Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Мектепке даярдык көрүүчү жыл

11.08.2014

«Өз күчүбүз менен жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун өнөгү – Ош облустук куурчак театры

Ош облустук куурчак театры КР эмгек сиңирген артисти Н. Шамурзаевдин жетекчилиги астында 1991-жылы Ош улуттук драма театрынын алдында уюштурулган. Бүгүнкү күндө куурчак театрында 16 артист иштейт, алардын ичинде экөө – КР эмгек сиңирген артисти жана 14ү КР маданиятына эмгек сиңирген кызматкер болуп саналат. Ош облустук куурчак театрынын жетекчиси болуп КР эмгек сиңирген артисти Исаков Алымкул Дооранович саналат. Театрдын режиссеру – КР эмгек сиңирген артисти ...
09.08.2014

«Өз күчүбүз менен жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун өнөгү – Ош мамлекеттик университети

Ош мамлекеттик университети 1951-жылы Ош мугалимдер институтунун базасында ачылган. Ошол кезде ал Ош педагогикалык институту деп аталган, анын курамында 5 факультет болгон. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Ош педагогикалык институту Ош мамлекеттик университетине өзгөртүп түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университети республикадагы ири окуу жайларынын бири. Ош мамлекеттик университетинин расмий сайты: ...
09.08.2014

«Өз күчүбүз менен жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун өнөгү – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарыхы 1949-жылдын декабрында башталган, ал учурда Кыз-келиндер педагогикалык окуу жайы уюштурулган. 1950-жылдын октябрында окуу жайы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтуна өзгөртүп түзүлгөн. 1994-жылы институт университеттин ардактуу статусун алды жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети деп аталып калды. 2005-жылдын жазында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик ...
09.08.2014

«Өз күчүбүз менен жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун өнөгү – КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

Улуттук комиссия мамлекеттик орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилдин өнүгүшүн камсыз кылууга чакырылган. Улуттук комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, илим жана маданият ишмерлеринин ичинен аныктайт. КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тажрыйбалуу адистери жайлоодогу балдар бакчаларындагы ...
09.08.2014

«Өз күчүбүз менен жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун өнөгү – Бактыгүл Тиленбаева

СДЮШОРдун шахмат боюнча машыктыруучусу, спорттун чебери, ФИДЕ инструктору, улуттук категориядагы калыс, Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын мүчөсү Бактыгүл Тиленбаева азыркы учурда Ысык-Көл облусунун жайлоолорундагы балдар бакчаларына барып, чабандардын үй-бүлөсүндөгү балдарды шахматка, дойбуга үйрөтүп жүрөт.
07.08.2014

Кыргызстандын Экс-президенти Р.Отунбаева Кара-Суу районунун жайыттарындагы балдар бакчаларына барды

Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева 2014-жылдын 7-августунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады жана Кара-Кыштак айылдарында жайгашкан жайлоолордогу балдар бакчаларына таанышуу сапары менен барды.   Жергиликтүү калк менен жолугушууда экс-президент жайыттарда балдар бакчаларын ачуунун өтө зарылчылыгы жөнүндө, ушундай балдар бакчаларын башка региондордо ачуунун тажрыйбасы, ошондой эле бул багыттагы иштин келечектери жөнүндө айтып ...
06.08.2014

Роза Отунбаева Ош областындагы Жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүктөрү менен таанышат

Роза Отунбаеванын демилгеси «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, Кыргыстандын экс президенти Роза Отунбаева 2014-жылы 7-августта Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады жана Кашкар-Кыштак айыл аймактарына караштуу жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүктөрү менен таанышат. Бул сапардын алкагында Кара-Суу, Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондоруна караштуу айыл өкмөттөрү, жайыт комиттеринин башчылары, Райондук ...
03.08.2014

Жайлоодо бала бакчалар ачылды

Суусамыр өрөөнүндөгү малчылардын балдары үчүн 3 жайлоо бала бакчасы ачылды. Долбоорду "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы жайыт комитеттери менен биргеликте ишке ашырууда. Уюштуруучулар быйыл Кыргызстанда 35 жайлоо бала бакчаларын ачабыз деп турушат.  Азаттык уналгысы
03.08.2014

Жайлоо бала бакча

Суусамыр жайлоосунда малчылардын балдары үчүн уникалдуу бала бакчалар иштей баштады. Боз үйдөгү бакчада 3 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр каникул маалында билим жана тарбия алат. Жайлоодо бакча ачууну “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду көтөрсө, башка уюмдар каржылык колдоо көрсөткөн.Биринчи маалымат радиосу
02.08.2014

Кемин районундагы «Нур-Эл жайлоо балдар бакчасы»

Кемин району, Кичи-Кемин жайыт комитети. Жайыт комитетинин башчысы: Нурлан Өмүралиев Тарбиячы: Индира Кенжебаева. Бала бакча Сары-Күңгөй коктусунда жайгашкан. Балдардын саны 15.   Бала бакчанын ачылышына Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Зарипов, айылдык кеңештин депутаттары колдоо көрсөтүшкөн.   2015-жылы Кемин району боюнча 3 жайлоо бала бакчасын ачуу пландалууда.
01.08.2014

Жайлоо бала бакчалары үчүн куурчак театр

23-июлдан 28-июлга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында уюшулган жайлоо бала бакчаларында Ош областтык Н. Шамурзаев атындагы куурчак театрынын артистери “Алтын жөжө” деген аталыштагы спектакль коюуда. Театрдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Исаков Алымкул Дооронович. Бул саамалык ата-энелер жана балдардын арасында чоң кызыгууну жаратты. Ош областынын Чыйырчык, Кара-Чукур, Жалал-Абад областынын Көгарт жайлоолорунда коюлган ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»