Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Мекендештер»

17.09.2015

Жаннат: Чет жакта окуп, иштегендердин акылын пайдалануу керек

“Журтташтардын" бул жолку каарманы Жаннат Бектурова учурда Араб Эмиратынын Аскер-аба күчтөрүндө инструктор, стюардесса кызматын аркалап келатат.


Буга чейин Бахрейндин улуттук авиакомпаниясында стюардесса болуп иштеген Жаннат ата-энесине, жакындарына гана жардам бербестен туулуп өскөн айылындагы мектепке, окуучуларга, мугалимдерге көмөк көрсөтүп келет. Жергиликтүү бийликти чет жакта окуп же иштеген мекендештердин күчүн, акылын пайдаланып калууга чакырат.

 

Жаннат Бектурова: Араб Эмиратына келгениме 1,5 жылдан ашып калды. Буга чейин Бахрейнде иштегем. Ал жакта Улуттук авиакомпанияда стюардесса, борт коштоочу болуп 6 жыл иштедим. Андан кийин Араб Эмиратынын аскер аба күчтөрүнө, башкача айтканда, аскер стюардессалардын командасына кошулдум. Бул жакта инструктор болуп иштеп жатам. Борт коштоочуларга сабак беребиз, ал эми бир жакка учкан учурда учактын ичинде менеджерлик кызматты аркалайм.

 

“Азаттык”: Стюардесса болууга көп кыздар кызыгат. Абада учсам, учакта эркин бассам дегендей... Кантип бул тармакка келип калгансың?

 

​Жаннат Бектурова: 2007-жылы Кыргызстанда 5-курста окуп жатканда практика кылайын, иштейин деп Абу-Дабиге келгем. Мейманканада иштеп жатканда Бахрейндин улуттук авиакомпаниясы 250 кыздын ичинен бешөөбүздү тандап алган. Бахрейнде иштеп жүргөндө да 65 улуттуу жамааттан жалгыз мен кыргыз болчумун, азыр Араб Эмиратында да жалгызмын. Башында Кыргызстан, кыргыз деп билишчү эмес. Азыр өлкө тууралуу, кооз жаратылышы туурасында айтып, көрсөтүп тургандыктан билип калышты.

 

“Азаттык”: Стюардесса болууну бала кезде кыялданчу белең?

 

Жаннат Бектурова: Ооба, кичине чагымда паспортума көп мөөр басылса экен деп кыялданчумун. Парижди, Лондонду көрсөм деп эңсечүмүн. Апама стюардесса болом десем “алар кеминде беш тил билиши керек” деп айтканы аябай эсимде калыптыр.

 

“Азаттык”: Анан беш тил үйрөндүңбү?

 

Жаннат Бектурова: Беш тилге жете элек, азыр да үйрөнүп атам.

 

“Азаттык”: Бул кесип, иш бир чети кызык, бир чети кооптуу дагы деп айтылат. Эмнеси менен жагат?

 

​Жаннат Бектурова: Канчалаган өлкөлөргө барасың, канчалаган жерди, элди көрөсүң. Алардын маданиятын, салт-санаасын тааныйсың. Ал эми коопсуздук дегенде, дүйнөдө учак машинага караганда коопсуз деп айтылат. Азыр жаңы технология менен иштеп, анын үстүнө биздин учактар жапжаңы. Кыргызстанда да ушундай болсо деп көп каалайм. Анткени ал жакта эски, көп стандарттарды кармабайт. Бул жакта күндө текшерип турат.

 

“Азаттык”: Колдон келип турса жардам берген аябай жакшы иш да. Кыргызстанда окуган мектебиңе жардам кандайча жардам берип калдың?​

 

​Жаннат Бектурова: Жардам тууралуу мен башынан эле ойлонуп жүрчүмүн. Мен мектепти Ысык-Көлдүн Тоң районунан бүттүм. 2012-жылы мектепти бүткөнүбүзгө он жыл болуп классташтар чогулганбыз.

