Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Мектепке даярдык көрүүчү жыл

22.10.2012

Экс-президент Р.Отунбаева Жумгалга барды

КР экс-президенти Роза Отунбаева «Балдарды мектепке даярдоо» жана башталгыч класстагы окуучулардын абалы менен таанышуу максатында 20-октябрь күнү Нарын областынын Жумгал районунда болду. Иш сапарынын жүрүшүндө экс-президент менен чогуу ЖК депутаты Чолпон Султанбекова, КР Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев келип катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев ...
10.10.2012

КР экс-президенти Роза Отунбаева Баткен облусунда жамааттык бала бакчаларды ачуу боюнча ЮНИСЕФтин тажрыйбасы менен таанышат

2012-жылдын 9-11-октябрында Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн башчысы Джонатан Вейч менен жамааттык бала бакчаларды ачуу боюнча ЮНИСЕФтин тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Баткен облусуна сапар тартты.  Визитте ЖК билим берүү, илим маданият жана спорт комитетинин мүчөсү Эгемберди Эрматов, билим берүү министринин орун басары Кендербаева Докдургүл, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Разаков Жеңиш катышты.  Сапар “480 сааттык мектепке чейинки милдеттүү ...
01.10.2012

Кыргыз жыттанган боз үйдөгү бала бакчалар

“Жайлоолордо бала бакча ачылды” дегенин укканымда мага экзотикадай сезилген. Бийик тоолор, жашыл шибердүү жайыттар, боз үйлөр, анын биринде элестеткиле, беттери албырган наристелер окуганды, жазганды, эсептегенди үйрөнүп отурушат…  ШАМАЛДЫ ТООТПОГОН ДОЛОНДУН БАЛА БАКЧАСЫ  Ошентип, Долон ашуусундагы бала бакчага сапар алдык. Коштоочубуз Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Роза Томотоева жолду катар маалымат берип бара жатты. Жолдун жээгинде эки боз үй жайгашып, Кыргызстандын желегин желбиретип илип алышыптыр. Түз эле ...
24.09.2012

Сокулук районундагы айылдарда мектепке чейинки курактагы балдардын билим алуусу үчүн 3 сааттык топторду киргизүү программасынын бет ачаары

Ушу жылдын 24-сентябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун Сокулук районунда мектепке чейинки билим берүү боюнча 3 сааттык программаны киргизүү боюнча программанын бет ачаары болот. Долбоордун алкагына райондун Түз, Фрунзе жана Военно-Антоновка айылдарында 3 сааттык иш алып барчу топтор түзүлгөн. Мында мурда таптакыр бала бакчага барбаган балдарга тамга таанытып жана сан үйрөтүлүп, жакынкы арада балдардын мектепке баруусуна даярдык жүргузүлөт. Андан тышкары балдар теңтуштары менен баарлашып, ойноп, ...
23.08.2012

Төрт тараптуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюулду.

22-августта саат 11:00 Чүй облустук администрациянын конференц-залында Сокулук районунун ЖӨБО, «МКК Финка» ЖАК, Сокулук районунун билим берүү бөлүмү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ ортосундагы төрт тараптуу келишимге кол коюлду. Өнөктүк жөнүндө келишимге кол коюлушу “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФнун “Балдардын сапаттуу, жеткиликтүү мектепке чейинки билим берүүсүн кеңири жайылтуу” программасынын алкагында “Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү мекемелер жана программаларга ар кандай моделдерди киргизүү” ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»