Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Мектепке даярдык көрүүчү жыл

30.11.2018

Эне мектептерине жакындан жардам

Өлкөбүзгө жаңы системанын кирип келиши менен көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Айрыкча менчиктештирүү балдарды камкордукка алууга кедерги берди. Себеби көптөгөн бала бакчалар менчиктештирилип кетти. Ушундан улам балдар бала бакчаларга барыша албай калышты. Андан сырткары жумушсуздуктун айынан сырткы жана ички миграция күч алды. Бала бакчалар жоюулганы аз келгенсип, миграциядан улам балдарга ата-энелер тарабынан камкордук көрүү да солгундай баштады. Россия, Казакстанга, башка чет өлкөлөргө кеткен ата-эне өздөрүнүн ата-энелерине, жакын туугандарына балдарын таштап, иш издеп кете башташты. Балдар өз ата-энелеринин тарбиясын көрбөй, мээримине тойбой калып жатышат. Чындыгында мындай көрүнүш мамлекеттин келечегине балта чабышы да мүмкүн. Балдарыбызга кам көрбөө – бул мамлекетибиздин келечегине кам көрбөө менен барабар. Келээр-кетээр дүйнө дегендей улуу муундар түбөлүктүү жайыбызга кете баштайбыз, кичүү муундар, тактап айтканыбызда биздин балдарыбыз биздин ордубузду басып, мамлекетибизди кармап, андан ары өнүктүрүп кетүүчүлөр деп аларга үмүт артабыз. Ошондуктан ар бир кыргызстандык балдарыбызга кам көрүүнү ыйык милдетибиз катары карообуз абзел деген ойду айткыбыз келет.


Биздин уюм 20 жылдан ашуун айыл жериндеги жөнөкөй, карапайым катмар менен иштеп келүүдөбүз. “Эрайымдын” ишмердүүлүгүндөгү негизги максаттарга жаш муундарга камкордук көрүү да кирип кетет. Себеби балдар – биздин келечегибиз. Ошондуктан биз Кыргызстандын түштүк элинде 2010-жылдагы улут аралык кагылышуудан бери элдердин ынтымагын, тынчтыгын, достугун, биримдигин бекемдөө багытында “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарында, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына караштуу Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусунда, Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында өз жардам топтору, эне мектептери, балдардын руханий дүйнөсүн байытуудагы ар кандай ийиримдер, психологиялык, юридикалык компоненттерди колдонуу аркылуу өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп келүүдөбүз. Биз мектеп жашына чейинки балдарга камкордук көрүүдө долбоордун негизинде 40 эне мектебин уюштурдук. Эне мектептерин долбоор аймагында алгачкы убактарда уюштуруп жаткан кезде жергиликтүү бийликтердеги кээ бир түшүнбөгөн кызматкерлер бир топ тоскоолдуктарды жасашкан эле. Ошондо биз “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна кайрылганбыз. Фонддун негиздөөчүсү өзү уюшулуп иштеп жаткан эне мектептерине барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Экс-президент Р.И.Отунбаева келген учурда Кара-Суу районундагы бүт бийликтегилер да катышкан. Баягы эне мектептерин ачтырбоого аракет кылып тоскоолдук жасагандар да келген эле, бул жолугушууга. Ошондо экс-президент мындай деген: “Балдардын келечегин ойлосок, аларды кароосуз калтырбай, алар үчүн ар тараптуу камкордуктарды көрүүбүз, жалпыбыз биргеликте аракеттерди жасашыбыз керек. Азыркы мотурайган балдар, эртеңки мамлекет башчысы, экономикабызды көтөрө турган ишкер жана эл жүгүн аркалаган, элдин атын алыска тааныта турган белгилүү адам болуп чыгаарына ишеним арталы. Ал эми сиздер ачып, өз демилгеңиздер менен ишке киргизип жаткан эне мектептери азыркы учурдун талабы. Анткени, турмуштук зарылчылыктан улам канчалаган жаштар балдарын калтырып, сыртка иштегени кетип жатышат. Балдар кароосуз калып, алардын билими, тарбиясы эске алынбай калды. Андыктан мындай маселени көтөрүп жана ишке ашырып жаткан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин бул аракетин чын дилимден колдоймун жана биргеликте иш алып барууга даярмын”. Ошол күндөн тартып, тоскоолдуктар жоюулуп, бир эне мектептин артынан экинчиси ачыла баштады. Бул биздин мектеп жашына чейинки балдарга камкордук көрүүгө жасаган аракетибизге “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун берген моралдык чоң жардамы болгон.



