Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Мекендештер»

30.05.2017

Н.Кубанов: «Мага кытай тили дароо эле жакты»

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР МОМдун жана Эл аралык кызматташтык боюнча швейцариялык бюронун колдоосу менен «Мекендештер Форуму» долбоорунун алкагында экинчи мейман лекциясын өткөрдү, ал 2017-жылдын 29-майында А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кытай борборунда өттү.

 

«Перспектива» эл аралык билим берүү борборунун негиздөөчүсү, 2014-жылы Кыргыз маданиятынын Кытайдагы биринчи Күнүн уюштуруучу Нурлан Кубанов өзүнүн тажрыйбасы жана билгендери менен бөлүштү. Борбор 2014-жылдагы КРнын мыкты коомдук уюму катары номинант болуп саналат. Кубанов Гуанчжоудагы 2016-жылдагы бизнес форумдун катышуучусу, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ССТV телеканалынын номинациясында 2016-жылы «Достуктун элчиси» (“Посланник дружбы”) наамына татыктуу болгон.

 

Лекциянын темасы – «Кытайдагы билим берүү». Тил борборунун кытай тили курстарынын угуучулары, Бишкек шаарынын мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары катышуучулардан болуп калды. Лекциянын учурунда алар Кытайда окууга гранттык орунду алуу үчүн эмне кылуу керектиги, кытай тилин билүүнүн артыкчылыктары жана башкалар жөнүндө билип калышты.

 

Бул теманын алкагында көптөгөн суроолорго жооп алынды. Н.Кубанов өзү жөнүндө жана ийгиликтерге кантип жетишкендиги жөнүндө айтып берди:

 

«Мен колледжди аяктап жатканда, кандайдыр-бир көп нерсени билгим келди, кандайдыр-бир башка нерсени үйрөнгүм келди. Биринчи жылы мен Кытайга гранттык окутууга конкурс боюнча өтпөй калдым – ал жакта атаандаштык укмуштуудай эле. Мен үчүнчү жолу гана өттүм. Окутуунун алгачкы жылында мен эртеден кечке чейин тилди окудум, практикадан өттүм жана өзүмө дүйнөдө эң мыкты болоюн деген максатты койдум. Жыйынтыгында университеттин мыкты беш студентинин катарына кирдим жана 1500 долларлык стипендияга жетиштим. Мен коомдук турмушка да жигердүү катыштым: ырдадым, бийледим, футбол ойнодум, Кытайда кыргызстандыктардын диаспорасын уюштурдум, ал 15 шаардан мекендештерди бириктирди. Бир жыл окугандан кийин мен кытай бизнесмендери менен байланыштарды түзө баштадым. Ал жакта атаандаштык абдан жогору болгондуктан, өзүңдү стереотиптүү алкак менен чектөөгө болбойт. Окуу биринчи даражадагы милдет болууга тийиш, тартип катуу болууга тийиш, анткени айланада азгырган нерселер көп. Бир нерсени алуу үчүн, бир нерсени садага чабуу керек. Ар бир адам өзү үчүн артыкчылыктарды алдыга коюуга тийиш. Мен 25 жашка толгондо жаш адам финансылык жактан көзкарандысыз болууга тийиш деп эсептейм. Ал эми бул үчүн ал англис тилин, кошумча тил катарында – кытай, корей, немец жана башка тилдерди билүүгө тийиш. Жаш адамдардын көпчүлүгү өзүнө «кыска» максатты коет, мисалы, кымбат телефон, машина ж.б. Көпчүлүгү өзүн көрсөтүү жолдорун издейт, артыкча билүүгө жана өзгөчө билим алууга аракет кылат. Бирок, албетте, келечектүү билимдер да бар. Биз «Перспектива» эл аралык билим берүү борборун түздүк, 2016-жылы өтө зор инвестицияларды жумшадык, региондор менен да иштейбиз.

 

Кытайда: кытай өзү айткысы келгендин 20%ын гана айтат деген пикир бар. Биздин менталитетибиз ар башка жана кытай тилин кантип үйрөнүү керектигинин шаблону жок, ар бир адамдын жеке өзүнүн шаблону бар. Мисалы, мен күзгүнүн алдына туруп алып, жеке өзүм менен сүйлөшүп жатып окудум жана жаттадым. Тырышчаак болуу жана чөйрөнү түзүү керек».

