Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Балалык мектеби»

20.12.2014

«КЭРдин орто билим берүүсүнүн сырлары»

19-декабрда КЭРдин орто билим берүү системасы жөнүндө лекция өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БГУнун алдындагы Конфуций Институту менен бирдикте уюштурду. Лекцияга Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери жана окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык факультетинин, Баласагын атындагы КМУнун алдындагы Кыргыз-Кытай институтунун студенттери менен педагогдору чакырылды.


КЭРдин орто билим берүү системасы үч: башталгыч, толук эмес орто жана орто баскычтарга бөлүнөт. Толук эмес орто мектеп, башкача айтканда, 9 класс милдеттүү билим болуп саналат. Башталгыч мектепте эне тил менен математика негизги сабактар болуп эсептелет. Эмгекке тарбиялоого зор көңүл бөлүнөт, окуучулар 4-класстан тартып эле жылына 2 жолу фермаларга барып, иштерди аткарат. Ошондой эле кытай мектептеринде баланын талантын өнүктүрүү үчүн бүтүндөй бир катар ар түрдүү: живопись, каллиграфия, адабият, фотография, бий, театр, опера, музыкалык аспаптарда ойдоо, маркаларды чогултуу, дубал газеталарынын сүрөттөрүн тартуу, самолеттордун моделдерин чогултуу, колдонмо көркөм өнөр жана башкалар боюнча сабактар бар. Кытайда окуу жылы 9,5 айга созулат жана эки семестрден турат. Каникулдар – январдан тартып февралга чейин, жана июлдан тартып августка чейин. Сабактар жумасына 5 күн, 7.30дан тартып түшкө чейин. Кытай мектептеринде ар бир окуучуга ар бир сабак боюнча орточо 5-8ден окуу китеби туура келет.

Мектеп билими жөнүндө аттестатты алуу үчүн окуучулар: кытай тили, математика, чет тил, физика, химия, политология, тарых, география, информатика жана биология сабактары боюнча экзамендерди тапшырууга тийиш. Мектептен кийин дээрлик 80%ы ЖОЖдорго тапшырат.

 

Баа 100 баллдык шкала боюнча коюлат. Кытайда мугалим болуу өтө ардактуу. Мугалимдин кесиби урматтуу жана алда канча кадыр-барктуу кесиптердин рейтингинде жогорку орундарды ээлейт. Мугалимдин эмгек акысы орточо 2000 юандан 5000 юанга чейинкини түзөт. Эмгек акынын өлчөмүндө окуучулардын жетишүүсү, алардын олимпиадаларга катышуусу жана аларда жеңип чыгышы зор роль ойнойт.

 

Эске сала кетсек: ушул жылдын августунда Бишкек, Нарын, Талас жана Баткен шаарларынын мектептеринин математика жана физика мугалимдери. ошондой эле окуучулары Түндүк-батыш педагогикалык университетинин алдындагы Жогорку мектепке барышты (Ланчжоу шаары, Ганьсу провинциясы, КЭР). Бул сапарды КЭРдин Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурду. Сапар жөнүндө Мамбетакунов Улан даярдаган отчет менен фонддун сайтынан таанышууга же презентацияны pdf форматынан жазып алууга болот.

 

КЭРдин жалпы билим берүү системасы жөнүндө маалыматтан тышкары, ошондой эле көз үчүн гимнастика сунуш кылынды, ал күнүнө эки жолу экинчи жана төртүнчү сааттардан кийин жасалат. (Биздик сайттагы жаңылыктарга көз салып туруңуз жана биз Сизге аны менен сөзсүз тааныштырабыз).

 

Лекциянын бардык катышуучуларына КЭРдин орто билим берүү системасынын бир катар жетишкендиктери жана жеңиштери бар экени түшүнүктүү болуп калды, аны мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадаларда ээлеген жогорку орундары жана окуучулардын жетишкендиктерин эл аралык баалоонун натыйжалары ырастап турат.

 

Соңку бир нече жыл аралыгында Кыргызстанда бир нече Конфуций борборлору ачылды, алардын максаты каалагандардын бардыгын, анын ичинде балдарды жана мектеп окуучуларын кытай тилине окутуу, ошондой эле спорттун жана КЭРдин салттуу өнөрлөрүнүн ар кандай түрлөрүнө окутуу болуп саналат.

 

Кагаздан кесип алуу үлгүлөрүн pdf форматында бул жерден көрүүгө жана жазып алууга болот.

 

Кытай тилине, ошондой эле кагаздан кесип алуу өнөрүнө окутуу үчүн Конфуций Институтунан волонтерду чакырууну каалагандардын бардыгы Конфуций Институтуна 54 45 24 телефондору боюнча кайрыла алат.

 

Акыркы жаңылыктар

13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...
04.12.2019

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Бишкектеги жыйында айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курду. Би-Би-Си: Айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду? Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин ...
04.12.2019

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат. Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз ...
03.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Үчтөн кийин кеч” аттуу маалымат баракчалары жана үч жашка чейинки баланы кандай өнүктүрүү керектиги жөнүндө эксперттер менен маек курдук.  
30.11.2019

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, ...
26.11.2019

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине ...
25.11.2019

«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү

22-ноябрда «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында концерт-презентация өттү. Концерт-презентация Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жайлуу театрында өттү. Презентация жаш көрүүчүлөрдү негизги балет терминдери: фондю, батман, гран-батман, фуэте жана башкалар менен тааныштырды. Андан соң балеттин келечектеги жаш чеберлери өздөрүнүн меймандары үчүн чакан концерт берди. Презентацияны ...
23.11.2019

«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 22-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган белгилүү акын , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган “Кеч күздөгү кусалык ” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акындар ...
22.11.2019

ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

Ак-Босого конушундагы "Санарип 50+" долбоорунун окуу борборуна бүгүн журналистер баш багышты. Тренер Курманбек Нураков конуштун кадырлуу жаш курагындагы тургундарына санариптик жана каржылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөттүдө.
21.11.2019

Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Биринчи радионун "Күндүн темасы" программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду.   Учурда дүйнөдө технологиялык прогресстер өтө тез өнүккөндүгүнө байланышуу жаңы чакырыктар менен бирге эле кооптонулар жаралды   Кыргызстандын санариптештирүүгө болгон аракети, жасалып жаткан иш тажрыйбасы жана сунуштар боюнча баарлашууга биз КР экс-Президенти, Мадрид клубунун мүчөсү, БУУ генералдык катчысынын Евразия аймагы боюнча ...
19.11.2019

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»