Азыркы күндө 40 эне мектепке 2000дей бала барат. Эне мектептердин сапатын жакшыртууга “Р.И.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду эң алгач моралдык жактан жардамдарды берсе, кийинчерээк материалдык да жардамдарды бере баштады. Фонд тарабынан эне мектептерине ар кандай оюнчуктар, китептер таркатылды. Эне мектептерине берилген китептер боюнча долбоордун Жалал-Абад дубанынын эне мектеби боюнча тирекчиси Дилфуза Назаралиева мындай дейт: «“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан берилген китептер, журналдар, көрсөтмөлүү куралдар бизге абдан керек болуучу. Анткени балдарга сабак өтүүдө тарбиячылар китеп табышпай, кыйналып келишкенин жашырууга болбойт. Ошондуктан эми алар бул окуу куралдарынын жардамы менен балдарга билим берүүнүн сапатын жогорулата алышат деген ишенич бар».

 

Ал эми долбоордун Ош дубанынын эне мектептери боюнча тирекчиси Жолдубаева Гулкайыр: «“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан берилген оюнчуктар эне мектебинин тарбиялануучуларына күтүлбөгөн чоң белек болду. Чындыгында эне мектептердин көбүндө оюнчуктар жок эле. Бул оюнчуктар эки райондо иштеп жаткан 40 эне мектебине тең бөлүнүп берилди».



Мындан сырткары фонд тарабынан уюштурулган Кыргызстан аялдарынын форумунда эне мектептери тууралуу маалымат берүүгө шарт түзүлдү. Форумда атайын эне мектептери боюнча уюмдун эксперти Д.Майгулакова эне мектеби тууралуу бет ачар жасаганга мүмкүнчүлүк алды. Форумдун катышуучулары эне мектеби тууралуу кеңири маалымат алышты. Мындан сырткары фонддун жардамы менен Д.Майгулакова Түркия өлкөсүнө мектеп жашына чейинки балдарга камкордук көрүү боюнча тажрыйба алып келди. Ал тажрыйбасын эне мектептеринин жетекчилерине айтып берип, алар өз ишмердүүлүктөрүндө колдонуп жатышат.

 

Ушул жылдын 10-сентябрында КРнын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева Ош мамлекеттик университетине иш-сапары менен келип, билим берүү тармагында акыркы маалыматтар, илим, техника жана инновация жаатындагы жаңылыктар, дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөр тууралуу кызыктуу лекция окуду. Лекция окуудан сырткары ал “Эрайым” тарабынан түштүктө ачылган эне мектептери тууралуу айтып келип, балдар тарбиясына көңүл буруу бүгүнкү күндүн негизги муктаждыгы экендигин айтып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош жана Жалал-Абад дубандарынан келген кызматкерлерине ОшМУнун алдында уюшулган “Enactus” уюмунун жаш активистерин тааныштырып, аларды “Эрайым” менен чогуу иш алып барууга жана көмөктөшүүгө чакырды. Бүгүнкү күндө “Эрайымдын” түштүктөгү кызматкерлери жаштардын бул уюму менен кызматташууда.



Жакында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 150000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү грантты жардам иретинде берди.



Грант “Эрайым” уюму тарабынан тең өлчөмдө муктаж эне мектептерине, тактап айтканыбызда Жалал-Абад дубанынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы “Акылдуу наристе” эне мектебине суу чыгаруу жана ажааткана куруу үчүн 74816,40 (жетишим төрт миң сегиз жүз он алты) сом 40 тыйын, ал эми “Даткайым илим эне мектебинин” архитектуралык документтерин бүткөрүү үчүн 74816,40 (жетишим төрт миң сегиз жүз он алты) сом 40 тыйын бөлүнүп берилди. Берилген гранттык жардамды туура пайдаланышып, “Акылдуу наристе” таза суу чыгарып, ажаткана куруп алды. Ал эми “Даткайым илим эне мектеби” архитектуралык документтерин бүткөрдү. Бул документтер бүтмөйүнчө Мады айыл өкмөтү өз карамагына албоону билдирген. “Даткайым илим эне мектебинин” архитектуралык документтери бүткөн соң, Мады айыл өкмөтү өз карамагына алып, кызматкерлерине айлык маянасын, балдардын тамак-ашынын жарымын төлөй баштады.

