Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Мекендештер»
«Мекендештер - 2016» форуму 2-августта дагы уланат
Бүгүн, 1-августта Ош шаарында үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан «Мекендештер-2016» форуму башталды. Аталган форумга экс-президент Роза Отунбаева, вице-премьер министри Гулмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депуттаттары, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров, акимдер, айыл өкмөттүн башчылары, чет өлкөдө иштеп жүргөн ишкерлер, кыргызстандык өндүрүшчүлөр, көл өнөрчүлөр, дыйкандар, шаар тургундары катышууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Мекендештер – 2016» III форумунун максаты - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭске, ШККУга мүчө экендигин, Кыргызстандын аймактарынын географиялык жайгашуусунун уникалдуулугун, тарыхый жана табыгий байлыктарын эске алуу менен ишкерлик демилгелерди активдештирүү максатында чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын ичинен кубаттуу инвесторлордун көңүлүн буруу болуп саналат.
Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров форумдун катышуучуларына ийгилик каалап, бул иш чара инвестор тартуу жаатына чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп белгиледи.
“Мекендештер форуму ишкерлер үчүн инвестор тартуу, өндүрүштү көбөйтүү, бизнести өнүктүрүү багытына жардам берет. Андыктан эки күндүк форум жыйынтыктуу кадамдар менен аяктайт деп ишенем. Ош шаарында чет жактагы жарандарга жардам берүү, ишкерлерди колдоо багытында да иштер жүрүп жатат”,- деди Ш.Сабиров.
Форумдун жүрүшүндө экономикалык өнүгүүдөгү жаңы чакырыктар, күчтүү аймактар – күчтүү өлкө, өлкөдөгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары, бизнес жана инвестициялар, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн күч-кубаты жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекет жана диаспора – өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдери тууралуу докладдар окулду. Ошондой эле “Түштүктүн берекеси” аттуу көргөзмө уюштурулду.
Белгилей кетсек, «Мекендештер Форуму» 2012-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан негизделген жана бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Миграция боюнча эл аралык уюму, Швейцариянын Өкмөтү, БУУнун Өнүгүү программасынын колдоосу менен жүргүзүлөт.
Форум эртең, 2-августта да уланат.
Акыркы жаңылыктар
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»
«Гений» радиоберүүсү: Мектеп окуучулар альтернативалык онлайн-олимпиадага катыша башташат

«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

- Прямая ссылка:
- «КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости