Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Балалык мектеби»

27.02.2017

Асылбек Жоодонбеков: «Балдарды тарбиялоодо эксперимент жүргүзө албайбыз»

Акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасында чыр-чатактар көп катталып, арасында бычак жеп көз жумгандары да болду. Эмне үчүн мектеп окуучулары бири-бирине орой жана сабырсыз мамиле жасашат? Жаштардын агрессивдүү болушуна эмнелер түрткү берүүдө? Үрөй учурган окуялардын себебин талдап, баланын өнүгүп-өсүүсүндө ата-эненин, коомдун тийзизген таасири, атанын үй-бүлөдөгү орду тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү” борборлорунун координатору Асылбек Жоодонбеков менен маек курдук.

 

Акыркы учурда окуучулар арасында чыр-чатактар көп катталып, бычак жеп, атүгүл көз жумгандары да болду арасында. Бул көрүнүштөр эмнеден кабар берип жатат деп ойлойсуз?

 

Окуучулар арасында чыр-чатактардын чыкканы өтө өкүнүчтүү окуя. Бирок эң оболу биз чыр-чатактар эмнеден улам келип чыгып жатат, ошону талдашыбыз керек. Мындай жагдайларды өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү башынан өткөргөн. Японияда өткөн кылымдын 60-жылдары жаштар абдан агрессивдүү болгон экен. “Сони” корпорациясынын негиздөөчүсү, “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китептин автору Масара Ибука “Жаштардын агрессивдүү болушуна эмне себеп болууда?” деген суроону коюп, бул көрүнүштү изилдөөгө алган. Алгач студенттер менен жолугушуп, андан кийин мектептерди кыдырып, бала-бакчаларга чейин барганда, ал жакта да окуучулардын бири-бирине корс мамиле кылгандыктары байкалган. Анан ал үй-бүлөнүн деңгээлине түшкөн. Жыйынтыгында балдардын агрессивдүүлүгүнүн очогу ата-энеде, баланын чөйрөсүндө экендиги ачыкка чыккан. Демек бүгүнкү күндө коомдо өспүрүмдөр арасында бири-бирине орой, сабырсыз мамиленин орун алышы коомдун, ата-эненин бири-бирине карата орой мамиленин чагылышы десек болот. Улуу муундун өкүлдөрүндө, коомдун башка мүчөлөрүндө агрессивдүүлүк бар деп айтсак болот. Дагы бир маанилүү нерсе, коомдо каралардын, кылмыштуу элементтердин, “сырты жалтырак, ичи калтырактардын” жүрүм-туруму, кыймыл-аракети, жаргондор менен сүйлөгөнү жаштардын арасында мода катары кабыл алынгандыгы, аларды туурагандыгы абдан өкүндүрөт. Дагы бир маанилүү жагдай, ата-энелер, педагогдор, коомчулук өзүбүздүн милдеттерибизди так аткарбай жатабыз. Мен өзгөчө ата-энелерге токтолгум келет. Рамис Рыскуловдун “Атам менен апамдын жыргалынан жаралгам” деп айтканы бар. Балдарды биологиялык ата-эне катары жаратып коюш абдан жеңил. Ал эми бүгүнкү күндө кыргыз ата-энелери “ата-эне” болууну үйрөнбөй жатабыз. Жаңы бир өнөрдү үйрөнгөн сыяктуу эле татыктуу ата-эне болууну, балдарыбыз менен дос катары мамиле кыла билүүнү үйрөнүшүбүз керек. “Кантип үйрөнөбүз?” деген суроо жаралса керек. Эң алгач өрнөктүү ата-энелерден үлгү алабыз. Андан кийин адистерден кеңеш сурайбыз. Үчүнчүсү ата-эне болуу багытында китептерди өздөштүрөбүз. Мисалы, ата-энелер үчүн “Мудрость о воспитании” деген мыкты орус тилиндеги китеп бар. Мында ата-энелер үчүн дүйнөлүк баалуулуктар камтылган маалыматтарды таба аласыздар. Же болбосо элементардык педагогика сыяктуу китептерге үңүлүп койсок, тарбиянын кандай түрлөрү бар, анын негизги максаттары эмне деген сыяктуу жөнөкөй, ошол эле учурда маанилүү суроолорго жоопторду таба алабыз.

 

Статистика көрсөткөндөй, Кыргызстанда жыл башынан бери болжол менен 20 окуучу жанын кыйды. Алгач коомчулукта пайда болгон опурталдуу оюнга байланыштырып атышты, бирок факт түрүндө азыр далилдене элек… Окуучунун өлүмүн оюнга шылтоолоп койгонубуз туурабы?

 

Өзүңүздөр байкагандай, өзгөчө быйылкы жылдын эки айында эле жаш балдар арасында суицидге баруу фактылары көп катталды. Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Кыргызстанда ар жылы жүздүн айланасындагы мектеп окуучусу өз жанын кыйган фактылар катталууда. Суицидге чалдыккандарды талдай турган болсок, эки түрлүү жагдайлар ортого чыгууда. Биринчиси — “ачуу кыйкырык”, башкача айтканда жардамга муктаж болгондор. Алар “мени угуп койгулачы, мени түшүнүп койгулачы” деп аргасыздыктан бул жолго баргандар. Тилекке каршы, Кыргызстанда ата-эне менен баланын, педагог менен окуучунун жана жаштардын ортосунда түшүнбөстүктөр оголе көп болгондуктан суициддин ушул түрүнө кабылгандар абдан көп. Экинчи түрүнө суицидалдык адамдар кирет. Бирок булардын саны өтө эле аз.

 

Туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылган балдар да жок эмес. Практика көрсөткөндөй, аталган балдар мигранттардын балдары болуп чыгууда. Балдардын саламаттыгы, жаркын келечеги, татыктуу билим алуусу үчүн миграциянын таасири канчалык?

 

Кыргызстанда балдардын тарбиясына, өнүгүп-өсүшүнө миграциянын таасири чоң. Биздин замандаштарыбыз ар кандай себептер менен чет өлкөгө кетип жатышат. Мен мекендештериме кайрылып кетет элем. Эгерде же мигрант болуш керек, же болбосо Кыргызстанда үч баланы багыш керек деген маселе болсо, экинчисин тандоого чакырат элем. Россияга барсаңыз, бир аз болсо да көбүрөөк акча табаарсыз, үй-бүлөнү дурусураак багаарсыз, бирок эгерде сиз кетип калсаңыз, балдарыңыз ата-энеге муктаж болгон мээримди учурунда албай калат. Окумуштуулар мээнин калыптануу процессинде аксон менен дендриттердин бири-бирине кол берүүсү сегиз жашка чейин калыптана тургандыгын далилдешти. Демек сегиз жашка чейин мээнин 80 %ы толугу менен калыптанып бүтөт. Эгерде ушул куракта ата-эне балдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, аларга жетиштүү көңүл бурбаган болсо, кийинки мектеп жашындагы же мектептен кийинки курактагы аракеттерибиз биз күткөндөй натыйжа бербейт. Ошондуктан ата-эне балага кенже курактан тартып канчалык көбүрөөк убакыт бөлүп алектенсе, ошончолук баланын толук кандуу өнүгүп-өсүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан эки-үч жыл мурун Баткенге барганда мындай көрүнүшкө күбө болдум. Жашы жетимиш бешке барып калган апа мектеп жашка чейинки беш небересин карайт экен. Албетте, чоң апа болгондон кийин неберелеринин үстүнөн үзүлүп түшүп карайт. Бирок азыркы заманда аялзаты бир баласын чоңойтуу үчүн декретке чыгат. Болгон убактысын бир баласы менен өткөрөт. Ал эми жашы улгайып калган апанын беш баланы багуусу — бул физикалык жактан мүмкүн эмес. Бул учурда балдарга толук кандуу көңүл бурулбай калат. Алардын өнүгүүсү толук кандуу болбойт. Ошон үчүн кандай гана тандоо болбосун, биринчи орунда балдарыбыз турса дейм. Улут катарында дагы, ата-эне катарында дагы, адам катарында дагы өзүбүздүн мүдөөбүздү толук кандуу аткарган болот элек.