 

“Эрайым” уюмунун жамааты, эне мектептеринин жетекчилери, ата-энелер жана балдар “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна эне мектептерине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Ракыя Жусупова, 

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси

Кутбилим

Акыркы жаңылыктар

18.03.2019

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын 5-28-апрелинде Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө көрүүчүлөрдүн баарына арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар ...
15.03.2019

Жетинчи Билим фестивалы 2019 жакын арада кайрадан меймандарды чогултат!

Силерге салам!     Биз эң сонун жаңылыктар менен келдик – алдыдагы  Жетинчи Билим фестивалы 2019  жөнүндө айтып берүүнү баштайбыз!       Фестиваль 13-апрелде шаарыбыздын алдыңкы жана кызыктуу ЖОЖдорунун биринин – Асанбай кичи районунда жайгашкан АУЦАнын (Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин) аймагында өтөт.   Экинчи күн – 4-май биз жакшы көргөн жерде – "Курманжан Датка" эстелигинин жанындагы башкы сахна, ал эми ...
12.03.2019

Жергиликтүү кеңештерде аялдар азайды

Бийлик башчылары аялдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушка аралашуусуна кайдыгерби же кыз-келиндердин пассивдүүлүгү кедергисин тийгизип жатабы, дегеле аялдардын коомдогу ролун көтөрүү үчүн дагы эмне кылуу керек?Азаттык
11.03.2019

КР ЖК депутаты Эмил Токтошев балдарга китеп окуп берди

Үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмил Токтошев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштуруп келе жаткан, китеп окуп берүү акциясынын алкагында Бигкек шаарындагы №91 мектепте балдарга залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү окуп берди. Аталган чыгарманы китеп окууга ынтызар болгон 200 дөн ...
06.03.2019

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи:   - Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат ...
04.03.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести        1-март - "Гений" радиоберүүсү Качан: 1-мартта саат 13:30 - 14:00дө Кайда: Биринчи Радио Темасы "Баланы музыкалык жактан өнүктүрүү". Спикер - Виктория Юртаева, музыкант, "Prima" коомдук фондунун президенти, "Tengri Music" фестивалын негиздөөчү Тили: орус Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, координатор)     6-март - «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын ...
04.03.2019

КР экс-Президенти Роза Отунбаева балдарга китеп окуп берди

2019-жылдын 1-март күнү Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы китепканада Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева балдарга китеп окуп берди. Р.Отунбаева окуп берген Ч.Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасы, С Жусуевдин ырлары, “Балерина” жана “Кыргызстанды кыдырабыз” китептери балдарда чоң кызыгууну жаратты. Ар бир китеп тегерегинде алар менен баарлашуу болду. С.Жусуевдин “Шаар тартиби” ырынын бүгүнкү күндөгү маанисине чогуу ...
01.03.2019

Бишкекте журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү

2019-жылдын 28-февралында борбордогу отелдердин биринде журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү. Окутууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (БУУ ФАО) колдоосу менен уюштурду. Тренингдин негизги милдети азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу темасын чагылдырууда ЖМКнын ...
01.03.2019

Педагогдого жана кызыкдар ата-энелерге эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторий өткөрүлдү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана И. Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасы «Академия Роста» инновациялык өнүктүрүү борбору менен бирдикте 2019-жылдын 27-февралында брифинг-аянтчанын ишинин алкагында эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторийди өткөрдү.   Ага мектепке чейинки, башталгыч, мектептеги билим берүү системасынын кызматкерлери, ЖОЖдордун ...
28.02.2019

«КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өтөт

6-мартта саат 13.00дө И.Раззаков атындагы КМТУда (1-211-ауд., башкы корпус) «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп  өтөт. Жолугушуунун максаты – тармактын ишин жакшыртуу маселелерин талкуулоо, анын ичинде төмөнкүдөй маселелер: • Тармактын ишин кантип активдештирүү керек? • Тармактын ишин кантип ар бир мүчө үчүн пайдалуу кылуу керек? • Тармактын кийинки жолугушуусунда кайсы маселелер талкууланат? Тармактын ишин ...
28.02.2019

«50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору волонтерлорду издейт

Достор, биз «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору үчүн волонтерлорду топтоону жарыялайбыз   «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору – бул биздин улуу муундарыбызга: чоң ата жана чоң энелерге смартфондун функцияларын пайдаланууну үйрөнүүгө, социалдык тармактар аркылуу баарлашууга, ошондой эле телефон аркылуу электрондук почтаны пайдаланууга жардам.   Биз улуу муунубузга мобилдүү технологияларды өздөштүрүүгө жардам берүүнү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»