Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Мектепке даярдык көрүүчү жыл

07.03.2014

Токтосун Самудинов: Балдар-биздин дал бүгүнкү күнүбүз, эртең кеч болуп калат

«Байчечекей» балдар журналынын баш редактору, Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов менен Кыргызстандагы балдар адабияты, бөбөктөрдү тарбиялоо, ж.б. маселелер тууралуу маек.

 

- Токтосун агай, сиз өмүр бою «Байчечекейди» бапестеп келатасыз. Быйыл ошол сиз бапестеген журналда кулак сүйүнтөрлүк жаңылык бар дешет...

 

- Ар жыл сайын Жаңы жыл жаңырганда бөбөктөр журналы өзүнүн кичинекей окурмандарына арналган:

 

Кирип келген жыл башка, 

Шаңдуу чыккан үн башка. 

Ар бир бөбөк чоңоет

 

Жаңы жылда бир жашка, - деген белгилүү ырындагыдай, бир башкача кубанычтуу сезимди башынан өткөрөт. Анткени 1-январь - «Байчечекей» журналынын туулган күнү. 1977-жылдын январында жарыкка чыккан №1-санында кыргыз адабиятынын патриархы, даңктуу Эл акыны Аалы Токомбаев: «Ала-Тоонун кетиктиш балдарынын коюн толгон кубанычына мен да ортоктошмун. Бажырайган «Байчечекей» журналынын бешик боосу бек болсун! Ата Журттун келечек муундарын тарбиялачу басылманын алгачкы кадамына жеңиштүү сапар тилеймин», - деген батасын берген эле. Ал эми «Байчечекей» 1 жашка толгондо дүйнөлүк атагы бар улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун: «Тушоо тоюң кут болсун, «Байчечекей» кас-кас баскан кадамың улам арыштасын, жолуң шыдыр болсун! Касиеттүү эне тилибиздин туусун дайыма бийик көтөрүп жүрөрүңө ишенемин», - деген каалоосу жыл тогошор кезде көңүлүбүзгө кылт эте калат.

 

Албетте, быйылкы жылы да №1-санын чыгарып жатып, «арадан 37 жыл өтүптүр, нускабыз жылдагыдан көбөйүп, 6 миңден ашыптыр» деген жаңылыкка бир аз шердене түштүк. 6 миң - бул жалаң жазылып алгандар. Эгер жалпы окурмандарыбызды санасак, эки-үч эсеге көбөйө түшөт, анткени ар бир үйбүлөдө 2-3төн бөбөк бар эмеспи.

 

- Ушунча жыл бою бир басылманы жетектеп келатканыңыз да кызык...

 

- Ар басылма - коллективдин, автордук курамдын эмгеги. Бирок жетекчиге да, анын жоопкерчилигине да көп нерсе байланыштуу. Биринчи санынан бүгүнгө чейин 37 жыл бою баш редакторлук милдетти аркалап келиш тагдырдын, буйрук-насиптин шыбагасы чыгар. Бирок салыштырууну өзүм да анчалык орундуу сезбесем да сөз оролунан улам айта кетейин, улуу совет акыны А.Твардовский узак жылдар бою «Новый мир» журналын жетектеп келди. Айтышчу экен: «Урматтуу Александр Трифонович, акындыгыңыз, чыгармачылыгыңыз турганда редакторлук түйшүктү моюнуңузга артып эмне кыласыз?» Ошондо ал минтип жооп бериптир: «Журналды чыгарыш да - менин чыгармачылыгым». Анын сыңарындай, мен да акынмын, анан да балдар акынымын. Демек, балдар басылмасында иштеш - мага да кызыктуу, мага да кымбат, ырахат түйшүк.

 

- Мезгил абдан учкул эмеспи, интернет заманы келди. Ошого карабастан сиздин журнал маалымат майданында өз милдетин татыктуу өтөп, бөбөктөрдүн сүймөнчүгүнө айланып келет. Канча муун кыргыз балдары сиздин журнал менен чоңойду. Азыркы шартта журналды окутуш кыйынга туруп калган чыгаар?