 

Ошол жерде курбу кыздар болуп фонд түзүп, жакшы окуган окуучуларга стипендия берели деген идеяны ойлондук. Каражат жагынан жардам бергиси келгендер бир аз акчасын кошушкан.

 

Кийин барганда ал акча өтө деле көп сумма болбогондуктан, бир топ окуучуларга тарап, чачырап кеткендиктен анын жакшы натыйжасы болбой жатканын байкадым. Андан көрө англис тилин үйрөнүү үчүн ийрим түзөлү деп ойлодум.

 

2013-жылы жок дегенде айына бир жолу сабактар англис тилинде өтсүн деп программасын түзгөнбүз. Ийримге 30 бала кирип окуй баштаган. Андан бери эки жолу барып, кандай окуп атышканын көрүп, сурап жатам.

 

Биздин мектептин жайгашкан жери радиоактивдүүлүгү чоң болгон үчүн эл аралык компаниялар ыктыярчы жибербейт экен. Ошондуктан англисче эркин сүйлөгөн, жардам берем деген каалоосу бар кыздар-балдар айына бир жолу сабак өтүп берсе жакшы болот эле. Азыр мен ошондой кишини издеп жатам.​

 

​“Азаттык”: Сыртта жүргөн мекендештер ар кандай түрдө билим берүү, айыл чарба тармагында чакан долбоорлорду баштап өз мекенине, туугандарына, айылына жардам берип жатышат. Негизи эле натыйжа жакшы болуш үчүн, берилген жардамдар куру кетпеш үчүн чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жардамын кайсы багытка көбүрөөк жумшаш керек?

 

Жаннат Бектурова: Кыргызстан жаңыдан өнүгүп келатат. Көптөгөн кыздар-балдар сыртта жүрөт. Баарыбыз чогулуп кичинеден болсо да жардам берип баштасак өлкөбүз өнүгөт деп ойлойм. Жардам бере турган тармактар көп эле. Мисалы, окуу куралдан, мугалимдердин деңгээлин көтөрө турган тренингдерди өткөрүп, колунда жок үй-бүлөлөрдун балдарына жардам керек.

 

“Азаттык”: Инвестицияны, берилген жардамды келечекте пайда алып келе турган нерсеге салыш керек деген ойдо турбайсыңарбы?

 

Жаннат Бектурова: Жөн эле акча берип койбой келечекте да ошол нерсени пайдалана турган багытты тандасак дейм. Мисалы, билим бул түбөлүк калат. Ал баланын келечегине жол ачат.

 

“Азаттык”: Кыргызстанга келгенде насаатчы катары да иштеп, мугалимдерге ментор болуп, кеп-кеңеш айтып да жүрөт экенсиңер. Наасаатчылыкты кантип өнүктүрүш керек?

 

Жаннат Бектурова: Айылда же шаарда жергиликтүү бийлик, айыл өкмөтүндө иштегендер сыртта жүргөн, чет өлкөдө иштеген уул-кыздарын пайдаланышы керек деп ойлойм. Ушул маселеге көңүл бурулбайт. Бул кетиптир, ал келиптир деп эле калып калбай, жок дегенде окуучулар менен жолугушууларды уюштуруп, чет жакта иштөө, билим алуу боюнча тажрыйбаларын, жолдорун сурап, маектешүүлөрдү уюштурса жакшы болмок. Алардын күчүн, акылып пайдаланыш керек. Бул да жаштарга мотивация болмок.

 

“Азаттык”: Бир катар өнүккөн өлкөлөрдө болдуңар, алардын иштөө тартибин үйрөнүп, көрүп жатасыңар дегендей. Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн эмне кылыш керек?

 

Жаннат Бектурова: Чет өлкөдө жүргөндөр туугандарына, жакындарына жардам берип келатышат. Кычыраган машина алып берип мингизип атышат. Ал да жаман эмес. Бирок жолдорубузду карасыңыз жыртык-тешик. Коррупцияны жоймоюнча өлкө өнүкпөйт. Бала бакчадан баштап коррупция болуп кеткен.

  

​Маек "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун "Мекендештер" форуму долбоорунун алкагында даярдалды.

