Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Мектепке даярдык көрүүчү жыл

15.02.2014

Ошто экс-президент Р.Отунбаеванын билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү

13-февралда Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө Кыргызстандын мурдагы президенти Р.Отунбаеванын билим берүү мекемелеринин жетекчилери, жергиликтүү бийликтердин жана жайыт комитеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө мектептеги тамак-аштын сапатынын, жамааттык жана жайыттык балдар бакчаларын уюштуруунун маселелери талкууланды. Р.Отунбаева белгилегендей, түштүк облустар боюнча сапардын учурунда ал өтө көп ...
14.02.2014

Р.Отунбаева Жалал-Абаддагы жана Сузактагы жамааттык балдар бакчаларына барды

10-февралда Р.Отунбаева башында турган делегация Жалал-Абад шаарындагы №19 балдар бакчасына жана Сузак районунун Камыш-Башы айылындагы «Байчечекей-2» балдар бакчасына барды. Р.Отунбаева менен бирге балдар бакчаларына эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү барды.  
11.02.2014

Роза Отунбаева Жалал-Абад университетине, ошондой эле Сузак районундагы балдар бакчаларына барды

10-февралдан тартып, Кыргызстандын экс-президенти Жалал-Абад облусунда визит менен жүрөт. Сапардын учурунда ал жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү менен бирге балдар жана студенттер үчүн бир катар окуу жайларына барды, - деп билдирди бул жөнүндө Tushtuk маалымат агенттигинин региондук кабарчысы.   Сапарга Отунбаева «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу катары катышып жатат, аны билим берүү жана илим министринин орун басары ...
10.02.2014

Экс-президент Р.Отунбаева Жалал-Абаддагы жана Сузактагы жамааттык балдар бакчалары менен таанышты

Экс-президент Роза Отунбаева 10-февралда Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы жамааттык балдар бакчаларынын иши менен таанышты.   Р.Отунбаева менен бирге балдар бакчаларына эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү барды. Экс-президентти Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Торомаматов, Сузак районунун акими Н.Мирзахмедов жана Жалал-Абаддын мэри М.Арапбаев коштоп жүрдү.   Р.Отунбаева башында турган ...
07.02.2014

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фондунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарына иш сапары

Бул иш сапардын алкагында Мектепте тамактанууну жакшыртуу жана мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдардын санын арттыруу максатында жайлоо бала-бакчалары тууралуу жолугушуулар Жалал-Абад, Баткен жана Ош областарында ишке ашат. Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон районундорундагы бир катар бала бакчалардын ишмердүүлүктөрү менен таанышып, тарбиячылар ата-энелер менен жолугушуп, алардын маселелери талкууга алынат. Ошондой эле жолугушуулар Баткен ...
19.12.2013

Кайчы байланыш: Токмок шаарынын мэриясы

Фонддун дарегине Токмок шаарынын мэринин жардамчысы Абдраев Марат Долосбековичтен кат келип түштү.   «Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгү жок 6 жаштагы балдар үчүн милдеттүү түрдө мектепке кирер алдындагы даярдыкты алга илгерилетүү боюнча долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Токмок шаарына келди.   Сапарынын жүрүшүндө Р.Отунбаева бир катар социалдык объекттерге барды жана ...
03.12.2013

Эл аралык ыктыярчылар күнүнө карата

Бешинчи декабрда волонтёрдук ишмердүүлүк тууралуу конференция Бишкекте өткөрүлөт. Бул тууралуу, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунун аткаруучу директору Жибек Койчукулова билдирди. Жыйында волонтёрдук ишмердүүлүктүн баалуулуктары боюнча маселелер талкууга алынып, волонтёрдук долбоорлордун көргөзмөсү ачылат жана жылдын мыкты волонтёрлору да аныкталат. БУУнун өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр ...
27.11.2013

Н.Колесникова: «Мектепке чейинки билим берүү тутумунда жоопкерчиликтин көбүрөөк бөлүгүн ата-энелер алууга тийиш»

Мектепке чейинки билим берүү тутумунда жоопкерчиликтин көбүрөөк бөлүгүн ата-энелер көтөрүүсү тийиш. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун калкасындагы “Мектепке чейинки билим берүү маселесиндеги мамлекеттик саясатты алга жылдыруу” долбоорунун эксперти Наталья Колесникова билдирди. Анын айтымында, учурда мектепке чейинки билим берүүгө муктаж болгон балдардын 80%дан ашууну ага ...
27.11.2013

«Мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» пресс-релизи

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин финансылык колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү боюнча долбоорду аяктап жатат. Долбоор өз ишин 2013-жылдын февралында баштаган.   Долбоордун максаты балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай программалары менен камтууну арттыруу жагынан мамлекеттик саясатты жакшыртууга жана маселени чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле ...
27.11.2013

Кыргызстанда бала бакчалардын саны эки эсе азайган

20 жылдын ичинде Кыргызстанда бала бакчалардын саны эки эсе азайган. Мындай маалыматты “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун “Мектепке чейинки билим берүү маселесиндеги мамлекеттик саясатты алга жылдыруу” долбоорунун координатору Гүлнара Курманова билдирди. Анын айтымында, 1990-жылдары бала-бакчалардын саны 2 миңден ашуун болсо, азыр алардын саны 741. Учурда бала бакчага наристелердин 15 % ашыгы гана барат.   “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун ...
11.11.2013

Куршаб айылында үч сааттык мектепке чейин даярдоо топтору менен балдар бакчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демигеси” эл аралык коомдук фондусу «Human Appeals International» эл аралык уюмдун каржылоосу жана жергиликтүү бийликтин көмөктөшүүсү менен Ош областына караштуу, Өзгөн районунун Куршаб айылында алгачкы жолу уч сааттык мекьтепке даярдоо топтору менен балдар бакчасын ачты. Балдар бакчасы Батыраалы Усманов атындагы айыл мектебинин базасында ачылды. 10-ноябрь күнү Куршаб айылында “Алтын ачкыч” балдар бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Добро пожаловать!

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»