эки тараптуу соода талаштарын чечүүнүн механизмдери.Эл аралык мамилелер жана көп тараптуу соода тутумунун мүмкүнчүлүктөрү». Кыргызстандын АКШдагы Экс-элчиси, КРнын БУУ/ДСУдагытуруктуу өкүлү, Азия өнүктүрүү банкынын ...
02.11.2017

«Радиомектеп»: Балдар арасындагы анемия, кантип анын алдын алабыз?

Тема: Балдар арасындагы анемия, кантип анын алдын алабыз? Катышуучу: Черикчиева Айгүл – Энеликти жана балалыкты коргоо борборунун балдар гемотологиясы бөлүмүнүн дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты
01.11.2017

«Радиомектеп»: Масару Ибуконун «3 жаштан кийин кеч китебинин наристелерди тарбиялоолдогу мааниси»

Тема: Масару Ибуконун «3 жаштан кийин кеч китебинин наристелерди тарбиялоолдогу мааниси» Участник: Асылбек Жоодонбеков – педагог, китепти кыргыз тилине которгон  
30.10.2017

ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ - Борбордук Азияда билим берүүдөгү мыкты долбоор атанды

2017-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында Борбордук азиялык EVENT AWARDS CENTRAL ASIA сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш чарасы болуп өттү. Көп сандаган долбоорлордун ичинен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору «Борбордук Азиядагы билим берүүчү мыкты иш-чара» номинациясынын жеңүүчүсү болду. EVENT AWARDS CENTRAL ASIA – Борбордук Азиялык кесиптик көз карандысыз сыйлык, ал атайын иш-чараларды жана окуялык маркетингди ...
25.10.2017

«Достук симфониясы» - «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунун ачылышын өткөрүп жибербегиле

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониясы менен бирдикте «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын жаңы сезонун баштайт.   22-ноябрда саат 15.00дө Улуттук филармониянын кичи залында жаш музыканттардын жана Япониядан келген дирижер Кензи Хиротака мырзанын катышуусу менен Абдраев атындагы музыкалык мектептин Симфониялык оркестринин концерти өтөт.   Балдар үчүн балдар ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»