Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Мекендештер»

24.04.2017

Баткен жергесинин туристтик кубаты жогору

2017-жылдын 21-апрелинде Баткен шаарында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Мекендештер» долбоорунун алкагында КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Маданият , маалымат жана Туризм министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун жана Эл аралык кызматташуу боюнча Швейцариялык бюронун колдоосу менен «Айылдык мейман үйлөрү Баткен облусундагы туризмдин өнүгүүсүнүн келечектүү багыты катары : абалы, келечеги, алдыӊкы практикалар» аталышында тегерек стол өткөрдү.


Тегерек стол чакан жана орто бизнести колдоого, жаӊы жумуш орундарын түзүү жолдорун талкуулоого, Баткен облусунун туристтик жагымдуулугун көтөрүүгө арналды.


Иш чарага КР Экс-президенти Р.И.Отунбаева, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О.Саттарова, КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары А.К. Жаманкулов, Жамааттарга негизделген «Хоспиталити Кыргызстан» Кыргыз Туризм Ассоциациясынын жетекчиси М.Озубеков, «Юнисон» коомдук фондунун Президенти Н.Абдрасулова, Эл Аралык Миграция уюмунун Ош облусу боюнча башчысынын милдетин аткаруучу А.Атамбиев, «Бай түшүм» ,”Компаньон” банктарынын өкүлдөрү жана башка башкаруунун тармактык органдарынын жетекчилери жана адистери, туристтик компаниялардын өкүлдөрү, айылдык конок үйлөрдүн ээлери, ошондой эле эксперттер катышышты.


Тегерек столдун жүрүшүндө Баткен облусунун туристтик объекттери , потенциалы кеӊири талкууга алынды.


КР экс-президенти Р.Отунбаева өз сөзүндө тышкы гана эмес, ички туризм үчүн да Баткенди биз али ача элекпиз деп белгиледи. Ошол эле учурда Баткендин Кыргызстандын башка аймактарына такыр окшобогон туристтерди өзүнө тарткан табыгий, маданий жана тарыхый өзгөчөчөлүктөрү көп экендигине токтолуу менен туризм абдан татаал тармак экендигин, ал тазалыкты, ирээттүлүктү талап кылаарын билдирди. Сөз соӊунда Р.Отунбаева Баткен эли абдан зирек жана эптүү эл экенин белгилөө менен баткендиктерге айгүл гүлү жана өрүк гүлдөгөн учурду жигердүү туристтик сезонго айлантуу зарылдыгын сунуштады. Айылдык мейман үйлөрүн ачып, иштетүүнүн негизги максаты – жумуш орундарын түзүү экендигин да баса көрсөттү.


КР Маданият, маалымат жана туризм минстринин орун басары А. Жаманкулов дүйнөлүк туризмдин экологиялык жана экономикалык маанилүү жагдайларына токтолуу менен, Баткен облусунда гүлдөгөн айгүл гүлү бүгүн Кыргызстандын брендине айлангандыгын белгиледи жана өрүк гүлдөгөн маалда жапондордун сакурасындай чоӊ улуттук майрамга, брендге айлантуу керектигин сунуштады.


Баткен облусунун администрациясынын социалдык бөлүмүнүн туризм боюнча жооптуу кызматкери Н.А.Абдуллаев аймактын тарыхый жана маданий туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.


«Юнисон групп» коомдук фондунун президенти Н.Абдрасулованын мейманкана бизнесинде ресурстарды жана энергияны үнөмдөө жолдору, имараттарды жылуулоонун үй бүлөөнүн гана эмес, экономикалык, экологиялык өнүгүү үчүн маанилүүлүгү боюнча маалыматы катышуучулардын кызыгуусун арттырды. Жамааттарга негизделген «Хоспиталити Кыргызстан» Кыргыз Туризм Ассоциациясынын жетекчиси М.Өзүбеков жана Баткен шаарындагы “Алтын Бешик” мейманканасынын жетекчиси Г.Жолболдуевалар конок үйлөрүн уюштуруу, талап кылынуучу сервистик минимумдарды камсыз кылуу жаатындагы тиешелүү иш аракеттер менен бөлүшүштү. Ошондой эле “Бай түшүм” банкынын Баткен областтык филиалынын директору Б.Мадалиев туризмди өнүктүрүүдөгү финансылык инструменттер тууралуу кенен айтып берди. Ал эми “Банк Компаньон” ЖАКнун Кадамжай филиалынын директору И.Закиров ишкер аялдар үчүн туристтик бизнести өнүктүрүүгө болгон финанасылык мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү маселелерине токтолду. 

