Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Мекендештер»
Пост - релиз «Айылдык мейман үйлөрү - Талас облусундагы туризмдин өнүктүрүүсүнүн келечектүү багыты»
2017-жылдын 29-мартында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Мекендештер» долбоорунун алкагында КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Маданият , маалымат жана Туризм министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун жана Эл аралык кызматташуу боюнча Швейцариялык бюронун колдоосу менен «Айылдык мейман үйлөрү-Талас облусундагы туризмдин өнүгүүсүнүн келечектүү багыты катары : абалы, келечеги, алдыӊкы практикалар» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столдун ишине КР экс Президенти Отунбаева Р.И., КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кенекеев Д.А., КР Маданият , маалымат жана Туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Жаманкулов А.К., Жамааттарга негизделген «Хоспиталити Кыргызстан» Кыргыз Туризм Ассоциациясынын жетекчиси М.Өзүбеков, «Юнисон групп» коомдук фондунун президенти Абдрасулова Н.А. «Бай түшүм», “Компаньон” банктарынын өкүлдөрү жана жана башка башкаруунун тармактык органдарынын жетекчилери, адистери, облустун райондорунун акимдери, орун басарлары, айыл аймак башчылары, туристтик компаниялардын өкүлдөрү, айылдык конок үйлөрдүн ээлери, ошондой эле эксперттер катышты.
Тегерек стол Талас шаарында, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратындагы жыйындар залында өткөрүлдү.
Тегерек столдун жүрүшүндө Талас облусунун туристтик жагымдуулугун көтөрүүгө өбөлгө болгон жергиликтүү жамааттардын сервистик тейлөө чөйрөсүндөгү техникалык потенциалын күчөтүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жаӊы жумуш орундарын түзүү жолдору, жаңы турпродуктыларды киргизүү, аялдар ишкерлигин өнүктүрүү, мамлекеттик жана финансылык институттар тарабынан колдоо маселелери, финансылык сабаттуулукту көтөрүү жана ишкерликти өнүктүрүү жолдору кызуу талкууланды.
КР экс Президенти Отунбаева Р.И. туризм секторунун маанилүүлүгүн, чет өлкөдөн келген туристтерден тышкары ички туристтердин, мекендештердин кызыгууларынын көбөйүшүн, чакан бизнес сектору өнүккөн өлкөлөрдө экономиканын 80% түзөөрүн, Талас облусунда регионго тиешелүү өзгөчө бренд болгон продукцияларга басым жасалышы- күндүн талабы экендигин белгиледи. Айылдык үйлөрдү көп каражат талап кылбагандай жол менен таза, тыкан, элементардык шарттарды түзүү аркылуу конок үйлөргө айландыруу практикалары башка областтарда кеңири жайылтылып жаткандыгын баса белгиледи. Ошону менен бирге Талас суусунун жээги менен туристтик маршруттарды түзүү боюнча пикирин билдирди. КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кенекеев Д.А. туризм секторун өнүктүрүүгө облуста өтө ыңгайлуу шарттар, тарыхый-маданий, ыйык жерлер, бул багытта алектенүүнү каалагандар көп болгондугуна карабастан, али бул сектор облуста дың бойдон жаткандыгын белгилөө менен, акимдерге, айыл аймак башчыларына, тармактык жетекчилерге талкуулоонун жыйынтыгында конкреттүү системалуу иш алып барууга тапшырма берди.
КР Маданият , маалымат жана Туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Жаманкулов А.К. туризм тармагынын жетишкендиктери, областагы учурдагы турпродуктылар жөнүндө кеңири маалымат- презентация жасады. Өзгөчө кызыгууну «Юнисон групп» коомдук фондунун президенти Н.Абдрасулованын мейманкана бизнесинде ресурстарды жана энергияны үнөмдөө жолдору, имараттарды жылуулоонун үй бүлөөнүн гана эмес, экономикалык, экологиялык өнүгүү үчүн маанилүүлүгү боюнча маалыматы катышуучулардын кызыгуусун ого бетер арттырды. Жамааттарга негизделген «Хоспиталити Кыргызстан» Кыргыз Туризм Ассоциациясынын жетекчиси М.Өзүбеков жана Талас шаарындагы “Кишимжан” мейманканасынын жетекчиси К.Таштакеева конок үйлөрүн уюштуруу, талап кылынуучу сервистик минимумдарды камсыз кылуу жаатындагы тиешелүү иш аракеттер менен бөлүшүштү.
Иш чаранын катышуучулары маселе боюнча суроолоруна жооп ала алышты. Жыйынтыгында облус жетекчилиги облуста туризмди өнүктүрүүнү негизги приоритеттик багыты катары кабылдоо менен туристтик жагымдуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү иш-аракеттер тууралуу сунуштарды берүүгө жана мейман үйлөрүн түзүүгө басым жасоо менен иш чараларды иштеп чыгуу боюнча пикирин билдирди.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
