Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Мектепке даярдык көрүүчү жыл

13.08.2014

Суусамыр жайлоосундагы балдар жана ата-энелер үчүн концерт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева 2014-жылы 14-августта Суусамыр өрөөнүндөгү Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айыл өкмөтүнө жана Манас районунун Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнө караштуу жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүктөрү менен таанышат. 

 

Бул сапардын алкагында Чүй, Талас жана Жалал-Абад областтарынын жайлоодогу балдар үчүн: Балдар жазуучусу, Чий куурчак жасоо боюнча чебер Жылдыз Бек балдар менен кошо чий куурчактын үлгүлөрүн балдар менен биргеликте жасайт, Сүрөт Акадамиясынын сүрөтчүлөрү балдардын алдында сүрөт тартып, балдардын сүрөткө болгон кызыгууларын жандандырат. И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин мугалимдери балдар жана ата-энелер үчүн мастер класс көрсөтүшүп, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүнүн ыкмалары менен бөлүшүшөт. Педагогика илимдеринин доктору, профессор, кыргыз улуттук оюндары боюнча адис Таалай Үмөтов улуттук оюндардан өрнөктөрдү көрсөтөт. Кыргыз Эл артисти Опера жана балет театрынын балетмейстери Сыдыков Кубан полонез, менуэт, вальс, танго сыяктуу бийлердин айырмачылыктарын практика жүзүндө көрсөтөт. ЮНИСЕФ тин каржылоосунда ишке ашып жаткан «Кенже курактагы балдар үчүн окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү» алкагында белгилүү теле алыпбаруучулар Салтанат Саматова жана Гүлзада Медералиевалар балдар үчүн кызыктуу жомок окуп беришет.

  

Концерттик программада: Кыргыз эл артисти Гүлсүн Мамашева, Кыргыз улуттук филармониянын артисттери Мурадыл Сагыналиев, Мээрим Карыпова, Таалай Иманкуловдор элдик ырлардан аткарышат. Акын Мирлан Самыйкожо, Абдраев атындагы музыкалык мектептин жаш таланттары, айтылуу Кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Турсуналы уулу Тургунаалы өз өнөрлөрүн тартуулайт. 

 

2014 жылы жай айларында Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 35 жайлоо бала бакчалары ачылган. Жайлоо бала бакчалары тоодогу балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү багытын көздөйт. Жайлоо бала бакчаларын ачуу Билим берүү жана илим министрлиги, Жайыт департаменти, жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен кызматташтыкта ишке ашууда. Бала бакчаларды канцеляриялык товарлар менен камсыз кылууда Бакай Банк, Финка, Компаньон, Бай-Түшүм, Мол Булак, Айыл Банк сыяктууфинансалык мекемелери жардам көрсөтүштү. Бул долбоор малчылардын үй-бүлөлөрүндөгү балдарды камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоо бала бакчалары» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт. 

 

Кошумча маалымат алуу үчүн 0552 600 738, 0555 728899, 0312 660368 телефондоруна кайрылсаңыздар (Асылбек Жоодонбеков, Айзада Ургуналиева) болот.

Акыркы жаңылыктар

23.01.2020

Р.И.Отунбаева Кара-Балта шаарындагы «Билимкана» мектебинин иши менен таанышты

Экс-президент, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И. Отунбаева 2020-жылдын 15-январында Кара-Балта шаарында жайгашкан «Билимкана-Кара-Балта»* мектебине барды жана мектептин турмушу, окуучулар жана мугалимдер менен таанышты. Бул мектеп толук күн иштейт, 2018-жылы негизделген, анда 200дөн ашык окуучу окуйт. Кыргыз, орус жана англис тилдеринен тышкары, окуучулар экинчи чет тилди тандайт. Визиттин жүрүшүндө ошондой эле «Роза Отунбаеванын ...
23.01.2020

Мектеп окуучуларын экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

«Экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени» өз сапарын улантууда. 2019-жылдын сентябрынан тартып 2019-жылдын декабрына чейин Бишкек шаарынын 20дан ашык мектебине (№ 1, 4, 10, 11, 12, 16, 21, 23, 32, 33, 38, 43, 45, 46, 51, 52, 53, 65, 66) барды жана 6-7-класстардын 1600дөн ашык окуучусун камтыды. Бул акция презентация түрүндөгү интерактивдүү лекцияны билдирет, ал өзүнө ошондой эле дискуссияларды жана маалыматтык командалык оюндарды, ролик көрүүнү камтыйт. Мектеп окуучулары ...
22.01.2020

КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын өкүлдөрү Түркияга ар жылдагы таанышуу сапарына даярданып жатат

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга ишсапар менен сыйланды. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин Бирлигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын 12 өкүлү Түркиянын шаарларынын муниципалитеттеринин мектепке чейинки билим ...
22.01.2020

Балдарды балет боюнча мастер-класска чакырабыз

Достор, балдары – бийлегенди жакшы көргөн уулдары жана кыздары барлардын бардыгын, бардык кичинекей тынчы жок балдарды жана алардын ата-энелерин ишембиде, 25-январда, балет боюнча мастер-класска чакырабыз. Саат 16.00дө башталат. Өткөрүү орду "Антре" студиясы, Орозбеков көчөсү 2.   Мастер-класстын наркы - 100 сом.   Мастер-класста балдар жаш балериналардын сабактарын көрүп жана өз күчүн сынай алат. Мастер-класс "Балдар филармониясы" музыкалык-билим берүү ...
20.01.2020

КАЛКТЫН КАЛЫҢ КАТМАРЫ САНАРИП ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮГӨ ТИЙИШ

Жеке эле мугалимдер эмес, 30 жаштан жогорку курактагы ата-энелер санарип ыкмаларын үйрөнүүгө тийиш. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КICB банкы менен биргеликте кадырман курактагылар үчүн арналган «Санарип+50» долбоорун ишке ашырып жатат.      “Санарип 50+” долбоорунун максаты – улуу муундагы адамдарды жана бардык каалоочуларды смартфон ...
20.01.2020

«Шамалдагы от» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте  жумурай журтка таанымал  белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү  төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече  эсеп боюнча  отуз тогузунчу жана ал жаш акындар  Турдубек уулу Садырбектин жана ...
15.01.2020

Таланттуу балдар «Гений» радиоберүүсүндө

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн 2019-жылга карата жыйынтыктоочу чыгарылышында эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиретип келген таланттуу балдар катышты. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп интернатынын окуучусу Алтынай Белекова ооз комузда, ал эми Сезим Анарбекова менен Наргиза Умарова виолончель аспабында ...
18.12.2019

«Каректеги жаз» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 17- декабрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликтеуюштурган акын,Маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси Жыпар Акунованын жана Билим берүүнүн мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналган “Каректеги жаз” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде алгач акындар өздөрүнүн ...
17.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балам мыкты болсун десеңиз

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Балам мыкты болсун десеңиз” аттуу китептин автору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Акматов менен балага эрте жаштан баштап көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө маек курдук.
13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»