 

Жаш куракта балдарга өзгөчө көңүл буруу керектигин билебиз. Бирок иш жүзүнө келгенде аларга туура мамиле жасап, туура багыт берип жатабызбы?

 

Психологияда курактык психология деген багыт бар. Өзгөчө балдарды таанып-билгиси келген ата-энелер үчүн абдан маанилүү. Айрым ата-энелер ушул багытта интернетти барактап болсо да балдарды жакындан тааныганга аракет кылышса. Балдар өзү кандай болот? Көпчүлүк ата-энелер баланын табиятын таанып-билбестен, балдарга эксперимент кылган учурлар көп кездешет. Биз буюмдарга эксперимент жасашыбыз мүмкүн, бирок балдарды тарбиялоодо эксперимент жүргүзө албайбыз. Мында ата-бабаларыбыз, илим-билим, башка бир элдер тарабынан тастыкталган, далилденген эрежелерге таянуу менен иш кылышыбыз керек. Бул өтө маанилүү нерсе. Балалуу болууда ата-энелик өнөрдү, ата-энелик маданиятты үйрөнүшүбүз керек. Бизди эң аксатып аткан нерсе, ушул. Жакында статистикалык маалымат агенттиги мурунку жылдарга караганда ажырашкан жубайлардын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу маалымат таратты. Ушул учурда оор жагдайлар ортого келип чыгат. Мисалы, бала апасы менен калган учурда аны атасына көрсөтпөй, же ажырашкан жубайлардын кийин бири-бири менен начар мамиле жасаганы балдарды психологиялык жактан жабыркатып, коомдо агрессивдүү өспүрүмдөрдүн пайда болушуна себеп болууда. Өзгөчө шаар жерлеринде жаш ата-энелер кечке дейре жумушта болушат. Ата-эне жумушта болгондон кийин балдар көбүрөөк убакытты өз алдынча гаджеттер менен өткөрүшөт. Эгерде бала убактысынын дээрлик көпчүлүгүн жалаң гана компьютер, уюлдук телефон, телевизордун алдында өткөрүп калса, ал да кооптуу. Жаш куракта балдар маалыматты ылгай алышпайт. Баланын убактысын туура пландап берүү биздин милдетибиз. Аларды алмаштыра турган ишмердүүлүктү сунуштап, колубуздан келсе, чогуу, бирдикте аткарышыбыз зарыл.

 

Атанын үй-бүлөдөгү орду канчалык? Бүгүнкү күндө аталар өз милдеттерин канчалык деңгээлде аткарып атышат?

 

Ата катары аталарга сын да, кеңеш да айтып кетсем болот. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көп түйшүктү энелердин мойнуна жүктөп койдук. Алтымышынчы жылдардан тартып Кыргызстанда шаарлашуу процесси абдан тездик менен жүргөн. Мурун эркектер эртеден-кечке талаада же кырманда жүрүп, аңчылык кылып, натуралдык чарба менен алектенип келген болсо, азыркы күндө конторго барып-келүү менен гана чектелип калдык. Балдарды сөз менен эле эмес, көбүрөөк өрнөк болуу менен тарбиялоого өтүшүбүз мезгил талабы. Жубайыңыз тамак жасап жатса, баланы сиз карап туруңуз. Балаңызга китеп окуп бериңиз, балаңыз менен ойноңуз. Мурун аталар авторитети менен балдарга таасирдүү болуп келген биз азыр акылыбыз, өрнөгүбүз менен балдарга үлгү бололу.