 

- Китептер, кооз китепче сыяктанган балдар журналдары интернет заманында баштагы өз ролунан кемий түшөрүн ойлоо биз үчүн көп эле эрте. Асыресе, айыл жери толук интернет кызматына өтөөрүн азырынча эч элестете албайбыз. Демек, «Байчечекей» ар бөбөктүн колуна тийип, көзүн да, өзүн да кубандырчу журнал бойдон дагы да көп жылдар жашаарына ишенип койсок болот. Балдар телевизорго, мобилдик телефонго, анан бир даары интернетке алаксып, көркөм китепке, адабий көркөм журналдарга анча назар салбай баратат дегенде чындыктын үлүшү бар. Бирок жапырт баары эмес. Маселе ар басылманын окумдуулугуна, таасирдүүлүгүнө жетишүүдө. Башкы милдет дал таасирдүүлүктө. Улуу В.Белинский айткандай, ар чыгарма тарбия үчүн жазылат. Бүгүн ахыбал кандай? Билим берүү системасы болуп көрбөгөндөй масштабдуу болуп алды. Ата-энесинин каржы-каражаты болсо уул-кызын кай жердеги, кайсы окууга болбосун окутууга мүмкүнчүлүгү бар. Ушундан улам дипломдуу бекерпоздор көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Билимдүүлүк менен тарбиялуулуктун ажырымы ачылып баратканы учурдун коогалуу проблемасына айланды. Жакында Москвадагы бир орто мектептин отличник окуучусу нравалык-моралдык тарбиясындагы жапайылыкты көрсөткөндүгүн Россия Президенти В.Путин өтө кейүү менен белгиледи го. Ал да жаш муундарга нравалык тарбия берүүнү күчөтүү зарылчылыгын өзгөчө белгиледи. Тарбиянын комплекстүү, ар тараптуу ыкмасы гана оң натыйжа берерин турмуш практикасы нечен ирет далилдегенин унутта калтырганыбыз бул жолу да айкын-ачык көрүндү. Интернет-сайттарга кул болуп, күн-түндөп экранды тирмийе тиктегенден көрө өспүрүм үчүн акылдуу китеп-журналдарды окуган артыгыраак экендигине бүгүн илимпоз-педагогдор да, ата-энелердин өздөрү да ынанып калышты.

 

- Эгемендикке жетишкени Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү өзүнчө бир чоң маселеге айланды. Мамлекет тилди өнүктүрөбүз деп жыл сайын миллиондогон сомдорду чыгымдап, бирок натыйжасы бир тыйындык болду окшойт. А сиз журналыңызга жазылгандардын санын 6000ге жеткирип, көкүрөк койгулабай, бирөөлөргө сын такпай, ашыкча кеп кылбай эле ушул ишти илгерилеткениңиз бийлик башчыларынын көзүнө илинди бекен?

 

- Эне тилди үйрөтүү жалаң эле кыргызча сүйлөө, кыргызча жазуу менен чектелбейт. Сөздүн күчүн, байлыгын, көркөмдүгүн балага эсте каларлык ыкмалар аркылуу бере билиш керек. «Байчечекейдеги» жомок, табышмак, оюн ырлардан тышкары «Эмне үчүн минтип айтабыз», «Ыр сөздүк», «Ким макалды көп билет?» «Кыргызча-Орусча-Англисче» деген сыяктуу рубрикалар ушул максатты көздөйт. Булардан тышкары, балдардын ой жүгүртүүсүндө синоним, антоним сөздөр коштолгон сөз оюндар, кроссворд, сканворддор да чоң роль ойнойт. Кыскасы, «Көңүлдүү көнүгүүлөр» сабагы бөбөктүн эсинде кала турган эң таасирдүү форма.