Акыркы жаңылыктар

22.08.2019

«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.   Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, ...
21.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.   Чет тилдердин маанилүүлүгү, ...
21.08.2019

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук ...
21.08.2019

FINCA Банк «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» колдоо көрсөтүүнү улантууда

2019-жылы Кыргызстандын жайлоолорунда 114 “Жайлоо өнүгүү борборлору” ачылып, жай мезгилинде балдарга билим беришти. “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун өнөктөшү FINCA Банк бешинчи жыл катары канцеляриялык товарлар, балдардын аң сезимин өнүктүрүүчү оюнчуктар жана башка керектүү буюмдарды берип жардам көрсөтүп келе жатат.   Быйыл банктын Кочкор-Атадагы филиалы Ноокен районунун Кызыл-Кыштак айылындагы “Нур-Айым” жайлоо өнүгүү борборуна, Нарын филиалы ...
20.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын химия боюнча Эл аралык олимпиадада көрсөткөн жыйынтыктары

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Парижде өткөн химия боюнча Эл аралык олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын июль айында өтүп, ага 84 өлкөдөн 330 окуучу катышкан. Кыргызстандан төрт окуучу: Нурсултан Соодонбеков, Эльмар Зикиров, Бакай Шейитов жана Мирхад ...
01.08.2019

Жайлоо өнүгүү борборунда тарбияланып жаткан балдардын креативдүү сапаттарын өнүктүрүшүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Башарин жайлоосундагы «Заря» жайлоо өнүгүү борборунда «Баланын креативдүү сапаттарын өнүктүрүү» темасында семинар болуп өттү. Иш-чарага ата-энелер, облусттук билим берүү институтунун кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин жана Заря корпоративинин өкүлдөрү катышты. Заря корпоративи балдарга таттууларды таратып көңүлдөрүн көтөрүшсө, жергиликтүү бийлик, райондук билим ...
01.08.2019

2019-жылдын 1-2-август күндөрү Бишкектеги КР Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында КР Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат

Белгилей кетсек, бул иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан негизделип, 2012, 2014, 2016, 2018-жылдары төрт ирет тең коомдо чоң окуя катары өткөн Мекендештер Форумунун ишмердигинин түздөн-түз жыйынтыгы деп айта алабыз. Анткени аталган иш чара мамлекеттик структура менен чет жактарда иштеп жүргөн мекендештердин Кыргызстанды өнүктүрүү максатындагы өз ара диалогун камсыз кылууда мыкты аянтча болуп бере алгандыгын ...
23.07.2019

Эко-арт лагердин катышуучулары ак илбирстерди көрүштү

Кара-Кужур жайлоосунда өтүп жаткан Кыргызстандагы биринчи эко-арт лагердин катышуучулары Ананьевадагы Айбанаттарды калыбына келтирүү борбору менен таанышып, ак илбирстерди көрүштү. 20 ашык өспүрүм 19-июлда Ысык-Көл облусунун Ананьева айылындагы Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси (NABU) Айбанаттарды калыбына келтирүү борборунда болушуп, ал жактагы эки ак илбирс, сүлөөсүн, бүркүт, түлкү жана куштарды көрүп, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, ...
19.07.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн адамдардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш тууралуу жайкы үйрөтүү лагери өттү

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн үч күндүк жайкы үйрөтүү лагери Жалал-Абад облусунун Кара-Алма айылында жайгашкан “Кара-Алма” эс алуу жайында өттү. Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.   Лагердин ишине жалпысынан он алты мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун ...
18.07.2019

Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагери өтөт

2019-жылдын 20-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстандын эң кооз, ак илбирс уялаган, мамыры гүлдөрү жайнаган, атактуу - Кара-Кужур жайлоосунда 20 өспүрүм катышкан эко-арт лагери өтөт. Катышуучулар кино, актердук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт. Кыздар жана балдар аталган жанрлар боюнча командаларга бөлүнүп алып иштешет. Аларга ХV Казань фестивалында гран прини, «Ак илбирс» ...
18.07.2019

«Гений» радиоберүү: Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөдө көрсөткөн жыйынтыктары

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында 2019-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты жана аларга түзүлүп жаткан шарттар тууралуу сөз болду.   Жалпысынан жалпы республикалык тестирлөөгө 44289 адам катышып, 62 пайызы босого баллдан өттү, бул тууралуу кененирээк радиоберүүнүн катышуучулары КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»