 

 

Канымгүл Элкеева

"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.

Акыркы жаңылыктар

23.01.2020

Р.И.Отунбаева Кара-Балта шаарындагы «Билимкана» мектебинин иши менен таанышты

Экс-президент, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И. Отунбаева 2020-жылдын 15-январында Кара-Балта шаарында жайгашкан «Билимкана-Кара-Балта»* мектебине барды жана мектептин турмушу, окуучулар жана мугалимдер менен таанышты. Бул мектеп толук күн иштейт, 2018-жылы негизделген, анда 200дөн ашык окуучу окуйт. Кыргыз, орус жана англис тилдеринен тышкары, окуучулар экинчи чет тилди тандайт. Визиттин жүрүшүндө ошондой эле «Роза Отунбаеванын ...
23.01.2020

Мектеп окуучуларын экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

«Экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени» өз сапарын улантууда. 2019-жылдын сентябрынан тартып 2019-жылдын декабрына чейин Бишкек шаарынын 20дан ашык мектебине (№ 1, 4, 10, 11, 12, 16, 21, 23, 32, 33, 38, 43, 45, 46, 51, 52, 53, 65, 66) барды жана 6-7-класстардын 1600дөн ашык окуучусун камтыды. Бул акция презентация түрүндөгү интерактивдүү лекцияны билдирет, ал өзүнө ошондой эле дискуссияларды жана маалыматтык командалык оюндарды, ролик көрүүнү камтыйт. Мектеп окуучулары ...
22.01.2020

КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын өкүлдөрү Түркияга ар жылдагы таанышуу сапарына даярданып жатат

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга ишсапар менен сыйланды. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин Бирлигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын 12 өкүлү Түркиянын шаарларынын муниципалитеттеринин мектепке чейинки билим ...
22.01.2020

Балдарды балет боюнча мастер-класска чакырабыз

Достор, балдары – бийлегенди жакшы көргөн уулдары жана кыздары барлардын бардыгын, бардык кичинекей тынчы жок балдарды жана алардын ата-энелерин ишембиде, 25-январда, балет боюнча мастер-класска чакырабыз. Саат 16.00дө башталат. Өткөрүү орду "Антре" студиясы, Орозбеков көчөсү 2.   Мастер-класстын наркы - 100 сом.   Мастер-класста балдар жаш балериналардын сабактарын көрүп жана өз күчүн сынай алат. Мастер-класс "Балдар филармониясы" музыкалык-билим берүү ...
20.01.2020

КАЛКТЫН КАЛЫҢ КАТМАРЫ САНАРИП ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮГӨ ТИЙИШ

Жеке эле мугалимдер эмес, 30 жаштан жогорку курактагы ата-энелер санарип ыкмаларын үйрөнүүгө тийиш. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КICB банкы менен биргеликте кадырман курактагылар үчүн арналган «Санарип+50» долбоорун ишке ашырып жатат.      “Санарип 50+” долбоорунун максаты – улуу муундагы адамдарды жана бардык каалоочуларды смартфон ...
20.01.2020

«Шамалдагы от» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте  жумурай журтка таанымал  белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү  төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече  эсеп боюнча  отуз тогузунчу жана ал жаш акындар  Турдубек уулу Садырбектин жана ...
15.01.2020

Таланттуу балдар «Гений» радиоберүүсүндө

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн 2019-жылга карата жыйынтыктоочу чыгарылышында эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиретип келген таланттуу балдар катышты. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп интернатынын окуучусу Алтынай Белекова ооз комузда, ал эми Сезим Анарбекова менен Наргиза Умарова виолончель аспабында ...
18.12.2019

«Каректеги жаз» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 17- декабрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликтеуюштурган акын,Маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси Жыпар Акунованын жана Билим берүүнүн мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналган “Каректеги жаз” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде алгач акындар өздөрүнүн ...
17.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балам мыкты болсун десеңиз

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Балам мыкты болсун десеңиз” аттуу китептин автору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Акматов менен балага эрте жаштан баштап көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө маек курдук.
13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»