 

Балдар дүйнөсү таза, аруу. Алар куулук-шумдук, митайым-анткорлук, арамзалык дегенди билишпейт. Алар үчүн бул жашоо - кудум майрамдай. Күн желесиндей кызыл-тазыл боекторго чулганган «Байчечекейдин» жаңы санын алыш да - аларга майрам. Ошондуктан журналдын ар бир он жылдагы юбилейин балдарга майрам кылып берүүгө аракеттендик. Бул тегин гана балдар майрамы эмес, Кыргыз мамлекетиндеги балдар басма сөзүнүн майрамы болсо экен дедик. «Байчечекейдин» күйөрман эже-агаларына ырахмат! Ой-тилегибизди колдоп, ыр-бийге, күлкүлүү-куудул сөздөргө тамашалуу оюн-зоокторго толгон «Байчечекей» майрамын уюштурууга алар жандили менен катышты. Арасында «Мээрим» эларалык кайрымдуулук фонду, «Кыргызстан аялдар конгресси» жана «Кыял» кол өнөрчүлүк ишканасы бар. Ошондой салтанаттуу кечелерибиздин биринде Эл акыны Омор Султанов: «Силер согуштан өлбөй калган жоокерлердей болдуңар, азаматсыңар!» - дебедиби. Бирок «өлбөй калуунун» да редакция үчүн көптөгөн азап-тозогу, кыйынчылыгы болду. «Аскар тоодой завод-фабрикалар, комбинаттар кыйрап жатканда кичинекей «Байчечекей» эмне болуп кетиптир?! Жоюлса-жоюла берсин!» - дешти бийликтеги кай бир төрөлөр.

 

- Мамлекеттик тил демекчи, Кыргызстанда жаңылбасам тил боюнча бүтүндөй бир институттар, ал тургай педагогика академиясы бар. Ошолор жылдап миллиондогон сомдорду казынадан алып, бирок колго илинер иштери көрүнбөйт. Ага караганда сиздин ар бир журнал - дапдаяр бир китеп го. Ушул өңүттөн алганда Билим берүү министрлиги мектепке чейинки балдарды мамлекеттик тилге үйрөтүүдө «Байчечекейди» пайдаланса болбойбу? Ушул сыяктуу сунуштар түшкөн жокпу?

 

- «Байчечекей» балдардын өзүнчө көркөм, кооз, кызыктуу, эсте каларлык тексттери бар китепчеси катарында ай сайын 6 миң нуска менен бир жылда 12 ирет чыгышы чыны менен чымырканган чыгармачылык жигерди талап кылуучу басылма. 1977-жылдан бери мындай китепчеден 356ны чыгарыптырбыз. Балдар үчүн пландуу, системалуу китеп, окуу куралдарын чыгаруучу мамлекеттик китеп басмалары орду-түбү менен эчак жоюлуп, акчасы бар ар ким «балдарга боло берет, пул болуп берсе болду» деп, оюна келгенди чампалай салып эптеп сатып жаткан чакта, элдик педагогика менен учур педагогикасын үзөнгүлөш алып келаткан «Байчечекей» журналынын көп жылдык тажырыйбасы олуттуу изилдөөгө, омоктуу сөз кылууга арзыйт.

 

Жашыруун эмес, азыр Кыргызстанда чыккан бир катар гезиттер бир бетин «бөбөктөргө» арнаган болуп, экинчи бетинде секс, порнография материалдарына орун бергенин эмне менен түшүндүрсө болот. Чынын айтсак, бүгүн моралдык-нравалык базалык принциптерге негизделген идеология жок, ушундан улам пайда болгон вакуумду чала сабат диний үгүт, дүнүйөкорлук менен майда мүдөөчүлдүккө жан тарткан купуя чакырыктар толуктап, «жаманды мейманы бийлейт» болуп баратат. Кашкайган чындык: Соңку 15-20 жылдагы «Алиппе» менен кенже класстардын окуу китептерине «Байчечекей» журналына жарыяланган материалдар негиз болуп берүүдө. Бүгүн Маданият министрлигине караштуу 2 миңдей, Билим берүү министрлигине караштуу 2 миңдей китепкана бар. Жазылуу баасы 6 айга 90 гана сом болгон «Байчечекей» алардын китеп, журнал текчелеринде жокко эсе. «Байчечекей» журналынын адабий, көркөм материалдарынан түзүлүп «Кубан бөбөк», «Байчечекей» - балдарга» деген кооз китептер да ал китепканаларда жок экенине таңгалбай койсок деле болот.