 

“Жайлоодогу өнүгүү” борборлорунда кандай иштер жасалууда жана алдыда дагы кандай пландарыңар бар?

 

Кыргызстан боюнча жүз стационардык бала бакчаларды тандоо процессиндебиз. Ушуларды өнүктүрүү борборлоруна айландыруу планыбызда бар. Бир гана жайлоодо эмес, айылда дагы педагогдор, ата-энелер үчүн семинар, тренингдерди өтүүнү максат кылуудабыз. Ал эми ушул эле бала бакчалар мүмкүнчүлүк болсо, жайында жайлоого чыгып борбордун ишин улантышса болот. Анткени Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан өзгөчө бийик тоолуу аймактарда жашаган балдарды камкордукка алышыбыз керек. Себеби ушул региондордо ата-энелер турмуш шартына, маалыматтын аздыгына байланыштуу балдарга жетиштүү деңгээлде көңүл бурууга мүмкүнчүлүгү жетпей калат. Бул жерде биздин дагы бир максатыбыз -балдарды гана эмес, ата-энелерди да өнүктүрүү. Ата-энелер үчүн китептерди даярдоо, тренингдерди өтүү багытында иш алып барабыз. Ушул ишибизди уланта берсек, мындан беш-он жылдан кийин балдардын деңгээли азыркыдан алда канча жогору болот деп ишенем.

 

Элвира Акимова
Де-факто

Акыркы жаңылыктар

13.07.2018

Оргочор айылында тренинг болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууга жана аны туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууда айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын ролу” аталышында тренинг болуп өттү.Тренингдин жыйынтыгы боюнча иш чара өз максатына жетти. Эскерте кетсек, ...
10.07.2018

Жайлоо өнүгүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунан белек тапшырылды

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» кыргыз жана орус тилинде жаңы басылып чыккан 100 даана китеп-жыйнакты белекке берди. Бул Жайлоо өнүгүү борборлоруна келген балдар үчүн абдан кызыктуу жана баалуу белек болду. Китеп-жыйнак “Каармандар өз досторун чакырат” (“Герои приглашают своих друзей”) деп аталып, ага 25 балдар жазуучуларынын чыгармалары кирген. Тактап айтканда, балдарга арналган бул ...
09.07.2018

Оргочордо ЖӨБОнун потенциалын арттыруу боюнча тренинг өтүп жатат

2018-жылдын 9-июлунан тартып 10-июлуна чейинки мезгилде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында «Гендердик жактан сезимтал пландаштыруу жана бюджет түзүү маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын арттыруу» темасына тренинг өтүп жатат. Тренингди Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги финансылаган «Региондук жана эл аралык көйгөйлөргө жооп иретинде адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана чабал мигранттарды ...
06.07.2018

Америкадан келген математикадагы артыкчылыгы үчүн сыйлыктын ээси менен жолугушуу

2018-жылдын 6-июлунда И. Раззаков атындагы КМТУда математикадагы артыкчылыгы үчүн сыйлыктын ээси Айбилек Алдаярова менен жолугушуу болуп өттү.   А.Алдаярова «Программалоо, СТЕМ. Кыргызстанга пайдалуу болгум келет» темасына презентация жасады (презентацияны шилтеме боюнча жазып алууга болот >>>).   Айбилек программалоо, код коюу жөнүндө, аларды үйрөнүү эмне үчүн маанилүү экендиги жөнүндө, бул жагынан адистешүүнүн түрлөрү жөнүндө, дүйнөнү ...
05.07.2018

Күндүн темасы: 21- кылымга туура келген баланы өстүрүү маселеси канчалык актуалдуу?

Балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, 21- кылымга туура келген баланы өстүрүү маселеси канчалык актуалдуу? деген суроого бүгүн Биринчи Радио “Күндүн темасы” программасында кайрылды.   Эмне үчүн өнүккөн өлкөлөрдө балдарга өзгөчө көңүл буруп ага инвестиция салууну артыкчылык багыт катары карашат?    Бул маселеде дүйнө өлкөлөрүндөгү жүрүп жаткан тажрыйбалар менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” атындагы эл аралык коомдук фондунун ...
03.07.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Заманбап көркөм өнөр - балдарга» деген жаңы долбоорду ишке киргизет

 «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Швейцариянын КРдагы Элчилигинин колдоосу менен жаңы «Заманбап көркөм өнөр – балдарга» долбоорун ишке киргизип жатат.   14-23-июлда Талас областындагы балдар үчүн алгачкы Арт-лагерь өтөт. Бардыгы болуп Арт-лагерь 180 баланы камтыйт, алардын ичинен 30у – булар Баткендеги, Ноокаттагы, Жалал-Абададагы, Ош шаарындагы, Чолпон Ата шаарындагы мектеп-интернаттардын, Бишкек шаарындагы Көркөм ...
02.07.2018

Математика жаатындагы артыкчылык сыйлыгынын ээси Айбилек Алдаярова менен жолугушууга чакырабыз

Жолугушуу 2018-жылы 6-июлда саат 10.00-дө И.Раззаков атындагы КМТУде өтөт (чоӊ акт залы). Айбилек Алдаярова математика жаатындагы артыкчылык сыйлыгынын ээси, оптика боюнча Фэйрфакс аймагынын жогорку мектептер арасында олимпиадасынын жеӊүүчүсү, Улуттук Ардактуу Математика бирикмесинин мүчөсү, так илимдер боюнча Джэймс Мэдисон мектеп клубунун вице-президенти (Вена шаары, Вирджиния штаты, АКШ). Жолугушуу учурунда А.Алдаярова программалоо, математика ...
29.06.2018

Жалал-Абад областында биологиялык ар түрдүүлүккө, экологиялык көйгөйлөргө жана курчап турган чөйрөгө арналган эки күндүк тренинг өттү

2018-жылдын 22-23-июнунда Жалал-Абад областында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Жалал-Абад областынын биологиялык ар түрдүүлүгү, экологиялык көйгөйлөрү жана курчап турган чөйрөсү» темасына эки күндүк тренингди өткөрдү. Иш-чара «Жайлоодогу экологиялык лагерь» долбоорунун алкагында Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун финансылык колдоосу менен өттү. Семинарга Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун ...
29.06.2018

Инновациялык долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 20-сентябрга чейин узартылды!

Конкурс "СТЕМде аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. 2018-жылы Инновациялык долбоорлордун конкурсунун темасы – иштин ар кандай чөйрөлөрүндө жаңы технологияларды киргизүү жана башкаруунун санариптик тутумуна өтүүгө даярдоо. Эскертме: Конкурска кыз-келиндер – техникалык багыттагы адистер, техникалык ЖОЖдордун студент кыздары жана КР мектептеринин (гимназияларынын), ...
28.06.2018

Бешик ырлары.

Канышай Капарова Уктай койчу бөбөгүм Ак бешикке бөлөйүн Уктаганча жөлөгүм мээримимди төгөйүн Алдей, алдей ак балам, Ак бешикке жат балам Умай энеӊ кайтарсын Душманыңды майтарсын Түшкө кирип энекең Мээрим менен таң атсын Алдей,алдей ак балам Ак бешикке жат балам Апакеңе өбөк бол Атакеңе жөлөк бол Эл керекке жараган Ак жолтойлуу бөбөк бол Алдей,алдей ак балам Ак бешикке жат балам Ак сүтумдү ийгеним Ак батамды бергеним Актаса деп үмүтүм Аруу тилек ...
21.06.2018

Роза Отунбаеванын чет жакта жашап, эмгектенип жүргөн мекендештерге кайрпылуусу

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын чет жакта жашап. эмгектенип жүргөн мекендештерге видео-кайрылуусу

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Добро пожаловать!

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»