Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Мекендештер»
Мекендештерди волонтердук мейман лекцияларынын программасына катышууга чакырабыз
Урматтуу кесиптештер, өнөктөр, достор!
Өлкөбүздүн эң жаркын касиеттеринин бири адамдык ресурс – ийгиликтүү интеллектуалдар, таланттуу инсандар – Кыргызстан жергеси дүйнөгө тартуулаган өлкөнүн чыныгы патриоттору болуп саналат. Алардын бардыгы, кайда болбосун, өз Мекени үчүн күйүп-бышат, аны өз жүрөгүндө сактайт.
«Мекендештер» – бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси, кайталангыс форматтагы жана мазмундагы ири масштабдуу, жүйөлөштүрүлгөн долбоор. Азыркы учурда долбоор мекендештер – чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жана диаспоралар менен байланыш түзүү жана аларды бириктирүү жагынан иш жүргүзүп жатат.
Чогулууга, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн өз ийгиликтерибиз, билимдерибиз жана тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө убакыт жетти. Бизде өзүбүздү ийгиликтүү өлкө кыла ала тургандын бардыгы бар. Биз биригүүгө жана потенциалды Мекенди өнүктүрүүгө жумшоого тийишпиз.
Өткөн жылы долбоордун командасы чет өлкөлөрдөгү мекендештердин Кыргызстанды өнүктүрүүгө салымынын (материалдык, билим берүүчүлүк, интеллектуалдык ж.б.) мыкты практикалары жөнүндө эки басылма чыгарды, ошондой эле 2016-жылы Ош шаарында Кыргызстан мекендештеринин «Мекендештер - 2016» III Форумун өткөрдү.
Августта болуп өткөн Форумдун жыйынтыктары боюнча чет өлкөлөрдө жашаган ийгиликтүү мекендештерден (башкача айтканда, КР жарандарынан жана башка өлкөлөрдүн жарандыгын алгандардан) волонтердук мейман лекцияларынын программасын ишке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Бул аркылуу биз эмнени туюнтуп жатабыз?! Силер Европада, Түркияда, Америкада жашап жатабыз деп элестеткиле, анан кааласаң да, каалабасаң да, Кыргызстанда азырынча жок болгон, бирок көрүп жана өздөштүргүңөр келген кандайдыр-бир өзгөчөлүктөрдү, жетишкендиктерди, инновацияларды, ноу-хауну байкайсыңар. Мейли ал медицина тармагы, чыгармачылык, билим берүү, туризм, бизнес жана башкалар болсун.
Өткөн жылы Кыргызстандын региондорунда (Нарын, Каракол, Жалал-Абад, Талас) бир нече пилоттук лекция өткөрүлгөн, мисалы, ЖАМУнун (Жалал-Абад мамлекеттик университети) медициналык факультетинин студенттери ушундай лекция учурунда чет өлкөлүк ЖОЖдордо стажировкадан өтүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү, азыркы эмгек рыногу коюп жаткан талаптар жана көптөгөн башка нерселер жөнүндө маалымат алган.
Альберт Эйнштейн мындай деп айткан: «Адамдарды окутуунун бирден бир акылга сыярлык ыкмасы – бул аларга үлгү көрсөтүү».
«Мекендештердин волонтердук мейман лекциялары» программабыз улуу илимпоз баяндаган ушул принципке негизделген.
Өз билимибизди, тажрыйбабызды, идеяларыбызды берүү менен БИЗ БИРГЕЛИКТЕ Кыргызстандын өнүгүшүнүн жаңы түрмөгүн ишке киргизе алар элек.
Волонтердук мейман лекцияларынын программалары чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерден жана кесипкөйлөрдөн тажрыйбаны, жаңы практиканы, ноу-хауну алмашуу боюнча лекцияларды/семинарларды/мастер-класстарды/эл алдына чыгып сүйлөөн үболжолдойт.
Лекциялар Бишкек жана Ош шаарларында төмөнкүдөй категориядагы угуучулар үчүн өткөрүлөт:
1. КРнын ЖОЖдорунун студенттери үчүн.
2. Жарандык коомдун, мамлекеттик башкаруу секторунун, бизнестин, саламаттык сактоо системасынын, билим берүүнүн жана башкалардын өкүлдөрү үчүн.
Лекцияларды өткөрүү үчүн ар бир шаарда ылайыктуу ЖОЖ тандалат. Лекциялар ар кандай форматтарда өткөрүлөт: жеке жолугушуулар жана сөз сүйлөө, он-лайн же скайп-конференциялар.
Бизге силердин пикириңерди билүү маанилүү: Бул жагынан силер кандай ойдосуңар? Силер ушул демилгеге катышууга ынтызарсыңарбы?
Сүйлөнүүчү сөздүн жалпы графигин жана тематикасын түзүү үчүн силерден анкетанын суроолоруна жооп берүүнү суранабыз (бул силердин 5 мүнөттөн ашпаган убактыңарды алат).
Катышканыңар үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