 

- Жаңылбасам мамлекет башчыбыз «Мурас» фондун түзүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштиктүү кадамдар жасалчудай көрүндү эле. Бул боюнча мамлекеттик тилди өнүктүрүү улуттук комиссияга бир топ милдеттер тагылганы эсимде. Ушул жагдайда мамлекеттик тилди конкреттүү өнүктүрүп жаткан сиздин журнал ошол комиссия тарабынан колдоого алынып атабы же адатынча ура-а, ураа менен эле алектенүүдөбү?

 

- Мамлекет башчысынын «Мурас» фонду мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жасалган иштиктүү кадам. Ал комплекстүү ыкмалардын жыйындысын камтууга тийиш. Анда «Байчечекей» журналынын салымы да эске алынар деп ойлойбуз.

 

- Сиз эл акынысыз. Тагдырыңызды балдар менен байланыштырууга кандайдыр бир себеби барбы? Акындык менен журналисттик өнөрдү кантип айкалыштырып жүрөсүз? Азыркы шартта бул эки өнөр тең тыңгылыктуу каржыланбайт эмеспи?

 

- Мен негизинен лирикалык ырларды жазган акындардын биримин. Ырас, көркөм, сынчыл юмордук жанр болуп эсептелген адабий пародияга көбүрөөк ыктап кеттим. «Сүзөнөөк ырлар же 101 пародия», «Эпиграммалар, пародиялар» деген китептерим чыкты. Тамашалуу, куудул, юморлуу ырларды жазганды жакшы көрөм. «Той-кечеге тосттор» деген китебим да буга далил. Ал эми балдарга арналган чыгармалар да сөзсүз эле тамашакөй болушу керек. «Жашынмак», «Кол чатыр», «Чаң баспасын сөздөрдү», «Ар бакчадан бирден гүл» деген китептеримде ушундай ыкма жазылган оюн-ырлар арбын.

 

- Балдарга жасаган мамиле мамлекеттин жүзүн билдирет дейт эмеспи. Мына азыркы шартта эне тилинде балдар бакчаларына окуу куралдары жок, жетишпейт деп чоң маселе көтөрүп жүрүшөт. А балким сиздердин журнал ушул чоң ишке жарагыдай милдет өтөп жүрбөсүн? Бул жагынан сиздерге балдар бакчалары кайрылышпайбы?

 

- Башкаларды коелу, Россия басылмалары азыр 2-3 жаштан 10 жашка чейинки балдарга жаш курактарын айырмалап, б.а. дифференциялап, журналдарды, китепчелерди чыгарып жатканы тегин эмес. Биздеги жалгыз «Байчечекей» журналы эки куракты камтууга аракет жасап келет. «Өзүңөр боегула», «Кел, чогулуп окуйлу», «Беш мүнөттүк сабак», «Кайчы - сенин жардамчың» деген рубрикалар бакча балдарына арналган. Албетте, болгону 1 гана басма табактык «Байчечекейдин» көлөмү аздык кылат, аны көбөйтүүгө кошумча чоң акча каражаты керек.

 

- Учурда балдар үчүн кыргыз тилинде кооз китептер жетишсиз деп кан какшап жүрүшөт. Сиздердин журнал ошол кенемтени толуктап жаткандай сезилет. Балким журналыңыздардын бир жылдык номурларын топтоп, китеп түрүндө чыгарса кандай болмок?