 

Силер Нурлан Кубанов жасаган презентация менен тааныша аласыңар >>>

 

Акыркы жаңылыктар

22.08.2019

«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.   Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, ...
21.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.   Чет тилдердин маанилүүлүгү, ...
21.08.2019

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук ...
21.08.2019

FINCA Банк «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» колдоо көрсөтүүнү улантууда

2019-жылы Кыргызстандын жайлоолорунда 114 “Жайлоо өнүгүү борборлору” ачылып, жай мезгилинде балдарга билим беришти. “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун өнөктөшү FINCA Банк бешинчи жыл катары канцеляриялык товарлар, балдардын аң сезимин өнүктүрүүчү оюнчуктар жана башка керектүү буюмдарды берип жардам көрсөтүп келе жатат.   Быйыл банктын Кочкор-Атадагы филиалы Ноокен районунун Кызыл-Кыштак айылындагы “Нур-Айым” жайлоо өнүгүү борборуна, Нарын филиалы ...
20.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын химия боюнча Эл аралык олимпиадада көрсөткөн жыйынтыктары

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Парижде өткөн химия боюнча Эл аралык олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын июль айында өтүп, ага 84 өлкөдөн 330 окуучу катышкан. Кыргызстандан төрт окуучу: Нурсултан Соодонбеков, Эльмар Зикиров, Бакай Шейитов жана Мирхад ...
01.08.2019

Жайлоо өнүгүү борборунда тарбияланып жаткан балдардын креативдүү сапаттарын өнүктүрүшүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Башарин жайлоосундагы «Заря» жайлоо өнүгүү борборунда «Баланын креативдүү сапаттарын өнүктүрүү» темасында семинар болуп өттү. Иш-чарага ата-энелер, облусттук билим берүү институтунун кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин жана Заря корпоративинин өкүлдөрү катышты. Заря корпоративи балдарга таттууларды таратып көңүлдөрүн көтөрүшсө, жергиликтүү бийлик, райондук билим ...
01.08.2019

2019-жылдын 1-2-август күндөрү Бишкектеги КР Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында КР Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат

Белгилей кетсек, бул иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан негизделип, 2012, 2014, 2016, 2018-жылдары төрт ирет тең коомдо чоң окуя катары өткөн Мекендештер Форумунун ишмердигинин түздөн-түз жыйынтыгы деп айта алабыз. Анткени аталган иш чара мамлекеттик структура менен чет жактарда иштеп жүргөн мекендештердин Кыргызстанды өнүктүрүү максатындагы өз ара диалогун камсыз кылууда мыкты аянтча болуп бере алгандыгын ...
23.07.2019

Эко-арт лагердин катышуучулары ак илбирстерди көрүштү

Кара-Кужур жайлоосунда өтүп жаткан Кыргызстандагы биринчи эко-арт лагердин катышуучулары Ананьевадагы Айбанаттарды калыбына келтирүү борбору менен таанышып, ак илбирстерди көрүштү. 20 ашык өспүрүм 19-июлда Ысык-Көл облусунун Ананьева айылындагы Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси (NABU) Айбанаттарды калыбына келтирүү борборунда болушуп, ал жактагы эки ак илбирс, сүлөөсүн, бүркүт, түлкү жана куштарды көрүп, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, ...
19.07.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн адамдардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш тууралуу жайкы үйрөтүү лагери өттү

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн үч күндүк жайкы үйрөтүү лагери Жалал-Абад облусунун Кара-Алма айылында жайгашкан “Кара-Алма” эс алуу жайында өттү. Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.   Лагердин ишине жалпысынан он алты мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун ...
18.07.2019

Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагери өтөт

2019-жылдын 20-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстандын эң кооз, ак илбирс уялаган, мамыры гүлдөрү жайнаган, атактуу - Кара-Кужур жайлоосунда 20 өспүрүм катышкан эко-арт лагери өтөт. Катышуучулар кино, актердук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт. Кыздар жана балдар аталган жанрлар боюнча командаларга бөлүнүп алып иштешет. Аларга ХV Казань фестивалында гран прини, «Ак илбирс» ...
18.07.2019

«Гений» радиоберүү: Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөдө көрсөткөн жыйынтыктары

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында 2019-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты жана аларга түзүлүп жаткан шарттар тууралуу сөз болду.   Жалпысынан жалпы республикалык тестирлөөгө 44289 адам катышып, 62 пайызы босого баллдан өттү, бул тууралуу кененирээк радиоберүүнүн катышуучулары КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»