 

- Көркөмдүк - эстетикалык сапаты жогору, тарбиялуу, кызыктуу балдар китептеринин өтө аз экендиги чындык. «Байчечекей» журналына жарыяланган таланттуу авторлорубуздун чыгармаларынан тандап, өзүнчө альманах, антология кылып чыгаруу практикасын 3 жолу ишке ашырдык. Алар Совет мезгилинде - «Айлан көчөк», кийин «Кубан бөбөк», «Байчечекей балдарга» деген аталыштардагы китептер. Кезектеги планыбызда «Байчечекейдин» 40 жылдык юбилейин утурлап «Байчечекей» - гүлдесте» деген ат менен журналдын альманах - энциклопедиясын чыгаруу. Бул максат ишке ашса - Кыргызстандын балдар адабияты үчүн уникалдуу жаңылык болмокчу. Албетте, буга мамлекеттик, спонсорлук колдоолор талап кылынат. Ансыз максатты ишке ашырыш кыйын.

 

- Негизи балдарды тарбиялоо абдан түйшүктүү, оор маселе. Азыркы маалыматтын, теленин заманында бул маселе ого бетер оор. Ушул өңүттө Билим берүү министрлиги менен биргелешип, улуттук деңгээлдеги бир жакшы долбоор ишке ашыруу боюнча пландар жокпу?

 

- Бүгүн, дагы кайталайм, билим алуу кыйынга турбайт, окуу жайлар аябагандай көп, «пулуң болсо - кулуңмун» дегендей, акча каражат жыйнап, жогорку билим алуу илгери жалпы орто билим алгандай эле оңой иш болуп калды. Бирок жаш адамды гармониялуу, нравалык-моралдык түшүнүгү терең, жалпы адамзаттык, улуттук асылдыктарды баалап, бийик кадыр тута билген духта тарбиялоо экинчи планга калып баратканы өкүнүчтүү. Кампанейшинадан, архаикага жан тарткан жеңил-желпи, оңой-олтоң утурумдук иш-чаралардан - системалуу, эффективдүү, модернисттик багыттарга өтпөсөк - бир орунда чуркаган адам кейпин кийген болобуз.

 

«Балдар - биздин келечегибиз» деген ураан өзүн-өзү алдаган, жооткоткон жобо. Балдар-биздин дал бүгүнкү күнүбүз. Аларга дал бүгүн, дал азыр, кечиктирбей камкордук көрүшүбүз керек. Эртең кеч болуп калат. Келечекте оңдоп алабыз деп отуруп, 20 жыл ичинде Ала-Тоо койнунда эзели болуп көрбөгөн СПИД, наркомания, сойкулук, зомбулук, уурулук биринчи иретте, дал 15-20 жаштагы балдарда гүлдөп жатпайбы. Ошондуктан нукура адеп-ахлактык тарбияга мамлекет баш болуп, ата-энелер төш болуп, балдар мекемелери, балдар-басылмалары көз болуп сөздөн ишке өтпөсө экономикалык жетишкендик дегендер сокур тыйынга арзыбай калат. Мына ушундай тарбиялоо багытында балдар адабиятынын ролу, маани-маңызы аз эмес. Бир кезде Кыргызстандагы жападан жалгыз мамполиграфиялык ишкана болуп турган «Учкун» басма үйүнүн базасында «Бөбөк» деген аталыштагы балдар китеп басмасын уюштуруу сөзү өкмөттүк деңгээлде козголгон. Бирок адаттагыдай эле кагаз жүзүндө кала берди. Бул али да кеч эмес. Кеп - саясый эркте, коомдогу жаш муундар арасында түзүлгөн моралдык-нравалык атмосфераны ачык-айкын түшүнүүдө.

ИА «24.kg», Олжобай ШАКИР

Акыркы жаңылыктар

22.08.2019

«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.   Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, ...
21.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.   Чет тилдердин маанилүүлүгү, ...
21.08.2019

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук ...
21.08.2019

FINCA Банк «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» колдоо көрсөтүүнү улантууда

2019-жылы Кыргызстандын жайлоолорунда 114 “Жайлоо өнүгүү борборлору” ачылып, жай мезгилинде балдарга билим беришти. “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун өнөктөшү FINCA Банк бешинчи жыл катары канцеляриялык товарлар, балдардын аң сезимин өнүктүрүүчү оюнчуктар жана башка керектүү буюмдарды берип жардам көрсөтүп келе жатат.   Быйыл банктын Кочкор-Атадагы филиалы Ноокен районунун Кызыл-Кыштак айылындагы “Нур-Айым” жайлоо өнүгүү борборуна, Нарын филиалы ...
20.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын химия боюнча Эл аралык олимпиадада көрсөткөн жыйынтыктары

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Парижде өткөн химия боюнча Эл аралык олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын июль айында өтүп, ага 84 өлкөдөн 330 окуучу катышкан. Кыргызстандан төрт окуучу: Нурсултан Соодонбеков, Эльмар Зикиров, Бакай Шейитов жана Мирхад ...
01.08.2019

Жайлоо өнүгүү борборунда тарбияланып жаткан балдардын креативдүү сапаттарын өнүктүрүшүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Башарин жайлоосундагы «Заря» жайлоо өнүгүү борборунда «Баланын креативдүү сапаттарын өнүктүрүү» темасында семинар болуп өттү. Иш-чарага ата-энелер, облусттук билим берүү институтунун кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин жана Заря корпоративинин өкүлдөрү катышты. Заря корпоративи балдарга таттууларды таратып көңүлдөрүн көтөрүшсө, жергиликтүү бийлик, райондук билим ...
01.08.2019

2019-жылдын 1-2-август күндөрү Бишкектеги КР Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында КР Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат

Белгилей кетсек, бул иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан негизделип, 2012, 2014, 2016, 2018-жылдары төрт ирет тең коомдо чоң окуя катары өткөн Мекендештер Форумунун ишмердигинин түздөн-түз жыйынтыгы деп айта алабыз. Анткени аталган иш чара мамлекеттик структура менен чет жактарда иштеп жүргөн мекендештердин Кыргызстанды өнүктүрүү максатындагы өз ара диалогун камсыз кылууда мыкты аянтча болуп бере алгандыгын ...
23.07.2019

Эко-арт лагердин катышуучулары ак илбирстерди көрүштү

Кара-Кужур жайлоосунда өтүп жаткан Кыргызстандагы биринчи эко-арт лагердин катышуучулары Ананьевадагы Айбанаттарды калыбына келтирүү борбору менен таанышып, ак илбирстерди көрүштү. 20 ашык өспүрүм 19-июлда Ысык-Көл облусунун Ананьева айылындагы Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси (NABU) Айбанаттарды калыбына келтирүү борборунда болушуп, ал жактагы эки ак илбирс, сүлөөсүн, бүркүт, түлкү жана куштарды көрүп, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, ...
19.07.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн адамдардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш тууралуу жайкы үйрөтүү лагери өттү

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн үч күндүк жайкы үйрөтүү лагери Жалал-Абад облусунун Кара-Алма айылында жайгашкан “Кара-Алма” эс алуу жайында өттү. Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.   Лагердин ишине жалпысынан он алты мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун ...
18.07.2019

Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагери өтөт

2019-жылдын 20-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстандын эң кооз, ак илбирс уялаган, мамыры гүлдөрү жайнаган, атактуу - Кара-Кужур жайлоосунда 20 өспүрүм катышкан эко-арт лагери өтөт. Катышуучулар кино, актердук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт. Кыздар жана балдар аталган жанрлар боюнча командаларга бөлүнүп алып иштешет. Аларга ХV Казань фестивалында гран прини, «Ак илбирс» ...
18.07.2019

«Гений» радиоберүү: Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөдө көрсөткөн жыйынтыктары

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында 2019-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты жана аларга түзүлүп жаткан шарттар тууралуу сөз болду.   Жалпысынан жалпы республикалык тестирлөөгө 44289 адам катышып, 62 пайызы босого баллдан өттү, бул тууралуу кененирээк радиоберүүнүн катышуучулары КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»